Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-июну № 681-VIII
«Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына
мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
2026-жылдын 23-апрелиндеги № 446-VIII токтомуна
өзгөртүү киргизүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдөгү жеңилдиктерди берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 446-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун 1-пунктчасында «контракттык негизде окуу акысын төлөөгө 50 пайыздык жеңилдик берүү түрүндө» деген сөздөр алып салынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 3-июлунда https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8062 расмий сайтында жарыялынды
Төрага | М.А. Маматалиев |