ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин кезексиз 15-сессиясы
2026-жылдын 22-июну №62
Гүлдүрөмө айылына көрүстөнгө жер аянтын ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34, 39-беренелерине негиз, айылдык кеңештин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:
- Гүлдүрөмө айылынын түштүк тарабынан жайыт багытынан 2 га жер аянтын өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
- Аталган, 2 га жер аянты өз багытында пайдаланылсын.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
- Токтом Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Г.Матажиев |