Редакцияот 10.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Багыш айылдык кеңешинин VIII  чакырылышынын

кезексиз    XI сессиясы

 

2025-жылдын 10-октябрь  №3

 

“Багыш айыл ѳкмѳтү тарабынан Жалал-Абад

областык ѳнүктүрүү фондуна сунушталуучу

долбоорго колдоо кѳрсѳтүү жөнүндө”

 

       Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2025-жылдын 09-сентябырындагы №01-15/254 сандуу “Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылындагы Ленин кѳчѳсүнүн жолун асфальттоо үчүн Жалал-Абад областык ѳнүктүрүү фондуна долбоорду сунуштоо жѳнүндѳ” кайрылуусун негиздеп, Багыш айылдык кеңешинин Бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүүлөр жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Багыш айылдык кеңешинин VIIIчакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Багыш айыл ѳкмѳтүнүн Октябрь айылындагы Ленин кѳчѳсүнүн жолун асфальттоо үчүн долбоор Жалал-Абад областык ѳнүктүрүү фондуна сунушталсын.

 

2. Долбоорго Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен 776 957(Жети жүз жетимиш алты миң тогуз жүз элүү жети) сом акча каражаты долбоордун кош каржылоосуна бѳлүнүп берилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Багыш айылдык кенешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат кѳрсѳтүү жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Жолборсовго жүктөлсүн.

 

4. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыяланып жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Төрага

 

 

                   К.Кулмамбетов