Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-июну № 445
Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин тастыктоо маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында берилген шайкештикти баалоо жөнүндө документтерди тааныбоо тобокелдиктерин алдын алууга багытталган укуктук жана уюштуруу механизмдерин белгилөө, ишкердик ишти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 «Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 51-пункт менен толукталсын:
«51. Ушул токтомдун 41, 42-пункттарында көрсөтүлгөн продукцияны сертификаттоо боюнча органдарды кошпогондо, Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга (мындан ары – сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген органдар) ушул токтомдун 81-пунктуна ылайык аккредитациялоо жол-жобосунан өткөнгө чейин Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) төмөнкү техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө ыйгарым укук берилсин: «Таңгактын коопсуздугу жөнүндө» ББ ТР 005/2011, «Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» ББ ТР 006/2011, «Парфюмерия-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө» ББ ТР 009/2011, «Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизель жана кеме отунуна, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка карата талаптар жөнүндө» ББ ТР 013/2011, «Дандын коопсуздугу жөнүндө» ББ ТР 015/2011, «Жеңил өнөр жай продукциясынын коопсуздугу жөнүндө» ББ ТР 017/2011, «Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» продукциясына техникалык регламент» ББ ТР 023/2011, «Тоң май продукциясына техникалык регламент» ББ ТР 024/2011, «Тамак-аш кошумчаларынын, ароматизаторлордун жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна талаптар» ББ ТР 029/2012, «Эмерек продукциясынын коопсуздугу жөнүндө» ББ ТР 025/2012, «Майлоочу материалдарга, майларга жана атайын суюктуктарга коюлуучу талаптар жөнүндө» ББ ТР 030/2012, «Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө»ББ ТР 033/2013, «Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» ББ ТР 034/2013, «Тамеки продукциясына техникалык регламент» ББ ТР 035/2014, «Балык жана балык азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» ЕАЭБ ТР 040/2016, «Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суулардын коопсуздугу жөнүндө» ЕАЭБ ТР 044/2017, «Канаттуулардын этинин жана аны кайра иштетүүдөн алынган азыктардын коопсуздугу жөнүндө» ЕАЭБ ТР 051/2021.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияларды каттоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген органдар продукциянын бул түрлөрү боюнча сертификаттоо боюнча эксперттер менен камсыздалууга тийиш.»;
2) 8-пунктта:
– биринчи абзац «Ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөрдөн кийин «, сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген органдар» деген сөздөр менен толукталсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
«3) техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине ай сайын Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы катталган декларациялардын реестринен маалыматтарды, ошондой эле арыз ээлери тарабынан милдеттүү коопсуздук талаптарын бузуу учурлары жөнүндө маалымат берсин.»;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 81-пункт менен толукталсын:
«81. Сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген органдар 2027-жылдын 1-сентябрына чейин ушул токтомдун 51-пунктунда көрсөтүлгөн техникалык регламенттердин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө аккредитациялоо боюнча улуттук органда аккредитациялоо жол-жобосунан өтсүн.
Сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген органдар тарабынан ушул пункттун биринчи абзацынын талаптары аткарылбаган учурда сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген органдар ушул токтомдун 51-пунктунда көрсөтүлгөн техникалык регламенттердин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоону токтотсун.»;
4) 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
« Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген органдар тарабынан катталган шайкештик жөнүндө декларацияларга мониторинг жана текшерүү жүргүзсүн, ал эми Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарын жана шайкештикти тастыктоо жол-жоболорун бузуулар аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрсүн.»;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияны кабыл алуунун тартиби жөнүндө жободо:
– 2-пункт «ыйгарым укуктуу органга» деген сөздөрдөн кийин «, сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген органга» деген сөздөр менен толукталсын;
– 4-пункт «Ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөрдөн кийин «, сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген орган» деген сөздөр менен толукталсын;
– 5-пункт «ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөрдөн кийин «, сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген орган» деген сөздөр менен толукталсын;
– 9-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген органдарга, курулуш багытындагы продукцияларды же техникалык байланыш каражаттарын сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга акы төлөө алардын шайкештикти тастыктоо боюнча жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө прейскуранты боюнча жүргүзүлөт.»;
– 12-пункт «ыйгарым укуктуу органда» деген сөздөрдөн кийин «, сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген органда» деген сөздөр менен толукталсын;
– 15-пункт «ыйгарым укуктуу органга» деген сөздөрдөн кийин «, сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген органга» деген сөздөр менен толукталсын;
– 16-пункт «ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөрдөн кийин «, сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген орган» деген сөздөр менен толукталсын;
– 17-пункт «ыйгарым укуктуу органга» деген сөздөрдөн кийин «, сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген органга» деген сөздөр менен толукталсын;
– 19-пункт «ыйгарым укуктуу органга» деген сөздөрдөн кийин «, сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген органга» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө жободо:
– 12-пункттун 3-пунктчасынын он төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-февралындагы № 95 «Сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоого укук берүү жана чакыртып алуу тартибин бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 47 (3807) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |