Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 17-апрели № 01-01/134
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2024-жылдын 23-августундагы
№248-П “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлеринин ведомстволук формалык кийимдери жана айырмалоочу белгилери жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 “Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №263 “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын (мындан ары – Кызмат), кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдерин жана айырмалоочу белгилерин кийүүсүн тартипке келтирүү максатында буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2024-жылдын 23-августундагы №248-П “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлеринин ведомстволук формалык кийимдери жана айырмалоочу белгилери жөнүндө” буйругунун 1-тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 14-пункттагы “Мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар, жогорку административдик жана саясий кызматтарды ээлеген адамдар үчүн шымдын сырткы тигиши боюнча бүт узундугуна канттан 0,5 см аралыкта көк-жашыл түстөгү туурасы 2,2 см болгон белгилер тигилет” деген сөздөр алынып салынсын;
- 31-пункттагы “беш бурчтуу” деген сөздөр ар кандай сандарда “жети бурчтуу” деген сөздөргө ошол эле сандарда алмаштырылсын, “25 мм” деген сөздөр “22 мм” деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 32-пункттагы “беш бурчтуу” деген сөздөр ар кандай сандарда “жети бурчтуу” деген сөздөргө ошол эле сандарда алмаштырылсын, “25 мм” деген сөздөр “20 мм” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Санариптештирүү башкармалыгы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө" токтомуна ылайык милдеттүү түрдө расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен маалымат үчүн жөнөтсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумушчу күндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары А.К. Раимкуловага жүктөлсүн.
Министр |
| А.Т. Токтобаев |