Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 8-июлу № 106
Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Референдум өткөрүү демилгеси жана дайындоо
3-глава. Референдум өткөрүүгө даярдык көрүүнүн тартиби
4-глава. Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө үгүттөө
5-глава. Добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү тартиби.Референдумдун натыйжаларын аныктоо
6-глава. Референдумду каржылоо
7-глава. Референдум жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
8-глава. Корутунду жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Кыргыз Республикасынын референдуму
1. Кыргыз Республикасынын референдуму (мындан ары – референдум) – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору жана мамлекеттик маанидеги башка маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын (мындан ары – референдумдун катышуучулары) жалпы элдик добуш берүүсү.
2. Референдум эркин шайлоолор менен катар элдик бийликти түздөн-түз билдирүү болуп саналат. Референдум Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өткөрүлөт.
2-берене. Ушул конституциялык Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер
1. Ушул конституциялык Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) үгүт материалдары – референдумдун маселелери боюнча үгүт белгилерин камтыган (референдумга чыгарылган маселе (маселелер) боюнча макул же каршы) жана референдум өнөктүгү мезгилинде массалык таратуу, жарыялоо же башка массалык пайдалануу үчүн арналган басылма, аудиовизуалдык жана башка материалдар;
2) референдум маселелери боюнча үгүт – референдум өнөктүгү мезгилинде жүзөгө ашырылуучу жана референдумдун катышуучуларына референдумга чыгарылган маселени колдоого же колдобоого түрткү берүү максатындагы иш;
3) референдумга чыгарылуучу маселе (маселелер) – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору жана мамлекеттик маанидеги башка маселелер;
4) референдумга катышуу укугуна кепилдиктер – Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укугун камсыз кылуунун уюштуруучулук, укуктук, маалыматтык жана башка каражаттары;
5) мамлекеттик портал – мамлекеттик органдын референдум участоктору, аймактык шайлоо комиссиялары жана жалпысынан республика боюнча референдумдун катышуучуларынын электрондук түрдөгү тизмелери жөнүндө маалыматты камтыган, мыйзамдарда белгиленген тартипте түзүлүүчү жана актуалдаштырылуучу, шайлоо дарегинин (референдумдун шайлоо участогунун номеринин) өзгөргөндүгү, жарандардын шайлоолорго жана референдумдарга катышуусу жөнүндө маалыматтарды камтыган, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген идентификациялоо жана аутентификациялоо боюнча талаптар сакталганда референдумдун катышуучуларына өз дайындарын тактоо жана өзгөртүү үчүн мүмкүнчүлүк берүүчү интернет-сайты;
6) «макул» топ – референдумга чыгарылган маселени (маселелерди) жактаган үгүт үчүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте катталган референдумдун катышуучуларынын тобу;
7) «каршы» топ – референдумга чыгарылган маселеге (маселелерге) каршы үгүт үчүн, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте катталган референдумдун катышуучуларынын тобу;
8) референдумдун катышуучусунун инсандыгын ырастоочу документ – Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун мыйзамдарда белгиленген бардык типтери;
9) мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы – бийлик өкүлүнүн функцияларын туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча жүзөгө ашыруучу же болбосо мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында уюштуруу-тескөө, административдик-чарбалык, контролдоо-көзөмөлдөө функцияларын аткаруучу адам;
10) референдумдун документтери – референдумдун катышуучуларынын тизмелери, жарактуу, жараксыз жана бузулган (каталар менен толтурулган) бюллетендер, шайлоо комиссияларынын протоколдору, электрондук протоколдору, референдум маселелери боюнча алардын чечимдери, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жыйынды таблицалар, идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чектер, ошондой эле идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтыктоочу отчеттор, автоматтык эсептөөчү урнанын нөлдүк жана жыйынтыктоочу отчеттору;
