Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 3-июлу № 502-т
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 25 тиркемесинин 31-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 165-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеменин тиркемесинде:
– төмөнкүдөй мазмундагы бөлүм менен толукталсын:
« | |||
Жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүү; полиграфиялык иш
| |||
658 | Мамлекеттик туу | 18.12.0 | 6307 |
659 | Мамлекеттик символдор, декоративдик буюмдар, стенддер, көркөм жасалгалоо элементтери жана сувенирдик продукция | 18.12.0 | 4420, 4421 |
». | |||
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул тескемеден келип чыгуучу, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү улуттук режимден алып салууну белгилөө жөнүндө кабарлоо менен байланышкан зарыл жол-жоболорду жүргүзсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |