КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 452
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин кабыл алуу тартибин андан ары регламенттөө максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинде:
– 461-пункттун бешинчи абзацындагы «Министрлер Кабинетинин чечими менен» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 542-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Эл аралык келишимдерди ратификациялоо, кошулуу, бекитүү же денонсациялоо жөнүндө актылардын долбоорлорун кошпогондо, кол коюлган күндөн тартып төрт ай өткөндөн кийин берилген долбоорду макулдашуу жөнүндө каттар каралууга тийиш эмес.».
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги эки айлык мөөнөттө ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |