Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 29-июнундагы
№ 442 токтомуна)
1- глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары – МБС)
(тизмек боюнча код – кесиптик билим берүүнүн деңгээлин
көрсөтүү менен
кесиптин/адистиктин/багыттын толук аталышы)
«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте бекитилет.
Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетинин (мындан ары – МБС макети) талаптары сунуштоочу болуп саналат жана төмөнкүлөрдү аткаруу үчүн милдеттүү эмес:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген кесиптик билим берүү программалары боюнча эксперименттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгууда;
-өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары тарабынан бекитилген билим берүү стандарттарын иштеп чыгууда.
Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптары менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары тарабынан милдеттүү түрдө аткаруу үчүн минималдуу талаптар болуп саналат.
Ушул МБСти аткаруу өзгөчө статуска ээ болгон кесиптик башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын кошпогондо, уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу бардык билим берүү уюмдары үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Терминдер, аныктамалар, белгилөөлөр, кыскартуулар:
1) академиялык кредит – билим алуучунун окуу жана (же) илимий жүктөмүнүн көлөмүн өлчөөнүн шарттуу бирдиги;
2) бакалавр – кесиптик ишти жүзөгө ашырууга жана магистратурага тапшырууга укук берүүчү жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли;
3) кесиптик/эмгектик иштин түрү – эмгектин тектеш мүнөзүнө, натыйжаларына жана шарттарына ээ болгон эмгектик функциялардын жыйындысы;
4) экономикалык иштин түрү – иштин түрлөрүн классификациялоонун кыйла ирилештирилген категорияларын мүнөздөөчү продукциянын (товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн) бир тектүү топтомуна алууга алып келүүчү процесс;
5) гибриддик окутуу методу – окутуу процесси педагогдун жана билим алуучунун түздөн-түз байланышы аркылуу салттуу окутуу методун онлайн-окутуу методу менен айкалыштырган окутуу методу;
6) мамлекеттик билим берүү стандарты – окутуунун максаттарын жана натыйжаларын аныктоочу билим берүү программасынын минимум мазмунун, билим берүүнүн деңгээлдери боюнча даярдоого базалык талаптарды аныктоочу формалдуу билим берүүнүн талаптарынын коомдук макулдашылган жыйындысы;
7) жумуш ордунда окутуу – милдеттүү түрдө практикалык окутуу жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү бекемдөө, ошондой эле билим берүү уюмунун өндүрүштүк бөлүмдөрүндө/комплекстеринде жана (же) ишканалардын/ уюмдардын базасында иш тажрыйбасына ээ болуу менен билим берүү уюмунда билим алуучунун жалпы жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү алуусуна багытталган кадрларды даярдоо системасы;
8) инклюзивдик билим берүү – ар кандай билим берүү муктаждыктарын жана жеке мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен бардык билим алуучулар үчүн билим алууга тең мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу;
9) интеграцияланган квалификация (татаал) – белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталуучу, белгилүү бир кесиптик иштин түрлөрүнө даярдыгын мүнөздөгөн чектеш же ар түрдүү жааттардагы билимдин, көндүмдөрдүн жана социалдык-инсандык компетенциялардын деңгээли;
10) интеграцияланган билим берүү программасы – бул негизги жалпы билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнө бир эле учурда жалпы орто билим жана тиешелүү деңгээлдеги кесиптик квалификация алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн жалпы орто жана баштапкы кесиптик билим берүү программаларын, жалпы орто жана орто кесиптик билим берүү программаларын бириктирүүнүн негизинде иштелип чыккан кесиптик билим берүү программасы;
11) квалификация – белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталуучу, окутууга жана кесиптик иштин белгилүү бир түрүн аткарууга даярдыгын мүнөздөөчү, Квалификациялардын улуттук алкагына ылайык билимдердин, көндүмдөрдүн жана социалдык- инсандык компетенциялардын деңгээли;
12) компетенция – билим алуучуну белгилүү бир чөйрөдө анын натыйжалуу өнүмдүү иши үчүн зарыл болгон билим берүүгө даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);
13) магистр – аспирантурага (адъюнктурага) жана (же) докторантурага (PhD/профиль боюнча) тапшырууга жана кесиптик ишти жүзөгө ашырууга укук берүүчү жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли;
14) микроквалификация – мамлекеттик үлгүдөгү документ менен ырасталуучу, адамдын кесиптик ишинин өзүнчө эмгек функциясын окууга жана аткарууга даярдыгын мүнөздөгөн, Квалификациялардын улуттук алкагынын тиешелүү деңгээлине ылайык, кесиптик модулду (чакан окутууну) аяктагандан кийин алынган конкреттүү билимдердин, көндүмдөрдүн жана социалдык- инсандык компетенциялардын кичинекей көлөмү;
15) модуль – окутуунун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ болгон окуу дисциплинасынын бөлүгү;
16) даярдоо багыты – Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторуна, Квалификациялардын улуттук алкагынын жана квалификациялардын тармактык алкактарынын деңгээлдерине ылайык кадрларды даярдоо үчүн билим берүү программаларынын комплекси;
17) Квалификациялардын улуттук алкагы – улуттук квалификациялык чакан системаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыз кылууга багытталган жана квалификациянын шайкештигин ырастоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуп саналган критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөлгөн сыпаттамасы;
18) кесиптик иштин объекти – эмгек ишинин процессинде таасир этүүгө багытталган предметтер, кубулуштар, процесстер;
19) билим берүү программасы – кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээли боюнча билим берүү процессинин максаттарын, милдеттерин, пландалган натыйжаларын, уюштурууну аныктоочу конкреттүү багыт, адистик же кесип боюнча билим берүүнүн мазмуну;
20) жумуш ордунда окутуу – билим берүү уюмунда билим алуучулардын жалпы жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү милдеттүү практикалык окутуу жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү бекемдөө менен алууга, ошондой эле билим берүү уюмун өндүрүштүк бөлүктөрүндө/комплекстеринде жана (же) ишканалардын/уюмдардын базасында иш тажрыйбасын алууга багытталган кадрларды даярдоо системасы;
21) квалификациялардын тармактык/сектордук алкактары – белгилүү бир тармак/сектордогу квалификациялардын мазмунунун системалуу жана деңгээлдер боюнча түзүмдөлгөн сыпаттамасы;
22) кесиптик стандарт – кесиптик иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү бир эмгек функциясын аткаруу үчүн керектүү квалификациянын мүнөздөмөсү;
23) профиль – билим берүү программасынын кесиптик иштин конкреттүү түрүнө жана (же) объектине багытталышы;
24) кесип/адистик/багыт – Квалификациялардын улуттук алкагынын деңгээлдерине, Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторуна, Сабактардын жалпы республикалык классификаторуна ылайык тигил же бул жаатта кесиптик ишти жүргүзүү үчүн документ менен ырасталган, квалификациянын зарыл деңгээлин талап кылган эмгек ишинин белгилүү бир түрү;
25) кесиптик модуль – микроквалификацияны ырастоо жана мамлекеттик үлгүдөгү документти берүү менен, кесиптик иштин белгилүү эмгек функцияларын аткарууга жана окууга даярдыгын мүнөздөгөн окутуунун белгилүү бир натыйжаларына жетишүүнү камсыз кылган формалдуу билим берүүнүн логикалык жактан байланышкан дисциплиналарынын жана окуу иштеринин түрлөрүнүн жыйындысы;
26) окутуунун натыйжалары – окуу процессин ийгиликтүү аяктагандан кийин билим алуучудан күтүлгөн билимдер, көндүмдөр жана социалдык-инсандык компетенциялар;
27) адис – магистратурага, аспирантурага (адъюнктурага) жана (же) докторантурага (PhD/профиль боюнча) тапшырууга жана кесиптик ишти жүзөгө ашырууга укук берүүчү жогорку кесиптик билим берүү квалификациясынын деңгээли;
28) эмгек функциясы – аткаруу үчүн кызматкерде зарыл билимдердин, көндүмдөрдүн жана социалдык-инсандык компетенциялардын болушун болжолдогон эмгек иш-аракеттеринин конкреттүү топтому;
29) тездетилген программа – кыскартылган мөөнөттө окутуунун мурдагы натыйжаларын таануу менен окутууну караган программа;
30) дисциплиналардын цикли – окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ билим берүү программасынын бир бөлүгү же окуу дисциплиналарынын жыйындысы.
Ушул МБСтин макетинде төмөнкүдөй кыскартуулар колдонулат: ЖКБ – жогорку кесиптик билим берүү;
МБС – мамлекеттик билим берүү стандарты; КББ – кесиптик башталгыч билим берүү;
КУА – Квалификациялардын улуттук алкагы; ОКБ – орто кесиптик билим берүү;
ОМБ – окуу-методикалык бирикмелер.
3. Бул МБС
(тизмек боюнча код – кесиптин/адистиктин/багыттын толук
аталышы)
боюнча билим берүү программасын ишке ашырууда ченемдердин, эрежелердин жана талаптардын жыйындысын көрсөтөт жана окуу, уюштуруу-методикалык документтерди иштеп чыгуу, билим берүү программасын өздөштүрүүнүн сапатын баалоо үчүн негиз болуп саналат.
