ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин кезексиз 15-сессиясы
2026-жылдын 22-июну №66
Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын эмгек акысына 40% көбөйтүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-августу ПЖ №266 кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө Президентинин Жарлыгына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерине негиз, айылдык кеңештин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:
- Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын эмгек акысына 2026-жылдын 1-июлдан тартып 40% көбөйтүлгөн эмгек акыны жергиликтүү бюджеттен мыйзам чегинде төлөп берүүгө макулдук берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысына жана айылдык кеңештин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Токтом Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн расмий ishak-polothan.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
- Токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Г.Матажиев |