Редакцияот 14.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIV КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 14-декабры  № 14/1

 

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь  2025-жылдагы № 3/2  «2025-жылдын башына карата калган акча каражатын пайдалануу» жѳнүндѳ токтомдоруна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ

 

      Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь  2025-жылдагы № 3/2  «2025-жылдын башына карата калган акча каражатын пайдалануу» жѳнүндѳ токтомдоруна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ айыл ѳкмѳт башчысы К. М. Токторалиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин  XXIX чакырылышынын         кезексиз сессиясы токтом кылат:

1.Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык  Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь  2025-жылдагы    № 3/2 «2025-жылдын башына карата калган акча каражатын пайдалануу» жѳнүндѳ токтомдору менен бекитилген сметада башка чыгымдарга  деп каралган 247300 (эки жүз жыйырма жети мин үч жүз) сом тѳмѳндѳгүлѳргѳ жылдырылсын.

-        АУПка Жан-Булак айылынын кире беришиндеги арканын жарыктандыруусуна 70000 (жетимиш мин)сом акча каражаты жылдырылсын.

-        Жан-Булак айылындагы Ж. Ишеналиев атындагы клубунун жылытуу системасын жакшыртууга атайын электр тогу менен жылытуучу, электр энергиясын үнѳмдѳѳчү жылыткычтарды алууга 92000 (токсон эки мин) сом жылдырылсын.

-        Жан-Булак айылындагы А. Жутакеев орто мектебинин ѳрткѳ каршы сигнализациясын орнотууга кошумча 85300 (сексен беш мин үч жүз) сом жылдырылсын.

2. Токтомдун ишке ашырылышын камсыз кылуу жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн  бѳлүм башчысы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Токторалиевге милдеттендирилсин. 

 

 

 

 

  

Төрага

 

А. Өзгөрүшова