Редакцияот 17.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 17-июну № 592-VIII

 

«Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

2026-жылдын 29-январындагы № 114-VIII токтомуна

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 114-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкүдөй депутаттардын курамында түзүлсүн:

Маматалиев Марлен Абдырахманович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегациянын башчысы;

Абдуллаев Азизбек Ашимжанович;

Абиров Жаныбек Болотбекович;

Алымбеков Максат Джумакадырович;

Баатырова Гүлнара Маришовна;

Жеенчороев Мирлан Канатбекович;

Калбердиева Мавлюда Калмаматовна;

Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович;

Кыдыралиев Умбеталы Токторалиевич;

Мамытов Талант Турдумаматович;

Молдобекова Гулкан Сакиновна;

Мурзакимова Алтынкуль Жээнбековна;

Садырбаева Жылдыз Эсенбековна;

Саккараев Медербек Джаманкулович;

Салымбеков Жумабек Мамытбаевич;

Сариев Улан Алмасбекович;

Сатиева Гулжан Эркинбековна;

Толонов Данияр Эрмекович;

Турсунбаев Азизбек Атакозуевич;

Ханджеза Карим Лемзарович;

Чойбеков Бактыбек Каныбекович;

Шабазов Бахридин Валиевич;

Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевна;

Эсенаманова Чолпон Замирбековна.»;

2) 2-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссияга – Сатиева Гулжан Эркинбековнаны, Алымбеков Максат Джумакадыровичти;».

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

2026-жылдын 18-июнунда https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/7966 расмий сайтында жарыялынды

 

 

Төраганын биринчи орун басары

 

М.К. Алиев