Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 12-декабры № 1
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-сентябрындагы № 623 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” токтомун ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөр (мындан ары – Усулдук көрсөтмөлөр) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген Усулдук көрсөтмөлөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды берүү маселелери боюнча практикалык жана усулдук жардам көрсөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери:
1) “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоодо тиркелген Усулдук көрсөтмөлөрдү жетекчиликке алсын;
2) “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү маселеси боюнча маалыматтык материалдарды пайдалануу жана жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу аркылуу, калкка дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алуучу үй-бүлөлөрдүн бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жана жөлөкпул алуучунун “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу чектелген балдар менен бирге жашагандыгына мониторинг жүргүзүүгө социалдык
кызматкерлер көмөк көрсөтүүсү белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун туура жана өз убагында дайындоо жана төлөө үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин автоматташтырылган маалыматтык системасынын (мындан ары – АМС) “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо, кайра эсептөө жана төлөө бөлүгүндө үзгүлтүксүз иштөөсүн, ошондой эле кириш жана чыгыш маалыматтарын түзүүнү;
2) АМСтин башка ички ведомстволук маалыматтык системалары (“Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин маалыматтык-аналитикалык системасы”) жана мамлекеттик органдардын маалыматтык системалары менен өз ара аракеттенүүсүн;
3) “Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында” АМСтин маалыматтарын мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча веб-сайттын маалыматтары менен интеграциялоо жана иштетүү мүмкүнчүлүгүн;
4) бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин веб-сайтына жайгаштырууну камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Мамлекеттик социалдык төлөмдөр боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгы:
1) буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин;
2) Ченемдик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн, буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин.
8. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Чечимдерди көзөмөлдөө жана административдик камсыздоо башкармалыгы ушул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
9. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары К.С. Досматовго, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ч. Мамат уулуна жүктөлсүн.
https://mlsp.gov.kg/ru/normativno-pravovaya-baza/ расмий сайтында жарыяланды
Министр К.Л.Сагынбаев
Кыргыз Республикасынын Эмгек,
социалдык камсыздоо жана
миграция министрлигинин
2025-жылдын 31-декабрындагы
№1-буйругуна тиркеме
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого
УСУЛДУК КӨРСӨТМӨЛӨР
1. Жалпы жоболор
1. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого ушул Усулдук көрсөтмөлөр (мындан ары – Усулдук көрсөтмөлөр) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-сентябрындагы № 623 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” токтомун (мындан ары – токтом) ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан жана бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап алар 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун (мындан ары – “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу) дайындоо боюнча социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөр) аймактык бөлүмдөрүнүн адистери үчүн практикалык колдонмо болуп саналат.
2. Усулдук көрсөтмөлөр жогоруда аталган токтом менен бекитилген “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобонун (мындан ары – Жобо) айрым ченемдеринин түшүндүрмөлөрү менен, зарыл болгон учурда, конкреттүү мисалдарды камтуу менен түшүндүрүүнү билдирет жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, жогоруда аталган токтомду ишке ашырууну камсыз кылуучу ченемдерди камтыйт.
.
2.“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө арыз берүүнүн негиздери жана тартиби
3. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды кошпогондо, алардын социалдык-экономикалык абалына жана мамлекеттик жөлөкпулдардын башка түрлөрүн алгандыгына карабастан, бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жарандар (үй-бүлөлөр) укуктуу:
1) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала (балдар) төрөлгөндө;
2) 3 жашка чейинки бала (балдар) алуучу менен чогуу жашаган учурда.
1-мисал:
Бийик тоолуу аймакта жайгашкан калктуу конушта туруктуу жашаган, төрт баласы бар, анын ичинен эки баласы 3 жашка чейинки куракта жана балдар менен бирге жашаган жаран (үй-бүлө) үчүнчү жана төртүнчү баласына үч жашка чыкканга чейин ай сайын берилүүчү “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого арыз берүүгө укуктуу. Мында, жарандын жашаган жери жана турган жери (катталган жери) боюнча каттоо эсебинде катталган дареги жашаган жери боюнча “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган дарекке дал келиши керек.
2-мисал:
Өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаган жарандын (үй-бүлөнүн) 16 жашка чейинки беш баласы болсо, алардын төртөө 3 жаштан ашкан, ал эми бешинчи баласы 1 жаш 6 айлык болгон учурда, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө арыз берет.
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө арыз бергенге чейин бул үй-бүлөнүн бардык балдарына ай сайын берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулудайындалган.
Мындай учурда, жаран эң кичүү баласы үчүн “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун ала алат. Мында, жаран ай сайын берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” же “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулунун бирөөсүн тандоосу зарыл. Эгерде жаран “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун тандаса, анда бешинчи баласына дайындалган ай сайын берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу токтотулуп, талап кылынган бардык документтер бар болгон учурда, үй-бүлөнүн бешинчи баласына “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу дайындалат.
Жарандын калган балдарында ай сайын берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуу укугу сакталат.
3-мисал:
Эгерде, алты баласы бар жаран (үй-бүлө) жашаган жери жана турган жери боюнча каттоо эсеби жана жашаган жери боюнча “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасында алыскы жетүүгө кыйын зоналарда каттосу бар болуп, бирок иш жүзүндө бул калктуу конушта жашабаса, анда ал “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алууга укугу жок.
4-мисал:
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулуна үй-бүлөнүн ата-энесинин бири кайрылат. Үй-бүлө жетүүгө кыйын болгон калктуу конушта туруктуу жашайт жана жашаган жери боюнча каттоодо турат, ошондой эле “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасында жашаган жери боюнча катталган. Үй-бүлөнүн энеси үч баланы төрөп тарбиялаган. Бирок, экинчи баласы 4 жашында өлгөн, ал эми үчүнчү баласы 3 жашка чыгалек.
Мындай учурда, өлгөн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болсо, эне үчүнчү баласына “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулуна арыз берүүгө укуктуу.
Жобонун 11-пункттун 2-пунктчасына ылайык, өлгөн (экинчи) баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо, үй-бүлөнүн үчүнчү баласы “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алууга укугу жок.
4. Биринчи/экинчи баладан кийин эгиз/үч эм жана андан көп бала төрөлгөндө “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу үчүнчү жана андан кийинки ар бир балага дайындалат.
1-мисал:
Бийик тоолуу аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаган, үч улуу баласы бар, алардын үчүнчүсү 3 жашка толо элек жана 2025-жылдын 26-ноябрында төрөлгөн үч эм балдары бар жаран (үй-бүлө) “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого арыз берүүнү каалайт.
Бул үй-бүлө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарына кирбегендиктен, балдардын ата-энелери буга чейин ай сайын берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоого кайрылышкан эмес.
Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл документтер болгон учурда жана жаран (үй-бүлө) тарабынан “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө ар бир балага өзүнчө арыз берилген шартта, башкача айтканда “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу үчүнчү балага жана үч эмдерге өзүнчө дайындалат, анын жалпы суммасы 12 000 сомду (балдардын саны * жөлөк пулдун өлчөмү = жалпы сумма) түзөт.
2-мисал:
Үй-бүлө бир баланы тарбиялап жаткан, эми эгиз төрөлүп, үй-бүлөдө үч бала болуп калды. Мындай учурда, “бийик тоолуу аймактардын
жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу үчүнчү баласы болуп саналган
эгиздердин бирине дайындалат.
3-мисал:
Үй-бүлө эки баланы тарбиялап жаткан, эми эгиз төрөлүп, үй-бүлөдө төрт бала болуп калды. Мындай учурда, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу үчүнчү жана төртүнчү бала деп эсептелген эки балага дайындалат.
5. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого арыз берүүчү тарабынан төмөнкүдөй арыз берилет:
1) “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары – “Түндүк” ВЭӨС) аркылуу, Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин сканерленген көчүрмөлөрүн тиркөө жана электрондук арыз бергенде автоматтык түрдө (эгерде бар болсо) “Түндүк” ВЭӨСтө көрсөтүү менен же “Түндүк” ВЭӨСтө жок болгон учурларда – сканерден өткөрүү жана электрондук арызга тиркөө менен, электрондук форматта;
2) эгерде “Тундук” ВЭӨСтү колдонуу мүмкүн болбогон учурда, арыз берүүчү жашаган жери боюнча Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен түздөн-түз социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөргө арыз берүүгө укуктуу.
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого кайрылган учурда, ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 1-тиркемесине ылайык арыз толтурулат.
6. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого кайрылган ата-эненин бири (асырап алуучу/камкорчу) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон учурда, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар ата-энеге (асырап алуучуга/камкорчуга) таризделет.
Эгерде, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулуна Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок ата-эне (асырап алуучу/камкорчу) кайрылса, мындай учурда жашап турууга уруксат милдеттүү түрдө талап кылынат.
Эгерде, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулуна кайрылман статусу бар ата-эне (асырап алуучу/камкорчу) кайрылса, анда мындай учурларда кайрылмандын ырастамасы милдеттүү түрдө талап кылынат.
Эгерде ата-энеси (асырап алуучу/камкорчу) ооруп калса же иш жүзүндө жашаган жеринен убактылуу чыгып кетсе, арызды жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык таризделген ишеним катты ишенимдүү адам бере алат.
Эгерде “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулуна асырап алуучу же камкорчу кайрылса, анда ал эки баланын мыйзамдуу өкүлү болууга тийиш, башкача айтканда, анын тарбиясында өзүнүн/асырап алган/камкордукка алынган эки жана андан көп балдары болушу керек, ал эми “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого арыз берилген асырап алынган же камкордукка алынган 3 жашка чейинки бала, асырап алуучунун/камкорчунун үчүнчү/кийинки асырап алынган/камкордукка алынган баласы болууга тийиш.
1-мисал:
Аял “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого кайрылган. Арыз берүүчү жана анын мектеп жашындагы балдары Кыргыз Республикасынын жарандары. Аялдын жолдошу (балдардын атасы) Тажикистан Республикасынын жараны. Мындай учурда “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу балдардын энесине таризделет.
Эгерде, жөлөкпулга атасы кайрылса, анда ал жашап турууга уруксат уруксат кагазын бериши керек болчу.
2-мисал:
2 жаштагы баланын энеси чет өлкөгө дарыланууга убактылуу кетип жатып, баланын тайэнесине - өзүнүн энесине ишеним кат тариздеген. Ошол эле учурда энеси менен баласы бийик тоолуу зоналарда жайгашкан калктуу конушта катталган жана иш жүзүндө жашайт, ал эми тайэнеси бул критерийлерге тиешеси жок райондо катталган жана иш жүзүндө жашайт. Бирок, тайэнеси кызынын дарылануу мезгилинде баланын иш жүзүндө жашаган жерине көчүп келет. Мындай учурда, тайэнеси “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулуна, жөлөкпул дайындала турган баланын иш жүзүндө жашаган жери боюнча кайрылышы керек.
7. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган жарандар (үй-бүлөлөр), 3 жашка чейинки үчүнчү жана андан кийинки балдарына “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого кайрылууга укуктуу. Мында, жарандар бул балдарына “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуудан баш тартуусу зарыл. Башкача айтканда, жарандар жөлөкпулдун эки түрүнөн бирин: “үй-бүлөгө көмөк” же үчүнчү жана андан кийинки ар бир балага алар 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун тандоосу зарыл.
Мисалы:
Эгерде, жарандар (үй-бүлө) эки баласына ай сайын берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алып жатып, үчүнчү баласы төрөлсө, мында жарандар (үй-бүлө) үчүнчү баласына, ал 3 жашка чыкканга чейин жөлөкпулдун эки түрүнөн бирин: ай сайын берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” же “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун тандоого укуктуу. Ай сайын берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алып жаткан улуу балдары (мурунку эки баласы), “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алууну мурдагы тартипте улантышат.
8. Арызды кабыл алуудан мурун, арыз ээси тарабынан берилген бардык документтердин бар экендигин текшерүү керек. Эгерде, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн зарыл болгон бир эле документ жетишсиз болсо, арыз кабыл алынбайт.
Эгерде, арыз берүүчүлөрдүн бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашагандыгы тууралуу маалыматтарды кошумча тастыктоо зарылчыгы болгон учурларда, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөрү электрондук документ жүгүртүү системасы (ЭДС) аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга суроо-талаптарды жиберет.
Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөрдөгү стенддерде “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого толтурулган арыздын үлгүсү илинип турушу керек.
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого кайрылган күн болуп, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого бардык керектүү документтери менен арызкабыл алынган күн эсептелет.
Электрондук арыз берүүдө, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого кайрылган күн болуп, арыз “Түндүк” ВЭӨСтө катталган күн эсептелет.
Арыз ээсине арызды кабыл алуу жөнүндө кабарлоону берүү/жөнөтүү “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо, төлөө жана төлөөнү токтотуу шарттары жөнүндө маалымдоонун милдеттүү шарты болуп саналат. Ошондой эле кабарлоо арыз ээсине “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу кандай шарттарда бериле тургандыгы жөнүндө эскертүү болуп саналат.
Арызды кабыл алуудан баш тарткан учурда, арыз ээсине “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун кабыл алуудан баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен, баш тартуу тууралуу тил кат-кабарлоо берилет.
Түшүндүрмө:
Мисалы, 2025-жылдын12-январында “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого, кайрылмандын ырастамасынан тышкары, жөлөкпул дайындоо үчүн бардык зарыл документтерди берген аял кайрылат. Мындай учурда аялдын кайрылуусу ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 2-тиркемесине ылайык “Мамлекеттик жөлөкпулдар маселелери боюнча консультацияларды каттоо журналында”катталат.
Бир күн өткөндөн кийин 2025-жылдын 13-январында аял кайрылмандын ырастамасын берет, андан кийин ага “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулуна арыздын бланкы берилет. Жөлөкпулга кайрылган күн болуп 2025-жылдын 13-январы, б.а. бардык керектүү документтер берилген күн болуп эсептелет. 9. Арыз ээсине мамлекеттик жөлөкпулдарды берүү маселелери боюнча консультация берүүдө социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн автоматташтырылган маалыматтык системасындагы (мындан ары – АМС)“Мамлекеттик жөлөкпулдар маселелери боюнча консультацияларды каттоо журналына”каттоо жүргүзүлөт.
Консультацияларды каттоо социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө кайрылган арыз ээлеринин эсебин алуу, ошондой эле жөлөкпулдарды дайындоо боюнча адистерге (мындан ары – адис) жүктөмдү белгилөө үчүн зарыл.
10. Мамлекеттик органдар менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуулар түзүлгөнгө чейин, алар арыз ээлери жөнүндө керектүү маалыматтарды берүүнүн алкагында, иш талапкер тарабынан берилген маалымкаттардын жана документтердин көчүрмөлөрүнүн негизинде түзүлөт.
Жогоруда аталган макулдашууларга кол коюлгандан жана күчүнө киргенден кийин, макулдашууга кол коюлган мамлекеттик органдар тарабынан берилген арыз ээлеринин маалымкаттары талап кылынбайт, мамлекеттик органдардан маалыматтар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу келип түшөт. Мында документтер АМС базасынан басылып чыгарылат жана ишке тиркелет.
11. Мамлекеттик органдар менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуулар түзүлгөндөн кийин, алар арыз ээлери жөнүндө керектүү маалыматтарды берүүнүн алкагында, электрондук иш мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн зарыл болгон жана мамлекеттик органдардан суралган, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жолу менен же ведомство ичиндеги маалымат алмашуу жолу менен суралган электрондук документтерден түзүлүшү керек.
Санариптештирилбеген же ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуулар түзүлбөгөн мамлекеттик органдардан берилген документтер гана сканерлөөгө тийиш.
12. Ишти АМСте каттоо ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 3-тиркемесине ылайык “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулду дайындоого арыздарды каттоо журналында” жүргүзүлөт.
Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдынавтоматташтырылган маалыматтык системасындагы маалымат базасын каттоо жана толтуруу Социалдык камсыздоочөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматтар базасын түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин караган, бекитилген Нускамага ылайык ишке ашырылат.
3. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого документтерди тариздөө тартиби
13. Бардык кабыл алынган иштер, анын ичинде баш тартылган иштер
боюнча дагы, дайындалган иштер боюнча дагы маалыматтар электрондук арыздарды түзүү үчүн АМСке киргизилет. Мында баш тартылган иштер боюнча арыз ээсине “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулду дайындоодон баш тартуунун себеби көрсөтүлөт.
14. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпул алуучунун башка жакта жашаган жерин аныктоо, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулга талапкер адам жөнүндө маалыматтарды (жеке идентификациялык номер) киргизүүдө автоматтык режимде жүргүзүлөт.
Эгер система социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башка аймактык бөлүмдө “үй-бүлөгө көмөк” жана “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулдун төлөнүп жаткандыгы жөнүндө маалымдабаса, анда АМСке каттоо улантылат жана тиешелүү түрдө, арыз ээсине кайрылган жери боюнча “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу дайындалат.
Эгерде арыз ээси “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулуна кайрылып жатып, аны башка даректен алып жаткандыгын жашырса (башка даректен ушул жөлөк пулду алып жаткандыгы жөнүндө арызында көрсөтпөсө), ошондой эле система учурдагы төлөмдүн бар экендиги жөнүндө кабарласа, анда бул кайрылган жери боюнча “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
15. Эгерде арыз ээси “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алып жаткандыгын жана ал аны бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган башка жери боюнча ала тургандыгын маалымдаса, бирок жөлөкпулду иш жүзүндө жашаган жаңы бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конушка которууну кааласа, ошондой эле система бул фактты кабарласа, бул учурда адис арыздын негизинде, ушул Усулдуккөрсөтмөлөрдүн 4-тиркемесине ылайык, АМСте суроо-талап түзөт. Андан кийин суроо-талап басып чыгарылат жана социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн башчысынын колу коюлат, эгерде ал жок болсо – социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн башчысынын орун басары кол коюп, чыгыш кат алышуу журналына катталат жана сканерден өткөрүлгөн нускасы АМС почтасы аркылуу “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу мурдагы дайындалган жери боюнча социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө жөлөкпулдун алынбай калган (же ашыкча төлөнгөн) суммасын алуу жана тактоо үчүн жөнөтүлөт.
Адис АСМ почтасы аркылуу мурдагы дайындалган жеринен колдонуудагы дайындоону алып салуу жөнүндө суроо-талапты алып, кабыл алынган суроо-талапты басып чыгарат, аны өздүк ишине тиркейт жана белгиленген тартипте төлөөнү токтотуу процессин демилгелейт. Мында, ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 5-тиркемесине ылайык кошумча аттестаттын электрондук формасын түзөт, анда төлөөнүн акыркы мөөнөтү жана жаңы дайындоо жери боюнча төлөнүүгө/кармалууга тийиш болгон “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулунун алынбай калган/ашыкча төлөнгөн суммасы көрсөтүлөт. Кошумча аттестат басып чыгарылат, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн башчысы, ал жок болсо – социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн башчысынын орун басары кол коюп, чыгыш кат алышуу журналына катталат, сканерден өткөрүлөт жана суроо-талапты алган учурдан тартып 2 жумушчу күндүн ичинде “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу дайындалган жаңы жерге АМС аркылуу жиберилет.
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алуучулар боюнча кошумча аттестаттын түп нускасы жөлөкпул алуучунун өздүк ишине (архивде сакталуучу) тиркелет.
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун жаңы жашаган жери боюнча дайындоо, аталган жөлөкпулду мурунку дайындалган жеринен суроо-талапка жооп алынган күндөн тартып эки жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт. Суроо-талапка өз убагында жооп берүү жана жаңы жашаган жери “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого социалдык камсыздоо тармагындагы тиешелүү аймактык бөлүмдөрдүн адистери жооптуу.
Баланын ата-энесинин бири (атасы) иш жүзүндө бир региондо, ал эми башка ата-энеси (энеси) башка региондо жашаган учурларда, мисалы, атасы Ош облусунун Чоң-Алай районунда, энеси Нарын облусунун Ат-Башы районунун Бирдик айылында жашаса, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу балдары менен чогу жашаган (аларбийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган учурда) ата-эненин иш жүзүндө жашаган жери боюнча дайындалат. Мында, экинчи ата-эненин жашаган жеринен АМС аркылуу “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө суроо-талап жүргүзүлөт. Эгерде жөлөкпул экинчи ата-эненин жашаган жери (катталган жери) боюнча жана “Санарип аймак”АМСте катталган каттоо эсеби боюнча дайындалган болсо, анда ай сайын берилүүчү жөлөкпулду АМС аркылуу алуу жол-жобосу жүргүзүлөт жана жөлөкпул биринчи ата-эненин иш жүзүндө жашаган жери боюнча кайра дайындалат.
16. Арыз ээсинин жасалма документ бергендиги аныктоо фактысы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда жана калктын каттоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөрдө берилген документтердин аныктыгын тактоо максатында кайчылаш текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда ишке ашырылат. Эгерде арыз ээси тарабынан берилген документ кайчылаш текшерүүдө белгиленген маалыматка ылайык келбесе, берилген документ жасалма болуп эсептелгендигинин фактысын констатациялоо жүргүзүлөт. Бул учурда арыз ээсине “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоодон баш тартылат.
Ошондой эле АМС аркылуу электрондук арыздарды түзүүдө “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу дайындала турган адам мамлекеттин толук камсыздоосунда экендиги аныкталышы мүмкүн. Бул учурда, ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн мурдагы пунктундагыдай эле, толук мамлекеттик камсыздоодо турган адамды табуу жөлөкпул алууга талапкер адам жөнүндө маалыматтарды (жеке идентификациялык номер) киргизүүдө автоматтык режимде жүргүзүлөт.
Мисалы:
Арыз ээси балага “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпул дайындоого арыз бергенде, адис социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнө бул бала/балдар мамлекеттик же муниципалдык балдар интернаттык мекемесинде толук мамлекеттик камсыздоодо турабы деген маалыматтарды алуу жөнүндө суроо-талап бериши керек. Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү “Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин маалыматтык-аналитикалык системасы” аркылуу бала/балдар жөнүндө бул маалыматты текшерүүнү жүргүзөт. Эгерде бала мамлекеттин толук камкордугунда экендиги аныкталса, анда жөлөкпулду дайындоодон баш тартуу керек.
4. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоонун жана эсептөөнүн тартиби
17. Арыз кабыл алынган күндөн тартып адиске төмөнкүлөр үчүн убакыт берилет: арыз ээси жөнүндө маалыматтарды АМС маалымат базасына киргизүүгө, интеграция аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга (зарыл болгон учурда электрондук документ жүгүртүү системасы (ЭДС) жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөр аркылуу жок же тактоо талап кылынган документтер жана маалыматтар боюнча суроо-талаптарды жүргүзүү жөлөкпул дайындалып жаткан балдардын мамлекеттик камсыздандырууда болгондугун/же болбогондугун, ошондой эле аларга ай сайын берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк”жана “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөкпулдардынбашка социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөрүндө дайындалгандыгын/же дайындалбагандыгын, жана бул түрдөгү жөлөкпулду дайындоого протокол түзүүгө.
Жогоруда көрсөтүлгөнбардык аракеттер арыз катталган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде ишке ашырылууга тийиш.
18. Мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо/ дайындоодон баш тартуу жөнүндө кабарлоо АМСте автоматтык түрдө түзүлөт жана басылып чыгарылат. Басылган кабарлоолорго социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн башчысы, ал жок учурда аны алмаштыруучу адам кол коет (эгерде арыз кагаз жүзүндө кабыл алынса).
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо/дайындоодон баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечим жөнүндө билдирүү арыз ээсине чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде, төмөнкүлөр аркылуу билдирилет:
1) арыз электрондук түрдө берилгенде “Түндүк” ЭВӨС;
2) смс-билдирүү же арыз ээсинин электрондук почтасына жооп жөнөтүү (кагаз түрүндө арыз бергенде арыз ээси тарабынан көрсөтүлгөн маалымдоо ыкмасын тандоого жараша).
Мисалы:
Жөлөкпулду дайындоо жөнүндө чечим 2025-жылдын 19-январында кабыл алынган. Бул учурда арыз ээсине 2025-жылдын 19-январында же 20-январында кабыл алынган чечим жөнүндө кабар берилиши керек.
Эгерде жөлөкпул дайындоого арызда электрондук почтанын дареги көрсөтүлгөн болсо, анда билдирүү сканерден өткөрүлөт жана арыз ээсине электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. Мында адис арыз ээсине кабарлама жөнөтүлгөндүгү тууралуу скриншот жасайт. Кабарламанын түп нускасыжана басылган скриншот өздүк ишине тиркелет.
Арыз ээсинде электрондук почта жок болгон учурда адис мобилдик телефон байланышы (смс-билдирүү) аркылуу арыз ээсине жөлөкпул дайындалгандыгы же жөлөкпул дайындоодон баш тартылгандыгы жөнүндө маалымдайт. Мында арыз ээсине социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмүнүн иш убагында, өзүнө ыңгайлуу болгон каалаган убакта келип, билдирүүнү колмо-кол ала тургандыгы жөнүндө маалымдалат.
Арыз ээси менен электрондук почта же телефон байланышы (смс-билдирүү) аркылуу байланышуу мүмкүн болбогон учурда, же арыз ээси кабарлоону колмо-кол алуу мүмкүн эместиги жөнүндө билдирген учурда билдирүү почта байланышы аркылуу жөнөтүлөт.
Дайындалган жөлөкпулдун ар бир түрүнө өзүнчө билдирүү түзүлөт.
Мисалы:
Урматтуу | Асанова Алия Асановна | ||
| (арыз ээсинин аты-жөнү) | ||
Жумгал | райондук/шаардык эмгек, социаллык камсыздоо жана миграция башкармалыгы | ||
(аталышы) |
| ||
Сизге дайындалганын билдирет |
“бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу | ||
| (мамлекеттик жөлөкпулдун түрүн көрсөтүү керек) | ||
2025-жылдын 1-февралынан 2028-жылдын 31-ноябрына чейин 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө. | |||
Акча каражаттары сиздин банк эсебиңизге которулат. | |||
Жөлөкпулду дайындоо тууралуу чечим кабыл алынды | 2025-жылдын 19-январы | ||
| (күнү, айы, жылы) | ||
|
|
|
|
19. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жана дайындоодон баш тартуу жөнүндө кабарлоолор ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 6-тиркемесине ылайык форма боюнча “Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана дайындоодон баш тартуу жөнүндө кабарлоолорду каттоо журналында” катталат.
20. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу кайрылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн баштап, балдар 3 жашка чыкканга чейин дайындалат.
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 7-тиркемесине ылайык “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо протоколу менен таризделет.
21. Социалдык камсыздоочөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн адиси “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч/беш жумушчу күндүн ичинде, АМСбазасында төмөнкүлөрдү түзөт:
1) социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен келишим түзгөн банкта ачылган, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулуна ай сайын берилүүчү жөлөкпулду төлөө үчүн акча каражаттарын накталай эмес формада которууга “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөкпулун алуучунун эсебине каражаттарды которуу жолу менен электрондук табыштама түзөт;
2) төлөм тапшырмасын түзөт;
3) табыштаманы жана төлөм тапшырмасын “Казна бюджет”автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизет, андан кийин социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы аркылуу “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алуучунун эсебине каражаттарды чегерүү үчүн төлөмдү бекитет;
4) банкка социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формада электрондук жана кагаз түрүндө “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алуучулардын эсептерине акча каражаттарын чегерүүгө
коштомо каты менен кошо жыйынды ведомостту жөнөтөт;
5) каталар табылган учурда, каталарды оңдоо үчүн арызды кайтарып берет;
6) табыштаманы жана төлөм тапшырмасынын туура жана өз убагында түзүлүшү үчүн жоопкерчилик тартат.
22. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулдун өлчөмүн кайра эсептөө белгиленген тартипте жөлөкпулдун жаңы өлчөмү аныкталган учурда тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен жүргүзүлөт.
23. Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен башка дата аныкталбаса, жөлөкпулду жаңы өлчөмдө дайындоо өзгөрүүлөр болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып жүргүзүлөт.
24. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулдун өлчөмүн кайра эсептөө АМСке жаңыланган маалыматтар киргизилгенден кийин автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Жаңы өлчөмдөгү жөлөкпул, эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен башка дата белгиленбесе, өзгөрүүлөр болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып дайындалат.
5. Мониторинг жана жоопкерчилик
25. Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн жетекчиси “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого жана төлөөгө, арыздардын талаптагыдай каралышына мониторинг жүргүзөт жана көзөмөлдөйт.
26. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун туура эмес дайындоого алып келген, жалган маалымат берген адамдар, ошондой эле “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун туура эмес дайындоого жана төлөөгө күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына же жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
27. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алуучулар жашаган жери өзгөргөндө жана ушул жөлөкпулду алуу укугуна таасир этүүчү башка жагдайлар пайда болгондо, алуучу бул жөнүндө социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө 5 календардык күндүн ичинде өз убагында кабарлоого жооптуу болушат.
28. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун төлөөнүн даректүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү максатында, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан квартал сайын “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алуучу үй-бүлөнүн/адамдын бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашагандыгы жана
жөлөкпул алуучу менен баланын (балдардын) чогуу жашагандыгы жөнүндө
маалыматты тактоо үчүн текшерүүлөр жүргүзүлөт.
29. Эгерде “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу дайындалган үй-бүлөнү/адамды текшерүүнүн жүрүшүндө алуучу тарабынан Жобонун 7-пунктунда баяндалган талаптар бузулгандыгы аныкталса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнүн жана кошуналарынын катышуусунда акт түзүлөт, андан кийин “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун төлөө токтотулат.
30. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун төлөө токтотулган учурда, ашыкча төлөнгөн сумма Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө”Мыйзамынын 15-беренесинин 4 жана 5-бөлүгүнө ылайык үй-бүлөдөн/адамдан өндүрүлүп алынат.
|
| “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөрүнө 1-тиркеме |
________________________ ЭСКМБ начальнигине
Арыз № ____________________ 2025-ж.« ___ » ________
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун (БТК) дайындоону суранам жана баланын ЖИНин берип жатам. Бул арызда мен көрсөткөн бардык маалыматтарым толук жана чындыкка дал келеерин далилдейм. Мен жеке маалыматтарымды, колдонуугагы мыйзамдардын чегинде, иштетүүгө макулдугумду берем. Эгерде БТКнын токтотулушуна алып келген кандайдыр бир жагдайлар пайда болсо, (“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобонун 27 пунктуна ылайык) мен беш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу аймактык социалдык камсыздоо органына кабарлоого милдеттенем.
Мен жалган маалымат бергендигим үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылаарым тууралуу маалымдалганымды ырастайм. Мага БTK төлөмүн дайындоо, төлөө жана төлөөнүн токтотуунун шарттары түшүндүрүлдү.
Мен арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүү алдым.
Арыз берүүнүн датасы: |
| |
Алуучунун категориясы: |
| |
Алуучунун түрү: |
| |
Баланын төрөлүү тартиби:: |
| |
Үй-бүлөлүк статус: |
| |
Зонанын статусу: |
| |
БТК алуучу тууралуу маалымат: |
| |
– ЖИН: |
| |
– Аты-жөнү: |
| |
– Паспорттун сериясы жана номери: |
| |
– Туулган күнү, айы жана жылы: |
| |
– Ким берген: |
| |
– Курагы: |
| |
– Берилген күнү: |
| |
– Жашаган жери боюнча катталган дареги (шаар (айыл өкмөтү), көчө, үй, батир): |
| |
– Иш жүзүндө жашаган жеринин дареги (шаар (айыл өкмөтү), көчө, үй, батир): |
| |
– Эсеп ачылган банктын аталышы (Айыл Банк, Элдик Банк): |
| |
– Банк эсебинин номери: |
| |
– уюлдук телефондун номери: |
| |
–электрондук почтанын дареги: |
| |
Мурунку балдар тууралуу маалымат: |
| |
№ пп, Аты-жөнү, ЖИН, туулган жылы: | 1. | |
№ пп, Аты-жөнү, ЖИН, туулган жылы: | 2. | |
№ пп, Аты-жөнү, ЖИН, туулган жылы: | 3 | |
БTK дайындалган бала жөнүндө маалымат: |
| |
– ЖИН: |
| |
– Аты-жөнү: |
| |
– Жынысы: |
| |
– Туулган күнү, айы жана жылы: |
| |
– Курагы: |
| |
– Туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн номери: |
| |
– Күбөлүк берилген датасы: |
| |
Камкорчулук/асырап алуу жөнүндө соттун чечими жөнүндө маалымат: |
| |
– Соттун чечиминин номери: |
| |
– Берилген күнү: |
| |
– Берген орган: |
| |
Арыз берүүчүнүн колу: |
| |
Арызды кабыл алган ЭСКМБнын адиси: |
|
|
(Аты-жөнү) | (колу) | |
БИЛДИРҮҮ
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө
Урматтуу_________________________________________________________________
(Арыз ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты (толугу менен толтурулат)
____________________________________шаар, район, райондор аралык ЭСКМБ
(аймактык башкармалыктын аталышы)
Сизге ___________________балаңызга__________ сом өлчөмүндө “бийик тоолуу
(баланын аты-жөнү көрсөтүлөт)
аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпул дайындалгандыгын билдирет.
БTK жөлөкпул үчүн каражаттар Сиздин банк эсебиңизге которулат.
ЭСКМБ адиси |
|
|
| «___»__202__ ж. | ||
| (колу) |
| (аты-жөнү) |
| ||
Арыз берүүчүнүн колу |
|
|
| «___»__202__ ж. | ||
|
|
|
|
|
|
|
ТИЛ КАТ - БИЛДИРҮҮ
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпул дайындоодон баш тартуу тууралуу

_____________________________шаардык, райондук, райондор аралык ЭСКМБ
(аймактык башкармалыктын аталышы)
Ушул менен, Сиздин “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпул дайындоо жөнүндө арызыңыз төмөнкү себептерден улам кабыл алынган эместигин билдиребиз: ______________________________________________________________________________________________________________________________________________________
(баш тартуунун себебин көрсөтүү)
жана журналда катталды.
ЭСКМБ адиси |
|
|
|
«___»___202__ ж. | |||
| (колу) |
| (аты-жөнү) |
| |||
Арыз берүүчүнүн колу |
|
|
| «___»__202__ ж. | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөрүнө 2-тиркеме |
Мамлекеттик жөлөкпулдар маселелери боюнча консультацияларды каттоо
ЖУРНАЛЫ
№ | Консульта-ция алууга кайрылган күн | Арыз берүүчүнүн аты жөнү | Арыз берүүчүнүн иш жүзүндө жашаган дареги | Арыз берүү-чүнүн байла-ныш номуру | Жөлөк-пул алууга укук-туубу (ооба же жок деп көрсө-түңүз) | Консуль-тацияга кеткен убакыт (мүнөттөр менен) | Консуль-тация берген адистин аты-жөнү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөрүнө 3-тиркеме |
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого арыздарды каттоо журналы
№ к/н | Аты-жөнү | Арызды кабыл алуу күнү | Алуучулардын саны | Жөлөкпулдардын чегерилген суммасы | |
Балдардын саны | Сумма (сом) | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөрүнө 4-тиркеме
|
Чыг. №_____________________ |
|
|
“____”_____________ 20____ ж. |
|
|
|
| _________________________________________ Райондор аралык, райондук/шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы |
Суроо-талап № _____ «____»_____________ 20____ ж. | |||
_______________________________________________________________________ЭСКМБ ЭСКМБнын аталышы | |||
Сизден “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” (БTK) жөлөкпулун төлөөнү токтотууну суранат | |||
жаран ________________________________________________________________________, паспорт № ______________ | |||
сериясы________________ берилген күнү_______________________________, ИЖН ____________________________, | |||
жаран БTK жөлөкпулун дайындоо үчүн _________________________________________ЭСКМБ иш жүзүндө жашаган дареги боюнча кайрылгандыгына байланыштуу. | |||
|
|
|
|
Ошондой эле, төмөнкүлөрдү жөнөтүүңүздү суранабыз: |
| ||
Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу БТК алуучунун өздүк ишин жана кошумча аттестатын | |||
ЭСКМБ башчысы ________________________________ М.О. |
| ||
|
| “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөрүнө 5-тиркеме | ||||||
|
|
| ||||||
Чыг. №____«____»__ 20__ж. |
|
| ||||||
|
| _________________________________________ Райондор аралык, райондук/шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы | ||||||
|
| мамлекеттик жөлөкпул алуучунун арызынын негизинде | ||||||
|
| _________________________________________ аты-жөнү | ||||||
|
| Суроо-талап № _____ «____»__________. 20____ ж ЭСКМБнан суроо-талап келип түшкөн болсо, толтурулат | ||||||
КОШУМЧА АТТЕСТАТ |
| |||||||
________________________________________________________________________ЭСКМБ ЭСКМБнын аталышы |
| |||||||
төмөнкүнү билдирет, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алуучуга |
| |||||||
_______________________________________________________________________________ аты-жөнү |
| |||||||
Мурда жашаган _______________________________________________________________________________ дареги |
| |||||||
жөлөкпул төлөнүп берилди _______________________________________________________________________________ кайсы күнгө жана айга чейин |
| |||||||
ай сайынкы суммада _______________________________________________________________________________ сандар жана сөздөр менен |
| |||||||
жөлөкпулдун аз төлөнгөн (ашыкча төлөнгөн) суммасы _______________________________________________________________________________ сандар жана сөздөр менен |
| |||||||
20____-жылдын ________________________________айлары үчүн. |
| |||||||
ЭСКМБ начальниги ____________________ колу________________ |
|
| ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
М.О.
|
| “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөрүнө 6-тиркеме |
Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана дайындоодон баш тартуу жөнүндө кабарлоону каттоо ЖУРНАЛЫ
№ | Арыз берүүчүнүн аты-жөнү | Жөлөкпулду дайындалган-дыгы/ дайындалбаган-дыгы тууралуу белги | Баш тартуунун себеби (жөлөкпулдан баш тарткан учурда толтурулат) | Телефон байланышы аркылуу арыз ээсине маалымдоо күнү | Арыз берүүчүгө маалымдаган адистин колу | Кабарлоо жөнөтүлгөндүгү жөнүндө белги ( * ) | Кабарлоо жөнөткөн адистин колу |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(*) 7-графага кабарлоо жөнөтүлгөн дата коюлат жана кабарлоо кайсы ыкма менен жөнөтүлгөндүгү көрсөтүлөт:
-электрондук почта аркылуу;
- өз колуна;
- почта байланышы аркылуу.
|
| “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөрүнө 7-тиркеме |
|
|
|
___________________________________________________________________ | ||
(райондор аралык, шаардык жана райондук башкармалыгынын аталышы көрсөтүлөт) | ||
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөкпулун дайындоого
№ ______ ПРОТОКОЛ
Алуучунун аты-жөнү _________________________________________________________________ |
Дареги _________________________________________________________________ № п/бөлүмү________________ |
Телефондор: үйдүн № _____________ жумушунун № __________________ уюлдук № _____________________ |
Паспорт (инсандыгын ырастоочу док.): серия ________ № ___________ Берилген күнү _____________ дата _______________ |
Алуучунун жеке идентификациялык номери _________________________ Алуучунун кесибинин түрү ________________________________________________________________ |
Протоколго маалыматтар (жөлөкпул алууга укугу бар бала)
№ | Аты-жөнү | Жынысы (эркек - 2, аял - 1) | Туулган күнү (толук жазылат) | Баланын идентификациялык жеке номери | Туугандык мамиле | Үй-бүлөдөгү канчанчы бала |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Арыз берүү датасы _______________ | Жөлөкпул дайындоонун датасы _____________ | ||
Кабыл алды __________________________ (фамилиясы толугу менен, колу) | Дайындады ____________________________________________ (фамилиясы толугу менен, колу) | ||
Банктын аталышы _________________ | Эсептик номери _____________________________ | ||
ЧЕЧИМ
| |||
1. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” (БТК) жөлөкпулун __________ балага________________ сом өлчөмүндө дайындалсын | |||
«____»__________________ 20___ жылдан тартып «___»___________ 20___ жылга чейин | |||
Дайындоо боюнча бөлүм башчысы ____________________________________ (толук аты-жөнү, колу) |
Төлөм боюнча бөлүм башчысы _______________________________________ (толук аты-жөнү, колу) | ||
ЭСКМБнын башчысы ____________________________________ (толук аты-жөнү, колу) М.О. |
дата ________________________ |
| |
2. БТК жөлөкпулун _______ адамга ______________________сом суммасында кайра эсептелсин | |||
негизинде _____________________________________________________________________________ | |||
«____»__________________ 20___ жылдан тартып «___»__________ 20___ жылга чейин | |||

Төлөм боюнча бөлүм башчысы ________________________________________ (толук аты-жөнү, колу) | ||

3. БТК жөлөкпулун _______ адамга ______________________сом суммасында кайра эсептелсин | |||

Дайындоо боюнча бөлүм башчысы ___________________________________ (толук аты-жөнү, колу) | Төлөм боюнча бөлүм башчысы ________________________________________ (толук аты-жөнү, колу) | ||
ЭСКМБнын башчысы ____________________________________ (толук аты-жөнү, колу) М.О. |
дата ________________________ |
| |
|
|
|
|
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 12-декабры № 1
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 1 буйругунун редакциясына ылайык)
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-сентябрындагы № 623 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” токтомун ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөр (мындан ары – Усулдук көрсөтмөлөр) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген Усулдук көрсөтмөлөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды берүү маселелери боюнча практикалык жана усулдук жардам көрсөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери:
1) “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоодо тиркелген Усулдук көрсөтмөлөрдү жетекчиликке алсын;
2) “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү маселеси боюнча маалыматтык материалдарды пайдалануу жана жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу аркылуу, калкка дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алуучу үй-бүлөлөрдүн бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жана жөлөкпул алуучунун “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу чектелген балдар менен бирге жашагандыгына мониторинг жүргүзүүгө социалдык кызматкерлер көмөк көрсөтүүсү белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун туура жана өз убагында дайындоо жана төлөө үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин автоматташтырылган маалыматтык системасынын (мындан ары – АМС) “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо, кайра эсептөө жана төлөө бөлүгүндө үзгүлтүксүз иштөөсүн, ошондой эле кириш жана чыгыш маалыматтарын түзүүнү;
2) АМСтин башка ички ведомстволук маалыматтык системалары (“Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин маалыматтык-аналитикалык системасы”) жана мамлекеттик органдардын маалыматтык системалары менен өз ара аракеттенүүсүн;
3) “Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында” АМСтин маалыматтарын мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча веб-сайттын маалыматтары менен интеграциялоо жана иштетүү мүмкүнчүлүгүн;
4) бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин веб-сайтына жайгаштырууну камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Мамлекеттик социалдык төлөмдөр боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгы:
1) буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин;
2) Ченемдик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн, буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин.
8. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Чечимдерди көзөмөлдөө жана административдик камсыздоо башкармалыгы ушул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
9. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары К.С. Досматовго, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ч. Мамат уулуна жүктөлсүн.
https://mlsp.gov.kg/ru/normativno-pravovaya-baza/ расмий сайтында жарыяланды
Министр |
| К.Л.Сагынбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 31-декабрындагы №1-буйругуна тиркеме |
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого
УСУЛДУК КӨРСӨТМӨЛӨР
1. Жалпы жоболор
(Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 1 буйругунун редакциясына ылайык)
1. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого ушул Усулдук көрсөтмөлөр (мындан ары – Усулдук көрсөтмөлөр) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-сентябрындагы № 623 “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу” токтомун (мындан ары – токтом) ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан жана бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндөн баштап алар 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун (мындан ары – “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу) дайындоо боюнча социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөр) аймактык бөлүмдөрүнүн адистери үчүн практикалык колдонмо болуп саналат.
2. Усулдук көрсөтмөлөр жогоруда аталган токтом менен бекитилген “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобонун (мындан ары – Жобо) айрым ченемдеринин түшүндүрмөлөрү менен, зарыл болгон учурда, конкреттүү мисалдарды камтуу менен түшүндүрүүнү билдирет жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, жогоруда аталган токтомду ишке ашырууну камсыз кылуучу ченемдерди камтыйт.
2.“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө арыз берүүнүн негиздери жана тартиби
3. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды кошпогондо, алардын социалдык-экономикалык абалына жана мамлекеттик жөлөкпулдардын башка түрлөрүн алгандыгына карабастан, бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган жарандар (үй-бүлөлөр) укуктуу:
1) үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала (балдар) төрөлгөндө;
2) 3 жашка чейинки бала (балдар) алуучу менен чогуу жашаган учурда.
1-мисал:
Бийик тоолуу аймакта жайгашкан калктуу конушта туруктуу жашаган, төрт баласы бар, анын ичинен эки баласы 3 жашка чейинки куракта жана балдар менен бирге жашаган жаран (үй-бүлө) үчүнчү жана төртүнчү баласына үч жашка чыкканга чейин ай сайын берилүүчү “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого арыз берүүгө укуктуу. Мында, жарандын жашаган жери жана турган жери (катталган жери) боюнча каттоо эсебинде катталган дареги жашаган жери боюнча “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган дарекке дал келиши керек. “Жарандын жашаган жери жана турган жери боюнча каттоо эсебиндеги дареги, жашаган жери боюнча “Санарип аймак”автоматташтырылган маалыматтык системасындагы дарекке дал келбеген, бирок эки дарек тең бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарга, өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарына кирген бир калктуу конушта жайгашкан учурларды кошпогондо.
2-мисал:
Өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаган жарандын (үй-бүлөнүн) 16 жашка чейинки беш баласы болсо, алардын төртөө 3 жаштан ашкан, ал эми бешинчи баласы 1 жаш 6 айлык болгон учурда, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө арыз берет.
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө арыз бергенге чейин бул үй-бүлөнүн бардык балдарына ай сайын берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулудайындалган.
Мындай учурда, жаран эң кичүү баласы үчүн “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун ала алат. Мында, жаран ай сайын берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” же “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулунун бирөөсүн тандоосу зарыл. Эгерде жаран “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун тандаса, анда бешинчи баласына дайындалган ай сайын берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу токтотулуп, талап кылынган бардык документтер бар болгон учурда, үй-бүлөнүн бешинчи баласына “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу дайындалат.
Жарандын калган балдарында ай сайын берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуу укугу сакталат.
3-мисал:
Эгерде, алты баласы бар жаран (үй-бүлө) жашаган жери жана турган жери боюнча каттоо эсеби жана жашаган жери боюнча “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасында алыскы жетүүгө кыйын зоналарда каттосу бар болуп, бирок иш жүзүндө бул калктуу конушта жашабаса, анда ал “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алууга укугу жок.
4-мисал:
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулуна үй-бүлөнүн ата-энесинин бири кайрылат. Үй-бүлө жетүүгө кыйын болгон калктуу конушта туруктуу жашайт жана жашаган жери боюнча каттоодо турат, ошондой эле “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасында жашаган жери боюнча катталган. Үй-бүлөнүн энеси үч баланы төрөп тарбиялаган. Бирок, экинчи баласы 4 жашында өлгөн, ал эми үчүнчү баласы 3 жашка чыгалек.
Мындай учурда, өлгөн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болсо, эне үчүнчү баласына “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулуна арыз берүүгө укуктуу.
Жобонун 11-пункттун 2-пунктчасына ылайык, өлгөн (экинчи) баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо, үй-бүлөнүн үчүнчү баласы “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алууга укугу жок.
(Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 1 буйругунун редакциясына ылайык)
31. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоонун даректүүлүгүн камсыз кылуу максатында, жарандынжашаган жери жана турган жери боюнча каттоо эсебиндеги дареги жашаган жери боюнча “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасындакатталган дарекке дал келүүсү талап кылынат, жарандын жогоруда аталган эки автоматташтырылган маалымат системасында катталган эки башка дареги бар болуп, бирок бул даректер бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарга, өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарына тиешелүү бир калктуу конушта жайгашкан учурларды кошпогондо.
(Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 1 буйругунун редакциясына ылайык)
4. Биринчи/экинчи баладан кийин эгиз/үч эм жана андан көп бала төрөлгөндө “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу үчүнчү жана андан кийинки ар бир балага дайындалат.
1-мисал:
Бийик тоолуу аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда туруктуу жашаган, үч улуу баласы бар, алардын үчүнчүсү 3 жашка толо элек жана 2025-жылдын 26-ноябрында төрөлгөн үч эм балдары бар жаран (үй-бүлө) “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого арыз берүүнү каалайт.
