Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-июлу № 457
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 5-декабрындагы № 644
«Креативдүү индустриялар паркы чөйрөсүндөгү
айрым маселелер жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Креативдүү индустрияларды колдоо жана өнүктүрүү, алардын өлкө экономикасына кошкон салымын жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-декабрындагы № 644 «Креативдүү индустриялар паркы чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Креативдүү индустриялар паркынын ишинин түрлөрүнүн тизмесинде:
төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
| « | ||
41 | Башка басмакана иши | 58.19 | 1) башка чыгармачылык материалдарды (сүрөттөрдү, гравюраларды, открыткаларды) басып чыгаруу |
| »; | ||
– «Алардын ичинде» графасында 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
«3) автордук дизайнердик кийимди, бут кийимди жана тери буюмдарын өндүрүү»;
– «Алардын ичинде» графасында 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
«3) кинофестивалдарды уюштуруу жана өткөрүү»;
– «Алардын ичинде» графасында 17-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) программалык камсыздоону, маалымат базаларын жана Интернет тармагындагы web-баракчаларды түзүү жана иштетүү үчүн зарыл болгон түзүмдү жана мазмунду долбоорлоо жана (же) компьютердик кодду жазуу, анын ичинде кодду тестирлөө жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу (мамлекеттик уюмдарды кошпогондо);»;
– «Алардын ичинде» графасында 21-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) имараттарды архитектуралык долбоорлоо, анын ичинде эскиздерди, жумушчу чиймелерди түзүү, консультация берүү (мамлекеттин катышуусу бар уюмдарды жана курулуш компанияларын кошпогондо), ошондой эле инженердик долбоорлоо жана автордук көзөмөл;»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 211-пункт менен толукталсын:
| « | ||
211 | Коммерциялык иш жана башкаруу маселелери боюнча консультация берүү | 70.22 | 1) акселераторлордун (стартаптарды тез өнүктүрүүгө жана масштабдоого багытталган колдоо программаларын жана инвестицияларды берүүчү уюмдардын) жана бизнес- инкубаторлордун (аларга жумушчу инфраструктураны, консультациялык, билим берүү жана уюштуруучулук коштоону 12 айга чейинки мөөнөттө берүү аркылуу баштапкы ишкерлерге колдоо көрсөтүүчү уюмдардын) иши |
| »; | ||
– төмөнкүдөй мазмундагы 241-пункт менен толукталсын:
| « | ||
241 | Башка топторго киргизилбеген башка кесиптик, илимий жана техникалык иш | 74.90 | 1) авторлордун, аткаруучулардын жана креативдүү индустриялардын башка субъекттеринин кызыкчылыктарын коргогон импресарио агенттердин (агенттиктердин) иши (концерттерди уюштуруучуларды кошпогондо) |
| »; | ||
– «Алардын ичинде» графасында 26-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
«5) программалоо, IT-продуктуларын иштеп чыгуу, робототехника, жасалма интеллект, мобилдик тиркемелерди жана оюндарды иштеп чыгуу боюнча курстар».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 49 (3809) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |