Редакцияот 22.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин кезексиз 15-сессиясы

 

2026-жылдын 22-июну №65

 “Исхак-Полотхан” муниципалдык ишканасынын катуу тиричилик таштандыларын  ташып чыгуу тарифтерин бекитүү жөнүндө 12.06.2024-жылдын № 134 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

 

             “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчилике алып, ошондой эле муниципалдык ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты сапаттуу  кызмат менен камсыздоо жана чыгашаларды жабуу максатында, айылдык кеңештин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар  боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,  Исхак-Полотхан айылдык кеңеши,  токтом кылат:

  1. Исхак-Полотхан айыл  аймагында тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу боюнча муниципалдык ишкана көрсөткөн кызматтын тарифи ар бир кожолука айына 150 (жүз элүү) сом  өлчөмүндө бекитилсин.
  2. Муниципалдык ишкананын жетекчиси  Б. Төрөбаевге:

1.    Калк арасында жаңы тариф боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

2.    Тургундар менен түзүлгөн келишимдерди жаңы тарифке ылайык кайра түзүү;

3.    Таштандыларды өз убагында жана сапаттуу чыгарууну камсыз кылуу милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысына жана айылдык кеңештин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  2. Токтом Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
  3. Токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

 

Г.Матажиев