Редакцияот 25.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 25-июну № 663-VIII

«Деңизде сүзүү чөйрөсүндөгү эл аралык конвенцияларга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 22-июнундагы чыг. № 18-7989) «Деңизде сүзүү чөйрөсүндөгү эл аралык конвенцияларга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

2026-жылдын 3-июлунда https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8044 расмий сайтында жарыялынды

 

 

Төраганын орун басары

 

Б.А. Ибрагимов