Редакцияот 26.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 2026-жылдын 26-июну № 440

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 811 «Социалдык-экономикалык багыттагы объекттерди, ошондой эле турак жай фондунун объекттерин куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Социалдык багыттагы объекттерди долбоорлоо жана куруу чөйрөсүндөгү милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу жана алардын андан ары иштөөсүн камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1.            Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-декабрындагы № 811 «Социалдык-экономикалык багыттагы объекттерди, ошондой эле турак жай фондунун объекттерин куруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

–      3-пункттун 2-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы «турак жай кварталдары менен» деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев