Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы
2024-жылдын 12-сентябрындагы №01-5/228
“Жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясына «Кыргызнефтегаз» ААКу «Нефтчи» футбол талаасын реконструкциялап жаткандыктан, ремонт иштери жүрүп жаткан мезгилден пайдаланып футбол талаасынын күн чыгыш тарабына көрүүчүлөр үчүн трибуна куруу пландалгандыктан, трибуна курууга муниципалдык жерден жер тилкесин ажыратып берүүнү сурап кайрылган катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат.
1. «Нефтчи» футбол талаасынын күн чыгыш тарабындагы муниципалдык жерден «Кыргызнефтегаз» ААКна 3000м2(үч миң метр квадрат) жер аянтты мөөнөтсүз пайдаланууга ажыратылып берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүүнү Ноокен райондук шаар куруу жана Архитектура Башкармалыгынан жана Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин Ноокен райондук филиалынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, энергетика жана коммуникация боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Н.А.Абдуразаков |