Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-июну № 689-VIII
«Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгесин жүзөгө ашыруу үчүн кол коюу барагынын формасы жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
2026-жылдын 12-мартындагы № 283-VIII токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын электрондук кол тамганы пайдалануу менен кол коюу барагын толтуруу мүмкүнчүлүгү каралган 11-беренесинин 31-бөлүгүн ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгесин жүзөгө ашыруу үчүн кол коюу барагынын формасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 12-мартындагы № 283-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 21, 22 жана 23-пункттар менен толукталсын:
«21. Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгесин жүзөгө ашыруу үчүн электрондук кол коюу барагынын формасы 3-тиркемеге ылайык аныкталсын.
22. Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгесин жүзөгө ашыруу үчүн электрондук кол коюу барагын толтуруу тартиби 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
23. Жарандар мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жөнүндө сунушту юридикалык бирдей күчкө ээ болгон кагаз түрүндөгү же электрондук форматтагы кол коюу барагын толтуруу аркылуу өз колдоолорун билдирүүгө укуктуу.»;
2) жогоруда аталган токтом менен аныкталган Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгесин жүзөгө ашыруу үчүн кол коюу барагынын формасында (1-тиркеме):
«санына жарыяланган (ЖМКнын аталышы, чыккан датасы жана номери)» деген сөздөрдөн кийин «же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (датасы _______, долбоордун IDси ______) жарыяланган » деген сөздөр менен толукталсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Элдик мыйзам чыгаруу демилгесин жүзөгө ашыруу үчүн кол коюу барагын толтуруунун, демилгечи топтун кол коюу барагындагы жарандардын коюлган колдорун ырастаган мүчөсүнүн колун ырастоонун тартибинде (2-тиркеме):
4-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кол коюу барагына дене боюндагы кемчиликтеринен улам өз колу менен кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон майыптыгы бар жаран кол койгон учурда, кол коё турган жарандын катышуусу, жана нотариустун катышуусу менен ал үчүн башка адам кол койгонго же болбосо «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныктыгы күбөлөндүрүлгөн факсимилдик кол тамгасын пайдаланууга жол берилет.».
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.\
2026-жылдын 6-июлунда https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8070 расмий сайтында жарыялынды
Төраганын орун басары |
| Б.А. Ибрагимов |
|
| 3-тиркеме |
ЭЛЕКТРОНДУК КОЛ КОЮУ БАРАГЫ
Демилгечи топту каттоо жөнүндө күбөлүктүн номери | Каттоо датасы | Каттоо жɵнүндɵ күбөлүк берген органдын аталышы |
(автоматтык түрдө түзүлөт) | (автоматтык түрдө түзүлөт) | (автоматтык түрдө түзүлөт) |
Мен, _________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты – автоматтык түрдө түзүлөт), Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында Бирдиктүү идентификациялоо тутуму аркылуу авторизациядан өткөн Кыргыз Республикасынын жараны, мыйзам долбоорунун тексти (референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору киргизилген учурда - референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорунун тексти жана референдумга коюлган маселенин долбоорунун тексти) менен таанышып чыгып, мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүнү колдой турганымды тастыктайм.
Гезиттин ________________ № ___ санына (ЖМКнын аталышы, чыккан датасы жана номери) же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (долбоордун датасы _______, ID _______) жарыяланган, _______________________________________________________________
(мыйзам долбоорунун аталышы) (автоматтык түрдө түзүлөт)
_______________________________________________________________
(референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору киргизилген учурда - референдумга коюлган маселенин долбоорунун тексти)
аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүүнү колдой турганымды тастыктайм(автоматтык түрдө түзүлөт).
№ | Фамилиясы, аты, атасынынаты(автоматтык түрдө түзүлөт) | Туулган жылы (автоматтык түрдө түзүлөт) | Жашаган жеринин дареги (облус, шаар, район) | Жарандын ЖИНи (автомат тык түрдө түзүлөт) | Электрондук кол тамга (хеш-мааниси) | Электрондук кол тамга коюлган дата, убакыт | Кол тамганы кайтарып алуу тууралуу маалы мат (дата, убакыт) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгесин жүзөгө ашыруу үчүн электрондук кол коюу барагын толтуруу тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгесин жүзөгө ашыруу үчүн электрондук кол коюу барагын толтуруу тартиби (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын жарандарынын элдик мыйзам чыгаруу демилгесинин укугун ишке ашыруу максатында электрондук кол коюу барагын түзүү жана толтуруу жол-жобосун белгилейт.
