Загрузка документа…
1-тиркеме
Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногунда жеке
инвестициялык эсепти ачуу жана жүргүзүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө», «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана жеке инвестициялык эсепти ачуу, жүргүзүү, пайдаланууну чектөө жана жабуу тартибин, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жеке инвестициялык эсептерди жүргүзүү менен байланышкан талаптарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин белгилейт.
2. Жеке инвестициялык эсеп баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу тарабынан жеке жакка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү жана башка инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу менен байланышкан кардардын акча каражаттарын, баалуу кагаздарын жана милдеттенмелерин эсепке алуу үчүн ачылган атайын брокердик эсепти же ишенимдүү башкаруу эсебин билдирет.
3. Жеке инвестициялык эсептерди жүргүзүү менен байланышкан баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишти брокердик ишке жана (же) инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишке колдонуудагы лицензиясы бар баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары (мындан ары – жеке инвестициялык эсептин оператору) жүзөгө ашырат.
Жеке инвестициялык эсептин оператору өз ишин болгон лицензиянын чегинде гана жүзөгө ашырат.
4. Жеке инвестициялык эсеп жеке жак менен баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун ортосунда түзүлгөн брокердик тейлөө келишиминин же инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде ачылат.
5. Жеке инвестициялык эсептин алкагында Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмитенттеринин баалуу кагаздары менен гана операцияларга жол берилет жана Кыргыз Республикасынын же Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин улуттук депозитардык инфраструктурасы аркылуу эсепке алынат.
2-глава. Жеке инвестициялык эсепти ачуу тартиби
6. Жеке инвестициялык эсепти ачуу мөөнөтү – документтердин жана маалыматтардын толук комплекти берилген учурдан тартып 5 (беш) жумуш күн, анын ичине төмөнкүлөр кирет:
– жеке инвестициялык эсептин операторунун ички документтерине ылайык форма боюнча жеке инвестициялык эсепти ачууга арыз;
– ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (СИН);
– террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген кардарды идентификациялоо анкетасы;
– ушул Тартиптин тиркемесине ылайык белгиленген форма боюнча жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук.
Электрондук түрдө жеке инвестициялык эсепти ачууга (кардардын жеке катышуусуз) кардарды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболору электрондук колтамганы жана (же) Бирдиктүү идентификациялоо системасы (БИС) аркылуу биометрикалык идентификациялоону колдонуу менен жүргүзүлгөн шартта гана, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын катуу сактоо менен жол берилет.
7. Жеке инвестициялык эсептин оператору келишимге кол коюлган учурга чейин кардарды жеткиликтүү түрдө төмөнкү маалыматтар менен тааныштырууга милдеттүү:
– инвестициялык тобокелдиктер жана мүмкүн болгон чыгашалар жөнүндө;
– кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери жана акы төлөө шарттары жөнүндө;
– операцияларды жасоого чектөөлөр жөнүндө;
– жеке инвестициялык эсепти которуу жана жабуу тартиби жөнүндө;
– инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө, анын ичинде инвестициялык декларация (жеке инвестициялык эсеп инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде ачылган учурда).
8. Жеке инвестициялык эсепте эсепке алынган акча каражаттары жана баалуу кагаздар менчик ээсинин укугунда кардарга таандык жана жеке инвестициялык эсептин операторунун активдеринен милдеттүү түрдө өзүнчө эсепке алынууга тийиш.
Брокердик ишти жүзөгө ашырган жеке инвестициялык эсептин оператору кардардын түздөн-түз буйругусуз кардардын акча каражаттарын жана баалуу кагаздарын пайдаланууга укугу жок.
Ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашырган жеке инвестициялык эсептин оператору кардардын акча каражаттарын жана баалуу кагаздарын ишенимдүү башкаруу келишиминин шарттарынын жана инвестициялык декларациянын чегинде пайдаланууга укуктуу.
9. Жеке инвестициялык эсепте эсепке алынган акча каражаттары жана баалуу кагаздар төмөнкүлөрдөн келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу жана (же) камсыз кылуу үчүн гана колдонулат:
– брокердик тейлөө келишими;
– инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу келишими;
– жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүнүн алкагында түзүлгөн бүтүмдөр.
3-глава. Жеке инвестициялык эсепти толуктоо жана жол берилген операциялар
10. Жеке инвестициялык эсеп кардардын улуттук же чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарынын эсебинен толукталат.
11. Жеке инвестициялык эсептеги каражаттар төмөнкү операцияларды жасоо үчүн колдонулушу мүмкүн:
– Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүгө жол берилген баалуу кагаздарды сатып алуу, сатуу;
– баалуу кагаздарды биринчи жолу жайгаштырууга катышуу;
– баалуу кагаздарды белгилүү бир мөөнөттөн кийин алдын ала аныкталган баа боюнча кайра сатуу (сатып алуу) милдеттенмеси менен сатып алуу (сатуу) боюнча бүтүмдөр (РЕПО) жана фондулук рыноктогу башка стандарттык операциялар;
– инвестициялык декларацияда каралган финансылык инструменттерди сатып алуу жана инвестициялык активдерди ишенимдүү башкарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана чекте акча каражаттарын финансы-кредиттик уюмдарда салымдарга жайгаштыруу.
12. Жеке инвестициялык эсепте төмөнкүлөргө тыюу салынат:
– эсепти алыш-бериш же учурдагы банктык эсеп катары пайдаланууга;
– инвестициялык иш менен байланышпаган операцияларды жүзөгө ашырууга;
– кардардын акча каражаттарын жана баалуу кагаздарын жеке инвестициялык эсептин операторунун же үчүнчү жактардын кызыкчылыгына пайдаланууга;
– ушул Тартипте жана баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө багытталган операцияларды жасоого;
– үчүнчү жактарга которууларды жүзөгө ашырууга;
– келишимге кол коюлган күндөн тартып 3 (үч) жыл өткөнгө чейин акча каражаттарын чыгарууга (эсепти жабуу учурларын кошпогондо);
– жеке инвестициялык эсептин каражаттарын пайдалануу менен зайымдарды берүүгө же алууга;
– жеке инвестициялык эсептин активдерин кардардын милдеттенмелерин күрөөгө коюу же башка камсыздоо предмети катары пайдаланууга.
13. Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу келишиминин негизинде жеке инвестициялык эсеп ачылган учурда инвестициялоо шарттары, жол берилген баалуу кагаздардын тизмеги, инвестициялык чектөөлөр жана жол берилген тобокелдик деңгээли инвестициялык декларация менен аныкталат, ал инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу келишиминин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат.
14. Жеке инвестициялык эсептен активдерди чыгарууга ал жабылган учурда гана жол берилет.
15. Жеке инвестициялык эсепти жабууда төмөнкүдөй тартип сакталат:
– инвестициялык эсепти жабуу жөнүндө арыз берүү;
– бардык баалуу кагаздарды сатуу же кадимки брокердик эсепке которуу (кардардын каалоосу боюнча);
– бардык баалуу кагаздар сатылгандан кийин 5 (беш) жумуш күндүн ичинде акча каражаттарын төлөө;
– келишимге кол коюлган учурдан тартып 3 (үч) жыл өткөнгө чейин эсепти жабууда жеке инвестициялык эсептин оператору тарабынан баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга кабарлоо.
4-глава. Жеке инвестициялык эсепти жүргүзүү
16. Жеке инвестициялык эсептин оператору төмөнкүлөргө милдеттүү:
– ар бир кардардын активдерин өз-өзүнчө эсепке алууну камсыз кылууга;
– кардарга эсептин абалы жөнүндө отчетторду кварталына бир жолудан кем эмес берүүгө;
– кардарды акча каражаттарынын жана баалуу кагаздардын калдыктары жана кыймылы жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга;
– террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого;
– кардардын жеке маалыматтарын коргоону, маалыматтын купуялуулугун жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга;
– инвестициялык активдерди ишенимдүү башкарууда кардардын кызыкчылыгында жана инвестициялык декларацияга ылайык ак ниеттүү жана туура аракеттенүүгө.
17. Жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө келишими токтотулган учурда кардар тиешелүү келишим түзүлгөн жеке инвестициялык эсептин башка операторуна акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды которууга укуктуу.
Жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө келишими токтотулган жеке инвестициялык эсептин оператору кардар жана анын жеке инвестициялык эсеби жөнүндө маалыматтарды жеке инвестициялык эсептин жаңы операторуна берүүгө милдеттүү.
18. Жеке инвестициялык эсептин жаңы операторуна берилүүчү кардар жана анын жеке инвестициялык эсеби жөнүндө маалымат төмөнкүлөрдү камтыйт:
– жеке жактын идентификациялык маалыматтарын;
– жеке инвестициялык эсеп жөнүндө маалыматтарды (эсептин номери, ачылган датасы);
– жеке инвестициялык эсепти жүргүзүүгө келишим жөнүндө маалыматтар (түзүлгөн жана токтотулган датасы, токтотуу негизи);
– өткөрүп берүү датасына карата жеке инвестициялык эсептин абалы жөнүндө маалыматтар (акча каражаттарынын калдыгы, эсепке алынган баалуу кагаздардын курамы жана саны);
– жеке инвестициялык эсепти жүргүзүү мезгилиндеги ал боюнча операциялар жөнүндө маалыматтар;
– активдерди тескөө боюнча чектөөлөр, оордотуулар жана башка өзгөчөлүктөр жөнүндө маалыматтар (бар болсо).
19. Жеке инвестициялык эсептин оператору кардарга төмөнкүлөр жөнүндө 2 (эки) календардык күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү:
– соттун же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечими боюнча жеке инвестициялык эсеп боюнча операциялардын убактылуу токтотулушу;
– эсеп жүргүзүүгө тоскоолдук кылган жагдайлар;
– тейлөө шарттарынын өзгөрүшү.
5-глава. Жеке инвестициялык эсепти жабуу
20. Жеке инвестициялык эсепти жабуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
– кардардын жеке арызы;
– келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн аякташы (эгерде мөөнөт келишимде аныкталган болсо);
– кардардын каза болушу (каза болгондугу жөнүндө маалымкат);
– соттун же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечими;
– жеке инвестициялык эсептин операторунун ишинин жоюлушу;
– баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу катары жеке инвестициялык эсептин операторунун лицензиясынын токтотулушу, убактылуу токтотулушу же жокко чыгарылышы.
21. Жеке инвестициялык эсеп жабылган учурда кардар төмөнкүлөргө укуктуу:
– акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды жеке инвестициялык эсептерди жүргүзгөн баалуу кагаздар рыногунун башка кесипкөй катышуучусуна которууга;
– баалуу кагаздарды кардардын атына ачылган башка брокердик эсепке же депо эсепке которууга;
– акча каражаттарын кийин которуу менен баалуу кагаздарды сатууну жүзөгө ашырууга;
– акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мураскорлорго өткөрүп берүүгө.
22. Жеке инвестициялык эсептин оператору тараптар бардык милдеттенмелерин толук аткаргандан кийин 15 (он беш) календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө жеке инвестициялык эсепти жабууга милдеттүү.
6-глава. Тараптардын жоопкерчилиги
23. Кардарларга зыян келтирген системалуу же одоно бузуулар аныкталган учурда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун лицензиясын 6 (алты) айга чейинки мөөнөткө убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
24. Жеке инвестициялык эсептин оператору төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
– келишимдин шарттарын бузуу;
– эсепти туура эмес жүргүзүү;
– кардарга толук эмес же анык эмес маалымат берүү;
– кардардын баалуу кагаздарын жана (же) акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу;
– баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузуу.