4. Кесиби/адистиги/багыты боюнча ушул МБСти негизги пайдалануучулар болуп төмөнкүлөр саналат:
(тизмек боюнча код – кесиптин/адистиктин/багыттын толук
аталышы)
1) өз билим берүү уюмдарында ушул кесип/адистик/багыт боюнча илимдин, техниканын жана социалдык чөйрөнүн жетишкендиктерин эске алуу менен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, натыйжалуу ишке ашыруу жана жаңылоо үчүн жооптуу болгон администрация жана педагогикалык курам;
2) ушул кесип/адистик/багыт боюнча билим берүү программасын өздөштүрүү боюнча өзүнүн окуу ишин натыйжалуу ишке ашыруу үчүн жооптуу билим алуучулар;
3) тиешелүү кесиптик иш чөйрөсүндөгү иш берүүчүлөр;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тапшырмасы боюнча МБСти иштеп чыгууну камсыз кылуучу ОМБ;
5) кесиптик билим берүү системасында мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
6) көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын аккредитациялык агенттик тарабынан белгиленген стандарттарга, жол-жоболорго жана эрежелерге шайкештигин тышкы баалоону жүзөгө ашыруучу аккредитациялык агенттиктер.
5. Кесиби/адистиги/багыты боюнча билим берүү программасын өздөштүрүү формалары
(тизмек боюнча код – окутуунун мүмкүн болуучу формаларын (күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан, экстернат) көрсөтүү
менен кесиптин/адистиктин/багыттын толук аталышы)
6. Абитуриенттердин билиминин деңгээлине карата талаптар. Абитуриент тапшырууда төмөнкү документтердин бирине ээ болууга тийиш:
1) БКБ билим берүү программасына:
- негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүккө;
- жалпы орто билими жөнүндө аттестатка;
- башталгыч кесиптик билими жөнүндө дипломго;
- орто кесиптик билими жөнүндө дипломго;
- жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломго.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда БКБ билим берүү уюмдарында негизги жалпы билими жок адамдардын кесипке ээ болушу үчүн шарттар түзүлүшү мүмкүн;
2) ОКБ билим берүү программасына:
- негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүккө;
- жалпы орто билими жөнүндө аттестатка;
- башталгыч кесиптик билими жөнүндө дипломго (негизги же жалпы орто билими тууралуу документи болсо);
- орто кесиптик билими жөнүндө дипломго;
- жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломго;
3) ЖКБ билим берүү программасына (бакалавр, адис):
- жалпы орто билими жөнүндө аттестатка;
- башталгыч кесиптик билими жөнүндө дипломго (жалпы орто билими жөнүндө документи болсо);
- орто кесиптик билими жөнүндө дипломго;
- жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломго;
4) ЖКБ билим берүү программасына (магистр, адис):
- бакалаврды же адисти даярдоо багыты боюнча жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломго;
- магистрди даярдоо багыты боюнча жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломго.
7. Билим берүү программасын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү:
1) жалпы орто билим берүүнүн базасында БКБ кесиби боюнча күндүзгү окутуу формасында (окуу мөөнөтү) _______кем эмести түзөт.
Негизги жалпы билим берүүнүн базасында бул билим берүү программасы ишке ашырылган учурда өздөштүрүүнүн белгиленген ченемдик мөөнөтү 1–2 (бир-эки) жылга узартылат.
БКБ, ОКБ, ЖКБ ээ болгон адамдарга билим берүү уюму мурдагы билиминин же окуусунун натыйжаларын таанууну эске алуу менен тездетилген программалар боюнча БКБ кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүгө укук берет;
2) жалпы орто билим берүүнүн базасында ОКБ адистиги боюнча окутуунун күндүзгү формасында (окуу мөөнөтү) _____________кем эмести түзөт.
Негизги жалпы билим берүүнүн базасында бул билим берүү программасы ишке ашырылган учурда өздөштүрүүнүн белгиленген ченемдик мөөнөтү 1 (бир) жылга көбөйтүлөт.
Күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан окуу формалары боюнча ОКБ билим берүү программаларын өздөштүрүү мөөнөттөрү, ошондой эле окутуунун ар кандай формалары айкалыштырылган учурда ОКБ программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму тарабынан, алар бул адистик боюнча иштеген адамдар үчүн күндүзгү окуу формасында өздөштүрүүнүн белгиленген ченемдик мөөнөтүнө салыштырмалуу 6 айга көбөйтүлөт.
Тиешелүү профилдеги/адистиктеги БКБ, ОКБ же ЖКБ ээ болгон адамдарга билим берүү уюму мурдагы билиминин жана окуусунун натыйжаларын таанууну эске алуу менен тездетилген программалар боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүгө укук берет;
3) жалпы орто билим берүүнүн базасында күндүзгү окуу формасында ЖКБ бакалавр багыты боюнча (окуу мөөнөтү) _________ кем эмести түзөт.
Бул билим берүү программасы сырттан окуу формасы боюнча ишке ашырылган учурда өздөштүрүүнүн белгиленген ченемдик мөөнөтү күндүзгү окуу формасында өздөштүрүүнүн белгиленген ченемдик мөөнөтүнө салыштырмалуу 1 (бир) жылга көбөйтүлөт.
Тиешелүү профилдеги ОКБ же ЖКБ ээ болгон адамдарга билим берүү уюму мурдагы билиминин жана окуусунун натыйжаларын таанууну эске алуу менен тездетилген программалар боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүгө укук берет.
ОКБ профилинин ЖКБ профилине дал келиши билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат;
ОКБнын базасында бакалавр багыты боюнча ЖКБ билим берүү программасын күндүзгү окуу формасы боюнча өздөштүрүү мөөнөтү тездетилген программалардын алкагында 3 (үч) жылдан кем эмести түзөт;
4) жалпы орто билим берүүнүн базасында күндүзгү окуу формасында ЖКБ адистиги боюнча (окуу мөөнөтү) _________ кем эмести түзөт.
Бул билим берүү программасы сырттан окуу формасы боюнча ишке ашырылган учурда өздөштүрүүнүн белгиленген ченемдик мөөнөтү күндүзгү окуу формасында өздөштүрүүнүн белгиленген ченемдик мөөнөтүнө салыштырмалуу 1 (бир) жылга көбөйтүлөт.
Тиешелүү профилдеги ОКБ же ЖКБ ээ болгон адамдарга билим берүү уюму мурдагы билиминин жана окуусунун натыйжаларын таанууну эске алуу менен тездетилген программалар боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүгө укук берет.
ОКБ профилинин ЖКБ профилине дал келиши билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.
ОКБнын базасында күндүзгү окуу формасында ЖКБ адистиги боюнча билим берүү программасын тездетилген программаларды ишке ашыруунун алкагында өздөштүрүү мөөнөтү 4 (төрт) жылдан кем эмести түзөт.
5) ЖКБнын базасында (бакалавр) күндүзгү окуу формасында ЖКБ магистр багыты боюнча (окуу мөөнөтү) _____________кем эмести түзөт; ЖКБнын базасында (тиешелүү багыт боюнча магистр, бакалавр же тиешелүү адистик боюнча адис) күндүзгү окуу формасында ЖКБ (магистр) даярдоо багыты боюнча (окуу мөөнөтү) ______________ кем эмести түзөт.
Бул билим берүү программасы сырттан окуу формасы боюнча ишке ашырылган учурда өздөштүрүүнүн белгиленген ченемдик мөөнөтү бул тармакта иштеген адамдар үчүн күндүзгү окуу формасында өздөштүрүүнүн белгиленген ченемдик мөөнөтүнө салыштырмалуу 6 айга көбөйтүлөт.
Даярдоо багыттары ар түрдүү болгон адистерге эмгек рыногунун өсүп жаткан керектөөлөрүн камсыздоо үчүн билим берүү уюмунун чечими боюнча ушул МБСтин макетинин 8-пунктунда көрсөтүлгөн магистрдин билим берүү программасынын сыйымдуулугуна карата талаптар сакталган шартта магистрдин билим берүү программасын өздөштүрүү мөөнөтүн 1 (бир) жылга чейин кыскартууга жол берилет.
8. Билим берүү программасынын эмгек сыйымдуулугу:
1) күндүзгү окуу формасы боюнча БКБ 60тан (алтымыш) кем эмес академиялык кредитти түзөт;
2) күндүзгү окуу формасы боюнча ОКБ – 120дан (бир жүз жыйырма) кем эмес академиялык кредитти түзөт;
3) педагогикалык квалификациясы жок, окутуунун тиешелүү же чектеш предметтик тармагындагы адистик боюнча КОБ бар адамдар үчүн педагогикалык адистик боюнча кайра даярдоонун тездетилген программасы боюнча КОБ (педагогикалык минимум) – 60тан (алтымыш) кем эмес академиялык кредитти;
4) ЖКБ (бакалавр) – 240тан (эки жүз кырк) кем эмес академиялык кредитти;
5) педагогикалык квалификациясы жок жана окутуунун тиешелүү же чектеш предметтик тармагындагы багыт боюнча ЖКБ (бакалавр, адис) бар адамдар үчүн педагогикалык адистик боюнча кайра даярдоонун тездетилген программасы боюнча ЖКБ (бакалавр) (педагогикалык минимум) – 60тан (алтымыш) кем эмес академиялык кредитти;
6) ЖКБ (адис) – 300дөн (үч жүз) кем эмес академиялык кредитти;
7) ЖКБ (магистр) – ЖКБнын (бакалавр) базасында 120дан (бир жүз жыйырма) кем эмес академиялык кредитти;
8) ЖКБ (магистр) – бакалаврды же адисти даярдоонун тиешелүү багыты боюнча ЖКБнын базасында кеминде 90 (токсон) академиялык кредитти;
9) педагогикалык квалификациясы жок жана окутуунун тиешелүү же чектеш предметтик тармагындагы багыт/адистик боюнча ЖКБ (магистр, адис) бар адамдар үчүн педагогикалык адистик боюнча кайра даярдоонун тездетилген программасы боюнча ЖКБ (педагогикалык минимум) – 60тан (алтымыш) кем эмес академиялык кредитти.
Тездетилген программаны ишке ашыруу тартиби орто жана жогорку кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Бир окуу семестринин ченемдик эмгек сыйымдуулугу 30дан кем эмес академиялык кредитке барабар (окуу процессин эки семестрлик уюштурууда). Бир академиялык кредит билим алуучунун окуу ишинин 30 саатына барабар (аудиториялык, өз алдынча ишти жана аттестациянын бардык түрлөрүн кошкондо).
Күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан окуу формалары боюнча, ошондой эле окутуунун ар кандай формалары айкалыштырылган жана аралыктан билим берүү технологиялары колдонулган учурда билим берүү программасынын ченемдик эмгек сыйымдуулугу окуу жылы үчүн 45тен (кырк беш) кем эмес академиялык кредитти түзөт.
9. Кесиби/адистиги/багыты боюнча билим берүү программасынын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
(тизмек боюнча код – кесиптин/адистиктин/багыттын толук
аталышы)
1) окутуу жаатында (окутуу жаатындагы билим берүү программасынын максаттарын көрсөтүү);
2) инсанды тарбиялоо жаатында (инсанды тарбиялоо жаатындагы билим берүү программасынын максаттарын көрсөтүү).
10. Экономикалык иштин түрү:
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 токтому менен бекитилген Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторунан бул кесип/адистик/багыт тиешелүү болгон экономикалык иштин түрү)
11. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин тармактары:
(Квалификациялардын улуттук алкагына, квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарына ылайык кесиптик иштин
тармактары (болсо))
12. Кесиптик иштин объекттери:
(кесип/адистик/багыт боюнча кесиптик иштин объекттери)
13. Кесиби/адистиги/багыты боюнча билим берүү программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү
(кесиптик билим берүүнүн деңгээли) төмөнкүлөргө даярдалган:
1) кесиптик ишке (кесиптик иштин чөйрөсүн көрсөтүү);
2) БКБ – КОБ жана ЖКБ билим берүү программаларын, анын ичинде тездетилген программалар боюнча тийиштүү профилдеги КОБ билим берүү программаларын өздөштүрүүгө;
3) КОБ – ЖКБ (бакалавр, адис) билим берүү программаларын, анын ичинде тездетилген программалар боюнча тиешелүү профилдеги ЖКБ билим берүү программаларын өздөштүрүүгө;
4) бакалаврды даярдоо багыты боюнча ЖКБ – илимий-педагогикалык ишке, магистрди даярдоо программаларын өздөштүрүүгө;
5) адистик боюнча ЖКБ – илимий-педагогикалык ишке, магистрдин билим берүү программаларын жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын өздөштүрүүгө;
6) магистрди даярдоо багыты боюнча ЖКБ – илимий-педагогикалык ишке жана ЖОЖдон кийинки окутуу программаларын өздөштүрүүгө.
14. Билим берүү уюмдары эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү программаларын өз алдынча иштеп чыгат. Билим берүү программасы кесип/адистик/багыт боюнча тиешелүү МБСтин, КУАнын, квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарынын жана кесиптик стандарттардын (болсо) негизинде иштелип чыгат.
Билим берүү программасынын ар бир циклине тиешелүү дисциплиналардын (модулдардын) топтомун жана алардын эмгек сыйымдуулугун билим берүү уюму цикл үчүн белгиленген көлөмдө, аны өздөштүрүүнүн натыйжаларына талаптарды эске алуу менен, КУАнын тиешелүү деңгээлинде каралган окутуунун натыйжаларынын жыйындысы түрүндө өз алдынча аныктайт.
ЖКБ жана КОБ бакалаврларын, магистрлерин жана адистерин даярдоо багытынын алкагындагы билим берүү программасынын профилдери квалификациялардын тармактык/сектордук алкактарын (болсо) эске алуу менен билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.
15. Билим берүү уюмдары мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн глобалдык өзгөрүүлөр контекстиндеги улуттук артыкчылыктарды эске алуу менен билим берүү программаларын
3 (үч) жылда бир жолудан кем эмес жаңылайт. Билим берүү программаларын жаңылоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын камсыз кылуу боюнча стратегияны иштеп чыгууну;
2) билим берүү программаларына мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүүнү;
3) иш берүүчүлөр менен макулдашылган окутуунун натыйжаларын баалоонун объективдүү жол-жоболорун иштеп чыгууну;
4) педагогикалык курамдын сапатын жана компетенттүүлүгүн камсыз кылууну;
5) ишке ашырылып жаткан билим берүү программасын жетиштүү ресурстар менен камсыз кылууну, аларды пайдалануунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген аккредитациялоонун минималдуу талаптары боюнча өзүн-өзү баалоону жана тышкы баалоону үзгүлтүксүз жүргүзүүнү;
7) өзүнүн ишинин натыйжалары, пландары, инновациялары жөнүндө коомчулукка маалымдоону.
16. Билим алуучуларды жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын баалоо аларды учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону камтууга тийиш.
Билим берүү программасын өздөштүрүүнүн натыйжаларын баалоо системасы билим алуучулар тарабынан окутуунун пландалган натыйжаларына жетүүсүн баалоонун объективдүүлүгүн, ачык-айкындуулугун, комплекстүүлүгүн жана аныктыгын, МБСнын талаптарына ылайык компетенциялардын калыптанышын камсыз кылууга тийиш.
Билим берүү уюмдары окутуунун натыйжаларын баалоонун формаларын, методдорун жана инструменттерин өз алдынча аныктоого укуктуу.
17. Билим алуучуларды учурдагы аттестациялоо кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму тарабынан белгиленген (педагогикалык/окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилген) баалоо системасынын негизинде окуу семестринин ичинде жүргүзүлөт.
18. Билим алуучуларды орто аралык аттестациялоо ар бир семестрде жүргүзүлөт жана дисциплиналар, кесиптик модулдар жана контролдоо каралган билим берүү программасынын башка компоненттери боюнча окутуунун натыйжаларына жетүү даражасын аныктоого багытталган.
Орто аралык аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча тиешелүү баалар коюлат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартипке ылайык белгиленген үлгүдөгү документти берүү менен микроквалификацияны ыйгаруу максатында кесиптик модулдарды өздөштүрүүнүн натыйжаларын баалоого жана сертификациялоого жол берилет.
БКБ, КОБ жана ЖКБ билим алуучуларынын жана бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик компетенцияларынын сапатын баалоо тышкы мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте окутуунун натыйжаларын этабы менен аттестациялоону камтыйт.
19. Билим алуучуларды жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо окутуунун толук курсун аяктагандан кийин жүргүзүлөт. Мамлекеттик аттестациялык сынактардын түрлөрү билим берүү уюму тарабынан аныкталат. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга академиялык карызы жок жана окуу планында каралган окутуунун толук курсун аяктаган бүтүрүүчүгө уруксат берилет.
20. Билим алуучулардын учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу аттестациясы үчүн, алардын жеке жетишкендиктеринин тиешелүү билим берүү программасынын этаптуу же акыркы талаптарына шайкештигин аныктоо үчүн окутуунун натыйжалары менен методологиялык макулдашылган жана калыптанган компетенцияларды комплекстүү баалоону камсыз кылуучу ар түрдүү теориялык жана практикалык тапшырмаларды камтыган баалоо каражаттарынын базалары түзүлөт. Баалоо каражаттарынын базалары билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
21. Билим берүү программасында кадрдык жана окуу-методикалык камсыздоо, кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюмунун окутуу натыйжаларын калыптандыруу үчүн жетиштүү материалдык-техникалык шарттар көрсөтүлүүгө тийиш.
22. Кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) билим алуучулардын натыйжалуу кесиптик жана социалдык ишке даярдыгын камсыз кылуучу дем берүүчү, коопсуз, инклюзивдүү билим берүүчү жана социалдык-маданий чөйрөнү түзүүгө;
2) социалдаштырууга, ден соолукту сактоого жана өзүн-өзү талдоо көндүмдөрүнө, адамга багытталган долбоорлоо методдоруна ээ болгон лидер-жаратуучулар катары билим алуучулардын чыгармачыл потенциалын ачууга багытталган өнүктүрүүчү билим берүү чөйрөсүн түзүүгө;
3) билим берүү процессинин тарбиялык/сабактан тышкаркы компоненттерин өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө, анын ичинде өзүн-өзү башкарууну өнүктүрүүгө, билим алуучулардын коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачыл клубдардын, илимий студенттик коомдордун ишине катышуусуна.
23. ЖКБ билим берүү программасы дисциплиналардын ар бир циклинин вариативдүү бөлүгүнүн билим алуучусунун тандоосу боюнча дисциплиналарды камтууга тийиш. Билим алуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналарды түзүү тартибин билим берүү уюму белгилейт. БКБ жана КОБ билим берүү программасында билим берүү уюмунун каалоосу боюнча билим алуучунун тандоосу менен дисциплиналар камтылышы мүмкүн.
24. Билим берүү уюму билим алуучуларга билим берүү программасын, окуу курстарын (дисциплиналарды, модулдарды) пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүгө, киришүү курстарын уюштурууга, жекече окутуу программасын түзүү үчүн курстарды тандоо боюнча кызыкчылыктарын жана каалоолорун суроого милдеттүү. Билим алуучу билим берүү уюму тарабынан берилген академиялык консультанттын катышуусу менен өзүнүн жеке окуу планын түзөт.
25. Билим берүү уюму билим берүү программасын түзүүдө билим алуучуларды алардын укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга, билим алуучулардын тандаган дисциплиналары алар үчүн милдеттүү болгондугун, ал эми алардын эмгек сыйымдуулугунун суммасы окуу планында каралгандан аз болбоого тийиш экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү.
26. Билим берүү уюму билим берүү программасын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда гендердик теңчилик саясатын эске алууга, социалдык инклюзияны камсыз кылууга, ошондой эле санариптештирүүнү өнүктүрүүгө милдеттүү.
27. Билим алуучулар ЖКБ билим берүү программасынын алкагында билим алуучунун тандоосу боюнча окуу дисциплиналарын өздөштүрүүгө бөлүнгөн окуу убактысынын көлөмүнүн чегинде конкреттүү дисциплиналарды тандоого укуктуу.
28. Өзүнүн жеке билим берүү траекториясын түзүүдө билим алуучу билим берүү уюмунда кесиптик модулдарды жана дисциплиналарды тандоо жана алардын келечектеги кесибине/адистигине тийгизген таасири боюнча консультация алууга укуктуу.
29. Компетенцияларды өнүктүрүү бөлүгүндө билим берүү программасын өздөштүрүүдө натыйжаларга жетүү максатында билим алуучулар студенттик өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө, коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачыл клубдардын, илимий студенттик коомдордун ишине, социалдык жана инновациялык долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга катышууга укуктуу.
30. Билим алуучулар билим берүү уюмунун билим берүү программасында каралган бардык тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү.
31. Билим алуучунун окуу жүктөмү анын аудиториялык жана аудиториядан тышкаркы (өз алдынча) окуу ишинин бардык түрлөрүн кошкондо жумасына 38 сааттан кем эмес көлөмдө белгиленет. Билим алуучунун жумасына окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү билим берүү уюму тарабынан белгиленет.
32. Окуунун күндүзгү формасында жумасына аудиториялык сабактардын көлөмү кесиптик билим берүүнүн деңгээлин жана кесиптин/адистиктин/багыттын өзгөчөлүгүн эске алуу менен төмөнкүлөр үчүн МБСте аныкталат:
1) БКБ – ар бир окуу дисциплинасын/кесиптик модулду үйрөнүүгө бөлүнгөн жалпы көлөмдүн 80 %дан кем эмесин;
2) КОБ ар бир окуу дисциплинасын/кесиптик модулду үйрөнүүгө бөлүнгөн жалпы көлөмдүн 35 %дан кем эмесин;
3) бакалаврды даярдоо багыты боюнча жана адистик боюнча ЖКБ – жалпы көлөмдүн 35 %дан кем эмесин;
4) магистрди даярдоо багыты боюнча ЖКБ – жалпы көлөмдүн 25 %дан кем эмесин.
Окуу дисциплинасы жана кесиптик модуль боюнча өз алдынча ишке бөлүнгөн сааттарга билим алуучулардын учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу аттестацияга даярдануусуна каралган убакыт киргизилет.
33. Күндүзгү-сырттан (кечки) окуу формасында аудиториялык сабактардын көлөмү жумасына 16 сааттан аз болбоого тийиш.
34. Окуу жылындагы каникул мезгилинин жалпы көлөмү 7–10 жуманы түзүүгө, анын ичинде окуу мөөнөтүнө жараша кыш мезгилинде эки жумадан аз болбоого тийиш.
35. Бүтүрүүчү кесиби/адистиги/багыты боюнча
(тизмек боюнча код – кесиптин/адистиктин/багыттын
толук аталышы)
билим берүү программасынын максаттарына, ушул МБС макетинин 9, 10-пункттарында көрсөтүлгөн экономикалык иштин түрлөрүнө ылайык төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш:
1) ушул МБС макетинин 1-тиркемесине ылайык окутуунун жалпы натыйжаларына;
2) кесиби/адистиги/багыты боюнча окутуунун натыйжаларына:
(КУАга жана кесиптик стандартка ылайык же жумуш берүүчү менен макулдашылган окутуунун натыйжаларынын тизмеги
(сегизден ашык эмес))
36. Билим берүү программасы ушул МБС макетине тиркелген түзүмгө ылайык кесиптик билим берүүнүн деңгээлин эске алуу менен иштелип чыгат:
- БКБ (2-тиркеме);
- КОБ (3-тиркеме);
- ЖКБ (бакалавр) (4-тиркеме);
- ЖКБ (адистик) (5-тиркеме);
- ЖКБ (магистр) (6-тиркеме).
37. Билим берүү программасы жалпы гуманитардык циклдин милдеттүү дисциплиналарын, кесиптик модулдарын ишке ашырууну камсыз кылууга тийиш, алардын тизмеги жана эмгек сыйымдуулугу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары жана эксперименттик билим берүү стандарттарын ишке ашыруучу кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдары жалпы гуманитардык циклдеги дисциплиналардын эмгек сыйымдуулугун өз алдынча аныктоого укуктуу.
Дисциплиналардын, кесиптик модулдардын ар бир цикли билим берүү уюму тарабынан белгиленүүчү базалык (милдеттүү) жана вариативдик бөлүктөргө ээ. Вариативдик бөлүк базалык бөлүктүн мазмуну менен аныкталган даярдоону тереңдетүүгө, региондук эмгек рыногунун суроо-талаптарына жана билим алууну улантуу мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык бүтүрүүчүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кошумча компетенцияларды алууга мүмкүндүк берет.
Дисциплиналардын жалпы гуманитардык, математикалык жана табигый-илимий циклдери багыттын/адистиктин профилине ылайык окуу натыйжаларын калыптандырууну камсыз кылууга тийиш.
38. Бүтүрүүчү квалификациялык иштердин/магистрдик диссертациянын мазмунуна, көлөмүнө жана түзүмүнө талаптар билим берүү уюму тарабынан тиешелүү деңгээлдеги билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык аныкталат.
39. Билим берүү программасын ишке ашыруу тиешелүү кесиптик билим деңгээлине, окутулуп жаткан дисциплинанын профилине ылайык келген билими бар жана илимий, методикалык иш менен системалуу алектенген педагогикалык кадрлар менен камсыз кылынууга тийиш. Тиешелүү кесиптик жааттагы окутуучунун компетенциялары кошумча билими жөнүндө документтер (сертификаттар, күбөлүктөр, дипломдор ж.б.) менен да ырасталышы мүмкүн.
40. Кесиптик билим берүүнүн тийиштүү деңгээли үчүн кесиптик циклдин окутуучулары төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш:
1) БКБ үчүн – тиешелүү адистик боюнча орто кесиптик же жогорку кесиптик билимге. Тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү уюмдардагы практикалык тажрыйбасы билим алуучулардын кесиптик циклди өздөштүрүүсүнө жооп берген окутуучулар үчүн милдеттүү болуп саналат.
Өндүрүштүк окутуу чеберлери башталгыч кесиптик же орто кесиптик билимге ээ болушу керек. Өндүрүштүк окутуу чеберлери жумушчунун кесиби боюнча бүтүрүүчүлөр үчүн билим берүү стандартында каралгандан 1–2 разрядга жогору болууга тийиш.
Окутуучулар жана өндүрүштүк окутуу чеберлери профилдик уюмдарда 3 жылда 1 жолудан кем эмес стажировкадан өтүүгө тийиш;
2) КОБ үчүн – орто же жогорку кесиптик билимге жана (же) тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш тажрыйбасына.
Кесиптик циклдин окутуучуларынын сапаттык курамын баалоодо 10 жылдан ашык стажы бар өндүрүшчүлөр эске алынат;
3) ЖКБ үчүн – адистин/магистрдин квалификациясына же болбосо илимдин кандидаты же доктору/философия доктору (PhD)/профиль боюнча доктор окумуштуулук даражасына жана (же) тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү практикалык тажрыйбага.
Окумуштуулук даражасы бар окутуучулардын (же аларга теңештирилген адистердин) үлүшү багыт/адистик боюнча ЖКБ МБСте аныкталат.
Билим берүү уюму окутуучуларды үлгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүүнү, методикалык колдоону жана насаатчылыкты камсыз кылат.
41. Кесиптик билим берүүнүн деңгээлине карабастан билим берүү программасын ишке ашыруу ар бир билим алуучунун маалыматтар базасын жана билим берүү программасынын дисциплиналарынын толук тизмеги боюнча түзүлгөн китепканалык фонддорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылынууга тийиш.
42. Милдеттүү окуу китептеринин жана методикалык окуу куралдарынын тизмеги билим берүү уюму тарабынан аныкталат.
43. Билим алуучулардын билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон окуу адабияты жана (же) электрондук адабият менен камсыз болушу МБСте аныкталат. Окуу маалыматынын булактары заманбап талаптарга жооп берүүгө тийиш.
44. Билим берүү процессинде ченемдик укуктук актылар, локалдык актылар, кесиптик багыттагы мезгилдүү басылмалардын материалдары пайдаланылууга тийиш.
45. Билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму санитардык жана өрткө каршы эрежелерге жана ченемдерге ылайык келген билим берүү уюмунун окуу планында каралган, билим алуучулардын лабораториялык, дисциплиналык жана дисциплиналар аралык даярдоонун бардык түрлөрүн, практикалык жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнү камсыз кылуучу материалдык-техникалык базага ээ болууга тийиш (билим берүү программасы үчүн маанилүү материалдык-техникалык камсыздоо көрсөтүлөт, мисалы: окуу-өндүрүштүк устаканалар, окуу-өндүрүштүк комплекстер, окуу чарбалары, полигондор, технологиялык лабораториялар, студиялар ж.б. Жабдуулардын, инвентарлардын, инструменттердин, окутууда сарпталуучу материалдардын ж.б. билим алуучуга болгон катышын да көрсөтүү зарыл).
46. Окуу процессин материалдык-техникалык камсыздоо кесиптик стандартта көрсөтүлгөн иш чөйрөсүнө шайкеш келүүгө тийиш. Негизги талаптар даярдоо кесиптери/багыттары/адистиктери боюнча МБСте аныкталат.