Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар!
Бул тескеме эки жыл бою колдонулат
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 3-июлу № 499-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 20-июнундагы № 232 тескемесин ишке ашыруу, ошондой эле объектти долбоорлоо жана куруу маселелерин оперативдүү чечүү максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. «Бай Таш Строй» жоопкерчилиги чектелген коому Бишкек шаары, Чүй проспекти, 166 дарегинде жайгашкан жер алдындагы паркингди долбоорлоо, куруу жана айланасындагы аймакты көрктөндүрүү боюнча жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн берүүчүсү (подрядчы) болуп аныкталсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштырууга уруксат берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти куруу боюнча зарыл болгон жол-жоболорду өз убагында жүргүзүүдө, анын ичинде уруксат берүүчү документтерди берүүдө, мамлекеттик экспертизадан өткөрүүдө, курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизүүдө жана бүткөн объектти эксплуатациялоого кабыл алууда көмөк көрсөтсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул тескеме эки жыл бою колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |