Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-июну № 409
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 19-мартындагы № 136 «Тунгуч» онлайн-мектеби»
пилоттук долбоору жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
«Тунгуч» онлайн-мектеби» пилоттук долбоорунун алкагында онлайн-окутууну андан ары уюштуруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 136 «Тунгуч» онлайн-мектеби» пилоттук долбоору жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-пунктта:
– биринчи абзацта «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
– 3-пунктчада «имаратын» деген сөз «имаратынын бешинчи кабатында жайгашкан жайларын» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Тунгуч» онлайн-мектеби жөнүндө убактылуу жободо:
– 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5, 6 жана 7-пунктчалар менен толукталсын:
«5) билим алуучуларды республикалык жана эл аралык деңгээлдеги олимпиадаларга даярдоо, олимпиадалык резервди түзүү максатында тереңдетилген деңгээлдеги предметтер боюнча онлайн-окутууну уюштуруу,онлайн-форматта методикалык, консультациялык жана машыктыруу ишин камсыз кылуу;
6) санариптик билим берүү технологияларын, онлайн-платформаларды, билимди аралыктан контролдоону жана жыйынтыктоочу аттестацияны колдонуу менен мамлекеттик, расмий жана чет тилдерди кошо алганда, тил курстары боюнча, анын ичинде базалык, тереңдетилген жана интенсивдүү программалар форматында онлайн-окутууну уюштуруу жана ишке ашыруу;
7) башка жалпы билим берүү уюмдарынын билим алуучуларына мындай билим берүү уюмдарында тийиштүү педагогикалык кадрлар жок же жетишсиз болгон учурда билим алуучуларды окутуунун жана баалоонун натыйжаларын билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик маалыматтык системаларга, анын ичинде «Күндөлүк» автоматташтырылган маалыматтык системасына өткөрүп берүүнү жана аталган натыйжаларды жалпы билим берүү уюмдары тарабынан таанууну камсыз кылуу менен онлайн-форматта айрым окуу предметтерине, курстарга жана (же) модулдарга жеткиликтүүлүктү берүү.»;
– 37, 81-пункттарда «Билим берүү жана илим» деген сөздөр «Агартуу» деген сөзгө алмаштырылсын;
– 48–50-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«48. Онлайн-мектептеги онлайн-сабактардын узактыгы электрондук окуу материалдарын өздөштүрүү темпине жараша белгиленет.
Онлайн-мектептеги онлайн-сабактардын узактыгы билим алуучулардын жашына, предметине жана билим берүү методикасына жараша өзгөрүп турушу мүмкүн.
49. Жылдык (педагогдордун календардык-тематикалык пландары) жана окуу пландары онлайн-мектептин директору тарабынан бекитилет. Сабактар ырааттамага ылайык өткөрүлөт.
50. Онлайн-мектеп билим берүү процессин уюштуруу моделин (предметтик, тьютордук, аралаш жана башка моделдер) өз алдынча аныктайт жана ишке ашырат, анын ичинде билим берүү контентин иштеп чыгуучулар менен коштоочу педагогдордун (тьюторлордун) ортосунда функцияларды бөлүштүрөт, мында мындай модель пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө анын максаттарын жана милдеттерин сактоо шартында, ушул Убактылуу жобого өзгөртүүлөрдү киргизбестен оңдолушу жана такталышы мүмкүн.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 601, 602-пункттар менен толукталсын:
«601. Онлайн-мектеп билим алуучуларды олимпиадалык резервге даярдоо үчүн предметтер боюнча онлайн-окутууну ишке ашыруучу атайын класстарды, топторду же билим берүү агымдарын, анын ичинде жеке жана топтук интенсивдүү сабактарды, онлайн-жыйындарды жана машыгуу турларын түзүүгө укуктуу.
602. Онлайн-мектеп билим алуучулардын даярдык деңгээлин жана окутуу максаттарын эске алуу менен мамлекеттик, расмий жана чет тилдер боюнча онлайн-курстарды ишке ашыруу үчүн өзүнчө класстарды, окуу топторун же билим берүү агымдарын түзүүгө укуктуу.»;
– 63-пунктта:
2-пунктчада «сабакты» деген сөз «синхрондук сабакты» деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 21, 22 жана 23-пунктчалар менен толукталсын:
«21) билим алуучуларды олимпиадалык резервге даярдоо үчүн предметтер боюнча онлайн-окутууну уюштурууну, анын ичинде тереңдетилген онлайн-сабактарды, машыгуу тесттерин, консультацияларды жана башка билим берүү иш-чараларын синхрондук жана асинхрондук формаларда өткөрүүнү;
22) тил курстары боюнча онлайн-окутууну уюштурууну, анын ичинде онлайн-сабактарды, сүйлөшүү практикасын, интерактивдүү көнүгүүлөрдү, тилдик интенсивдерди, тестирлөөнү жана учурдагы жана жыйынтыктоочу контролдоонун башка формаларын синхрондук жана асинхрондук формаларда өткөрүүнү;
23) педагогикалык максатка ылайыктуулугуна, билим алуучулардын жашына жана окутуунун тандалып алынган моделине жараша асинхрондук сабактардын форматын, узактыгын жана мезгилдүүлүгүн аныктоону, мында билим берүү процесси агымдык сабактар формасында синхрондук сабактарды пайдалануу менен артыкчылыктуу түрдө асинхрондук форматта ишке ашырылат;»;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Тунгуч» онлайн-мектебинин административдик-чарбалык жана окуу-көмөкчү персоналынын штаттык саны ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-июнундагы № 43 (3803) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| Тиркеме |
«Тунгуч» онлайн-мектебинин административдик-чарбалык
жана окуу-көмөкчү персоналынын
штаттык саны
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык саны |
1 | Директор | 1 |
2 | Директордун окуу иштери боюнча орун басары | 1 |
3 | Директордун техникалык иштер боюнча орун басары | 1 |
4 | Адис | 11 |
5 | Ишке киргизүү жана тестирлөө боюнча адис | 2 |
6 | Онлайн билим берүү платформасынын системалык администратору | 3 |
7 | Методист | 1 |
Бардыгы | 20 | |
». | ||