Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 451
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-мартындагы № 157 «Кара-Балта спирт заводу»
мамлекеттик ишканасынын ишинин маселелери
жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын ишин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 157 «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын ишинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
«– алкоголсуз суусундуктарды, ичүүчү, минералдык, тазаланган, газдалган жана газдалбаган сууну, анын ичинде шире камтыган, сергитүүчү, энергетикалык жана башка суусундуктарды өндүрүү, кайра иштетүү, куюу, таңгактоо, сактоо, ташуу жана сатуу;
– продукцияны, чийки затты, материалдарды жана товарларды өндүрүү, сатып алуу, сактоо, жеткирүү жана сатуу менен байланышкан соода-коммерциялык, дүң, чекене, тышкы экономикалык, ортомчулук жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ишти жүзөгө ашыруу.»;
– 15-пункт «парфюмердик-косметикалык каражаттарды» деген сөздөрдөн кийин «, алкоголсуз суусундуктарды, ичүүчү, минералдык, тазаланган, газдалган жана газдалбаган сууну, анын ичинде шире камтыган, сергитүүчү, энергетикалык жана башка суусундуктарды» деген сөздөр менен толукталсын;
– 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-пунктчалар менен толукталсын:
«8) алкоголсуз суусундуктарды, ичүүчү, минералдык, тазаланган, газдалган жана газдалбаган сууну, анын ичинде шире камтыган, сергитүүчү, энергетикалык жана башка суусундуктарды өндүрүү, дүң жана чекене сатуу, экспорттоо, импорттоо, жеткирүү жана сатып алуу;
9) башка соода-коммерциялык иш.»;
– 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-пунктчалар менен толукталсын:
«8) алкоголсуз суусундуктарды жана сууну өндүрүү жана сатуу;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ишкердик ишти жүзөгө ашыруу.»;
– 37-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«37. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз Ишкананын директоруна баш иет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктарды пайдаланат.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 49 (3809) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |