КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 2-июлу № 97
2026-жылдын 16-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Гана Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2026-жылдын 16-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Гана Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө ганалык тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 10-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |