Загрузка документа…
2-тиркеме
Кыргыз Республикасында инвестициялык кеңеш берүүчү
тарабынан инвестициялык кеңеш берүүнү
жүзөгө ашыруу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Инвестициялык кеңеш берүүчү тарабынан инвестициялык кеңеш берүүнү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө ушул тартип (мындан ары – Тартип) инвестициялык кеңеш берүүчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишине карата талаптарды, инвестициялык кеңеш берүүчүлөргө карата талаптарды, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрин жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Инвестициялык кеңеш берүүчү баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестринде милдеттүү түрдө каттоодон өтүүгө тийиш.
2-глава. Инвестициялык жеке кеңеш берүүчүгө
коюлуучу талаптар
3. Кыргыз Республикасынын аймагында брокердик жана (же) дилердик ишти жана (же) инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары төмөнкү критерийлерге ылайык келгенде инвестициялык кеңеш берүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу:
1) уюштуруучулук жана кадрдык талаптар:
– штатта Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык күбөлүктөрүнө ээ болгон 3төн (үчтөн) кем эмес кызматкердин болуусу;
– көрсөтүлгөн кызматкерлердин инвестициялык же аналитикалык ишке байланыштуу финансы чөйрөсүндө 2 (эки) жылдан кем эмес иш стажынын болушу;
2) ишкердик беделге карата талаптар:
– акыркы 2 (эки) жыл ичинде Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун лицензиясын жокко чыгаруу жана (же) токтото туруу фактыларынын жоктугу;
– Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартуу фактыларынын жоктугу;
3) ишке карата талаптар:
– баалуу кагаздар рыногунда кеминде акыркы 2 (эки) жыл кесиптик ишти жүзөгө ашыруу;
– акыркы отчеттук жыл ичинде баалуу кагаздар менен 20дан (жыйырмадан) кем эмес бүтүм жасоо, жылдык отчеттуулук менен ырасталган.
Кызматкерлердин биринин Chartered Financial Analyst (CFA), Certified International Investment Analyst (CIIA) же Financial Risk Manager (FRM) эл аралык сертификаты болсо, анда ушул Тартиптин 3-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацынын талаптарына иш стажы бөлүгүндө ылайык келбестиктерге жол берилет.
4. Инвестициялык кеңеш берүүчүнүн инвестициялык кеңеш берүү боюнча ишти жүзөгө ашырууда кызыкчылыктардын кагылышуусун аныктоо жана контролдоо, ошондой эле анын кесепеттерин алдын алуу боюнча чараларды камтыган ички документи болууга тийиш.
3-глава. Инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестри
5. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрин электрондук түрдө жүргүзөт жана кызыкдар жактарга аталган реестрде камтылган маалыматтарды берет.
6. Инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестринин ачык (баарына жеткиликтүү) бөлүгүндө төмөнкү маалыматтар камтылган:
1) инвестициялык кеңеш берүүчүнүн толук аталышы;
2) инвестициялык кеңеш берүүчүнүн каттоо номери;
3) инвестициялык кеңеш берүүчүнү реестрге киргизүү датасы;
4) инвестициялык кеңеш берүүчү менен байланышуу үчүн байланыш маалыматы;
5) инвестициялык кеңеш берүүчүнүн статусу (иштеп жаткан, чыгарылган);
6) инвестициялык кеңеш берүүчүнүн ишин токтотуу жөнүндө маалыматтар, анын ичинде датасы жана негизи, ошондой эле реестрден чыгарылган датасы.
Инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестринин ачык бөлүгү баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылат.
7. Инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестринин жабык бөлүгүндө төмөнкү маалыматтар камтылган:
1) инвестициялык кеңеш берүүчүнүн юридикалык маалыматтары;
2) инвестициялык кеңеш берүүчүнүн кесиптик тажрыйбасы жөнүндө маалымат;
3) инвестициялык кеңеш берүүчүнүн тартиптик өндүрүштөрүнүн толук таржымалы (бар болсо);
4) инвестициялык кеңеш берүүчүгө кардарлардын даттануулары жөнүндө маалымат (бар болсо).
Инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестринде башка зарыл маалыматтар да камтылышы мүмкүн.
8. Инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестринде каттоодон өтүү үчүн арыз ээси баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мамлекеттик же расмий тилдерде төмөнкү документтерди берет:
1) инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрине киргизүү жөнүндө арыз;
2) юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтар;
3) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун лицензиясынын көчүрмөсү;
4) ушул Тартиптин 3-пунктунун талаптарына ылайык келүүсүн ырастаган документтер;
5) акыркы 2 (эки) жыл үчүн финансылык отчеттуулуктун көчүрмөсү;
6) ушул Тартиптин тиркемесине ылайык белгиленген форма боюнча персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук;
7) инвестициялык кеңеш берүү боюнча ишти жүзөгө ашырууда кызыкчылыктардын кагылышуусун аныктоо жана контролдоо боюнча чараларды камтыган ички документтин көчүрмөсү.
9. Инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестринде каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтер баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө берилиши мүмкүн.
Документтерди электрондук түрдө берүү тартиби баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
10. Кагаз түрүндө берилүүчү бардык документтер юридикалык жактын жетекчисинин колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш, ал эми электрондук документ түрүндө берилген документтерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук санарип кол тамга коюлууга тийиш.
11. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестринде каттоо үчүн берилген документтердин толук топтому келип түшкөн күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндүн ичинде адам жөнүндө маалыматтарды инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрине киргизүү же баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен мындай маалыматтарды реестрге киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
12. Инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрине тиешелүү жазууну киргизүүгө төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
– баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын инвестициялык кеңеш берүүчүнү каттоо жөнүндө чечими;
– баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мурда катталган инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн маалыматтарына өзгөртүүлөрдү каттоо жөнүндө чечими;
– баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын инвестициялык кеңеш берүүчүнүн ишин токтотууну каттоо жөнүндө чечими.
13. Инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрине жазуу ушул Тартиптин 12-пунктунда каралган жазууну киргизүү үчүн негиздер пайда болгондон кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан киргизилет.
14. Инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрине жазууну киргизүүдөн баш тартууга негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул Тартиптин талаптарына ылайык келбөө;
2) анык эмес маалыматтарды берүү;
3) баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишти жүзөгө ашырууга тыюу салган чектөөлөрдүн болушу.
15. Инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестринен чыгарууга негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) инвестициялык кеңеш берүүчүнүн ишин токтотуу жөнүндө арызы;
2) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун лицензиясынан ажыратылышы;
3) инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрине киргизүүгө негиз болгон маалыматтардын анык эместигинин аныкталышы;
4) инвестициялык кеңеш берүүчүнүн Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылышы;
5) инвестициялык кеңеш берүүчүнүн жоюлушу.
16. Инвестициялык кеңеш берүүчү баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга адамды инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестрине киргизүү жөнүндө арызга тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
Кабарлоо баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзгөрүүлөр болгондон кийин 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен, көрсөтүлгөн өзгөрүүлөрдү ырастаган документтердин түп нускалары же көчүрмөлөрү (салыштыруу үчүн түп нускаларын көрсөтүү менен) менен бирге берилет.
Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабарлоо келип түшкөн датадан тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде реестрге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
4-глава. Инвестициялык кеңеш берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
17. Инвестициялык кеңеш берүүчү төмөнкү укуктарга ээ:
1) кардарларга инвестициялык сунуштамаларды берүүгө;
2) кардарлардан инвестициялоонун максаттары, тобокелдик деңгээли, кирешелери жана чектөөлөрү жөнүндө маалыматтарды суроого;
3) кардар менен макулдашылган формада сый акы алууга;
4) тобокелдиктерди баалоо үчүн жетиштүү маалымат жок болгон учурда сунуштамаларды берүүдөн баш тартууга.
18. Инвестициялык кеңеш берүүчү өз ишинин алкагында төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ак ниеттүүлүк менен, акылга сыярлык жана кардардын кызыкчылыгында иш жүргүзүүгө;
2) финансылык маалыматтарды, рыноктук маалыматтарды жана кардардын профилин талдоого негизделген сунуштамаларды берүүгө;
3) кардарга сунуштамалар аларга негизделген, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жана божомолдорду ачып берүүгө;
4) кызыкчылыктардын кагылышуусунан качууга, ал эми андай болгон учурда – кардарга анын мүнөзүн ачып берүүгө;
5) кардардын маалыматынын купуялуулугун сактоого;
6) сунуштамаларды эсепке алууну жана архивди 5 (беш) жылдан кем эмес жүргүзүүгө, кардардын суроо-талабы боюнча сунуштамалардын көчүрмөлөрүн берүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактоого.
5-глава. Инвестициялык сунуштамаларды берүү эрежелери
19. Инвестициялык кеңеш берүүчүнүн сунуштамалары жекече болушу жана төмөнкү фактылар эске алынышы керек:
1) кардардын финансылык максаттары;
2) инвестициялоо горизонттору;
3) тобокелдикке болгон мамилеси;
4) финансылык мүмкүнчүлүктөрү;
5) кардардын чектөөлөрү жана каалоолору.
20. Инвестициялык кеңеш берүүчүнүн кардар үчүн сунуштамалары төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) сунушталган финансылык инструменттин сыпатталашы;
2) мүмкүн болгон тобокелдиктерди жана күтүүлөрдү баалоо, ошондой эле инвестициялоо горизонту;
3) эмне үчүн инструмент кардар үчүн ылайыктуу экендигинин негиздемеси;
4) сунуштама кирешелүүлүккө кепилдик бербестигин көрсөтүү.
21. Инвестициялык кеңеш берүүчүгө өз ишинин алкагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) кардарга кепилденген кирешени убада кылууга;
2) тобокелдиктер жөнүндө маалыматты жашырууга;
3) жеке пайда көрүү максатында кеңештерди берүүгө;
4) ишеним катсыз кардардын активдери менен операцияларды жүзөгө ашырууга.
22. Инвестициялык кеңеш берүүчүнүн сый акысы, эгерде бул кызыкчылыктардын кагылышуусун жаратса, кардардын конкреттүү финансылык инструментти тандоосунан көз каранды болбошу керек.
6-глава. Контроль жана жоопкерчилик
23. Инвестициялык кеңеш берүүчүнүн иши баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдөнүүгө тийиш.
24. Жумуш берүүчү тарабынан инвестициялык кеңеш берүүнүн сапатын контролдоо, сунуштамалардын белгиленген талаптарга шайкештигин ички текшерүүлөрдү жүргүзүү жана кардарлардан келип түшкөн даттанууларды талдоо үчүн жооптуу адамдар дайындалат.
25. Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузгандыгы үчүн инвестициялык кеңеш берүүчү төмөнкүдөй жоопкерчиликтерди тартат:
1) административдик жоопкерчилик;
2) жарандык-укуктук жоопкерчилик;
3) инвестициялык кеңеш берүүчүлөрдүн реестринен чыгаруу.
26. Инвестициялык кеңеш берүүчү ишин токтоткондо, кардарларга кабарлоого жана 1 (бир) жумуш күндүн ичинде анын сунуштамаларына байланыштуу актуалдуу маалыматты өткөрүп берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
|
| Кыргыз Республикасында инвестициялык кеңеш берүүчү тарабынан инвестициялык кеңеш берүүнү жүзөгө ашыруу тартибине тиркеме
|
Субъекттин анын жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугу
Калктуу конуш, дата: ____________________________________
Мен, __________________________________________________,
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
______________________________________ дарегинде жашаган,
ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ: __________________
(документтин түрү)
сериясы ___________________ № __________________________
_____________________________________ тарабынан берилген
(берилген датасы) (ким тарабынан берилген)
(ишенимдүү адамдар үчүн)
________________________________________ атынан иштөөчү,
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
______________________________________ дарегинде жашаган,
ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ: __________________
(документтин түрү)
сериясы __________________№ ___________________________
_____________________________________ тарабынан берилген
(берилген датасы) (ким тарабынан берилген)
______________________________________________ негизинде
(ишеним каттын, мыйзамдын, башка укуктук актынын)
ыйгарым укуктуу органга жеке маалыматтарымды иштеп чыгууга (ыкмаларга карабастан, ыйгарым укуктуу орган тарабынан же болбосо анын тапшырмасы боюнча автоматтык каражаттар менен же аларсыз жеке маалыматтарды чогултуу, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөттөө, өчүрүү жана бузуу максатында аткарылуучу кайсы болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле берүүгө («Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык үчүнчү жактарга берүүгө) эркин, аң-сезимдүү, өз эрким менен толук жана шартсыз макулдугумду берем.
Жогоруда көрсөтүлгөн макулдук анын ичинде төмөнкү жеке маалыматтарга жайылтылат:
– фамилиясы, аты, атасынын аты (мурдагы фамилиясы, аты, атасынын аты, өзгөртүлгөн датасы, орду жана себеби (өзгөртүлгөн учурда); туулган датасы жана жери; жарандыгы (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандыктары) жөнүндө маалыматтар;
– билими (билим берүү уюмунун аталышы жана аяктаган жылы, билими жөнүндө документтин аталышы жана реквизиттери, билими жөнүндө документ боюнча квалификациясы, даярдоо багыты же адистиги) жөнүндө маалыматтар;
– окумуштуулук даражасынын бар экендиги жөнүндө маалыматтар; сүйлөө деңгээлинде чет тилдерин билүүсү жөнүндө маалыматтар; жашаган жеринин (келген жеринин) дареги;
– байланыш телефонунун номери же байланыштын башка ыкмалары жөнүндө маалыматтар; ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин түрү, сериясы, номери, аны берген органдын аталышы, берилген датасы; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлөсүнүн курамы жана жакын туугандары; эмгек ишмердиги (анын ичинде аскердик кызматы, айкалыштыруу боюнча жумушу, ишкердик иши, кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдердин негизиндеги иши ж.б.) жөнүндө маалыматтар;
– мамлекеттик сыйлыктары, башка сыйлыктары жана артыкчылык белгилери (ким тарабынан жана качан сыйланган);
– соттуулугунун бар же жок экендиги, анын ичинде ага колдонулган тартиптик, административдик жоопкерчилик жана жоруктарды жана бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтар;
кирешелери, чыгымдары жөнүндө, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жөнүндө маалыматтар; жеке сүрөтү.
Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды инвестициялык кеңеш берүүчү тарабынан инвестициялык кеңеш берүүнү жүзөгө ашыруу тартибинде каралган реестрдеги каттоо жол-жоболорун ыйгарым укуктуу органдын жүзөгө ашыруусу максатында иштеп чыгуу үчүн берем.
Муну менен менин жеке маалыматтарымды аныктыгын текшерүү жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча маалыматты аныктоо үчүн башка мамлекеттик органдарга берүү жөнүндө кабардар экенимди ырастайм, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан менин жеке маалыматтарымды жогоруда көрсөтүлгөн адамдарга көзөмөлдөө жана лицензиялоо жол-жоболорун жүзөгө ашыруунун алкагында берүүдө кийин мага кабарлоону талап кылбай турганымды аң-сезимдүү жана шартсыз ырастайм.
Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук мөөнөтсүз (көзөмөлдөө максатында туруктуу колдонулат) болуп саналат жана бул макулдукка кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет.
Аты-жөнү __________________________
| Кол тамгасы ___________________________ |
20___ ж. «____» __________