Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 1-июлу № 453
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 377 «Жаныбарлардын ылаңынын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жаныбарлардын ылаңын алдын алуу боюнча ветеринардык-санитардык талаптарды ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы № 377 «Жаныбарлардын ылаңынын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Жаныбарлардын ылаңынын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарда:
1) 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма тогузунчу абзац менен толукталсын:
«санитардык-коргоо зонасы – адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир этүүнүн булактары болуп саналган технологиялык процесстери бар ишканаларды, алардын айрым имараттарын жана курулмаларын турак жай курулушунан, ландшафттык-рекреациялык зонадан, эс алуу зонасынан, курорттон бөлүп турган аймак. Санитардык-коргоо зонасы адамдын жашоо чөйрөсүнө жана ден соолугуна таасир этүүнүн булагы болуп саналган ар кандай объекттин милдеттүү элементи болуп саналат.»;
2) 78-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«78. Өндүрүштүк зыяндарды түзүүнүн булактары болуп саналган технологиялык процесстери бар объекттер, алардын айрым имараттары жана курулуштары үчүн кубаттуулугуна, мүнөзүнө жана курчап турган чөйрөгө чыгарган уулуу жана сасык заттардын санына жараша, ошондой эле алардын курчап турган чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна жагымсыз таасирин азайтуу боюнча каралган чараларды эске алуу менен калктуу конуштардан санитардык-коргоо зоналарынын төмөнкүдөй минималдуу өлчөмдөрү белгиленет:
1) I класс – 2000 м кем эмес өлчөмдөгү санитардык-коргоо зонасы:
– теринин калдыктарынан, талаа жана таштанды сөөктөрдөн жана жаныбарлардын башка калдыктарынан желим жасаган желим кайнатуучу заводдор;
– талаада чириген сөөктөн, теринин калдыктарынан жана жаныбарлардын башка калдыктарынан жана таштандыларынан аларды кампага сактоо менен техникалык желатин өндүрүү;
– өлгөн жаныбарларды, балыкты, алардын бөлүктөрүн жана жаныбарлардын башка калдыктарын жана таштандыларын кайра иштетүү боюнча утилзаводдор (майларга, мал үчүн тоюттарга, жер семирткичтерге ж.б. айландыруу);
– сөөк күйгүзүүчү жана сөөк майдалоочу өндүрүш;
2) II класс – 1000 м кем эмес өлчөмдөгү санитардык-коргоо зонасы:
– май эритүү ишканалары (техникалык май өндүрүшү);
3) III класс – 500 м кем эмес өлчөмдөгү санитардык-коргоо зонасы:
– утилдик чийки заттарды чогултуу боюнча борбордук кампалар;
– калдыктарды кайра иштетүү менен жаныбарлардын чийки жүн терисин (койдон ичик, койдон тон, мех, ийленген тери, булгаары, жумшак булгаары) иштетүү жана боёо боюнча ишканалар;
– калдыктарды кайра иштетүү менен жаныбарлардын чийки терисин иштетүү боюнча ишканалар: чийки тери, тондук тери (тамандык материал чыгаруу, чала ийленген, өөн);
4) IV класс – 500 м кем эмес өлчөмдөгү санитардык-коргоо зонасы:
– жүн жуу боюнча ишканалар;
– чала туздалган жана иштетилбеген терини убактылуу сактоочу кампалар;
– кылдарды, түктөрдү, канаттуулардын жүнүн, канаттарын, мүйүз жана туяктарды иштетүү боюнча ишканалар;
– өлгөн малдын тулкусунан скелеттерди жана көрсөтмө куралдарды жасоо;
– аралаш тоют заводдору (тамак-аш калдыктарынан жаныбарларга тоюттарды чыгаруу);
– кийиз жана төшөнчү буюмдарды чыгаруу;
– лакталган тери чыгаруу;
– ичеги кылдарын жана кетгут буюмдарын чыгаруу;
5) V класс – 100 м кем эмес өлчөмдөгү санитардык-коргоо зонасы:
– ашатылып ийленген териден буюмдарды чыгаруу;
– кылдан жана чачтан щетка чыгаруу;
– кийиз жасоо устаканалары;
6) I класс – 2000 м кем эмес өлчөмдөгү санитардык-коргоо зонасы:
– мал базасы;
7) II класс – 1000 м кем эмес өлчөмдөгү санитардык-коргоо зонасы:
– эт комбинаттары жана эт союп тоңдуруучу жай, анын ичинде малды союу алдында багуу базалары мал чарбасынын чийки затынан үч суткалык запасынын чегинде;
– деңиз жаныбарларынан май эритүү боюнча ишканалар;
– ичеги жуучу ишканалар;
– мал ташыгандан кийин вагондорду жууп-тазалоочу станциялар жана пункттар (дезинфекциялап тазалоочу станциялар жана пункттар);
– сыр жасоо ишканалары;
– эт ыштоо ишканалары;
– балык ыштоо ишканалары;
8) III класс – 500 м кем эмес өлчөмдөгү санитардык-коргоо зонасы:
– балык промыслосу;
9) VI класс – 300 м кем эмес өлчөмдөгү санитардык-коргоо зонасы:
– балык комбинаттары, балыкты консервалоо жана балыкты шылып алуу ишканалары утилдештирүү цехтери менен (ыштоо цехтери жок);
– сүт жана май алуу заводдору (жаныбарлардын майы);
– майда жаныбарларды жана канаттууларды союучу жайлар, ошондой эле суткасына 50–500 т кубаттуулуктагы мал союучу объекттер;
10) V класс – 100 м кем эмес өлчөмдөгү санитардык-коргоо зонасы:
– колбаса фабрикалары;
– сыйымдуулугу 600 т көп муздаткыч кампалар;
– консерва заводдору.».
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-июлундагы № 49 (3809) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |