Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин
X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №43
«Айт майрамына карата Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдарга айт майрамына карата спорттук иш чара өткөрүп берүү максатында каражат карап берүү жөнүндө»
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдарга айт майрамына карата спорттук иш чараларды уюштурууга каражат карап берүү жөнүндөгү айылдык депутаттардын демилгесин карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдарга айт майрамына карата спорттук иш чараларды уюштурууга 225 000 (эки жүз жыйырма беш мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Абибакир у. Ж. |