2. Демилгечи топ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (мындан ары – Бирдиктүү портал) катталгандан кийин электрондук кол коюу барагы автоматтык түрдө түзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын жарандары электрондук кол коюу барагына Бирдиктүү идентификациялоо тутумунда (мындан ары – БИТ) авторизациялоодон өтүү аркылуу кол коюшат. Инсанды кошумча тастыктоо талап кылынбайт.
4. Шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жаранына мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жɵнүндɵ сунушту колдоосун билдирүү укугу таандык.
Мыйзам долбоорунун тексти Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында, ошондой эле Бирдиктүү порталда же республикалык басма сөз басылмаларынын биринде жайгаштырылат жана жарандарга жеткирилди деп эсептелет.
5. Жаран мыйзам долбоорун колдоорунэлектрондук түрдɵ иш-аракет жасоо менен жекече билдирет.
6. Жаран мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү жɵнүндɵ сунуштуколдоону бир гана жолу туюнтууга укуктуу. Бирдиктүү порталдын маалымат тутуму кол тамганын уникалдуулугун автоматтык түрдө текшерүүнү камсыз кылат.
2. Электрондук кол коюу барагын толтуруу
7. Электрондук кол коюу барагында демилгечи топту каттоо жɵнүндɵ күбөлүктүн номери, демилгечи топ катталган дата, каттоо жөнүндө күбөлүктү берген органдын аталышы, мыйзам долбоорунун аталышы (референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору киргизилген учурда - референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорунун аталышы жана референдумга коюлуучу маселенин долбоорунун тексти) көрсөтүлөт.
8. Жаран сунушту колдоосун билдирүү үчүн:
1) Бирдиктүү порталга кирет;
2) кол топтолуп жаткан мыйзам долбоорун тандайт;
3) «Колдоо» функционалдык баскычын басуу менен электрондук кол коюу барагынын бетин ачат, андан кийин программа автоматтык түрдө аны БИТде авторизациялоо барагына багыттайт.
4) «Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө жобону жана Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санарип документтеринде, ошондой эле жарандардын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуулары болуп саналган санарип документтерде маалымат берүүнүн реквизиттерине жана формасына (форматына) талаптарды бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-мартындагы № 173 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү идентификациялоо системасы жөнүндө жободо» каралган санариптик аутентификациялоо ыкмаларын пайдалануу аркылуу БИТте авторизациядан өтөт;
5) БИТте ийгиликтүү авторизациядан өткөндөн кийин программа жаранды автоматтык түрдө Бирдиктүү порталга кайтарат, анда жаран «Жашаган жеринин дареги (облус/шаар)» графасын толтурат жана электрондук почта дарегине (же жарандын мобилдик түзүлүшүнүн номерине) жөнөтүлгөн бир жолку тастыктоо кодун киргизүү жана «Тастыктоо» функциялык баскычын басууменен электрондук кол тамга аркылуу колдоосун билдирүүнү тастыктайт.
Тастыктоодон кийин электрондук кол коюу барагында колдоо билдирилгендиги тууралуу жазуу автоматтык түрдө түзүлөт.
9. Электрондук кол коюу барагында колдоону билдирүүдө төмөнкүлөр автоматтык түрдө катталат:
- демилгечи топтун каттоо күбөлүгүнүн номери;
- демилгечи топтун каттоо датасы;
- каттоо жɵнүндɵ күбөлүктү берген органдын аталышы;
- мыйзам долбоорунун аталышы (референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору киргизилген учурда - референдумду дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорунун аталышы жана референдумга коюлуучу маселенин долбоорунун тексти);
- мыйзам долбоору жарыяланган басма сөз басылмасынын же Бирдиктүү порталдын реквизиттери;
- жарандын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болгондо), туулган датасы жана ЖИНи;
- электрондук кол тамганын хеш-мааниси;
- электрондук кол тамга коюлган дата жана убакыт.
10. Ар бир электрондук кол коюу барагына автоматтык түрдө иреттик номер ыйгарылат.
11. Сунушту колдоосун билдирген жаран «Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык белгиленген кол топтоо мөөнөтү аяктаганга чейин өзүнүн кол тамгасын төмөнкү иш-аракеттерди аткаруу менен кайтарып алууга укуктуу:
1) Бирдиктүү порталга кирет;
2) ушул Тартиптин 9-пунктунун 4-пунктчасында каралган тартипте БИТте авторизациядан өтөт, андан кийин программа аны автоматтык түрдө Бирдиктүү порталга кайтарат;
3) тиешелүү мыйзам долбоорунун барагына же болбосо мурда билдирилген колдоого тиешелүү маалыматтар камтылган бөлүмгө (жеке кабинетке) өтөт;
4) электрондук почта дарегине (же мобилдик түзүлүшүнүн номерине) жөнөтүлгөн бир жолку тастыктоо кодун киргизүү жана «Тастыктоо» функциялык баскычын басуу менен электрондук кол тамга аркылуу сунушту колдоону кайтарып алууну тастыктайт.
Тастыктоодон кийин электрондук кол коюу барагында кол тамганы кайтарып алуу тууралуу жазуу автоматтык түрдө түзүлөт.
12. Кол тамганы кайтарып алууда «Кол тамганы кайтарып алуу жөнүндө маалыматтар» графасында «Кайтарылды» деген статус ыйгарылат, ошондой эле кайтарып алуу датасы жана убактысы автоматтык түрдө белгиленет.
Тутумдагы жазуу сакталып калат жана өчүрүлбөйт.
13. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзам долбоорун киргизүү сунушун колдоп кол койгон жарандар кол коюу барактары тапшырылганга чейин «Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык демилгечи топко жазуу жүзүндөгү (кагаз түрүндө) арыз берүү аркылуу кол коюу барактарындагы өз кол тамгаларын кайтарып алууга укуктуу.
3. Электрондук кол коюу барагын түзүүнү аяктоо
14. Кол топтоо мөөнөтү аяктагандан кийин Бирдиктүү порталда электрондук кол коюу барактарынын жыйынтык реестри автоматтык түрдө түзүлөт.
Бирдиктүү порталда жалпыга жеткиликтүү болсун үчүн кол тамгалардын жалпы саны көрсөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзам долбоорун киргизүү жɵнүндɵ сунушту колдоосун туюндурган жарандардын жыйынтык реестрде чагылдырылган жеке маалыматтары демилгечи топтун төрагасына гана жеткиликтүү.
Жарандардын жеке маалыматтарын тараткандыгы үчүн демилгечи топтун төрагасы жана мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
15. Кол тамгалардын жалпы санын эсептөө
Бирдиктүү порталдын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү аркылуу автоматтык түрдө жүзөгө ашырылат. Жарандардын кол тамгаларынын жалпы санын эсептөөдө электрондук кол коюу барагында камтылган кол тамгалар да, кагаз түрүндөгү кол коюу барактарында камтылган кол тамгалар да эске алынат.
16. Мыйзам долбоорун киргизүү сунушун Бирдиктүү портал аркылуу электрондук түрдө колдоосун билдирген жаран кагаз түрүндөгү кол коюу барагына кайрадан кол коюуга укуксуз.
17. Бир эле жарандын бир эле учурда электрондук түрдө жана кагаз түрүндө колдоосун билдирген фактысы аныкталган учурда аныктыгы демилгечи топтун төрагасы тарабынан аныкталган бир гана колтамга эске алынат.
Кол тамгалар кайталанган учурларды аныктоо электрондук кол коюу барактарын кагаз түрүндөгү кол коюу барагынын маалыматтарыменен салыштыруунун негизинде демилгечи топтун төрагасы тарабынан жүзөгө ашырылат.
18) Электрондук кол коюу барагы Бирдиктүү порталдын маалымат тутумунда сакталат.
19) Жарандардын БИТ аркылуу Бирдиктүү порталда мыйзам долбоорун колдоону билдирүү боюнча иш-аракеттери электрондук кол тамга жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жактан маанилүү деп таанылат жана өз колу менен коюлган колтамгага теңештирилет.