11) демилгечи топ – элдик мыйзам чыгаруу демилгесин ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу мыйзамга ылайык референдумду дайындоо жөнүндө демилге үчүн кол тамгаларды топтоону жана демилгени юридикалык күчүнө киргенге чейин коштоону жүзөгө ашыруучу жарандардын тобу;
12) референдумду маалыматтык жактан камсыз кылуу – жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсү, референдумдун айкындуулугу үчүн өбөлгө түзүүчү референдумдун катышуучуларына маалымдоо жана референдум маселелери боюнча үгүт;
13) референдумдун катышуучуларына маалымдоо – референдум өнөктүгү мезгилинде жарандарды референдумга катышууга үндөөгө, жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө жана референдумдун айкындуулугуна өбөлгө түзүүчү маалыматты даярдоо жана таратуу боюнча иш. Референдумдун катышуучуларына маалымдоо үгүттөө элементтерин же белгилерин камтыбоого тийиш;
14) маалыматтык материал – референдум өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын иши, референдум участоктору, референдумдун катышуучуларынын тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жана тактоонун тартиби, добуш берүүгө катышуунун тартиби, добуш берүүнүн тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана референдумдун натыйжаларын аныктоо жөнүндө маалыматты камтыган басылма, аудиовизуалдык жана башка материалдар;
15) референдум өткөрүү боюнча комиссиялар (мындан ары – шайлоо комиссиялары) – референдумду даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруучу жана камсыз кылуучу коллегиалдык органдар;
16) эл аралык байкоочу – чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун атынан чыгуучу, мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасында референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүү укугуна ээ болгон адам;
17) байкоочу – мыйзамдарда каралган тартипте референдумду даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды эсептөөгө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана референдумдун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүүгө «макул» топ, «каршы» топ, саясий партия, коммерциялык эмес уюм тарабынан дайындалган адам;
18) коомдук байкоочулар – мыйзамдарда каралган тартипте референдумду даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды эсептөөгө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана референдумдун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүүгө коммерциялык эмес уюм тарабынан дайындалган адамдар;
19) референдумга катышуу укугу – Кыргыз Республикасынын добуш берүү күнүнө карата 18 жашка толгон жарандарынын референдумга катышууга, анын ичинде референдумга чыгарылган маселелер боюнча добуш берүүгө конституциялык укугу;
20) туруктуу жашаган жери – жашаган жеринин дарегин каттоо менен же болбосо калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлгөн жарандын паспортундагы каттоо белгиси менен тастыкталган жарандын Кыргыз Республикасынын аймагындагы жашаган жери;
21) диний ишмер – дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык диний уюмдун атынан, анын ичинде ЖМК жана Интернет тармагы аркылуу диний ишти жүзөгө ашыруучу адам;
22) референдумдун катышуучуларынын тизмеси – Кыргыз Республикасынын референдумга катышуу укугуна ээ болгон жарандарынын Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде электрондук жана кагаз түрүндө түзүлүүчү, даярдыгынын даражасына жана багытталышына жараша алдын ала, контролдук жана акыркы болуп бөлүнүүчү тизмеси;
23) референдумдун катышуучусу – Кыргыз Республикасынын добуш берүү күнүнө карата 18 жашка толгон, референдумга катышууга активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жараны;
24) референдумдун майыптыгы бар катышуучусу – активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, шайлоо укуктарын толук кандуу жүзөгө ашырууну чектөөгө алып келген, организминин функциялары угуусунун, көрүүсүнүн, таяныч-кыймыл аппаратынын функцияларынын бузулушу менен билинген оорулар, жаракаттардын же кемчиликтердин кесепеттери менен шартталып туруктуу бузулган Кыргыз Республикасынын жараны;
25) оператор – участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү же болбосо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан ишке тартылуучу адам, ал шайлоо жана референдумдарды өткөрүүдө жарандарды идентификациялоо же добуш берүү күнүндө референдум участогунда автоматтык эсептөөчү урнаны тейлөө боюнча техникалык кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылат;
26) добуш берүү үчүн үкөктөр – добуш берүү үчүн автоматтык эсептөөчү урналар же туруктуу орнотулган үкөктөр, ошондой эле көчмө үкөктөр;
27) автоматтык эсептөөчү урна (мындан ары – АЭУ) – референдумдун катышуучуларынын добуштарын автоматтык эсептөө үчүн арналган түзүлмө;
28) туруктуу орнотулган үкөк – добуш берүү үчүн тунук урна;
29) добуш берүү үчүн көчмө үкөк – референдумдун катышуучусунун добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүсүн өткөрүү үчүн арналган үкөк;
30) бузулуу – автоматтык эсептөөчү урнанын, принтери бар идентификациялоочу түзүлмөнүн убактылуу иштөө жөндөмдүүлүгүн жоготкондугу;
31) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – калкты каттоо жана документтештирүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган;
32) чек – электрондук түрдөн кайра түзүлгөн физикалык алып жүрүүчү, анда референдумдун катышуучусунун идентификациялык дайындары жөнүндө маалымат басылма таризин түзбөстөн аз нускада чагылдырылат;
33) референдумдун катышуучуларынын алдын ала тизмеси – референдумдун катышуучуларынын добуш берүү күнүнө чейин 80 календардык күн мурда түзүлгөн, мамлекеттик порталда жарыяланган жана жарандардын өз дайындарын тактоосу же болбосо алардын өзүнүн шайлоо дарегин өзгөртүүсү үчүн участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан илинген тизмеси;
34) референдумдун катышуучуларынын контролдук тизмеси – референдумдун катышуучулары жана добуш берүү күнүнө чейин 35 календардык күн мурда референдумдун катышуучуларынын тизмесин тактоо мезгилинде келип түшкөн референдумдун катышуучуларынын арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн өзгөртүүлөр жөнүндө актуалдаштырылган маалыматты камтыган, добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн мурда мамлекеттик порталда жарыялануучу жана референдум участокторунда илинүүчү референдумдун катышуучуларынын тизмеси;
35) референдумдун катышуучуларынын акыркы тизмеси – референдумдун катышуучуларынын тизмесин тактоо мезгилинде референдумдун катышуучуларынын арыздарынын негизинде бардык өзгөртүүлөр киргизилген, референдум күнүнө чейин 7 календардык күн мурда мамлекеттик порталда жарыялануучу жана референдум участокторунда илинүүчү референдумдун катышуучуларынын такталган тизмеси;
36) Интернет – маалыматты сактоо жана берүү үчүн глобалдык (бүткүл дүйнөлүк) компьютердик тарам (бириктирилген компьютердик тарамдардын тутуму);
37) интернет-басылмалар – социалдык тарамдардагы интернет-блогдорду жана жеке жактардын жеке баракчаларын кошпогондо, жаңылык, маалыматтык-аналитикалык, оюн-зоок жана башка мүнөздөгү материалдарды камтыган, Кыргыз Республикасында башкарылуучу (модерациялануучу) же алардын ээлери болуп Кыргыз Республикасынын жарандары жана (же) юридикалык жактары саналган, Интернет тармагында кирүүчүлөрдүн аларга эркин жетүүсүнө мүмкүндүк берген интернет-сайттар (порталдар, форумдар);
38) онлайн-идентификациялоо – референдумдун катышуучусун добуш берүү күнүндө катталган жерине карабастан анын жеке жана биометрикалык дайындары боюнча идентификациялоо;
39) офлайн-идентификациялоо – референдум күнүндө катталган жери боюнча референдум участогунда болгон референдумдун катышуучусун анын жеке жана биометрикалык дайындары боюнча идентификациялоо;
40) принтери бар идентификациялоочу түзүлмө (мындан ары – ПИТ) – референдумдун катышуучусун анын биометрикалык жана жеке дайындары боюнча идентификациялоо үчүн арналган, добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу функциясы бар түзүлмө;
41) аралыктан добуш берүү – референдумдун катышуучусунун катталган жерине карабастан, добуш берүүнүн электрондук жана (же) кагаз түрүндөгү бюллетенин пайдалануу жана электрондук тутумда добуш берүүнүн дайындарын автоматтык жалпылоо менен референдум участогунда добуш берүү;
42) электрондук добуш берүү – добуш берүүнүн электрондук бюллетенин пайдалануу жана электрондук тутумда добуш берүүнүн дайындарын автоматтык жалпылоо менен референдум участогунан тышкары добуш берүү;
43) добуш берүүнүн электрондук бюллетени – программалык-техникалык каражаттар менен электрондук түрдө даярдалган, аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүүдө колдонулуучу бюллетень.
2. Ушул конституциялык Мыйзамда колдонулуучу терминдер жана түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Президентин (мындан ары – Президент), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын (мындан ары – Жогорку Кеңештин депутаты) шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү тутумун белгилеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында колдонулган мааниде колдонулат.
3-берене. Референдум өткөрүүнүн принциптери
Референдум төмөнкүдөй принциптердин негизинде өткөрүлөт:
1) референдумга катышуу эркин болуп саналат;
2) добуш берүү ыктыярдуу жана жашыруун болуп саналат жана жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жүзөгө ашырылат;
3) референдумдун ар бир катышуучусу бир добушка ээ.
2. Референдум өткөрүүдө, анын ичинде добуштарды эсептөөдө ачык-айкындуулук жана коомчулуктун катышуусу камсыз кылынат.
3. Референдумга Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары катышууга укуктуу.
4. Жаранды референдумга катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында ага таасир этүүгө эч кимдин укугу жок. Жарандын өз эркин билдирүүсүн контролдоого таптакыр тыюу салынат. Референдумдун жүрүшүндө эч ким өз пикирлерин жана ынанымдарын билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.
5. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары ушул конституциялык Мыйзамга ылайык референдумга катышуу укугуна ээ.
Референдум өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын анын чегинен тышкары жашаган же жүргөн жарандарынын референдумга катышуу укугу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери аркылуу камсыз кылынат.
Кыргыз Республикасынын анын чегинен тышкары жашаган же жүргөн жарандары аккредиттелген өлкөнүн тийиштүү органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сунушу боюнча, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги мекемелеринин аймагында түзүлүүчү референдум участокторунда добуш беришет.
6. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга катышууга укуксуз.
4-берене. Референдум жөнүндө мыйзамдар
1. Референдум жөнүндө мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын ушул конституциялык Мыйзамы жана башка ченемдик укуктук актылары түзөт.
2. Ушул конституциялык Мыйзамдын жоболору конституциялык мыйзамды кабыл алуу жолу менен гана өзгөртүлүшү же толукталышы мүмкүн.
5-берене. Жашыруун добуш берүү
Кыргыз Республикасында референдумда добуш берүү жарандардын өз эркин билдирүүсүн кандайдыр бир контролдоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жашыруун болуп саналат.
Добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
6-берене. Референдум өткөрүүнүн тили
1. Референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө мамлекеттик жана расмий тилдер пайдаланылат.
2. Референдумга чыгарылуучу маселелердин тексттери, добуш берүү бюллетендери, референдумдун натыйжалары жөнүндө протоколдор жана дайындар, референдумда кабыл алынган чечимдер, мамлекеттик бийлик органдарынын, шайлоо комиссияларынын референдум өткөрүүгө тиешелүү документтери мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлөт (жарыяланат).
7-берене. Референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө ачык-айкындуулук
1. Референдумду даярдоо жана өткөрүү ачык жана айкын жүзөгө ашырылат. Мамлекет Кыргыз Республикасынын жарандарына референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби менен мөөнөттөрү жөнүндө, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана референдумдун натыйжалары жөнүндө маалымдоону камсыз кылат.
