Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 22-июну № 461-т
"Кара-Суу соода-логистикалык борборун куруу жана башкаруу" долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон "Кара-Суу соода-логистикалык борборун куруу жана башкаруу" долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн уюмдарга жогоруда көрсөтүлгөн долбоорду ишке ашыруу үчүн арналган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө кошумча нарк салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
3. Бул тескеме менен белгиленген салык салуу боюнча жеңилдиктерди берүү мөөнөтү көрсөтүлгөн долбоорду куруу мезгилинде, бирок 5 жылдан көп эмес колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон "Кара-Суу соода-логистикалык борборун куруу жана башкаруу" долбоорун ишке ашыруучу жеңилдетилген салык салууга тийиш болгон уюмдардын ТИЗМЕГИ
№ | Уюмдун аталышы жана ИСН | Улуттук инвестициялык долбоордун же мамлекеттик маанидеги долбоордун аталышы | Бекитилген мамлекеттик органдын аталышы | Салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктердин түрлөрү | Улуттук инвестициялык долбоорлор же мамлекеттик маанидеги долбоорлор боюнча уюмдун милдеттенмелери |
1 | "СТАНДАРТ СТРОЙ" Курулуш компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коому, 00603202010265 | "Кара-Суу соода-логистикалык борборун куруу жана башкаруу" долбоору | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик | КНСтин, анын ичинде импортко КНСтин жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Долбоордун курулушун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо |
2 | "Ясин Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому, 00911201210022 | "Кара-Суу соода-логистикалык борборун куруу жана башкаруу" долбоору | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик | КНСтин, анын ичинде импортко КНСтин жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Долбоордун курулушун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо |
3 | "Сталь Торг" жоопкерчилиги чектелген коому, 02612201410309 | "Кара-Суу соода-логистикалык борборун куруу жана башкаруу" долбоору | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик | КНСтин, анын ичинде импортко КНСтин жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Долбоордун курулушун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо |