Загрузка документа…
АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин
VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы
Т О К Т О М
2026-жылдын 10-июну №208
Бар-Булак пансионат участогундагы муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин имараттары менен, Бар-Булак термоминералдык жылуу суусун имараты жана тиешелүү жер тилкелерин ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер мыйзамына ылайык, муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу, инвестиция тартуу жана айыл аймагындагы туризмди өнүктүрүү максатында, Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Бар-Булак пансионат участогунда жайгашкан жер тилкелери жана курулуп бүтпөгөн имараттары боюнча маселени карап чыгып, Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Э.Эмилбековдун сунушу угулуп,талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Бар-Булак термоминералдык жылуу суусунун түштүк тарабында жайгашкан айыл чарба эмес багыттагы жалпы аянты 17172,60 ч.м. түзгөн жер тилкесине күн батыш тарабындагы айыл чарбалык эмес багыттагы жалпы аянты 5907,00 ч.м. түзгөн жер тилкесин кошуп, ичиндеги имараттары менен ижарага берилсин.
2. Бар-Булак термоминералдык жылуу суусун имараты менен жана жалпы аянты 0,95га жер аянтына түндүк тарабында жайгашкан айыл чарбалык эмес багыттагы 9,96 га жер тилкесинин ичинен 0,55 га жер аянтын кошуп ижарага берилсин.
3. Жогорудагы эки пункттагы кѳрсѳтүлгѳн жер тилкелери жана имараттар ар бир пункт боюнча ѳз-ѳзүнчѳ конкурстук негизде, Ак-Терек айыл аймагында ѳткѳрүлгѳн коомдук угуудагы элдин сунушунун жана Ак-Терек айыл аймагынын VIII чакырылышындагы XV кезексиз сессиясынын депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык ижарага берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э. Эмилбековго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдѳѳ жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дастановго тапшырылсын.
Төрага А.А. Мамбетов