2. Референдумду даярдоого жана өткөрүүгө, референдумга катышуу укугун камсыз кылууга тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте жана мөөнөттөрдө расмий жарыяланат.
3. Мамлекет Кыргыз Республикасынын жарандарына, саясий партияларга жана башка коммерциялык эмес уюмдарга, «макул» топторго жана «каршы» топторго Кыргыз Республикасынын Президентинин референдумду дайындоо жөнүндө жарлыгы күчүнө кирген күндөн тартып ушул конституциялык Мыйзамга ылайык референдумдун маселелери боюнча үгүттү эркин жүргүзүүгө кепилдик берет.
8-берене. Референдумга чыгарылуучу маселелер
1. Референдумга Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору жана мамлекеттик маанидеги башка маселелер чыгарылышы мүмкүн.
2. Референдумдун маселеси аны ар түрдүү чечмелөө мүмкүнчүлүгүн болтурбагандай жана ага бир жактуу гана жооп берүү мүмкүн болгондой түрдө түзүлүүгө тийиш.
9-берене. Референдумга чыгарылууга тийиш болбогон маселелер
Референдумга төмөнкүдөй маселелер чыгарылышы мүмкүн эмес:
1) согуш жана тынчтык;
2) Президенттин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу же узартуу;
3) Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо же болбосо мындай шайлоолорду өткөрүү мөөнөттөрүн кийинкиге жылдыруу;
4) салыктарды жана жыйымдарды киргизүү, өзгөртүү жана жокко чыгаруу, ошондой эле аларды төлөөдөн бошотуу;
5) тарифтер жөнүндө;
6) мамлекеттин светтик мүнөзүн, Кыргыз Республикасынын унитардыгын жана аймактык бүтүндүгүн өзгөртүү;
7) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жана чек аралары;
8) аскердик же өзгөчө абалды киргизүү;
9) республикалык бюджетти кабыл алуу жана өзгөртүү;
10) мамлекеттик бийликтин өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын кызмат адамдарын шайлоо, дайындоо жана бошотуу менен байланышкан;
11) мунапыс жана ырайым кылуу.
10-берене. Референдум өткөрүүнү болтурбоочу жагдайлар
1. Референдум Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында же анын айрым жерлеринде киргизилген аскердик же өзгөчө абалдын шарттарында өткөрүлбөйт.
2. Мазмуну же мааниси боюнча ушундай эле туюндурмадагы маселе менен референдум мурдагы референдумдун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин бир жылдын ичинде кайрадан өткөрүлбөйт.
2-глава. Референдум өткөрүү демилгеси жана дайындоо
11-берене. Референдум өткөрүү жөнүндө чечим
1. Президент Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу жөнүндө референдумду өзүнүн демилгеси же 300 миңден кем эмес шайлоочунун демилгеси, же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин демилгеси боюнча дайындайт.
2. Президент Кыргыз Республикасынын Конституциясынын биринчи, экинчи жана бешинчи бөлүмдөрүнүн жоболоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселелери боюнча референдумду дайындоо жөнүндө чечимди өзүнүн демилгеси же 300 миңден кем эмес шайлоочунун демилгеси, же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин демилгеси боюнча кабыл алат.
3. Президент мамлекеттик маанидеги башка маселелер боюнча референдумду дайындоо жөнүндө чечимди өзүнүн демилгеси же 300 миңден кем эмес шайлоочунун демилгеси, же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси боюнча кабыл алат.
4. Референдумду дайындоо менен анын натыйжаларын расмий жарыялоонун ортосундагы мезгилде ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө аталган субъекттер жаңы референдум өткөрүү жөнүндө демилге менен чыга албайт.
