Редакцияот 03.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ                                                                              

 

 

Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин

VIII чакырылышынын XV кезексиз сессиясы

 

Т О К Т О М

 

2026-жылдын 10-июну   №221                                                                     

 

 

Жер тилкелеринин багытын башка багытка ѳзгѳртүүгѳ

(трансформациялоо)  сунуштоо жөнүндө

 

     Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде, Ак-Терек айыл аймагына караштуу Коӊур-Ѳлѳӊ айылынын түндүк тарабында жайгашкан № 249-контурдун ичинен 0,50 га жер аянтына балык өстүрүүгө “Жайыт жерлер” багытынан, “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берүү жөнүндө сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

                                                                   

1.    Ак-Терек айыл аймагына караштуу Коӊур-Ѳлѳӊ айылынын түндүк тарабында жайгашкан №249-контурдун ичинен 0,50 га жер аянтына балык өстүрүүгө  “Жайыт жерлер” багытынан,  “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” багытына которуу (трансформациялоо) жагы Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э. Эмилбековго милдеттендирилсин.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дастановго тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                             А.А. Мамбетов