ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 24-июнундагы № 639-VIII «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу«Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө» токтому

Редакция24.06.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 24-июну № 639-VIII

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын

кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары М.А. Маматалиев, Г.О. Акимбаева, А. Алтынбеков тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

2026-жылдын 2-июлунда https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8025 расмий сайтында жарыялынды

 

 

Төрага

М.А. Маматалиев