Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-июну № 444
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз
Республикасынын Министрлер Кабинетинин
бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү актыларын системалаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 «Бажы иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта:
– жетинчи, сегизинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– Бажы өкүлдөрүнүн жана электрондук соода операторунун кызматкерлерине квалификациялык талаптар 6-тиркемеге ылайык;
– Убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын жана электрондук соода кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдуусуна жана иштөө режимине талаптар 7-тиркемеге ылайык;»;
– төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«– Бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнүн натыйжаларын тариздөө тартиби 20-тиркемеге ылайык;
– Авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында товарлардын жок болуу жана (же) кайтарылгыс жоголуу фактысын же болбосо ташуунун (транспорттоонун) жана (же) сактоонун кадимки шарттарында табигый азаюунун натыйжасында товарлардын кайтарылгыс жоголуу фактысын бажы органы тарабынан таануунун тартиби 21-тиркемеге ылайык.»;
2) ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакциядагы 20, 21-тиркемелер менен толукталсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айрым бажы жол-жоболорун колдонуу боюнча нускамада:
– 71-пункттагы «жеке номерлүү мөөр» деген сөздөр «бажы органынын мөөрү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– 104-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Бажы органынын уруксаты менен бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган товарларды, бажы кампасынын бажы жол-жобосун аяктабастан, аларды көргөзмөлөрдө жана жарманкелерде көрсөтүү максатында, алар өткөрүлө турган убакытка бажы кампасынын аймагынан алып чыгууга жол берилет.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 31-глава менен толукталсын:
«31. Жеке жактарга сатууга арналган электрондук соода
товарларына карата бажы кампасынын бажы жол-жобосун
колдонуунун өзгөчөлүктөрү
1041. Бажы кампасынын бажы жол-жобосу Кодекстин 23-главасында белгиленген тартипте жана шарттарда, Кодекстин 3096-беренесинде жана ушул главада каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларына карата колдонулат.
1042. Бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларын мындай товарларды алуучу болгон жеке жакка жеткирүү үчүн ушул Кодекстин 3096-беренесинин 4-пунктунун 1-пунктчасына ылайык бажы кампасынын бажы жол-жобосунун колдонулушу аяктаганга чейин бажы органына кабарлама жибергенден кийин электрондук соода кампасынан чыгарууга жол берилет.
1043. Кабарлама деп жеке жактарга сатуу үчүн арналган электрондук соода товарларын сатуу жөнүндө маалыматтарды камтыган (ырастаган) электрондук документ түшүнүлөт.
1044. Кабарлама электрондук соода оператору, анын ишинин регионунда электрондук соода кампасы жайгашкан бажы органына бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасы менен өз ара аракеттенүү аркылуу электрондук документ түрүндө берилет.
Кабарламаны кагаз түрүндөгү документ түрүндө берүүгө төмөнкү учурларда жол берилет:
– электрондук соода кампасынын аймагында бажы органы жайгашкан учурда;
– эгерде бажы органында бажы органдары тарабынан колдонулуучу маалыматтык системалардын жеткире иштелип чыгышына (модернизацияланышына), ошондой эле техникалык бузулуулардан, байланыш каражаттарынын (телекоммуникациялык тармактардын жана Интернет тармактарынын) иштешиндеги бузуулардан, электр энергиясынын өчүрүлүшүнөн улам мындай системалардын бузулушуна байланыштуу электрондук формада кабарламаны берүүнү ишке ашырууну камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жок болсо.
1045. Кабарлама бажы органдары тарабынан аны каттоо боюнча бажы операциялары аткарылгандан кийин берилди деп эсептелет.
1046. Кабарламада төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүшү керек:
– электрондук соода оператору (күбөлүк);
– товарларды алуучу жеке жактар (ИСН);
– товарлар (аталышы, сыпаттамасы, саны, салмагы, ТЭИ ТН ылайык коду, наркы);
– товарлар бажы кампасынын бажы жол-жобосуна ылайык жайгаштырылган бажы декларациясынын номерлери;
– товарлардын идентификациялык белгилери;
– Интернет тармагынын ресурстарын колдонуу менен электрондук соода аянтчаларында товарларды сатуу (заказдын номери, артикул, шилтемелер);
– кабарламаны толтурган жак;
– бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген башка маалыматтар.
1047. Кабарламанын формасы жана толтуруу тартиби, ошондой эле берилген кабарламаны каттоо же каттоодон баш тартуу менен байланышкан бажы операциялары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
1048. Электрондук соода аянтчаларында электрондук соода товарларын сатууда аларды сатып алгандан кийин кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү каралган учурда, электрондук соода оператору Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан аныкталуучу тартипте аларды идентификациялоо шартында Кодекстин 3096-беренесинин 13-пунктунда белгиленген электрондук соода товарларына декларация берүү мөөнөтү аяктаган күнгө чейин мындай товарларды кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
Жеке адамдарга сатууга арналган электрондук соода товарларынын мүнөзүнө жараша бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу мындай товарларды идентификациялоонун башка ыкмалары колдонулушу мүмкүн.
Кайтарылган электрондук соода товарлары товарлардын кайтарылышын ырастаган документтерди тариздеген күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде курулмаларга (жайларда, аянттарда) жайгаштырылууга тийиш.
Электрондук сооданын товарларын кайтарып берүүнү тариздөө тартиби жана мындай документтин формасы электрондук соода оператору тарабынан ушул главанын жоболорун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарандык укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Электрондук соода товарларын кайтарып берүүнү ырастаган документ төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтышы керек:
– электрондук соода оператору (күбөлүк);
– жеке жактар, товарларды алуучулар (ИСН);
– товарлар (аталышы, сыпаттамасы, саны, салмагы, ТЭИ ТН ылайык коду, наркы);
– товарлардын идентификациялык белгилери;
– товарларды кайтарып берүү себептери;
– документтин таризделген датасы жана убактысы;
– электрондук соода оператору аныктаган башка маалыматтар.
Электрондук соода товарларын кайтарып берүү жөнүндө кабарлама электрондук соода оператору тарабынан Кодекстин 3096-беренесинин 11-пунктунун үчүнчү абзацында белгиленген мөөнөттөрдө, ошондой эле ушул пунктка ылайык форма жана тартип боюнча жүзөгө ашырылат.».
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды эсептөөнү жана төлөөнү контролдоо боюнча нускамада:
– 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Шарттуу чыгарылган товарларды максаттуу пайдалануусуна бажы контролун жүргүзүү тартиби бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.»;
– 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«33. Бажы жыйымдары болуп товарларды чыгаруу, товарларды жана Мыйзамдын 41-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонуу менен транспорт каражаттарын бажылык коштоо менен байланышкан аракеттерди жасагандыгы, ошондой эле товарларды классификациялоо боюнча алдын ала чечимдерди кабыл алуу жана товарлардын өндүрүлгөн жери тууралуу алдын ала чечимди кабыл алуу үчүн бажы органдары тарабынан алынуучу төлөмдөр саналат.»;
– 34-пункт төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«– навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу үчүн жыйымдар.»;
– 36-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Бажылык коштоо үчүн бажы жыйымдары, ошондой эле навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу үчүн жыйымдар баруучу бажы органында бажы коштоосу жана/же навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу иш жүзүндө башталганга чейин да, бажы коштоосу жана/же навигациялык (электрондук) пломбаны колдонуу аяктагандан кийин да төлөнүшү мүмкүн.»;
– 37-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
«5) навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонууда.»;
– 38-пунктта:
алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– Бирликтин товарларын Бирликтин бажы органдарынын ортосунда Бирликтин мүчөсү болуп саналбаган мамлекеттердин аймактары аркылуу ташуу;»;
төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«– чет өлкөлүк товарларды үчүнчү өлкөнүн аймагынан ошол эле өлкөнүн аймагына Кыргыз Республикасында Бирликтин аймагы аркылуу товарларды өткөрүү жайлары болуп саналган башка жайлар аркылуу ташуу.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 382, 383-пункттар менен толукталсын:
«382. Жеке адам тарабынан жеке пайдалануу үчүн сатып алынган электрондук соода товарларын чыгаруу менен байланышкан аракеттердин бажы органдары тарабынан жасалышы үчүн 1 кг брутто үчүн 6 сом өлчөмүндө бажы операциялары үчүн бажы жыйымдары алынат.
383. Жеке жактар тарабынан автомобиль транспортун ички жүгүртүү үчүн чыгарууга байланышкан аракеттери үчүн бажы жыйымдары 22 (жыйырма эки) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө алынат.»;
– 39-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«39. Мыйзамдын 42-беренесинде белгиленген учурларда бажы органдары бажылык коштоону, ошондой эле навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонууга укуктуу.
Товарларды ташыган ар бир транспорт каражатын жөнөтүүчү бажы органынан баруучу бажы органына чейин бажылык коштоону жана навигациялык (электрондук) пломбаны колдонгондугу үчүн аралыктын ар бир толук жана толук эмес километри үчүн эсептик көрсөткүчтүн ондон бир бөлүгү өлчөмүндө, бирок беш эсептик көрсөткүчтөн кем эмес бажы жыйымдары алынат.
Бажылык коштоо жана навигациялык (электрондук) пломбаларды колдонуу жөнүндө чечим кабыл алууда эсептелген жөнөтүүчү бажы органы менен баруучу бажы органынын ортосундагы аралык глобалдык навигациялык спутник системаларын колдонуу менен алынган маалыматтардын негизинде аныкталат.
«Жөнөтүүчү бажы органы» жана «баруучу бажы органы» деген түшүнүктөр Бирликтин бажы чек арасында товарларды өткөрүү жерлери, Бирликтин бажы чек арасында товарларды өткөрүүнүн башка жерлери, бажы органынын бажылык тариздөө жайы, ошондой эле бажы операциялары башталган (аяктаган) товарларды сактоонун башка жерлери дегенди түшүндүрөт.»;
– 53-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«53. Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы режимин колдонгон субъект же КНС төлөөчү катары катталган чарба субъекттери тарабынан түздөн-түз жеке өндүрүштүк максаттары үчүн негизги каражаттар катары бажы аймагына ташылып келинген товарлар, ошондой эле исламдык каржылоого ылайык мурабаха жана иджара мунтахийя биттамлик келишимдери боюнча сатылып алынган товарлар шарттуу чыгарылган товарлар болуп эсептелет.»;
– 57-пунктта:
биринчи абзац «айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбору» деген сөздөрдөн кийин «, зер буюмдарын өндүрүүчүлөр» деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү абзац «финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча чарбалык субъекти» деген сөздөрдөн кийин «же исламдык каржылоого ылайык иджара мунтахийя биттамлик» деген сөздөр менен толукталсын;
онунчу абзац «ички керектөө үчүн чыгаруунун» деген сөздөн кийин «жана (же) реимпорттун» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«Импорттолуп жаткан товарларды бажылык декларациялоодо Бирликке мүчө мамлекеттердин аймактарынан импортту кошпогондо, исламдык каржылоого ылайык мурабаха келишими боюнча андан ары сатуу үчүн банк тарабынан бажы органына банк тарабынан фирмалык бланкта басылып чыккан, жетекчи тарабынан бекитилген жана кол коюлган, мындай товарлар чыгарылган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде исламдык каржылоого ылайык мурабаха келишимин берүү жөнүндө эркин формадагы милдеттенме берилет.
Исламдык каржылоого ылайык мурабаха келишими боюнча өзүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн чарба субъекти тарабынан бажы органына төмөнкүлөр берилет:
– уюмдун фирмалык бланкында басылып чыккан, жетекчи жана башкы бухгалтер тарабынан бекитилген жана кол коюлган товарды бухгалтердик эсепке кабыл алуу жана баланстык эсепке киргизүү жөнүндө милдеттенме (1-тиркеме). Чарба субъектинин юридикалык жак катары каттоосу жок болсо, бажы органына эркин формада товар түздөн-түз жеке өндүрүштүк максаттары үчүн колдонуларын ырастаган жазуу жүзүндөгү милдеттенме берилет;
– бул субъекттин салык органдарында катталганын ырастаган чарба субъекти катталган жердеги салык органы тарабынан берилген жана берилген күндөн тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде колдонулган маалымкаттын түп нускасы (3-тиркеме).»;
– 581-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– 100-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмени аткарууну камсыз кылуу Мыйзамдын 63-беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген учурларда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташып өтүүдө (транспорттоодо) навигациялык (электрондук) пломба колдонууда берилбейт.»;
– 158-пункттун экинчи абзацындагы «нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн» деген сөздөр алып салынсын;
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажылык коштоо жөнүндө жобо ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эркин кампа жөнүндө жобосунда:
– 5-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларындагы «нотариалдык күбөлөндүрүлгөн» деген сөздөр алып салынсын;
7) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажы өкүлүнүн кызматкерлерине квалификациялык талаптарда:
– аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Бажы өкүлүнүн жана электрондук соода операторлорунун кызматкерлерине квалификациялык талаптар»;
– 1-пунктта «бажы өкүлдөрүнүн кызматкерлерине» деген сөздөрдөн кийин «, электрондук соода операторлоруна» деген сөздөр менен толукталсын;
– 3-пунктта:
«бажы өкүлүнүн атынан» деген сөздөр «бажы өкүлү же электрондук соода операторунун кызматкери катары» деген сөздөргө алмаштырылсын;
1-пунктчада «тартиби жана шарттары» деген сөздөр «тартиби, шарттары жана өзгөчөлүктөрү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 10-пунктта «нотариалдык күбөлөндүрүлгөн» деген сөздөр алып салынсын;
– 15-пункттун төртүнчү абзацы «405-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасында» деген сөздөрдөн кийин «, 4295-беренесинин 1-пунктунун 2-пунктчасында» деген сөздөр менен толукталсын;
8) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Убактылуу сактоо кампаларынын жана бажы кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдуусуна жана иштөө режимине талаптарда:
– аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын жана электрондук соода кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдуусуна жана иштөө режимине талаптар»;
– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
«4) электрондук соода кампасы – электрондук соода товарларын убактылуу сактоо жана (же) бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаштырылган электрондук соодa товарларын сактоого арналган курулмалар, жайлар (жайлардын бөлүктөрү) жана ( же) ачык аянтчалар (аянтчалардын бөлүктөрү), анын ичинде эл аралык почта алмашуу жайларында (мекемелеринде) жайгашкан.»;
– 3-пунктта «Убактылуу сактоо кампалары жана бажы кампалары» деген сөздөр «Убактылуу сактоо кампалары, бажы кампалары жана электрондук соода кампалары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 61-глава менен толукталсын:
«61. Электрондук соода кампаларынын инфраструктурасына
жана техникалык жабдылышына талаптар
141. Электрондук соода кампаларынын инфраструктурасына (жабдууларына) төмөнкү милдеттүү талаптар коюлат:
1) кирүү жолдорунун болушу (транспорттун түрүнө жараша);
2) стеллаждар жана/же текчелер менен жабдылган кампа жайларынын болушу;
3) бажы операцияларын жана бажы контролун жүргүзүү үчүн зарыл болгон убакытка электрондук соода товарларын ташуучу транспорт каражаттарынын жайгашуусу үчүн жабдылган, чектеш, кайтарылуучу аймактын болушу;
4) башка товарларга зыян келтире турган же сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылган товарларды сактоо үчүн арналган, жабдылган жана атайын ылайыкташтырылган жайдын болушу;
5) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган текшерүүчү рентген техникасынын болушу;
6) жүктөө-түшүрүү техникасынын болушу;
7) бажы органдары тарабынан колдонулуучу программалык продуктулар менен шайкеш келген товарларды эсепке алуунун автоматташтырылган системасынын болушу, маалыматты мыйзамсыз алуудан коргоонун тиешелүү каражаттары менен жабдылышы;
8) телефон байланышынын же IP-телефониянын/мобилдик байланыштын, уюштуруу техникасынын жана көчүрүүчү техниканын, глобалдык Интернет тармагына кирүү мүмкүнчүлүгү бар компьютерлердин болушу, кызматтык жайларда локалдык тармактын болушу;
9) үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн электр тогун иштеп чыгуучу энергиянын альтернативдүү булагынын болушу;
10) төмөнкүлөргө бажы контролун жүргүзүү үчүн өлчөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган, ар кандай өлчөө чектери бар сертификацияланган тараза жабдууларынын болушу:
– товарларды;
– транспорт каражаттарын;
11) кампанын бүтүндөй периметри боюнча, кампанын аймагынын ичинде жана бажы операцияларын жүргүзүүчү жерлер жана бажы контролун жүргүзүүчү жерлер жайгашкан административдик жайларда акыркы 30 календардык күндүн ичинде болуп өткөн окуялар жөнүндө видеомаалыматты көрүүгө мүмкүндүк берген, күнү-түнү иштөөчү видеобайкоонун болушу.
142. Электрондук соода кампасын убактылуу сактоо кампасынын аймагында жайгашкан эл аралык почта алмашуу жеринде уюштурууга жол берилет.
Бул учурда электрондук соода кампасына карата ушул Талаптардын 7, 8-пункттарында жана 141-пунктунун 1, 3–7, 9, 10-пунктчаларында каралган талаптар жайылтылбайт.
143. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде электрондук соода операторлорунун бажылык реестрине юридикалык жакты киргизүүгө жол берилет.
Бул учурда реестрге киргизүүдө мындай юридикалык жакка карата 141-пунктта белгиленген талаптар жайылтылбайт.»;
9) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажы контролунун зонасын түзүү жана белгилөө тартибинде:
– 4-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) электрондук соода оператору, бажы органдары өз ишин жүргүзүп жаткан убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, эркин кампалардын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн ээлери катары бажы иши жаатындагы ишти жүргүзүү үчүн реестрге киргизилген юридикалык жактарга таандык убактылуу сактоо кампаларынын, бажы кампаларынын, эркин кампалардын, алымсыз соода дүкөндөрүнүн жана электрондук соода кампаларынын аймактары, ошондой эле эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу колдонулган эркин экономикалык зоналардын аймактары.»;
13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«13. Ушул Тартиптин 5-пунктунда аныкталган жерлерде бажылык контролдоонун убактылуу зоналарын түзүү жөнүндө чечимди кызыкдар жактын арызынын негизинде бажылык контролдоонун мындай зоналары түзүлүүчү жерлер жана аймактар жайгашкан региондо иш жүргүзгөн бажы органынын начальниги кабыл алат.
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
– имараттарга же ачык аянтчаларга ээлик кылууну ырастоочу документтер (жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт, жер тилкесин убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүк, ижара келишими ж.б.);
– бажылык контролдоонун убактылуу зонасын түзүү болжолдонгон жердин пландары жана чиймелери.
Аталган чечим бажылык контролдоонун убактылуу зонасын түзүүнүн максатын, бажылык контролдоонун убактылуу зонасынын жайгашкан жерин, колдонуу мөөнөтүн, чек арасын жана анын жактар, товарлар өтүүчү жерлерин, ошондой эле колдонулган белгилөө каражаттарын көрсөтүү менен бажы органынын буйругу менен таризделет.»;
– 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«17. Бажылык контролдоонун убактылуу зонасынын (мындан ары – БКУЗ) инфраструктурасына (жабдылышына) төмөнкүдөй милдеттүү талаптар коюлат (товарларды көргөзмөлөргө, жарманкелерге жайгаштыруу жана товарларды башка кампаларда сактоо учурларын кошпогондо):
1) БКУЗдун бүтүндөй периметри боюнча жана ичинде акыркы 30 календардык күндө болуп өткөн окуялар жөнүндө видеомаалыматты көрүүгө мүмкүндүк берүүчү, күнү-түнү иштеген видеобайкоонун болушу;
2) товарларды эсепке алуу системасынын болушу;
3) БКУЗдун бүтүндөй периметри боюнча белгиленген, тосулган, жана корголгон аймагынын болушу.»;
10) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажы документтеринин формаларында:
– 4–6-тиркемелерге ылайык редакцияда «Н», «О» жана «З» формалары менен толукталсын;
11) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Бажылык текшерүү тартибинде:
– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Адистештирилген бөлүмдөр өз ишин пландоодо, бажылык текшерүүлөрдү аткарууда жана бажылык текшерүүлөр боюнча отчетторду даярдоодо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнөн көз карандысыз болууга тийиш.»;
– 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
«8) бажылык текшерүүлөр эгерде бул бажылык текшерүүнүн максаттарына жетүүгө тоскоолдук кылбаса аралыктан колдонулуучу технологияларды пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:
«91. Адистештирилген бөлүмдөрдүн кызмат адамдары бажылык текшерүүнү жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексинде белгиленген кызматчынын жүрүм-турум эрежелерин сактоого милдеттүү.»;
– 17-пункттагы «1 жана 2-пункттарында» деген сөздөр «1-пунктунда» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«18. Бажы органы текшерилүүчү жакка камералдык бажылык текшерүү жүргүзүү жөнүндө кабарлабайт.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 211-пункт менен толукталсын:
«211. Көчмө бажылык текшерүү бажылык контролдоонун башка формаларын колдонуунун жыйынтыгы боюнча, ошондой эле камералдык бажылык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча дайындалышы мүмкүн.»;
– 23-пунктта:
– жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Текшерилүүчү жактын объектинде көчмө бажылык текшерүүнү баштоонун алдында адистештирилген бөлүмдөрдүн кызмат адамдары текшерилүүчү жактын жетекчисине же анын өкүлүнө кызматтык күбөлүктөрүн көрсөтүүгө, ошондой эле бажылык текшерүүдө текшерилүүчү жактын укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга милдеттүү.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
«Жазма буйрукка кошумча барактарды толтуруу аркылуу өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, текшерилүүчү жакка мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же анын орун басары кол койгон жазуу жүзүндөгү билдирүү жиберилет.»;
– төмөнкүдөй мазмундагы 241-пункт менен толукталсын:
«241. Көчмө бажылык текшерүүнү баштоонун алдында адистештирилген бөлүмдөрдүн кызмат адамдары буйрутма почталык кат менен текшерилүүчү жакка тапшырылгандыгын билдирүү менен пландуу көчмө бажылык текшерүү жөнүндө билдирүү жиберишет же мындай аны алуу фактысын ырастоочу башка ыкма менен мындай билдирүүнү беришет.
Мамлекеттик катталган жери боюнча жок болгондугу тууралуу күбөлөндүргөн белги менен почталык кат кайтарылган учурда текшерүүнү жүргүзгөн кызмат адамы текшерилүүчү жак катталган салык кызматына бул тууралуу маалымдайт.
Жайгашкан жери боюнча текшерилүүчү жактын жок болгондугуна байланыштуу дарек ээсине каттын тапшырылбагандыгын күбөлөндүргөн белги менен почталык каттын кайтарылышы ал жакты ТБСнын алкагында тобокелдик категориясына киргизүү үчүн негиз болуп саналат, бирок пландуу көчмө бажылык текшерүүнү токтотуу же жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналбайт.»;
– 25-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Текшерилүүчү жактарга карата пландуу көчмө бажылык текшерүүлөр 2 жылда бир жолудан көп жүргүзүлбөйт.»;
– 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«27. Пландуу көчмө бажылык текшерүү текшерилүүчү жак билдирүүнү алган күндөн тартып же тапшырылбагандыгы жөнүндө белги менен почталык кат бажы органына келип түшкөн күндөн тартып 10 календардык күндөн эрте эмес, бирок 30 календардык күндөн кеч эмес башталышы мүмкүн.»;
– 29-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«29. Пландан тышкары бажылык текшерүүлөр аларды жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгүн чектөөсүз жүргүзүлөт.
Пландан тышкары көчмө бажылык текшерүү, тосмо пландан тышкары көчмө бажылык текшерүү же көчмө бажылык кайра текшерүү бажылык укук бузуулардын алдын алуу үчүн текшерүүнү токтоосуз жүргүзүү зарыл болгон учурларды кошпогондо, текшерилүүчү жак билдирүүнү алган күндөн тартып же каттын дарек ээсине тапшырылбагандыгы жөнүндө белги менен почталык кат бажы органына келип түшкөн күндөн тартып 5 календардык күндөн эрте эмес башталышы мүмкүн. Мындай учурда бажылык текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө жазма буйрук текшерүү башталган күнү тапшырылат.»;
– 35-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«35. Изилдөөлөрдү же экспертизаларды жүргүзүү, товарды классификациялоо жөнүндө бажы органынын чечимин кабыл алуу, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин же чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына суроо-талаптарды жиберүү, текшерүү үчүн зарыл болгон документтерди текшерилүүчү жактын калыбына келтирүүсү, текшерүүнүн жыйынтыктарынын тыянактарына таасирин тийгизген текшерилүүчү мезгилге тийиштүү кошумча документтерди берүү, тосмо көчмө бажылык текшерүүнү жүргүзүү зарыл болгон учурларда бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин же анын орун басарынын чечими боюнча көчмө бажылык текшерүү токтотула турат.
