Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-майы 2026-П-12/33-4-(БС)
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (тиркелет):
1) 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү жөнүндө» токтому;
2) 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө» токтому.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө» токтомунун 4-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын.
3. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Көзөмөл методологиясы башкармалыгы ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде аны менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты жана кепилдик фонддорун тааныштырсын.
6. Башкармалыктын катчылыгы бөлүмү ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде аны менен Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгын, Банктык көзөмөл башкармалыгын, Финансылык туруктуулукка мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүн, Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгын, Лицензиялоо башкармалыгын, Акча-кредит саясаты башкармалыгын, Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү бөлүмүн, Санариптик финансылык технологиялар башкармалыгын жана Юридика башкармалыгын тааныштырсын.
7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага |
| А. Бакетаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 29-майындагы № 2026-П-12/33-4-(БС) токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервке тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана мүмкүн болуучу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун:
1) 4.2-пункту төмөнкү мазмундагы 4.2.8-пунктча менен толукталсын:
«4.2.8. Банк чет өлкө валютасындагы кредитти, эгерде ал ушул Жобонун 4.2-пунктунун 4.2.1 жана 4.2.2-пунктчаларында көрсөтүлгөн ченемдерге ылайык келсе, ошондой эле бир эле учурда төмөнкү шарттар аткарылса, «канааттандырарлык актив» катары классификациялоого укуктуу:
- кредит Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан коммерциялык банктын филиалы тарабынан чет өлкө валютасында берилген;
- кредит филиал жайгашкан өлкөнүн аймагында берилген жана тейленет;
- филиал жайгашкан өлкө Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «BВВ» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moody's Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ;
- кредит валютасы карыз алуучунун киреше валютасына дал келет (карыз алуучунун кирешесинин кеминде 75 пайызы кредит валютасында түзүлөт).»;
2) 11.1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«11.1. Банк чек ара аркылуу өтүүчү кредиттерди жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан күрөө менен камсыздалган кредиттерди, ушул Жобонун 4.2-пунктунун 4.2.8-пунктчасында каралган учурлардан тышкары, эң аз дегенде «байкоого алынган активдер» катары классификациялоого тийиш.».
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун:
1) 21-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«2) материалдык эмес активдер, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
а) Улуттук банкка тастыктоочу документтерди берүү менен алдын ала маалымдалган учурда, алдамчылыкка каршы аракеттенүүгө багытталган программалык чечимдерди (антифрод-системаларды) түшүндүргөн, Улуттук банктын талаптарына жооп берген материалдык эмес активдер;
б) чет өлкөлөрдө филиалдарды ачууга жана иштетүүгө арналган материалдык эмес активдер, мындай активдерге Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (мындан ары – ФОЭС) ылайык таанылган, идентификациялануучу материалдык эмес активдерди сатып алуунун же иштеп чыгуунун натыйжасында келип чыккан программалык чечимдер гана кирет, ошол эле учурда төмөнкү шарттар сакталууга тийиш:
- мындай активдер тиешелүү филиалдын ишин камсыз кылуу үчүн гана пайдаланылат жана чет өлкөдөгү филиалдын маалыматтарын кошо алганда, маалыматтарды чогултуу, түзүмдөштүрүү, иштеп чыгуу, сактоо, ошондой эле консолидацияланган отчетту түзүү үчүн каралган материалдык эмес активдерди эске албаганда, банктын башка бөлүмдөрү тарабынан колдонулбайт;
- сарптоолор бир жолку мүнөзгө ээ жана техникалык колдоого, жаңыртууга жана пайдаланууга, ошондой эле персоналды окутууга байланышкан чыгашаларды камтыбайт;
- активдер ФОЭСке ылайык амортизацияланууга тийиш, мында амортизациялоо мөөнөтү 5 (беш) жылдан ашпайт;
- бул активдер боюнча нарксыздануу белгилери жок;
- банк мындай активдердин өзүнчө эсебин камсыз кылат;
- Улуттук банкка алдын ала билдирүүдө тастыктоочу документтер берилет.
Көрсөтүлгөн шарттар сакталбаган учурда, мындай активдер ушул пунктка ылайык эсептен чыгарылууга тийиш.»;
2) 25-пунктунун:
- 4-пунктчасы төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«д) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» деңгээлинен төмөн эмес кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moody's Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар» жөнүндө жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ юридикалык жактарга кредиттер, мында аталган юридикалык жак иш жүргүзгөн өлкөнүн суверендүү кредиттик рейтинги жогоруда көрсөтүлгөн рейтингден төмөн болбоого жана кредиттин валютасы карыз алуучунун киреше валютасына дал келүүгө тийиш.
Эгерде бул кредиттерди төлөө мөөнөтү 30 күндөн ашык кечиктирилсе жана/же реструктуризацияланса, анда алар кредиттик тобокелдик деңгээли 100% болгон 5-категорияда көрсөтүлөт.»;
- 5-пунктчасы төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«к) 25-пункттун 4-пунктчасынын «д» пунктчасынын биринчи абзацында көрсөтүлгөн кредиттерди кошпогондо,Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан коммерциялык банктын филиалы тарабынан чет өлкө валютасында берилген кредиттер, бир эле учурда төмөнкү шарттар сакталса:
- кредит филиал жайгашкан өлкөнүн аймагында берилген жана тейленет;
- филиал жайгашкан өлкө Standard & Poor's рейтинг агенттиги тарабынан ыйгарылган «BBB» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтинггеже Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moody's Investors Service рейтинг агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ;
- кредит валютасы карыз алуучунун киреше валютасына дал келет (карыз алуучунун кирешесинин кеминде 75 пайызы кредит валютасында түзүлөт.».
- 6-пунктчанын экинчи абзацындагы «4-категорияда» деген сөздөр «4 жана 5-категорияларда» деген сөздөргө алмаштырылсын.