25. Кардар төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
– эсепти ачууда жана жүргүзүүдө анык эмес маалыматтарды берүү;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген операцияларды жасоо;
– жеке инвестициялык эсептин оператору же мамлекеттик органдар тарабынан аныкталган террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу.
|
| Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногунда жеке инвестициялык эсепти ачуу жана жүргүзүү тартибине
тиркеме |
Жеке жактын анын жеке маалыматтарын
чогултууга жана иштеп чыгууга
макулдугу
Калктуу конуш, дата _____________________________________
Мен, __________________________________________________,
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
______________________________________ дарегинде жашаган,
ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ: ___________________
(документтин түрү)
сериясы ___________________ № __________________________
_____________________________________ тарабынан берилген
(берилген датасы) (ким тарабынан берилген)
(ишенимдүү адамдар үчүн)
________________________________________ атынан иштөөчү,
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
______________________________________ дарегинде жашаган,
ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ: ___________________
(документтин түрү)
сериясы __________________№ ____________________________
______________________________________ тарабынан берилген
(берилген датасы) (ким тарабынан берилген)
______________________________________________ негизинде
(ишеним каттын, мыйзамдын, башка укуктук актынын)
___________________ тарабынан жеке маалыматтарымды иштеп чыгууга (ыкмаларга карабастан, ___________________________ тарабынан же болбосо анын тапшырмасы боюнча автоматтык каражаттар менен же аларсыз жеке маалыматтарды чогултуу, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, бөгөттөө, өчүрүү жана бузуу максатында аткарылуучу кайсы болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле берүүгө («Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык үчүнчү жактарга берүүгө) эркин, аң-сезимдүү, өз эрким менен толук жана шартсыз макулдугумду берем.
Жогоруда көрсөтүлгөн макулдук анын ичинде төмөнкү жеке маалыматтарга жайылтылат:
– фамилиясы, аты, атасынын аты (мурдагы фамилиясы, аты, атасынын аты, өзгөртүлгөн датасы, орду жана себеби (өзгөртүлгөн учурда);
– туулган датасы жана жери; жарандыгы (анын ичинде мурдагы жарандыгы, башка жарандыктары) жөнүндө маалыматтар;
– билими (билим берүү уюмунун аталышы жана аяктаган жылы, билими жөнүндө документтин аталышы жана реквизиттери, билими жөнүндө документ боюнча квалификациясы, даярдоо багыты же адистиги) жөнүндө маалыматтар;
– окумуштуулук даражасынын бар экендиги жөнүндө маалыматтар; сүйлөө деңгээлинде чет тилдерин билүүсү жөнүндө маалыматтар;
– жашаган жеринин (келген жеринин) дареги;
– байланыш телефонунун номери же байланыштын башка ыкмалары жөнүндө маалыматтар;
– ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин түрү, сериясы, номери, аны берген органдын аталышы, берилген датасы; салык төлөөчүнүн идентификациялык номери; үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлөсүнүн курамы жана жакын туугандары;
– эмгек ишмердиги (анын ичинде аскердик кызматы, айкалыштыруу боюнча жумушу, ишкердик иши, кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимдердин негизиндеги иши ж.б.) жөнүндө маалыматтар;
– мамлекеттик сыйлыктары, башка сыйлыктары жана артыкчылык белгилери (ким тарабынан жана качан сыйланган);
– соттуулугунун бар же жок экендиги, анын ичинде ага колдонулган тартиптик, административдик жоопкерчилик жана жоруктарды жана бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик чаралары жөнүндө маалыматтар;
– кирешелери, чыгымдары жөнүндө, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелери жөнүндө маалыматтар; жеке сүрөтү.
Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды жеке инвестициялык эсеп ачуу боюнча ________________________ жүзөгө ашыруусу максатында иштеп чыгуу үчүн берем.
Муну менен менин жеке маалыматтарымды аныктыгын текшерүү жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча маалыматты аныктоо үчүн башка мамлекеттик органдарга берүү жөнүндө кабардар экенимди ырастайм, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ____________________ менин жеке маалыматтарымды жогоруда көрсөтүлгөн адамдарга өз ишин жүзөгө ашыруунун алкагында берүүдө кийин мага кабарлоону талап кылбай турганымды аң-сезимдүү жана шартсыз ырастайм.
Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук мөөнөтсүз (туруктуу колдонулат) болуп саналат жана бул макулдукка кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет.
Аты-жөнү __________________________
| Кол тамгасы ___________________________ |
20___ ж. «____» _____________