Ушул пункттун биринчи абзацында каралган чечим кабыл алынган учурда текшерүүлөр тосмо көчмө бажылык текшерүү, изилдөөлөрдү же экспертизаларды жүргүзүү, бажы органынын товарды классификациялоо жөнүндө чечимди кабыл алуусу, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин же чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын суроо-талаптарына жооп берүү, текшерүү үчүн зарыл болгон документтерди текшерилүүчү жак тарабынан калыбына келтирүү, текшерүү үчүн суралган кошумча документтерди текшерилүүчү жак тарабынан берүү мөөнөтүнө токтотула турат.»;
– 38-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– 6-главанын аталышындагы «көчмө» деген сөз алып салынсын;
– 46, 47-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«46. Камералдык жана көчмө бажылык текшерүүнүн натыйжалары адистештирилген бөлүмдөрдүн кызмат адамдары тарабынан тиешелүүлүгүнө жараша ушул Тартиптин 3 жана 31-тиркемелерине ылайык форма боюнча кагаз жүзүндө же электрондук документ түрүндө камералдык бажылык текшерүү актысы жана көчмө бажылык текшерүү актысы (мындан ары – бажылык текшерүү актысы) менен таризделет. Кагаз жүзүндө документ түрүндөгү бажылык текшерүү актысы эки нускада түзүлөт.
47. Бажылык текшерүү аяктаган дата болуп бажылык текшерүүнүн натыйжалары боюнча таризделген жана бажылык текшерүү актысы түзүлгөн дата эсептелет жана ага бажылык текшерүүнүн жүргүзгөн кызмат адамдарынын жана текшерилүүчү жактын колу коюлат.
Бажылык текшерүү актысынын биринчи нускасы бажылык текшерүү материалдарына тиркелет, экинчи нускасы бажылык текшерүү аяктаган датадан тартып беш жумуш күндөн кечиктирилбестен текшерилүүчү жакка (анын өкүлүнө) тапшырылат же тапшыруу жөнүндө билдирүү менен буйрутма почталык кат менен анын дарегине жиберилет. Текшерилүүчү жак (анын өкүлү) бажылык текшерүү актысын алуудан баш тарткан учурда, бажылык текшерүү актысына бул жөнүндө тиешелүү жазуу жазылат жана тапшырылгандыгын билдирүү менен буйрутма почталык кат менен жиберилет.
Эгерде бажылык текшерүү Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик контролдоочу органдарынын тапшырмасынын негизинде жүргүзүлсө, бажылык текшерүү актысы үч нускада түзүлөт, мында актынын үчүнчү нускасы көчмө бажылык текшерүүнүн демилгечисине жиберилет.»;
– 51, 52-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«51. Эгерде бажылык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүн, салыктарды төлөө боюнча милдеттенмелерге таасирин тийгизген эл аралык келишимдерди, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү актыларды, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуу аныкталса, бажылык текшерүүнүн актысында кошумча эсептелүүгө жана төлөнүүгө (өндүрүлүүгө) тийиш болгон бажы алымдарынын, салыктардын, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдардын болжолдуу суммалары жөнүндө маалыматтар чагылдырылат жана текшерилүүчү жакка (анын өкүлүнө) Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн бажы төлөмдөрүнүн суммалары жөнүндө билдирүү жиберилет.
52. Эгерде бажылык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча бажы төлөмдөрүн, салыктарды төлөө боюнча милдеттенмелерге таасирин тийгизбеген бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерди, актыларды, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурда ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча бузууларды жоюу тууралуу талап коюлат.
Бузууларды жоюу тууралуу талап текшерилүүчү жакка бажылык текшерүү акты менен бир мезгилде тапшырылат же жиберилет.
Бузууларды жоюу тууралуу талапты аткаруу мөөнөтү текшерилүүчү жакка талап тапшырылгандан кийинки күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпайт.
Текшерилүүчү жак бузууларды жоюу тууралуу талаптарды аткарбаган учурда бажылык текшерүүнүн материалдары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укук коргоо бөлүмдөрүнө жиберилет, бул ТБСнын алкагында жакты эл аралык келишимдердин, бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү актылардын, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактабаган жак катары тобокелдик категориясына киргизүү үчүн негиз болуп саналат.».
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 246 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 190 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 «Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 3-июлунан тартып күчүнө кирген 1-пункттун 4-пунктчасынын он төртүнчү абзацын кошпогондо, 2023-жылдын 25-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 48 (3808) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| 1-тиркеме «20-тиркеме |
Бажылык, башка документтерди жана (же)
маалыматтарды текшерүү жыйынтыктарын тариздөө
тартиби
1. Ушул Тартип Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 326-беренесине, «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 129-беренесине ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын бажы органдары (мындан ары – бажы органдары) тарабынан бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүүнүн аяктагандыгы жөнүндө кабарламаны (мындан ары – Кабарлама) тариздөө жана тышкы экономикалык иштин катышуучуларына (мындан ары – текшерилүүчү жак) жиберүү эрежелерин аныктайт.
2. Бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү жыйынтыктары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилген форма боюнча Кабарлама түрүндө таризделет.
3. Кабарлама бажылык контролдоонун алкагында бажы органдары тарабынан жүргүзүлүүчү бажылык, башка документтерди жана (же) маалыматтарды текшерүү жыйынтыктары боюнча таризделет.
4. Текшерүү жүргүзгөн бажы органы төмөнкүдөй мөөнөттөрдө Кабарламаны тариздөөгө жана текшерилүүчү жакка жиберүүгө милдеттүү:
– эгерде текшерүү чыгаруу мөөнөтүн узартуунун алкагында товарларды чыгарууга чейин жүргүзүлгөн учурда, товарларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбестен (Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 325-беренеси);
– эгерде текшерүү товарлар чыгарылгандан кийин жүргүзүлгөн учурда, текшерүүнүн жыйынтыктарын белгилөөчү тиешелүү документ таризделген күндөн кийинки үч жумуш күндөн кечиктирбестен.
5. Кабарлама текшерилүүчү жакка төмөнкү ыкмалардын бири менен жиберилет:
1) артыкчылыктуу ыкма (электрондук документ жүгүртүү) –бажы органдарынын маалыматтык системалары аркылуу ыйгарым укуктуу кызмат адамынын электрондук колу коюлган электрондук документ түрүндө;
2) кошумча ыкма (кагаз жүзүндө):
– текшерилүүчү жактын жетекчисине же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө (ыйгарым укуктарын ырастаган документти тиркөө менен) жеке өзүнө кол койдуруу менен тапшырылат;
– алуучунун дарегин көрсөтүү жана тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен буйрутма почталык кат менен (электрондук документти жиберүүгө техникалык мүмкүнчүлүк болбогондо же жеке өзүнө тапшыруу мүмкүн эмес болгон учурда).
Кабарлама электрондук түрдө жиберилген учурда, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, аны кагаз жүзүндө кайталоо талап кылынбайт.
6. Кабарламаны алган дата болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– электрондук документтин текшерилүүчү жактын жеке кабинетине (маалыматтык ресурсуна) жеткирилгендигин ырастаган бажы органдарынын маалыматтык системасында белгиленген дата;
– бажы органынын көктөмөлөрүндө калуучу Кабарламанын көчүрмөсүндө текшерилүүчү жактын ыйгарым укуктуу адамынын жеке колу коюлган дата;
– почталык каттын тапшырылгандыгы жөнүндө кабарламада көрсөтүлгөн дата.
Эгерде текшерилүүчү жак Кабарламаны алуудан баш тартса же тиешелүү түрдө билдирилгендигине карабастан аны алуу үчүн келбесе, Кабарлама тиешелүү актыда же почта кызматынын алуудан баш тарткандыгы/келбегендиги жөнүндө белгиси коюлган күнү алынды деп эсептелет.
7. Кабарламаны жиберүү мөөнөттөрүнүн жана тартибинин сакталышын контролдоо текшерүү жүргүзгөн бажы органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жүктөлөт.
8. Бажы органдарынын кызмат адамдары ушул Тартипти сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.».
| 2-тиркеме «21-тиркеме |
Бажы органы тарабынан авариянын же ал жеткис
күчтүн таасиринин натыйжасында товарларды жок
кылуу жана кайтарылгыс жоготуу фактысын же
болбосо ташуунун (транспорттоонун) жана (же)
сактоонун нормалдуу шарттарында табигый азаюунун
натыйжасында товарлардын кайтарылгыс жоготуу
фактысын таануу тартиби
1. Ушул Тартип бажы органы тарабынан төмөнкү фактыны таануу эрежелерин аныктайт:
а) авариянын, ал жеткис күчтүн натыйжасында товарларды жок кылуу жана (же) кайтарылгыс жоготуу, башкача айтканда өзгөчө (табигый кырсыктар, эпидемиялар, эпизоотиялар жана өзгөчө мүнөздөгү башка жагдайлар) жана белгилүү функционалдык багыты жок жана керектөө өзгөчөлүгүн толугу менен жоготкон товарларды, буюмдарды (товарлардын бөлүктөрүн) толук жок кылуунун натыйжасында пайда болгон же пайда болбогон алдын алууга мүмкүн болбогон жагдайлар;
б) ташуунун (транспорттоонун) жана (же) сактоонун нормалдуу шарттарында табигый азаюунун натыйжасында товарларды кайтарылгыс жоготуу.
2. Ушул Тартиптин 1-пунктунун а) жана б) пунктчаларында көрсөтүлгөн окуялар болгондо, товарлар декларанттын же мындай товарларга карата ыйгарым укуктары бар башка жактын демилгеси боюнча жок кылынган жана (же) кайтарылгыс жоголгон деп таанылат.
3. Товарларды ушул Тартиптин 1-пунктунун а) пунктчасында көрсөтүлгөн окуялардын натыйжасында жок кылынган жана (же) кайтарылгыс жоголгон деп таануу үчүн товарларды жок кылууга жана (же) кайтарылгыс жоготууга алып келген окуялар болгон региондо иш жүргүзгөн бажы органына (мындан ары – иш жүзүндө контролдоочу бажы), декларант же товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ башка жак тарабынан товарлардын жок кылынгандыгы жана (же) кайтарылгыс жоголгондугу фактысын таануу жөнүндө кабарлама (мындан ары – Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарлама) кагаз жүзүндө же электрондук түрдө эркин формада түзүлгөн документ түрүндө берилет.
4. Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарламада төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) декларант же (товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жак) жөнүндө:
– юридикалык жактын аталышы жана турган жери;
– салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
– жеке ишкер үчүн – фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо), жашаган жери;
– жеке ишкер болуп саналбаган жеке жак үчүн – фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо), жашаган жери (турган жери);
– жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн – ким экендигин күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөлөрү;
– электрондук почта дареги (болсо), байланыш телефону;
2) жок кылынган жана (же) кайтарылгыс жоголгон товарлар жөнүндө:
– аталышы, товарды идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү жеке белгилери камтылган сыпаттамасы;
– брутто салмагы, нетто салмагы, кошумча бирдиктердеги саны (болсо);
– коммерциялык жана (же) товар коштоочу документтерге ылайык наркы жөнүндө маалыматтар;
– Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 38-беренесинин 2 жана 4-пункттарында каралган учурларда бажылык наркы жөнүндө маалыматтар;
– Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык товардын коду;
– жеке пайдалануу үчүн товарларды кошпогондо, акциздик товарларды маркалоо жөнүндө маалыматтар (сериясы, акциздик жана (же) атайын маркалардын номерлери), акциздик жана (же) атайын маркалардын саны;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 «Кыргыз Республикасында айрым товарларды маркалоо маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында салык салуу максатында милдеттүү маркалоого тийиш болгон айрым товарлардын тизмегине ылайык маркаланган товарларды идентификациялоо каражаттары жөнүндө маалыматтар;
3) товарларга карата бажы операциялары жасалгандыгын же бажылык контролдоо жүргүзүлгөндүгүн күбөлөндүргөн бажы декларациясынын же башка документтин каттоо номери жөнүндө (анын ичинде эл аралык почталык каттын уникалдуу номери) маалыматтар;
4) товарлар жок кылынган жана (же) кайтарылгыс жоголгон жагдайлар жөнүндө маалыматтар.
5. Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарламаны берүү төмөнкүлөрдү берүү менен коштолот:
– ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген товарларды жок кылууга жана (же) кайтарылгыс жоготууга алып келген жагдайлардын бар экендигин ырастаган документтерди;
– Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарламада көрсөтүлгөн товарларга карата Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти;
– бузулган товарды оңдоонун мүмкүн эместигин же болбосо авария же ал жеткис күчтүн таасири болгон учурда бул товардын наркына карата оңдоо наркынын ашып кеткендиги жөнүндө же болбосо белгилүү функционалдык арналышка ээ болбогон жана өзүнүн керектөө өзгөчөлүктөрүн толугу менен жоготкон товарларды, буюмдарды (товарлардын бөлүктөрүн) толук жок кылуунун натыйжасында түзүлгөн учурда тиешелүү экспертиза жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу орган (уюм) тарабынан берилген бул нарктын теңдиги жөнүндө күбөлөндүргөн документтерди;
– декларанттын же товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жактын атынан жана тапшырмасы боюнча иш алып барган бажы өкүлү тарабынан Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарламаны берүүдө бажы өкүлүнүн ыйгарым укуктарын алмаштыруучунун документтерин.
6. Ушул Тартиптин 2-пунктуна ылайык ушул Тартиптин 1-пунктунун б) пунктчасында көрсөтүлгөн окуялардын келип чыгышынан улам товарларды кайтарылгыс жоголду деп таануу үчүн товарлардын кайтарылгыс жоголушуна алып келген окуялар болгон региондо иш жүргүзгөн иш жүзүндө контролдоочу бажыга декларант же товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жак тарабынан ташуунун (транспорттоонун) жана (же) сактоонун нормалдуу шарттарында табигый азаюунун натыйжасында товарлардын кайтарылгыс жоголгондугу фактысын таануу жөнүндө кабарлама (мындан ары – Товарлардын табигый азаюусу жөнүндө кабарлама) эркин формада түзүлгөн кагаз жүзүндөгү же электрондук формадагы документ түрүндө берилет, анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) ушул Тартиптин 4-пунктунун 1–3-пунктчаларында каралгандар;
2) ташуунун (транспорттоонун) жана (же) сактоонун нормалдуу шарттарында табигый азаюунун натыйжасында товарлар кайтарылгыс жок болгон жагдайлар жөнүндө, анын ичинде ташуунун (транспорттоонун) нормалдуу шарттарында табигый азаюунун натыйжасында кайтарылгыс жоголгон товарлар үчүн – транспорттун түрү жана жүрүү маршруту жөнүндө, же болбосо сактоонун нормалдуу шарттарында табигый азаюунун натыйжасында кайтарылгыс жоголгон товарлар үчүн – сактоо орду жана убактысы жөнүндө.
7. Кабарлама иш жүзүндө контролдоочу бажы органына ушул Тартиптин 1-пунктунун а) жана б) пунктчаларында көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан күндөн тартып 15 жумуш күндөн кечиктирбестен берилет.
8. Ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтер аларды берген жак тарабынан түп нуска же күбөлөндүрүлгөн көчүрмө түрүндө кагаз жүзүндө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте электрондук түрдө берилет.
9. Иш жүзүндө контролдоочу бажы органы Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынан (анын аймактык бөлүмдөрүнөн), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык коргоо, өрт коопсуздугу, суу объекттериндеги адамдардын коопсуздугу, гидрометеорология, мамлекеттик материалдык резерв системасын башкаруу, токой чарбасы, жол кыймылынын коопсуздугу же иштин башка чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан же ыйгарым укуктуу эксперттик жана (же) камсыздандыруу органдарынан (уюмдарынан) товарларды жок кылууга жана (же) кайтарылгыс жоголушуна алып келген окуялардын келип чыгуу фактыларын ырастоо жөнүндө маалыматты суроого укуктуу.
10. Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарлама же Товарлардын табигый азаюусу жөнүндө кабарлама келип түшкөндө иш жүзүндө контролдоочу бажы мындай кабарлама келип түшкөн күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде берилген документтерди жана маалыматтарды текшерет жана авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында товарларды жок кылуу жана (же) кайтарылгыс жоготуу фактысын же ташуунун (транспорттоонун) жана (же) сактоонун нормалдуу шарттарында табигый азаюунун натыйжасында бул товарларды кайтарылгыс жоготуу фактысын таануу жөнүндө же мындай фактыларды таануудан баш тартуу жөнүндө чечим (мындан ары бирге берилгенде – Чечим) кабыл алат.
Ушул пункттун биринчи абзацында каралган берилген документтерди жана маалыматтарды текшерүүнүн жүрүшүндө ушул Тартиптин 4-пунктунун 1–4-пунктчаларында, 5-пунктунда же ушул Тартиптин 6-пунктунун 1–2-пунктчаларында белгиленген маалыматтардын жана документтердин жоктугу жана (же) шайкешсиздиги аныкталган учурда, иш жүзүндө контролдоочу бажы ушул пункттун биринчи абзацында белгиленген мөөнөттүн чегинде начальниктин же аны алмаштырган адамдын колу коюлган кат менен Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарламаны же Товарлардын табигый азаюусу жөнүндө кабарламаны берген жактан жок болгон маалыматтарды жана (же) документтерди, ошондой эле аныкталган шайкешсиздиктерди жоюу максатында жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү (мындан ары – Суроо-талап ) сурайт.
Суроо-талап тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен буйрутма почталык кат менен жиберилет.
Суроо-талапты жиберүүдө Чечим Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарламаны же Товарлардын табигый азаюусу жөнүндө кабарламаны берген жактан ушул пунктка ылайык суралган документтер жана (же) маалыматтар, ошондой эле аныкталган шайкешсиздиктерди жоюу максатында жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөр келип түшкөн күндөн тартып же алар келип түшпөсө ушул пункттун төртүнчү абзацында белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, иш жүзүндө контролдоочу бажы тарабынан кабыл алынат.
11. Иш жүзүндө контролдоочу бажы авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин кесепетинен товарларды жок кылуу жана (же) кайтарылгыс жоготуу фактысын же болбосо ташуунун (транспорттоонун) жана (же) сактоонун нормалдуу шарттарында табигый азаюунун натыйжасында бул товарларды кайтарылгыс жоготуу фактысын төмөнкүдөй учурларда таануудан баш тартат:
1) ушул Тартиптин 4-пунктунун 1–4-пунктчаларында, 5-пунктунда же болбосо ушул Тартиптин 10-пунктуна ылайык Суроо-талапты жиберүүнүн натыйжалары боюнча ушул Тартиптин 6-пунктунун 1–2-пунктчаларында каралган маалыматтардын жана документтердин жоктугу жана (же) шайкешсиздиги;
2) Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарламаны же Товарлардын табигый азаюусу жөнүндө кабарламаны ушул Тартиптин 3 же 6-пункттарында көрсөтүлгөндөн башка бажы органына берүү;
3) товарларды жок кылууга жана (же) кайтарылгыс жоготууга алып келген окуялардын келип чыгуу фактыларынын ырасталбагандыгы жөнүндө маалыматты камтыган ушул Тартиптин 8-пунктунда каралган Суроо-талапка жооп алуу;
4) ташуунун (транспорттоонун) жана (же) сактоонун нормалдуу шарттарында табигый азаюунун натыйжасында кайтарылгыс жоголгон товарлардын санынын мындай товарлардын табигый азаюу ченемдерине жана документте билдирилген маалыматтарга шайкешсизидиги.
12. Иш жүзүндө контролдоочу бажы кабыл алынган Чечимди Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарламаны же Товарлардын табигый азаюусу жөнүндө кабарламаны берген жакка, ошондой эле товарлар чыгарылган бажы органына Чечим кабыл алынган күндөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбестен жиберет.
Чечим иш жүзүндө контролдоочу бажынын каты менен бажынын начальниги же аны алмаштырган адамдын колу коюлуп жиберилет жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) ушул Тартиптин 4-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында каралган маалыматтарды;
2) мындай чечим кабыл алынган учурда ушул Тартиптин 10-пунктунда каралган Чечимди кабыл алуу үчүн негиздерди.
13. Ушул Тартиптин 11-пунктунда каралган Чечимди кабыл алууда Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарламаны же Товарлардын табигый азаюусу жөнүндө кабарламаны берген жактын дарегине ушул Тартиптин 13-пунктуна ылайык жиберилүүчү иш жүзүндө контролдоочу бажынын катына ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтер тиркелет.
14. Авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында товарларды жок кылуу жана (же) кайтарылгыс жоготуу фактысын же болбосо ташуунун (транспорттоонун) жана (же) сактоонун нормалдуу шарттарында табигый азаюунун натыйжасында бул товарларды кайтарылгыс жоготуу фактысын таануу жөнүндө чечимди кабыл алууда ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтер аларды тиешелүү чечим кабыл алынган иш жүзүндөгү контролдоочу бажыга көрсөтүүдө аталган документтерди кайтарып берүү жөнүндө эркин формада түзүлгөн жазуу жүзүндөгү арызды берүүдө Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарламаны же Товарлардын табигый азаюусу жөнүндө кабарламаны берген жакка кайтарып берилет.
Ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн жана Чечимди кабыл алуу үчүн негиз болгон документтердин көчүрмөлөрү иш жүзүндө контролдоочу бажыда ал кабыл алынган күндөн тартып үч жылдан кем эмес сакталат.
15. Чечим кабыл алгандан кийин зарыл болгон учурда иш жүзүндө контролдоочу бажы тарабынан бажы декларациясына же бажылык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларда каралган башка бажы документине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча иш-аракеттер жасалат, бажы документинде бажы контролунда турган, жок кылынды жана (же) кайтарылгыс жоголду деп таанылган товарлар жөнүндө маалыматтар камтылат.».
| 3-тиркеме «4-тиркеме |
Бажылык коштоо жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо бажы контролунда турган товарларды ташыган транспорт каражаттарын же бажы контролунда турган транспорт каражаттарын бажылык коштоо тартибин, ошондой эле бажы контролунда турган товарларды ташыган транспорт каражаттарын же бажы контролунда турган транспорт каражаттарын бажылык коштоодо бажы органынын кызмат адамдарынын (мындан ары – кызмат адамдары) аракеттеринин (бажы операцияларынын) мөөнөттөрүн жана ырааттуулугун аныктайт.
2. Бул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде (мындан ары – Кодекс), Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актыларда, бажылык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу эл аралык келишимдерде (мындан ары – бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер, актылар) жана Кыргыз Республикасынын бажылык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген маанилерде колдонулат.
3. Бул Жобого ылайык бажылык коштоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык навигациялык (электрондук) пломба колдонулган товарларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын аймагында гана жана Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча бажы контролунда турган товарларды ташуучу транспорт каражаттарына же бажы контролунда турган транспорт каражаттарына бажы транзитинин бажы жол-жобосуна жайгаштыруу менен жана мындай бажы жол-жобосуна жайгаштырылбастан жүргүзүлөт.
2-глава. Бажылык коштоону жүргүзүү
4. Бажы контролунда турган товарларды ташыган транспорт каражаттарын же бажы контролунда турган транспорт каражаттарын бажылык коштоо функционалдык милдеттерине бажылык коштоону жүзөгө ашыруу кирген бажы органдарынын бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Бажылык коштоо ушул Жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын чечими боюнча колдонулат.
6. Бажылык коштоо үчүн бажылык жыйымдар Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө алынат.
7. Бажылык коштоону, эреже катары, бир бажы наряды (ушул Жобого ылайык товарларды ташып бараткан эл аралык ташуунун транспорт каражаттарын коштоп жүрүүчү бир же бир нече кызмат адамы) жүзөгө ашырат.
Алгачкы дайындалган наряд менен товар ташуучу транспорт каражаттарын андан ары коштоо максаттуу эмес же мүмкүн болбогон учурларда коштоло турган товарды ташуучу транспорт каражаттарынын жүргөн жолунда бажы нарядын алмаштырууга жол берилет жана ушул Жобого ылайык жөнөтүүчү бажы органы менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат. Ушуну менен бирге бажы нарядын алмаштыруу бажылык контролдоо зонасында товарларды ташуучу коштолуучу транспорт каражаттарын жайгаштыргандан кийин жүргүзүлүүгө тийиш.
