Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 104
Бишкек шаарында Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн өткөрүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
Органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү, ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, экологиялык маданиятты калыптандыруу жана туура тамактанууну жайылтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 40 “Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши, токтом кылат:
1. Бишкек шаарында Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн өткөрүү боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
Бишкек шаарында Органикалык айыл чарбанын улуттук күнү жыл сайын сентябрь айынын акыркы жума күнү өткөрүлө (белгилене) тургандыгы;
зарыл болгон учурда Бишкек шаарынын мэриясы жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен иш-чаралардын бекитилген Планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу экендиги.
3. Бишкек шаарынын мэриясы План менен каралган иш-чаралардын өз убагында, сапаттуу аткарылышын камсыз кылсын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Б. Усеналиев |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июну № 104 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарында Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн өткөрүү боюнча
иш-чаралар планы
№ | Иш-чаралардын аталышы | Акткаруу мөөнөтү | Өткөрүлүүчү жери | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1. | Органикалык айыл чарба продукциясынын шаардык жарманкесин жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн катышуусу менен уюштуруу | Жыл сайын (сентябрь) | Бишкек шаарынын сейил бактары, административдик райондордун муниципалдык администрациялары тарабынан аныкталган башка жерлер | Бишкек шаарынын мэриясы | Бекитилген бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде |
2. | Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн органикалык продукциясынын көргөзмөлөрүн жана даамдап көрүүлөрдү өткөрүү | Жыл сайын (сентябрь) | Бишкек шаарынын сейил бактары, административдик райондордун муниципалдык администрациялары тарабынан аныкталган башка жерлер | Бишкек шаарынын мэриясы | Бекитилген бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде |
3. | Билим берүү уюмдарында Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүн тематикалык сабактарды, конкурстарды жана көргөзмөлөрдү уюштуруу менен өткөрүү | Жыл сайын (сентябрь) | Бишкек шаарынын билим берүү уюмдары (мектеп, бала бакчалар) | Бишкек шаарынын мэриясы | Бекитилген бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде |
4. | Окуучулар үчүн органикалык өндүрүш жана туура тамактануу темалары боюнча билим берүү жана агартуу иш-чараларын уюштуруу | Жыл сайын (сентябрь) | Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдары | Бишкек шаарынын мэриясы | Бекитилген бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде |
5. | Экологиялык таза продукцияны, сергек жашоо образын жайылтууга жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган экологиялык акцияларды, флешмобдорду өткөрүү | Жыл сайын (сентябрь) | Бишкек шаарынын сейил бактары, административдик райондордун муниципалдык администрациялары тарабынан аныкталган башка жерлер | Бишкек шаарынын мэриясы | Бекитилген бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде |
6. | Органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү маселелери боюнча өндүрүүчүлөрдүн, эксперттердин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек столдорду, семинарларды өткөрүү | Жыл сайын (сентябрь) | Бишкек шаарынын мэриясы | Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргыз Рспубликасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги | Бекитилген бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде |
7. | Соода субъекттерине жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн органикалык продукциясын сатуу үчүн адистештирилген бурчтарды (текчелерди) уюштурууну сунуштоо | Ар дайым | Соода борборлору | Бишкек шаарынын мэриясы | Бекитилген бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде |
8. | Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда иш-чараларды чагылдыруу, калк арасында туура тамактанууну жайылтуу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча маалыматтык-агартуу иштерин жүргүзүү | Жыл сайын (сентябрь) | Жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактар | Бишкек шаарынын мэриясы | Бекитилген бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде |
9. | Иш-чараларга катыштыруу үчүн жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана фермердик чарбалар менен кызматташууну уюштуруу | Жыл сайын (август-сентябрь) | Бишкек шаары | Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргыз Рспубликасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги | Бекитилген бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси | И. Б. Аденов |