Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 108
Айрым негизги каражаттарды мамлекеттик менчикке
акысыз ажыратууга макулдук берүү жөнүндө
Колдонуудагы кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши, токтом кылат:
1. Ушул токтомдун 1- жана 2-тиркемелери тарабынан каралган негизги каражаттарды мамлекеттик менчикке акысыз ажыратууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
2026-жылдын 1-июлунда https://www.gorkenesh.kg/bshknyn-toktomdoru/29-sozyv/6544-108-ajrym-negizgi-karazhattardy-mamlekettik-menchikke-akysyz-azhyratuuga-makulduk-ber-zh-n-nd.html расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б. Б. Усеналиев |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2026 -жылдын 30-_06_ № 108 токтомуна 1-тиркеме |
Бишкек шаарынын мэриясынын ажыратылуучу негизги каражаттары
№ | Аталышы | Саны | Инвентардык номери | Эксплуатацияга берилген жылы | Алгачкы баланстык наркы (сом) | Эскирүүсү (сом) | Калдык наркы (сом) |
1 | Комплекттелген компьютер жана лазердик принтер | 1 | 31123230097 | 2023-жыл | 80500,0 | 20860,77 | 59639,23,0 |
2 | Sony HDR-CX 625 видео камерасы | 1 | 31123290111 | 2020-жыл | 37500,0 | 37500,0 | 0,0 |
3 | Canon күзгүлүү фотоаппараты | 1 | 31123290112 | 2020-жыл | 28500,0 | 28500,0 | 0,0 |
4 | Төшкө тагылуучу видеорегистратор | 1 комплект | 31123290422 | 2023-жыл | 325000,0 | 248408,86 | 76591,14 |
| Жыйынтык суммасы: |
|
|
| 471500,0 | 335269,63 | 136230,37 |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Б. Аденов |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2026 -жылдын 30-_06_ № 108 токтомуна 2-тиркеме |
Бишкек шаарынын мэриясынын ажыратылуучу негизги каражаттары
№ | Аталышы | Саны | Инвентардык номери | Эксплуатацияга берилген жылы | Алгачкы баланс наркы (сом) | Эскирүүсү (сом) | Калдык наркы (сом) |
1 | Музыкалык жабдуу (2 колонка жана микрофон) | 1 | 31123290009 | 2013-жыл | 149509,0 | 149509,0 | 0,0 |
| Жыйынтык суммасы: |
|
|
| 149509,0 | 149509,0 | 0,0 |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Б. Аденов |