Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 25-июну № 691-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. «Ишеним» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рысбаев Равшанбек Рысбаевич Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
а) 1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
«Рысбаев Равшанбек Рысбаевич – «Ишеним» депутаттык тобунан;»;
б) 5-пунктчанын он үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рысбаев Равшанбек Рысбаевич Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлансын.
4. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 16-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун 1-пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Рысбаев Равшанбек Рысбаевич – «Ишеним» депутаттык тобунан;».
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 6-июлунда https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8072 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | М.А. Маматалиев |