Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-майы 2026-П-12/30-1-(ПС)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк
Башкармасынын айрым токтомдорун күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын:
- 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 2024-П-14/41-3-(ПС) «Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо жөнүндө»;
- 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-2-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 2024-П-14/41-3-(ПС) «Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;
- 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 2025-П-14/48-4-(ПС) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 2024-П-14/41-3-(ПС) «Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу».
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага |
| А. Бакетаев |