ТоктомКүчүндө

Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 102 «2025-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу» токтому

Редакция30.06.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 30-июну № 102

2025-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы

жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 117-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 39-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1. 2025-жылдагы Бишкек шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёт атайын каражаттарды, расмий трансферттерди, активдерди жана милдеттенмелерди, жылдын башталышына карата каражаттардын калдыгын эске алуу менен кирешелер боюнча 34 363 030,1 миң сом суммасында, чыгашалар боюнча 30 764 518,3 миң сом суммасында, 2026-жылдын башталышына карата каражаттардын калдыгы менен 3 598 511,8 миң сом суммасында бекитилсин.

2..Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.

2026-жылдын 1-июлунда https://www.gorkenesh.kg/bshknyn-toktomdoru/29-sozyv/6550-102-2025-zhyldagy-bishkek-shaarynyn-byudzhetinin-atkarylyshy-zh-n-nd-otchjottu-bekit-tuuraluu.html расмий сайтында жарыяланды

 

 

Бишкек шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Б. Усеналиев