Бул үй-бүлө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарына кирбегендиктен, балдардын ата-энелери буга чейин ай сайын берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоого кайрылышкан эмес.
Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн зарыл документтер болгон учурда жана жаран (үй-бүлө) тарабынан “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө ар бир балага өзүнчө арыз берилген шартта, башкача айтканда “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу үчүнчү балага жана үч эмдерге өзүнчө дайындалат, анын жалпы суммасы 12 000 сомду (балдардын саны * жөлөк пулдун өлчөмү = жалпы сумма) түзөт.
2-мисал:
Үй-бүлө бир баланы тарбиялап жаткан, эми эгиз төрөлүп, үй-бүлөдө үч бала болуп калды. Мындай учурда, “бийик тоолуу аймактардын
жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу үчүнчү баласы болуп саналган
эгиздердин бирине дайындалат.
3-мисал:
Үй-бүлө эки баланы тарбиялап жаткан, эми эгиз төрөлүп, үй-бүлөдө төрт бала болуп калды. Мындай учурда, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу үчүнчү жана төртүнчү бала деп эсептелген эки балага дайындалат.
5. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого арыз берүүчү тарабынан төмөнкүдөй арыз берилет:
1) “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары – “Түндүк” ВЭӨС) аркылуу, Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин сканерленген көчүрмөлөрүн тиркөө жана электрондук арыз бергенде автоматтык түрдө (эгерде бар болсо) “Түндүк” ВЭӨСтө көрсөтүү менен же “Түндүк” ВЭӨСтө жок болгон учурларда – сканерден өткөрүү жана электрондук арызга тиркөө менен, электрондук форматта;
2) эгерде “Тундук” ВЭӨСтү колдонуу мүмкүн болбогон учурда, арыз берүүчү жашаган жери боюнча Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен түздөн-түз социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөргө арыз берүүгө укуктуу.
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого кайрылган учурда, ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 1-тиркемесине ылайык арыз толтурулат.
6. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого кайрылган ата-эненин бири (асырап алуучу/камкорчу) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон учурда, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар ата-энеге (асырап алуучуга/камкорчуга) таризделет.
Эгерде, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулуна Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок ата-эне (асырап алуучу/камкорчу) кайрылса, мындай учурда жашап турууга уруксат милдеттүү түрдө талап кылынат.
Эгерде, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулуна кайрылман статусу бар ата-эне (асырап алуучу/камкорчу) кайрылса, анда мындай учурларда кайрылмандын ырастамасы милдеттүү түрдө талап кылынат.
Эгерде ата-энеси (асырап алуучу/камкорчу) ооруп калса же иш жүзүндө жашаган жеринен убактылуу чыгып кетсе, арызды жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык таризделген ишеним катты ишенимдүү адам бере алат.
Эгерде “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулуна асырап алуучу же камкорчу кайрылса, анда ал эки баланын мыйзамдуу өкүлү болууга тийиш, башкача айтканда, анын тарбиясында өзүнүн/асырап алган/камкордукка алынган эки жана андан көп балдары болушу керек, ал эми “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого арыз берилген асырап алынган же камкордукка алынган 3 жашка чейинки бала, асырап алуучунун/камкорчунун үчүнчү/кийинки асырап алынган/камкордукка алынган баласы болууга тийиш.
1-мисал:
Аял “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого кайрылган. Арыз берүүчү жана анын мектеп жашындагы балдары Кыргыз Республикасынын жарандары. Аялдын жолдошу (балдардын атасы) Тажикистан Республикасынын жараны. Мындай учурда “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу балдардын энесине таризделет.
Эгерде, жөлөкпулга атасы кайрылса, анда ал жашап турууга уруксат уруксат кагазын бериши керек болчу.
2-мисал:
2 жаштагы баланын энеси чет өлкөгө дарыланууга убактылуу кетип жатып, баланын тайэнесине - өзүнүн энесине ишеним кат тариздеген. Ошол эле учурда энеси менен баласы бийик тоолуу зоналарда жайгашкан калктуу конушта катталган жана иш жүзүндө жашайт, ал эми тайэнеси бул критерийлерге тиешеси жок райондо катталган жана иш жүзүндө жашайт. Бирок, тайэнеси кызынын дарылануу мезгилинде баланын иш жүзүндө жашаган жерине көчүп келет. Мындай учурда, тайэнеси “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулуна, жөлөкпул дайындала турган баланын иш жүзүндө жашаган жери боюнча кайрылышы керек.
7. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган жарандар (үй-бүлөлөр), 3 жашка чейинки үчүнчү жана андан кийинки балдарына “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого кайрылууга укуктуу. Мында, жарандар бул балдарына “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуудан баш тартуусу зарыл. Башкача айтканда, жарандар жөлөкпулдун эки түрүнөн бирин: “үй-бүлөгө көмөк” же үчүнчү жана андан кийинки ар бир балага алар 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун тандоосу зарыл.
Мисалы:
Эгерде, жарандар (үй-бүлө) эки баласына ай сайын берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алып жатып, үчүнчү баласы төрөлсө, мында жарандар (үй-бүлө) үчүнчү баласына, ал 3 жашка чыкканга чейин жөлөкпулдун эки түрүнөн бирин: ай сайын берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” же “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун тандоого укуктуу. Ай сайын берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алып жаткан улуу балдары (мурунку эки баласы), “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алууну мурдагы тартипте улантышат.
8. Арызды кабыл алуудан мурун, арыз ээси тарабынан берилген бардык документтердин бар экендигин текшерүү керек. Эгерде, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн зарыл болгон бир эле документ жетишсиз болсо, арыз кабыл алынбайт.
Эгерде, арыз берүүчүлөрдүн бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашагандыгы тууралуу маалыматтарды кошумча тастыктоо зарылчыгы болгон учурларда, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөрү электрондук документ жүгүртүү системасы (ЭДС) аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга суроо-талаптарды жиберет.
Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөрдөгү стенддерде “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого толтурулган арыздын үлгүсү илинип турушу керек.
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого кайрылган күн болуп, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого бардык керектүү документтери менен арызкабыл алынган күн эсептелет.
Электрондук арыз берүүдө, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого кайрылган күн болуп, арыз “Түндүк” ВЭӨСтө катталган күн эсептелет.
Арыз ээсине арызды кабыл алуу жөнүндө кабарлоону берүү/жөнөтүү “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо, төлөө жана төлөөнү токтотуу шарттары жөнүндө маалымдоонун милдеттүү шарты болуп саналат. Ошондой эле кабарлоо арыз ээсине “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу кандай шарттарда бериле тургандыгы жөнүндө эскертүү болуп саналат.
Арызды кабыл алуудан баш тарткан учурда, арыз ээсине “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун кабыл алуудан баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен, баш тартуу тууралуу тил кат-кабарлоо берилет.
Түшүндүрмө:
Мисалы, 2025-жылдын12-январында “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого, кайрылмандын ырастамасынан тышкары, жөлөкпул дайындоо үчүн бардык зарыл документтерди берген аял кайрылат. Мындай учурда аялдын кайрылуусу ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 2-тиркемесине ылайык “Мамлекеттик жөлөкпулдар маселелери боюнча консультацияларды каттоо журналында”катталат.
Бир күн өткөндөн кийин 2025-жылдын 13-январында аял кайрылмандын ырастамасын берет, андан кийин ага “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулуна арыздын бланкы берилет. Жөлөкпулга кайрылган күн болуп 2025-жылдын 13-январы, б.а. бардык керектүү документтер берилген күн болуп эсептелет.
9. Арыз ээсине мамлекеттик жөлөкпулдарды берүү маселелери боюнча консультация берүүдө социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн автоматташтырылган маалыматтык системасындагы (мындан ары – АМС)“Мамлекеттик жөлөкпулдар маселелери боюнча консультацияларды каттоо журналына”каттоо жүргүзүлөт.
Консультацияларды каттоо социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө кайрылган арыз ээлеринин эсебин алуу, ошондой эле жөлөкпулдарды дайындоо боюнча адистерге (мындан ары – адис) жүктөмдү белгилөө үчүн зарыл.
10. Мамлекеттик органдар менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуулар түзүлгөнгө чейин, алар арыз ээлери жөнүндө керектүү маалыматтарды берүүнүн алкагында, иш талапкер тарабынан берилген маалымкаттардын жана документтердин көчүрмөлөрүнүн негизинде түзүлөт.
Жогоруда аталган макулдашууларга кол коюлгандан жана күчүнө киргенден кийин, макулдашууга кол коюлган мамлекеттик органдар тарабынан берилген арыз ээлеринин маалымкаттары талап кылынбайт, мамлекеттик органдардан маалыматтар ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу келип түшөт. Мында документтер АМС базасынан басылып чыгарылат жана ишке тиркелет.
11. Мамлекеттик органдар менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуулар түзүлгөндөн кийин, алар арыз ээлери жөнүндө керектүү маалыматтарды берүүнүн алкагында, электрондук иш мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн зарыл болгон жана мамлекеттик органдардан суралган, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жолу менен же ведомство ичиндеги маалымат алмашуу жолу менен суралган электрондук документтерден түзүлүшү керек.
Санариптештирилбеген же ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуулар түзүлбөгөн мамлекеттик органдардан берилген документтер гана сканерлөөгө тийиш.
12. Ишти АМСте каттоо ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 3-тиркемесине ылайык “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулду дайындоого арыздарды каттоо журналында” жүргүзүлөт.
Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдынавтоматташтырылган маалыматтык системасындагы маалымат базасын каттоо жана толтуруу Социалдык камсыздоочөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматтар базасын түзүүнүн жана пайдалануунун тартибин караган, бекитилген Нускамага ылайык ишке ашырылат.
3. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого документтерди тариздөө тартиби
13. Бардык кабыл алынган иштер, анын ичинде баш тартылган иштер
боюнча дагы, дайындалган иштер боюнча дагы маалыматтар электрондук арыздарды түзүү үчүн АМСке киргизилет. Мында баш тартылган иштер боюнча арыз ээсине “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулду дайындоодон баш тартуунун себеби көрсөтүлөт.
14. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпул алуучунун башка жакта жашаган жерин аныктоо, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулга талапкер адам жөнүндө маалыматтарды (жеке идентификациялык номер) киргизүүдө автоматтык режимде жүргүзүлөт.
Эгер система социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү башка аймактык бөлүмдө “үй-бүлөгө көмөк” жана “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулдун төлөнүп жаткандыгы жөнүндө маалымдабаса, анда АМСке каттоо улантылат жана тиешелүү түрдө, арыз ээсине кайрылган жери боюнча “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу дайындалат.
Эгерде арыз ээси “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулуна кайрылып жатып, аны башка даректен алып жаткандыгын жашырса (башка даректен ушул жөлөк пулду алып жаткандыгы жөнүндө арызында көрсөтпөсө), ошондой эле система учурдагы төлөмдүн бар экендиги жөнүндө кабарласа, анда бул кайрылган жери боюнча “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
15. Эгерде арыз ээси “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алып жаткандыгын жана ал аны бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган башка жери боюнча ала тургандыгын маалымдаса, бирок жөлөкпулду иш жүзүндө жашаган жаңы бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конушка которууну кааласа, ошондой эле система бул фактты кабарласа, бул учурда адис арыздын негизинде, ушул Усулдуккөрсөтмөлөрдүн 4-тиркемесине ылайык, АМСте суроо-талап түзөт. Андан кийин суроо-талап басып чыгарылат жана социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн башчысынын колу коюлат, эгерде ал жок болсо – социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн башчысынын орун басары кол коюп, чыгыш кат алышуу журналына катталат жана сканерден өткөрүлгөн нускасы АМС почтасы аркылуу “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу мурдагы дайындалган жери боюнча социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө жөлөкпулдун алынбай калган (же ашыкча төлөнгөн) суммасын алуу жана тактоо үчүн жөнөтүлөт.
Адис АСМ почтасы аркылуу мурдагы дайындалган жеринен колдонуудагы дайындоону алып салуу жөнүндө суроо-талапты алып, кабыл алынган суроо-талапты басып чыгарат, аны өздүк ишине тиркейт жана белгиленген тартипте төлөөнү токтотуу процессин демилгелейт. Мында, ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 5-тиркемесине ылайык кошумча аттестаттын электрондук формасын түзөт, анда төлөөнүн акыркы мөөнөтү жана жаңы дайындоо жери боюнча төлөнүүгө/кармалууга тийиш болгон “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулунун алынбай калган/ашыкча төлөнгөн суммасы көрсөтүлөт. Кошумча аттестат басып чыгарылат, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн башчысы, ал жок болсо – социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн башчысынын орун басары кол коюп, чыгыш кат алышуу журналына катталат, сканерден өткөрүлөт жана суроо-талапты алган учурдан тартып 2 жумушчу күндүн ичинде “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу дайындалган жаңы жерге АМС аркылуу жиберилет.
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алуучулар боюнча кошумча аттестаттын түп нускасы жөлөкпул алуучунун өздүк ишине (архивде сакталуучу) тиркелет.
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун жаңы жашаган жери боюнча дайындоо, аталган жөлөкпулду мурунку дайындалган жеринен суроо-талапка жооп алынган күндөн тартып эки жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт. Суроо-талапка өз убагында жооп берүү жана жаңы жашаган жери “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого социалдык камсыздоо тармагындагы тиешелүү аймактык бөлүмдөрдүн адистери жооптуу.
Баланын ата-энесинин бири (атасы) иш жүзүндө бир региондо, ал эми башка ата-энеси (энеси) башка региондо жашаган учурларда, мисалы, атасы Ош облусунун Чоң-Алай районунда, энеси Нарын облусунун Ат-Башы районунун Бирдик айылында жашаса, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу балдары менен чогу жашаган (аларбийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган учурда) ата-эненин иш жүзүндө жашаган жери боюнча дайындалат. Мында, экинчи ата-эненин жашаган жеринен АМС аркылуу “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө суроо-талап жүргүзүлөт. Эгерде жөлөкпул экинчи ата-эненин жашаган жери (катталган жери) боюнча жана “Санарип аймак”АМСте катталган каттоо эсеби боюнча дайындалган болсо, анда ай сайын берилүүчү жөлөкпулду АМС аркылуу алуу жол-жобосу жүргүзүлөт жана жөлөкпул биринчи ата-эненин иш жүзүндө жашаган жери боюнча кайра дайындалат.
16. Арыз ээсинин жасалма документ бергендиги аныктоо фактысы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда жана калктын каттоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөрдө берилген документтердин аныктыгын тактоо максатында кайчылаш текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда ишке ашырылат. Эгерде арыз ээси тарабынан берилген документ кайчылаш текшерүүдө белгиленген маалыматка ылайык келбесе, берилген документ жасалма болуп эсептелгендигинин фактысын констатациялоо жүргүзүлөт. Бул учурда арыз ээсине “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоодон баш тартылат.
Ошондой эле АМС аркылуу электрондук арыздарды түзүүдө “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу дайындала турган адам мамлекеттин толук камсыздоосунда экендиги аныкталышы мүмкүн. Бул учурда, ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн мурдагы пунктундагыдай эле, толук мамлекеттик камсыздоодо турган адамды табуу жөлөкпул алууга талапкер адам жөнүндө маалыматтарды (жеке идентификациялык номер) киргизүүдө автоматтык режимде жүргүзүлөт.
Мисалы:
Арыз ээси балага “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпул дайындоого арыз бергенде, адис социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнө бул бала/балдар мамлекеттик же муниципалдык балдар интернаттык мекемесинде толук мамлекеттик камсыздоодо турабы деген маалыматтарды алуу жөнүндө суроо-талап бериши керек. Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмү “Интернат тибиндеги балдар мекемелеринин маалыматтык-аналитикалык системасы” аркылуу бала/балдар жөнүндө бул маалыматты текшерүүнү жүргүзөт. Эгерде бала мамлекеттин толук камкордугунда экендиги аныкталса, анда жөлөкпулду дайындоодон баш тартуу керек.
4. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоонун жана эсептөөнүн тартиби
17. Арыз кабыл алынган күндөн тартып адиске төмөнкүлөр үчүн убакыт берилет: арыз ээси жөнүндө маалыматтарды АМС маалымат базасына киргизүүгө, интеграция аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга (зарыл болгон учурда электрондук документ жүгүртүү системасы (ЭДС) жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөр аркылуу жок же тактоо талап кылынган документтер жана маалыматтар боюнча суроо-талаптарды жүргүзүү жөлөкпул дайындалып жаткан балдардын мамлекеттик камсыздандырууда болгондугун/же болбогондугун, ошондой эле аларга ай сайын берилүүчү “үй-бүлөгө көмөк”жана “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөкпулдардынбашка социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдөрүндө дайындалгандыгын/же дайындалбагандыгын, жана бул түрдөгү жөлөкпулду дайындоого протокол түзүүгө.
Жогоруда көрсөтүлгөнбардык аракеттер арыз катталган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде ишке ашырылууга тийиш.
18. Мамлекеттик жөлөкпулду дайындоо/ дайындоодон баш тартуу жөнүндө кабарлоо АМСте автоматтык түрдө түзүлөт жана басылып чыгарылат. Басылган кабарлоолорго социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн башчысы, ал жок учурда аны алмаштыруучу адам кол коет (эгерде арыз кагаз жүзүндө кабыл алынса).
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо/дайындоодон баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечим жөнүндө билдирүү арыз ээсине чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде, төмөнкүлөр аркылуу билдирилет:
1) арыз электрондук түрдө берилгенде “Түндүк” ЭВӨС;
2) смс-билдирүү же арыз ээсинин электрондук почтасына жооп жөнөтүү (кагаз түрүндө арыз бергенде арыз ээси тарабынан көрсөтүлгөн маалымдоо ыкмасын тандоого жараша).
Мисалы:
Жөлөкпулду дайындоо жөнүндө чечим 2025-жылдын 19-январында кабыл алынган. Бул учурда арыз ээсине 2025-жылдын 19-январында же 20-январында кабыл алынган чечим жөнүндө кабар берилиши керек.
Эгерде жөлөкпул дайындоого арызда электрондук почтанын дареги көрсөтүлгөн болсо, анда билдирүү сканерден өткөрүлөт жана арыз ээсине электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. Мында адис арыз ээсине кабарлама жөнөтүлгөндүгү тууралуу скриншот жасайт. Кабарламанын түп нускасыжана басылган скриншот өздүк ишине тиркелет.
Арыз ээсинде электрондук почта жок болгон учурда адис мобилдик телефон байланышы (смс-билдирүү) аркылуу арыз ээсине жөлөкпул дайындалгандыгы же жөлөкпул дайындоодон баш тартылгандыгы жөнүндө маалымдайт. Мында арыз ээсине социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмүнүн иш убагында, өзүнө ыңгайлуу болгон каалаган убакта келип, билдирүүнү колмо-кол ала тургандыгы жөнүндө маалымдалат.
Арыз ээси менен электрондук почта же телефон байланышы (смс-билдирүү) аркылуу байланышуу мүмкүн болбогон учурда, же арыз ээси кабарлоону колмо-кол алуу мүмкүн эместиги жөнүндө билдирген учурда билдирүү почта байланышы аркылуу жөнөтүлөт.
Дайындалган жөлөкпулдун ар бир түрүнө өзүнчө билдирүү түзүлөт.
Мисалы:
Урматтуу | Асанова Алия Асановна | ||
| (арыз ээсинин аты-жөнү) | ||
Жумгал | райондук/шаардык эмгек, социаллык камсыздоо жана миграция башкармалыгы | ||
(аталышы) |
| ||
Сизге дайындалганын билдирет |
“бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу | ||
| (мамлекеттик жөлөкпулдун түрүн көрсөтүү керек) | ||
2025-жылдын 1-февралынан 2028-жылдын 31-ноябрына чейин 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө. | |||
Акча каражаттары сиздин банк эсебиңизге которулат. | |||
Жөлөкпулду дайындоо тууралуу чечим кабыл алынды | 2025-жылдын 19-январы | ||
| (күнү, айы, жылы) | ||
|
|
|
|
19. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жана дайындоодон баш тартуу жөнүндө кабарлоолор ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 6-тиркемесине ылайык форма боюнча “Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана дайындоодон баш тартуу жөнүндө кабарлоолорду каттоо журналында” катталат.
20. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу кайрылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн баштап, балдар 3 жашка чыкканга чейин дайындалат.
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо ушул Усулдук көрсөтмөлөрдүн 7-тиркемесине ылайык “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо протоколу менен таризделет.
21. Социалдык камсыздоочөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн адиси “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып үч/беш жумушчу күндүн ичинде, АМСбазасында төмөнкүлөрдү түзөт:
1) социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен келишим түзгөн банкта ачылган, “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулуна ай сайын берилүүчү жөлөкпулду төлөө үчүн акча каражаттарын накталай эмес формада которууга “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” жөлөкпулун алуучунун эсебине каражаттарды которуу жолу менен электрондук табыштама түзөт;
2) төлөм тапшырмасын түзөт;
3) табыштаманы жана төлөм тапшырмасын “Казна бюджет”автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизет, андан кийин социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын электрондук кол тамгасы аркылуу “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алуучунун эсебине каражаттарды чегерүү үчүн төлөмдү бекитет;
4) банкка социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формада электрондук жана кагаз түрүндө “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алуучулардын эсептерине акча каражаттарын чегерүүгө
коштомо каты менен кошо жыйынды ведомостту жөнөтөт;
5) каталар табылган учурда, каталарды оңдоо үчүн арызды кайтарып берет;
6) табыштаманы жана төлөм тапшырмасынын туура жана өз убагында түзүлүшү үчүн жоопкерчилик тартат.
22. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулдун өлчөмүн кайра эсептөө белгиленген тартипте жөлөкпулдун жаңы өлчөмү аныкталган учурда тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен жүргүзүлөт.
23. Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен башка дата аныкталбаса, жөлөкпулду жаңы өлчөмдө дайындоо өзгөрүүлөр болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып жүргүзүлөт.
24. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулдун өлчөмүн кайра эсептөө АМСке жаңыланган маалыматтар киргизилгенден кийин автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Жаңы өлчөмдөгү жөлөкпул, эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен башка дата белгиленбесе, өзгөрүүлөр болгон айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып дайындалат.
5. Мониторинг жана жоопкерчилик
25. Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн жетекчиси “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого жана төлөөгө, арыздардын талаптагыдай каралышына мониторинг жүргүзөт жана көзөмөлдөйт.
26. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун туура эмес дайындоого алып келген, жалган маалымат берген адамдар, ошондой эле “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун туура эмес дайындоого жана төлөөгө күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына же жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
27. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алуучулар жашаган жери өзгөргөндө жана ушул жөлөкпулду алуу укугуна таасир этүүчү башка жагдайлар пайда болгондо, алуучу бул жөнүндө социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө 5 календардык күндүн ичинде өз убагында кабарлоого жооптуу болушат.
28. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун төлөөнүн даректүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү максатында, социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан квартал сайын “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун алуучу үй-бүлөнүн/адамдын бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашагандыгы жана
жөлөкпул алуучу менен баланын (балдардын) чогуу жашагандыгы жөнүндө
маалыматты тактоо үчүн текшерүүлөр жүргүзүлөт.
29. Эгерде “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулу дайындалган үй-бүлөнү/адамды текшерүүнүн жүрүшүндө алуучу тарабынан Жобонун 7-пунктунда баяндалган талаптар бузулгандыгы аныкталса, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнүн жана кошуналарынын катышуусунда акт түзүлөт, андан кийин “бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун төлөө токтотулат.
30. “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун төлөө токтотулган учурда, ашыкча төлөнгөн сумма Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө”Мыйзамынын 15-беренесинин 4 жана 5-бөлүгүнө ылайык үй-бүлөдөн/адамдан өндүрүлүп алынат.
|
| “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөрүнө 1-тиркеме |
________________________ ЭСКМБ начальнигине
Арыз № ____________________ 2025-ж.« ___ » ________
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун (БТК) дайындоону суранам жана баланын ЖИНин берип жатам. Бул арызда мен көрсөткөн бардык маалыматтарым толук жана чындыкка дал келеерин далилдейм. Мен жеке маалыматтарымды, колдонуугагы мыйзамдардын чегинде, иштетүүгө макулдугумду берем. Эгерде БТКнын токтотулушуна алып келген кандайдыр бир жагдайлар пайда болсо, (“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобонун 27 пунктуна ылайык) мен беш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу аймактык социалдык камсыздоо органына кабарлоого милдеттенем.
Мен жалган маалымат бергендигим үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылаарым тууралуу маалымдалганымды ырастайм. Мага БTK төлөмүн дайындоо, төлөө жана төлөөнүн токтотуунун шарттары түшүндүрүлдү.
Мен арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүү алдым.
Арыз берүүнүн датасы: |
| |
Алуучунун категориясы: |
| |
Алуучунун түрү: |
| |
Баланын төрөлүү тартиби:: |
| |
Үй-бүлөлүк статус: |
| |
Зонанын статусу: |
| |
БТК алуучу тууралуу маалымат: |
| |
– ЖИН: |
| |
– Аты-жөнү: |
| |
– Паспорттун сериясы жана номери: |
| |
– Туулган күнү, айы жана жылы: |
| |
– Ким берген: |
| |
– Курагы: |
| |
– Берилген күнү: |
| |
– Жашаган жери боюнча катталган дареги (шаар (айыл өкмөтү), көчө, үй, батир): |
| |
– Иш жүзүндө жашаган жеринин дареги (шаар (айыл өкмөтү), көчө, үй, батир): |
| |
– Эсеп ачылган банктын аталышы (Айыл Банк, Элдик Банк): |
| |
– Банк эсебинин номери: |
| |
– уюлдук телефондун номери: |
| |
–электрондук почтанын дареги: |
| |
Мурунку балдар тууралуу маалымат: |
| |
№ пп, Аты-жөнү, ЖИН, туулган жылы: | 1. | |
№ пп, Аты-жөнү, ЖИН, туулган жылы: | 2. | |
№ пп, Аты-жөнү, ЖИН, туулган жылы: | 3 | |
БTK дайындалган бала жөнүндө маалымат: |
| |
– ЖИН: |
| |
– Аты-жөнү: |
| |
– Жынысы: |
| |
– Туулган күнү, айы жана жылы: |
| |
– Курагы: |
| |
– Туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн номери: |
| |
– Күбөлүк берилген датасы: |
| |
Камкорчулук/асырап алуу жөнүндө соттун чечими жөнүндө маалымат: |
| |
– Соттун чечиминин номери: |
| |
– Берилген күнү: |
| |
– Берген орган: |
| |
Арыз берүүчүнүн колу: |
| |
Арызды кабыл алган ЭСКМБнын адиси: |
|
|
(Аты-жөнү) | (колу) | |
БИЛДИРҮҮ
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоо жөнүндө
Урматтуу_________________________________________________________________
(Арыз ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты (толугу менен толтурулат)
____________________________________шаар, район, райондор аралык ЭСКМБ
(аймактык башкармалыктын аталышы)
Сизге ___________________балаңызга__________ сом өлчөмүндө “бийик тоолуу
(баланын аты-жөнү көрсөтүлөт)
аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпул дайындалгандыгын билдирет.
БTK жөлөкпул үчүн каражаттар Сиздин банк эсебиңизге которулат.
ЭСКМБ адиси |
|
|
| «___»__202__ ж. | ||
| (колу) |
| (аты-жөнү) |
| ||
Арыз берүүчүнүн колу |
|
|
| «___»__202__ ж. | ||
|
|
|
|
|
|
|
ТИЛ КАТ - БИЛДИРҮҮ
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпул дайындоодон баш тартуу тууралуу
Урматтуу_________________________________________________________________
(Арыз ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты (толугу менен толтурулат)
_____________________________шаардык, райондук, райондор аралык ЭСКМБ
(аймактык башкармалыктын аталышы)
Ушул менен, Сиздин “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпул дайындоо жөнүндө арызыңыз төмөнкү себептерден улам кабыл алынган эместигин билдиребиз: ______________________________________________________________________________________________________________________________________________________
(баш тартуунун себебин көрсөтүү)
жана журналда катталды.
ЭСКМБ адиси |
|
|
|
«___»___202__ ж. | |||
| (колу) |
| (аты-жөнү) |
| |||
Арыз берүүчүнүн колу |
|
|
| «___»__202__ ж. | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөрүнө 2-тиркеме |
Мамлекеттик жөлөкпулдар маселелери боюнча консультацияларды каттоо
ЖУРНАЛЫ
№ | Консульта-ция алууга кайрылган күн | Арыз берүүчүнүн аты жөнү | Арыз берүүчүнүн иш жүзүндө жашаган дареги | Арыз берүү-чүнүн байла-ныш номуру | Жөлөк-пул алууга укук-туубу (ооба же жок деп көрсө-түңүз) | Консуль-тацияга кеткен убакыт (мүнөттөр менен) | Консуль-тация берген адистин аты-жөнү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөрүнө 3-тиркеме |
“Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун дайындоого арыздарды каттоо журналы
№ к/н | Аты-жөнү | Арызды кабыл алуу күнү | Алуучулардын саны | Жөлөкпулдардын чегерилген суммасы | |
Балдардын саны | Сумма (сом) | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөкпулун берүү тартиби жөнүндө жобого Усулдук көрсөтмөлөрүнө 4-тиркеме |