Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-июну № 442
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 8-июлундагы № 371
«Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетин бекитүү жөнүндө»
токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 «Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 89 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 48 (3808) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |