Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 26-июну № 01-01/195
Өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Тоо-Кен казып алуучу ишканалардын көмөкчү цехтери үчүн коопсуздук эрежелери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Геологиялык чалгындоо иштериндеги коопсуздук эрежелери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин;
3. Кооптуу өндүрүштүк объекттерде колдонулуучу техникалык жабдууларды жана тоо-кен-транспорттук жабдуулардын реестрин жүргүзүү жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгы:
1) ушул буйрук катталгандан кийин үч жумушчу күн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
3) буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экологиялык жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Ж.К. Сейдалиевке жүктөлсүн.
Министр |
| А.Т. Токтобаев |