КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-июну № 598-VIII
«Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 18-майындагы чыг. № 24-6149) «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 19-июнунда https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/7972 расмий сайтында жарыялынды
Төраганын орун басары |
| Ж.Таалайбек кызы |