Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 11-июну № 13-21-6
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы №787 буйругу менен бекитилген, «Авиациялык коопсуздук. КРАЭ-17» Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Аба кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" 2025-жылдын 1-октябрынан №206 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталган практикасы менен максималдуу ырааттуулугун камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 24-ноябрындагы № 787/п «Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелеринде «АПКР 17. Авиациялык коопсуздук»:
1) 1-пункттун 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«5) адам фактору - адамдын мүмкүнчүлүктөрүн, өзгөчөлүктөрүн жана чектөөлөрүн тууралуу илимий жана кесиптик билимдерди жабдууларды, санариптик технологиялык системаларды иштеп чыгуу жана колдонуу, ал иштеген шарттар жана аткарган милдеттери менен байланышта колдонуу»;
2) 1-пункттун 78-пункчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«78) транзиттик жүргүнчүлөр жана багаж. Бир эле аба кемеси менен учуп келген жана учуп кеткен жүргүнчүлөр жана алардын колундагы жүктөрү;»;
3) 1-пункттун 79-пункчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«79) трансфердик жүргүнчүлөр жана багаж. Бир учак менен келген жана башка учак менен учуп кеткен жүргүнчүлөр жана алардын колундагы жүктөрү;»;
4) 1-пункттун 87-пункчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 15⁵-пункттагы "аспектилерин" деген сөз алынып салынсын;
6) 15⁵-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 15⁶-пункту менен толукталсын:
«15⁶. Мамлекеттик бийлик органдарында башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жарандар үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, автоматташтырылган каражаттарды жана санариптик кызматтарды колдонуу менен маалыматка жетүүнү камсыздоо, ошондой эле мамлекеттик жана башка кызматтарды сапаттуу жана ыкчам алуу максатында, мамлекеттик органдар, жарандык авиация уюмдары авиациялык коопсуздук чөйрөсүндө санариптик технологияларды киргизүүнү камсыз кылат. Мындай санариптик технологияларга (бирок алар менен чектелбестен) уруксат берүүчү документтерди берүү системалары, жарандык авиация уюмдарынын, жеке адамдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө системалары, персоналды даярдоо системалары, милдеттүү жана ыктыярдуу билдирүүлөр системалары, маалымат жана документтерди алмашуу үчүн кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөөчү коопсуз санариптик платформалар системалары, жүргүнчүлөрдү, экипаж мүчөлөрүн, персоналды идентификациялоочу автоматташтырылган системалар, анын ичинде биометрикалык технологияларды колдонуу менен, өткөрмө баракчаларды электрондук түрдө тариздөө жана текшерүү системалары ж.б. кирет.»;
7) 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 21-пунктча менен толукталсын:
«21) тобокелдиктерди баалоонун негизинде директиваларды иштеп чыгуу, аткарылышы милдеттүү болгон коопсуздук бюллетендерин берүү, бошотууларды берүү.»;
8) 25-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 20-пунктча менен толукталсын:
«20) жарандык авиация органына авиациялык коопсуздук жаатындагы милдеттүү жана ыктыярдуу билдирүүлөрдү берүү.»;
9) 35-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 20-пунктча менен толукталсын:
«20) жарандык авиация органына авиациялык коопсуздук жаатындагы милдеттүү жана ыктыярдуу билдирүүлөрдү берүү.»;
10) 40-пунктту төмөнкүдөй мазмундагыц экинчи абзац менен толукталсын:
«Жарандык авиация органы менен макулдашылгандан кийин авиациялык коопсуздук программасы тиешелүү бөлүгү боюнча бардык кызыкдар адамдарга маалымдалат.»;
11) 42-пунктундагы «5 жылдан кем эмес» деген сөздөр алынып салынсын;
12) 86- пунктту төмөнкүдөй экинчи абзац менен толукталсын:
«Аэропорттун жетекчиси, аба кемесин эксплуатациялоочу, каттоо учурунда, текшерүү пунктуна киргенде, аба кемесине конууга чыкканда жүргүнчүнүн документтерин текшерүүгө жооптуу органды (адамды) дайындайт.»;
13) 69-пунктту төмөнкүдөй мазмундагы 69¹, 69², 69³, 69⁴, 69⁵, 69⁶ пункттары менен толукталсын:
«69¹. Мамлекеттик органдар, аэропорттордун эксплуатанттары, аба кемелеринин эксплуатанттары, жарандык авиация уюмдары учкучсуз учуучу аппараттарды (мындан ары – УУА) колдонуу менен мыйзамсыз кийлигишүү актыларын жасоо коркунучтарын алдын алуу, аныктоо, баалоо жана аларга каршы туруу боюнча уюштуруучулук, техникалык жана профилактикалык чаралардын комплексин камсыздайт.
69². УУАны колдонуу менен коркунучтарды алдын алуу жана аларга каршы туруу максатында төмөнкүлөр камсыздалат:
1) УУАны санкциясыз колдонуу тобокелдигин баалоо, төмөнкүлөрдү эске алуу менен:
- жарандык авиация объектилеринин жайгашкан жери;
- инфраструктуранын өтө маанилүү элементтери;
- аба кыймылынын интенсивдүүлүгү;
- коркунучтардын ыктымалдуу сценарийлери;
- террористтик коркунучтун деңгээли;
- мурда катталган окуялар;
2) жарандык авиация объектилеринин райондорунда УУАны колдонууга чектөө жана тыюу салуу зоналарын аныктоо жана белгилөө;
3) УУАнын пайда болушун табуу, идентификациялоо, көзөмөлдөө жана кабарлоо боюнча техникалык каражаттарды киргизүү;
4) улуттук коопсуздук органдары, укук коргоо органдары, аба кыймылын башкаруу органдары, абадан коргонуу бөлүктөрү, чек ара көзөмөлү органдары жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
5) белгиленген жоопкерчилик зонасынын чегинде аба мейкиндигине тынымсыз мониторинг жүргүзүү;
6) УУАны санкциясыз колдонуунун белгилерин аныктоо жана коркунучтар келип чыккан учурда аракеттенүү боюнча персоналга инструктаждарды өткөрүү жана даярдоо;
7) персоналдын даярдыгына үзгүлтүксүз машыгууларды жана текшерүүлөрдү өткөрүү;
8) аныкталган коркунучтар жөнүндө маалымат алмашуунун ыкчам системасын уюштуруу.
69³. Уруксатсыз учуучу аппарат (УУА) же мыйзамсыз кийлигишүү актысын жасоо коркунучунун белгилери аныкталганда төмөнкү иш-чаралар аткарылат:
- тиешелүү органдарга жана диспетчердик кызматтарга токтоосуз маалымат берүү;
- коркунучтун деңгээлин аныктоо;
- учуулардын коопсуздугуна мүмкүн болуучу таасирин баалоо; - авиациялык коопсуздуктун кошумча чараларын киргизүү;
- түздөн-түз коркунуч болгон учурда айрым операцияларды чектөө же токтотуу;
- ыйгарым укуктуу органдардын компетенциясынын чегинде коркунучту локализациялоо боюнча чараларды көрүү.
69⁴. Тобокелдиктерди баалоонун натыйжаларына жараша мамлекеттик органдар, жарандык авиация уюмдары кошумча чараларды колдонууга укуктуу:
- УУАны радиожыштык аркылуу табуу системалары;
- радиолокациялык табуу каражаттары;
- оптикалык-электрондук системалар;
- аралыктан жетүүнү идентификациялоо системалары;
- ыйгарым укуктарынын чегинде УУАга каршы туруучу техникалык каражаттар;
- УУАны колдонуу менен байланышкан коркунучтарды аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган башка чаралар.
69⁵. УУАны басуу, кармоо же нейтралдаштыруу каражаттарын колдонуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жарандык авиация уюмдары тарабынан алардын компетенциясы жана ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырылат.
69⁶. Жарандык авиация уюмдарынын жетекчилери УУАны аныктоо учурларын документтештирүүгө, коркунучтардын келип чыгуу себептерин жана шарттарын талдоого, ошондой эле оңдоочу жана алдын алуучу иш-чараларды иштеп чыгууга милдеттүү.»;
14) 90-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 90¹-пункту менен толукталсын:
«90¹. Чет мамлекеттин жараны болуп саналган адамдарга жеке өткөрмө кагаздарын берүү уюмдар тарабынан келишимдин көчүрмөлөрүн жана аларды дайындоо жөнүндө буйрукту берүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Жеке өткөрмө кагаздарын берүү анкеталык маалыматтарды текшергенден кийин, уюм тарабынан жарандыгы бар өлкөдө жана/же ал иш жүзүндө жашаган башка мамлекетте соттолбогондугу жөнүндө документтер берилгенден кийин жүргүзүлөт.»;
15) 110-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«110. Аба кемесин эксплуатациялоочу коопсуздук максатында коммерциялык аба каттамы менен алектенген учуп бараткан аба кемелерин текшерүүнү же тинтүүнү камсыз кылат. Жарандык авиация органы тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук тобокелдигин баалоонун негизинде, эгерде ал валидациялоо процессин түзбөсө жана зарыл болсо, башка макулдашуучу мамлекет менен кызматташып, туруктуу негизде процедураларды колдонбосо, мындай аба кемелери акыркы учуу пунктунда коопсуздук максатында тийиштүү деңгээлде текшерүүдөн өтүшүн же текшерүүдөн өткөрүлүшүн жана андан кийин коопсуздук максаттарында текшерүүдөн өткөндөн кийин аба кемесинин аэропортунан учуп кеткенге чейинки убакытка чейин уруксатсыз кийлигишүүдөн корголушун камсыз кылат.»;
16) 131-пункт "персоналды текшерүү үчүн" деген сөздөрдөн кийин "транспорт каражаттарын" деген сөздөр менен толукталсын;
17) 137-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 137¹-пункт менен толукталсын:
«137¹. Жүргүнчүлөрдү текшерүү пункттары жүргүнчүнүн жеке текшерүүсү ошол эле жыныстагы текшерүү оператору тарабынан гана жүргүзүлүшү үчүн эркек да, аял да кызматкерлери менен толукталат. Портативдүү металл детекторунун жардамы менен текшерүү, эгерде текшерүүгө тийиш болгон жүргүнчү же жүргүнчүгө таандык болбогон адам каршы болбосо, зарыл болгон учурда карама-каршы жыныстагы кызматкерлер тарабынан жүргүзүлөт.»;
18) 148¹-пункттагы «нускамага ылайык» деген сөздөр «иштелип чыгуучу типтүү жобого ылайык» деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) 336-пунктундагы "бекитет" деген сөз "макулдашат" деген сөзгө алмаштырылсын;
20) 349-пунктундагы «жарандык авиация органдарында» деген сөздөр алынып салынсын;
21) 361-пункттун 5-абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«361. Авиациялык коопсуздук боюнча инструктордун уруксатын алууга талапкер адамды жарандык авиация органына көрсөтөт:
- даярдоо багыттары боюнча уруксат суралуучу сертификаттардын көчүрмөлөрү;»;
22) 369-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
23) 407-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«407. Сертификациялык документтин жарактуулук мөөнөтү тобокелдикти баалоону, объекттин абалын, авиациялык коопсуздук чараларын камсыз кылуу үчүн зарыл ресурстардын жана каражаттардын бар экендигин, объекттин авиациялык жана учуу коопсуздугу боюнча белгиленген талаптарга шайкештигин эске алуу менен жарандык авиация органы тарабынан белгиленет.»;
24) 413-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«413. Жарандык авиация уюмунун, окуу борборунун же конкреттүү жеке жактын сертификаттык документин жокко чыгаруу маселеси, эгерде жеке жак, объекттин же аба кемесинин эксплуатанты, жарандык авиация уюму, окуу борбору төмөнкү учурларда каралат:
1) белгиленген мөөнөттө кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрбөсө;
2) авиациялык коопсуздуктун жана учуулардын коопсуздугунун ченемдеринин, эрежелеринин жана жол-жоболорунун талаптарын сактабаса/бузса, мындай бузуунун оордугуна жараша;
3) жасалма документтерди берет.»;
25) 421-пункттун 7-пунктчасындагы «ошондой эле «Коркунуч» сигнализация системаларынын жоктугу» деген сөздөр алынып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин авиациялык коопсуздук бөлүмүнө:
- ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыяласын.
3. Жарандык авиация уюмдары жана окуу борборлору 2022-жылдын 24-ноябрындагы №787 буйругу менен бекитилген, «Авиациялык коопсуздук. КРАЭ-17» Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерине киргизилген өзгөртүүлөрдү аткарууга кабыл алынсын, ошондой эле сапатты көзөмөлдөө боюнча программаларга жана даярдоо программаларына, авиациялык коопсуздук даярдоо программаларына зарыл болгон толуктоолорду киргизишсин.
4. Буйруктан келип чыккан иш-чараларды ишке ашыруу тартылган министрликтерге жана ведомстволордун тиешелүү жылга бекитилген штаттык сандын жана каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө укуктук камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 47 (3807) саны менен жарыяланды
Директордун орун басары |
| Д.К. Бостонов |