Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-июну № 447
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин консулдук кызматтарды көрсөтүүдөн жана мобилдик түзүлүштөрдү каттоодон түшүүчү каражаттарды бөлүштүрүү жана пайдалануу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөн түшүүчү каражаттарды пайдалануу механизмин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 «Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жободо:
– 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«27. Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумун пайдалануу аркылуу акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүнүн эсебинен ТИМдин атайын эсебине түшкөн сумманын 15 %ы өлчөмүндөгү каражаттар аталган маалыматтык тутумду техникалык тейлөө, күтүү жана модернизациялоо, материалдык-техникалык базаны чыңдоо менен байланышкан материалдык чыгымдардын ордун толтуруу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын эсебине, ошондой эле мамлекеттик органдын жетекчилигинин кароосу боюнча учурдагы башка чыгымдарга багытталат.».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 482 «Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө жободо:
– 50-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) 40 пайызы – келишимдик негизде ИМТ ээсинин атайын эсебине. Аталган эсепке түшкөн каражаттар ИМТ ээсинин жетекчилигинин чечими боюнча сарпталат жана ведомстволук мекемелердин жана уюмдардын атайын эсептерине багытталышы, ошондой эле материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана ИМТ ээсинин башка чыгымдарын каржылоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн.».
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |