Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 2-июлу № 247
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 325 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына талапкерлерди тандоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 325 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу, тышкы мамлекеттик аудиттин натыйжалуулугун жогорулатуу жана кадрдык потенциалды чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык токтом кылам:";
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүү эрежелеринде:
- 5-пункттун 3-пунктчасы "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын;
- 6-пункттун 2-пунктчасындагы "түзүмдүк жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 9-пункт "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын;
- 17, 18-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Эсептөө палатасынын аудитору:
2) Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси;
3) Эсептөө палатасынын адам ресурстарын башкаруу жана укуктук маселелер боюнча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана (же) кызматкерлери;
4) Эсептөө палатасынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана (же) кызматкерлери;
5) Эсептөө палатасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасы маселелери боюнча комиссиянын төрагасы;
6) коррупциянын алдын алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу кызмат адамы.
Комиссиянын жок мүчөлөрүн алмаштырууга жол берилбейт.
18. Комиссиянын мүчөсү талапкерге карата кызыкчылыктардын кагылышуусу болгон учурда комиссиянын жыйналышынын протоколуна тиешелүү жазууну милдеттүү түрдө киргизүү менен өзүнүн баш тартуусун билдирүүгө милдеттүү.";
- 24-пункттун 4, 5-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) зарыл болгон кесиптик билимин ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
5) В2 же С1 деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө сертификаттын көчүрмөсү;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-пункт менен толукталсын:
"24-1. 24-пункттун 4, 5-пункттарында көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү, талапкердин иштеген жери боюнча персоналдарды башкаруу кызматтары тарабынан күбөлөндүрүлгөн түрдө берилет.
Талапкер иштебеген учурда же документтердин күбөлөндүрүлбөгөн көчүрмөлөрү берилген учурда Эсептөө палатасынын адам ресурстарын башкаруу түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери көчүрмөлөрдү талапкер берген документтердин түп нускалары менен салыштырууну жүргүзөт жана көчүрмөлөргө ыйгарым укуктуу кызматкердин фамилиясын, инициалдарын, кол тамгасын жана датаны көрсөтүү менен "Көчүрмө туура" деген белги коёт.";
- 30-пункттагы "50" деген цифралар "60" деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |