Редакцияот 10.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин №9 чакырылышынын 8-сессиясынын

 

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 10-октябры №8-6/1

Жаңы-Базар айылы

 

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027- жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндөгү токтомго өзгүртүү киргизүү жөнүндө

Айыл өкмөтү 2025-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнө 9 ай ичинде кошумча түшкөн акча каражаттарын иштетүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, иштелип чыгылгандыктан. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренелеринин негизинде депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши карап чыгып  токтом кылат:

1.    Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2025- жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө жыл ичинде кен байлыктар салыгына, инфраструктураны өнүктүрүү жана башка кошумча түшкөн кирешелерди планга киргизүү жана лицензия салыгынан кыскартуу №1 тиркемеге негиз макулдук берилсин.

2.    Жогорудагы №1 тиркемедеги көрсөтүлгөн кошумча түшкөн кирешеден лицензия салыгы аткарылбай калгандыгы үчүн кыскартып, калган сумманы чыгымдоого айыл өкмөттүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.    Кыргыз Респуликасынын Президетинин 2025-жылдын 8-январындагы №1 Жарлыгына негиз 2025-жылдын 1-январынан тартып 2030-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба багытындагы жер салыгынан жана транспорт салыгынан бошотулгандыгы үчүн, анын ордуна Респуликалык бюджеттен келген 2550,0 миң сом компенцасияны иштетүүгө № 2 тиркемеге негиз макулдук берилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин «экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Тѳрага:

 А.Таирбек уулу