Редакцияот 16.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

 

2026-жылдын 16-июну № 90

 

"Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

"Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 13-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацынын экинчи сүйлөмү алып салынсын;

2) 14-статьянын 3 жана 7-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 16-статьяда:

а) 1-пункттун экинчи, үчүнчү абзацтары, 4-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 5-пункттун 1-пунктчасында "маалымдоосунун" деген сөз "өтүнүчүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын;

4) 19 жана 20-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"19-статья. Жаранды жашаган жери же турган жери боюнча жөнөкөйлөтүлгөн каттоо

Жаранды жашаган жери же турган жери боюнча жөнөкөйлөтүлгөн каттоо башка шаардын студенттери жана башка билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн тиешелүү билим берүү уюмунун өтүнүчү боюнча каралышы мүмкүн.

Ички жер которуучулардын белгилүү бир категорияларына, атап айтканда аргасыз жер которуучуларга карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өтүнүчүнүн негизинде жаранды жашаган жери же турган жери боюнча жөнөкөйлөтүлгөн каттоо каралышы мүмкүн.

20-статья. Каттоо эрежелери

Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана турган жери боюнча каттоо жана каттап эсепке алуудан чыгаруу эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";

5) 21-статьяда "жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана каттоо объектиси болгон жарандыгы жок адамдар" деген сөздөр алып салынсын;

6) 47-статьяда "Жоруктар" деген сөз "Укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2026-жылдын 13-майында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган