Редакцияот 03.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ                                                                              

 

 

Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин

VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы

 

 

Т О К Т О М

 

 

2026-жылдын 10-июну   №207                                                                      

 

 

Бар-Булак термоминералдык жылуу суусун пайдалануучулар үчүн төлөмдөрдүн (тарифтин) өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 

Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Бар-Булак термоминералдык жылуу суусун натыйжалуу пайдалануу, тейлөө чыгымдарын жабуу жана жергиликтүү тургундар үчүн жашоо шартын жакшыртуу максатында, Ак-Терек айыл аймагынын тургундарынын  коомдук угуусунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн  башчысы У.Э.Эмилбековдун сунушу угулуп,талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:

                                                                   

1.    Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Бар-Булак термоминералдык жылуу суусун пайдалануучулар үчүн төмөнкү төлөмдөрдүн (тарифтин) өлчөмдөрү бекитилсин:

 

-        Ак-Терек айыл аймагынын тургундары үчүн жылуу суусуна түшүүнүн тѳлѳм акысы                  – бир адамга 50 (элүү) сом;

- Башка аймактардан келген жарандар, коноктор жана туристтер үчүн жылуу суусуна түшүүнүн тѳлѳм акысы – бир адамга 150 (жүз элүү) сом.

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э. Эмилбековго милдеттендирилсин.

 

   3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү  ѳзүмѳ калтырам.

 

 

 

Төрага                                                                     А.А. Мамбетов