8. Бажылык коштоону кыйла үнөмдүү уюштуруу, бажы чек арасы аркылуу ташып өткөн жерлерде товарлардын жана транспорт каражаттарынын чогулуусун жокко чыгаруу максатында бажы органдары бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусу боюнча тизмеси бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген бажы наряддарын алмаштыруу пункттарын түзүүгө укуктуу.
Иш жүргүзгөн региондо бажы нарядын алмаштыруу пункту жайгашкан бажы органынын начальниги (аны алмаштырган адам) товарларды ташуучу коштоочу транспорт каражаттарынын туруп калуусун жокко чыгаруу максатында, бажы наряддарын үзгүлтүксүз күнү-түнү режиминде алмаштыруу мүмкүндүгүн камсыз кылат.
3-глава. Бажылык коштоону уюштуруу
9. Бажылык коштоо колдонуу жөнүндө чечим төмөнкүлөр тарабынан кабыл алынат:
1) Кодекстин 146-беренесине ылайык ташып келинүүчү бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмени аткарууну камсыз кылуу берилбеген же мындай камсыз кылуу Кодекстин 146-беренесине ылайык аныкталгандан аз өлчөмдө берилген учурларда, тариздөөгө коммерциялык жана товар коштоочу документтерди кабыл алган бажы органынын кызмат адамы тарабынан;
2) ушул пункттун 1-пунктчасын кошпогондо, Кодекстин 343-беренесинин 4-пунктунда, «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 139-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган учурларда товарларды бажы чек арасы аркылуу ташып өткөрүүчү өткөрүү пунктунун/башка жайдын начальниги же бажылык тариздөө жайынын башкы инспектору тарабынан.
10. Коммерциялык жана товарды коштоочу документтерди тариздөөгө кабыл алган бажы органынын кызмат адамы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) бажылык коштоону колдонуу жөнүндө кабыл алынган чечим жана бажылык коштоону колдонуу үчүн бажы жыйымдарын төлөө зарылдыгы жөнүндө ташуучуга кабарлоого;
2) бажылык коштоону жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарын кабыл алынган чечим менен тааныштырууга.
11. Бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүүчү өткөрүү пунктунун/башка жайдын начальниги же бажылык тариздөө жайынын башкы инспектору бажы органына ыкчам тартипте төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен кабарлоо жөнөтөт:
– бажылык коштоо үчүн тартылган кызмат адамдарынын саны;
– бажы нарядынын башчысынын фамилиясы, аты, атасынын аты, наряддын курамы;
– бажылык коштоо башталган жана аяктаган жер;
– эгерде товарларды ташуу белгилүү маршрут боюнча жүргүзүлсө, кыймылдын маршруту;
– курал-жарактын бар экендиги жөнүндө маалыматтар (анын тиби, саны, номери, ок-дарылардын саны);
– коштоп жүрүүчү транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоо белгилери жөнүндө маалыматтар;
– бажы нарядынын алмаштыруу пункттары (зарыл болсо).
4-глава. Бажылык коштоодо документтерди
тариздөөнүн тартиби
12. Коштолуучу товарларга жана транспорт каражаттарына документтерди тариздөөдө жөнөтүүчү бажы органынын кызмат адамы транзиттик декларацияга штамп, жеке номердик мөөр коет жана аларды кол коюу менен күбөлөндүрөт.
Транзиттик декларацияны маалыматтык системалар аркылуу электрондук формада түзгөн учурда штамп, жеке номерлүү мөөр коюу жана аларды кол коюу менен күбөлөндүрүү талап кылынбайт.
13. Коштолуучу товарларга жана транспорт каражаттарына документтер таризделгенден кийин жөнөтүүчү бажы органынын кызмат адамы:
– бажы коштоосундагы товарларды ташыган транспорт каражаттарын эркин формада үч нускада кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзөт жана аларды өздүк номерлүү мөөр менен күбөлөндүрөт. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы бажы органы үчүн арналган бажы, транспорттук (жүк ташуучу), коммерциялык жана башка документтердин тизмегин, ошондой эле транспорт каражаты жана аларды идентификациялоо каражаттары жөнүндө маалыматтарды камтыйт;
– ташуучунун транспорт каражаттарын коштоого кабыл алгандыгы жана товар коштоочу документтерди алгандыгы жөнүндө бажы нарядынын башчысынын белгиси менен кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын бир нускасын бажы нарядынын башчысына берет;
– ташуучунун транспорт каражаттарын коштоого кабыл алгандыгы жана товар коштоочу документтерди алгандыгы жөнүндө бажы нарядынын башчысынын белгиси менен кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын бир нускасын жөнөтүүчү бажы органында калтырат;
– ташуучунун транспорт каражаттарын коштоого кабыл алгандыгы жана товар коштоочу документтерди алгандыгы жөнүндө бажы нарядынын башчысынын белгиси менен кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын бир нускасын алардын сакталышы үчүн жоопкерчилик менен таанышкандыгы жөнүндө кол койдуруу менен баруучу бажы органы үчүн арналган бажы, транспорттук (ташуу), коммерциялык жана башка документтерди тиркөө менен баруучу бажы органына жеткирүү үчүн ташуучуга берет.
14. Жеткирүү жерине же бажы нарядын алмаштыруу пунктуна келгенде товар ташыган коштоочу транспорт каражаттары бажылык контролдоо зонасында жайгаштырылат.
Бажы нарядынын башчысы кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын бир нускасын баруучу бажы органынын же кезметтин кызмат адамына өткөрүп берет жана бул бажы органынын кызмат адамы менен бирге баруучу бажы органы үчүн арналган идентификациялоо каражаттарынын бүтүндүгүн, транспорт каражаттарынын жүк бөлүмдөрүн, алардын сакталышын жана ташуучуга берилген кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын, бажы, транспорттук (ташуу), коммерциялык жана башка документтердин болушун текшерет.
Бажы нарядынын катышуусу менен товарларга жана транспорт каражаттарына бажылык текшерип кароо идентификациялоо каражаттарынын, транспорт каражаттарынын жүк бөлүмдөрүнүн бүтүндүгү бузулган жана документтер жоголгон учурларда жүргүзүлөт.
Бажылык текшерип кароо жүргүзгөн учурда бажылык текшерип кароону жүргүзгөн бажы органынын кызмат адамынын жеке номерлүү мөөрүнүн белгиси менен күбөлөндүрүлгөн текшерип кароо актысынын нускасынын көчүрмөсү бажы нарядынын башчысына тапшырылат.
15. Баруучу бажы органынын же кезметтин кызмат адамы кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын экинчи жана үчүнчү нускаларына товарларды ташуучу коштоочу транспорт каражаттарын кабыл алуу жөнүндө тиешелүү белгилерди коет.
Кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын экинчи нускасы баруучу бажы органынын же кезметтин көктөмөлөрүндө калат, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын үчүнчү нускасы бажылык коштоого кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын берген бажы органына кийин өткөрүп берүү үчүн бажы нарядынын башчысына берилет.
16. Коштолуучу транспорт каражаттарынын, транспорт каражаттарындагы товарлардын, аларга документтердин жок болушуна же жоголушуна алып келүүчү жагдайлар пайда болгон учурда бажы наряды алардын сакталышын камсыз кылуу боюнча бардык андан көз каранды болгон чараларды көрүүгө милдеттүү.
17. Бажылык коштоодо бажы наряды кара күчтү, атайын каражаттарды жана куралдарды Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен белгиленген эрежелерге ылайык колдонууга укуктуу.
18. Товарларды жана автотранспорт каражаттарын бажылык коштоодо:
1) бир наряд менен бажылык коштолууга тийиш болгон транспорт каражаттарынын саны товарларды ташуунун шарттарына жана мүнөзүнө жараша жөнөтүүчү бажы органдары тарабынан белгиленет;
2) бажы наряды коштолуучу автотранспорт каражаттарында жүрүп бараткан учурда бажы нарядынын курамына кирген кызмат адамдары башкы жана акыркы автотранспорт каражатында жайгашат;
3) бажы наряды коштоочу автотранспорт каражатында жүрүп бараткан учурда коштоочу автотранспорт каражаты коштолуучу автотранспорт каражаттарынын бардык колоннасына байкоону камсыз кылуу мүмкүндүгү боло тургандай тартипте жүрөт;
4) токтогон учурларда бажы наряды колоннанын эки тарабын тең контролдойт.
19. Автотранспорт каражаттарынын бири бузулса, авариянын же ал жеткис күчтүн аракетинин кесепетинен анын мындан аркы кыймылы мүмкүн болбогон учурда бажы наряды бардык колоннанын жүрүшүн токтотот жана жакынкы бажы органына болгон жагдай, анын колоннанын турган жери жөнүндө билдирет.
Аталган бажы органы кыска мөөнөттө бузулган автотранспорт каражатындагы товарларга бажылык контролдоону камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүү үчүн бузулган автотранспорт каражаты турган жерине кызмат адамдарынын келишин камсыз кылууга милдеттүү.
Болгон жагдай тууралуу бузулган транспорт каражатын кабыл алуу-өткөрүү актысы (мындан ары – акт) эркин формада, эки нускада иштин жагдайын баяндоо, товарлардын абалын жана мындан аркы бажы контролун жүзөгө ашыруу жана бажы операцияларын жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды сыпаттоо менен түзүлөт. Актыга бажы нарядынын башчысы жана аталган жакынкы бажы органынын кызмат адамы кол коет.
Бажы нарядынын башчысы, аталган жакынкы бажы органынын кызмат адамы жана ташуучу актыга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет жана өз кол коюусу менен күбөлөндүрөт.
20. Товар ташуучу бузулган автотранспорт каражатын бажы органынын кызмат адамдарына өткөрүп бергенден кийин колоннанын башка автотранспорт каражаттары жүрүшүн уланта алышат.
Эгерде автотранспорт каражатынын бузулушу товарларды бузуу же жоготуу коркунучусуз жоюлса, анда бардык колонна оңдоо иштери аяктаганга чейин кармалат.».
| 4-тиркеме «Н» формасы |
Жеке жактарга сатууга арналган электрондук соода товарлары жөнүндө электрондук соода операторунун отчету (*)
20__-жылдын «___» ___________ № _____________
20__-жылдын «___» ___________ тартып 20__-жылдын «___» ___________ чейин
Электрондук соода оператору _______________________________ (Уюмдун аталышы)
Электрондук соода операторунун реестрине киргизүү жөнүндө күбөлүк 20__-жылдын «___» ___________ тартып 20__-жылдын «___» ___________ чейин |
№ |
Отчеттук мезгилде бажы кампасынын бажы жол- жобосуна жайгаштырылган электрондук соода т оварлары** | Отчеттук мезгилде бажы кампасынан жеке жактарга сатылган электрондук соода товарлары** | Бажы кампасынын жол- жоболору өзгөртүлгөн электродук соода товарлары | Отчеттук мезгилдин биринчи күнүнө карата бажы кампасынын бажы жол-жобосуна жайгаш-тырылган товардын калдыгы | Отчеттук мезгилдин акыркы күнүнө карата бажы кампасынын бажы жол- жобосуна жайгаштырылган товардын калдыгы | |||||||||||
| Электрондук соода товарларына декларациянын маалымдама номери | Товардын аталышы | Бажы документтеринде көрсөтүлгөн ЕАЭБ ТЭИ ТН ылайык товардын коду | Товардын саны, өлчөө бирдигинде | Товардын бажы документтеринде көрсөтүлгөн валютадагы наркы | Бажы документтеринде көрсөтүлгөн валютанын тамга коду коду | Электрондук соода товарларына декларациянын маалымдама номери | Товардын саны, өлчөө бирдигинде | Товардын бажы документтеринде көрсөтүлгөн валютадагы наркы
| Бажы декларациясынын маалымдама номери жана жол-жобонун коду | Товардын саны, өлчөө бирдигинде
| Товардын бажы документтеринде көрсөтүлгөн валютадагы наркы
| Товардын саны, өлчөө бирдигинде | Товардын бажы документтеринде көрсөтүлгөн валютадагы наркы | Товардын саны, өлчөө бирдигинде | Товардын бажы документтеринде көрсөтүлгөн валютадагы наркы |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 |
________________ (Кызмат орду) | _____________ (Колу) | __________________________ (Инициалдары, фамилиясы) | _____________ (Датасы) |
|
М.О. |
|
|
(*) Отчет электрондук соода оператору тарабынан кагаз жүзүндө же электрондук түрдө маалыматтык өз ара аракеттенүү аркылуу ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин электрондук соода оператору өзүнүн функцияларын жүзөгө ашырган иштин регионундагы бажы органына берилет, мында бажы органынын талабы боюнча каалаган мезгил үчүн берилиши мүмкүн. (**) Отчеттук мезгил деп төмөнкүлөр түшүнүлөт: – календардык күн; – 6 календардык ай (жарым жыл); – 12 календардык ай (жыл).». | |||
| 5-тиркеме «О» формасы |
Жеке жактар тарабынан сатып алынган электрондук соода товарлары жөнүндө отчет*
| |
| 20__-жылдын «___» ___________ № _____________ 20__-жылдын «___» ___________ тартып 20__-жылдын «___» ___________ чейин |
Электрондук соода оператору __________________________________________________________________ (Уюмдун аталышы) Электрондук соода операторунун реестрине киргизүү жөнүндө 20__-жылдын «___» ____________________ № _______________________________ күбөлүк | |
№ | Кириш | Чыгыш | Калдык | ||||||||
Убактылуу сактоо документинин номери жана датасы | Жалпы коштомо кагаз боюнча алуучу | Жүк орундарынын саны | Товардын саны (кг менен же кошумча өлчөө бирдиги менен) | Убактылуу сактоо мөөнөтү бүткөн дата | Жүк орундарынын саны | Товардын саны (кг менен же кошумча өлчөө бирдиги менен) | Берүүгө уруксат берилген документтин түрү, датасы жана номери | Товардын аталышы | Жүк орундарынын саны | Товардын саны (кг менен же кошумча өлчөө бирдиги менен) | |
________________ (кызмат орду) | _____________ (колу) | ______________ (аты-жөнү) | _____________ (датасы) |
|
М.О. |
|
|
| |
(*) Отчет электрондук соода оператору тарабынан ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин кагаз жүзүндө же маалыматтык өз ара аракеттенүү аркылуу электрондук формада берилет.». | ||||
| 6-тиркеме «З» формасы |
Электрондук соода операторлорунун реестрине киргизүү жөнүндө № ХХХХ/ЭСО күбөлүгү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы _________________________________________________________ _________________________________________________________ (уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык жактын аталышы, ИСН жана дареги) ___________________________________________________________ бажы өкүлдөрүнүн реестрине киргизүүнү ырастайт. Бажы кампасынын бажы жол-жобосу боюнча жайгаштырылган электрондук соода товарларын убактылуу сактоо жана (же) электрондук соода товарларын сактоо үчүн арналган курулмалардын, жайлардын (жайлардын бөлүктөрүнүн) жана (же) ачык аянтчалардын (ачык аянтчалардын бөлүктөрүнүн) жайгашкан жери: 1) __________________________________________________________ 2) __________________________________________________________ 3) __________________________________________________________ 4) __________________________________________________________ (дареги, арналышы, аянты м²)
Бажы операциясы жүргүзүлгөн региондо иштеген бажы органынын аталышы ____________________________________________________ ____________________________________________________________
Иш чөйрөсүнүн чектелиши: _____________________________________________________________ _____________________________________________________________ _____________________________________________________________ _____________________________________________________________ _____________________________________________________________ _____________________________________________________________ (Бажы операциялары жеке жактар тарабынан сатып алынган электрондук соода товарларына жана (же) жеке жактар тарабынан ишке ашыруу үчүн арналган электрондук соода товарларына карата жүргүзүлөт)
Берилген күнү 20___-жылдын «___» ______________
| ||
________________ (бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси) | _______ (колу) | ____________ (аты-жөнү) |
М.О. (гербдүү мөөрдүн оттиски) |
| |
Эскертүү. Жеке жактар тарабынан сатып алынган электрондук соода товарларына жана (же) жеке жактар тарабынан ишке ашыруу үчүн арналган электрондук соода товарларына карата бажы операцияларын жүргүзүү боюнча электрондук соода операторунун иш чөйрөсү чектелиши мүмкүн. Электрондук соода операторунун ишинин чектелгендигине карабастан милдеттерди аткарууну камсыз кылуу өлчөмү Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан белгиленген өлчөмдөн өзгөрбөйт.». | ||