12-берене. Жарандардын референдумду дайындоо жөнүндө демилгеси
1. Кыргыз Республикасынын референдумга катышууга укуктуу болгон ар бир жараны же жарандарынын тобу Президентке ушул конституциялык Мыйзамда аныкталган маселе (маселелер) боюнча референдумду дайындоо жөнүндө сунуш киргизүү тууралуу кол тамгаларды чогултуу үчүн 100 адамдан кем эмес сандагы демилгечи топту түзөт.
2. Демилге укугун ишке ашыруу боюнча жарандардын демилгечи тобун түзүүнүн тартиби, кол тамгаларды чогултуунун тартиби, кол коюу барагынын таризи, ошондой эле кол коюу барактарын текшерүүнүн тартиби «Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
13-берене. Референдумду дайындоонун тартиби
1. Референдум Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы (мындан ары – жарлык) менен дайындалат.
2. Жарлык менен референдум өткөрүү датасы жана референдумга чыгаруу үчүн сунушталган маселенин (маселелердин) туюндурмасы аныкталат, мында референдум өткөрүү датасы жарлык күчүнө кирген күндөн тартып 4 айдан кечиктирилбестен кайсы болбосун дем алыш күнүнө дайындалышы мүмкүн.
3-глава. Референдум өткөрүүгө даярдык көрүүнүн тартиби
14-берене. Шайлоо комиссиялары
1. Референдумду даярдоону жана өткөрүүнү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын референдумга катышуу укуктарын ишке ашырууну жана коргоону төмөнкүлөр жүзөгө ашырат:
1) Борбордук шайлоо комиссиясы;
2) шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык (райондук, шаардык) шайлоо комиссиялары (мындан ары – аймактык шайлоо комиссиялары);
3) участкалык шайлоо комиссиялары.
2. Шайлоо комиссиялары референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө аларга келип түшкөн, ушул конституциялык Мыйзамды бузуу жөнүндө кайрылууларды өз ыйгарым укуктарынын чегинде кароого, ал кайрылуулар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана кайрылууларга жазуу жүзүндөгү жоопторду 3 күндүк мөөнөттө берүүгө (мында эгерде кошумча текшерүү талап кылынса, алар боюнча чечимдер 5 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө кабыл алынат), бирок добуш берүү күнүнө чейинки күндөн кечиктирбестен, ал эми добуш берүү күнүндө жана добуш берүү күнүнөн кийинки күнү – токтоосуз кабыл алууга милдеттүү.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө, атап айтканда, зарыл болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, телефондоштурулган жайларды берүүгө, үзгүлтүксүз интернет-байланыш менен камсыз кылууга, технологиялык жабдууларды (стенддерди, добуш берүү үчүн үкөктөрдү, АЭУ, ПИТ, кабиналарды ж.б.), референдум өткөрүү боюнча документтерди алар жогору турган шайлоо комиссиясына же болбосо архивге өткөрүп берилгенге чейин сактоо үчүн жайларды берүүгө, ошондой эле алардын кайтарылышын камсыз кылууга; зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды берүүгө, шайлоо комиссияларынын референдумду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан кайрылууларына жоопторду кечиктирбестен, тиешелүү маселени кошумча изилдөө же текшерүү зарыл болгондо – 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнүндө же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү – токтоосуз берүүгө милдеттүү.
15-берене. Шайлоо комиссияларын түзүүнүн тартиби. Шайлоо комиссияларынын ишин уюштуруу
Борбордук шайлоо комиссиясынын, аймактык шайлоо комиссияларынын, участкалык шайлоо комиссияларынын курамын түзүүнүн тартиби, ошондой эле алардын ишин уюштуруу «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет.
16-берене. Шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары
Борбордук шайлоо комиссиясынын, аймактык шайлоо комиссияларынын, участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленет.
17-берене. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн статусу
Борбордук шайлоо комиссиясынын, аймактык шайлоо комиссияларынын, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн статусу «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
18-берене. Шайлоо комиссияларынын ишиндеги айкындуулук
Шайлоо комиссияларынын иши «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык айкын жана ачык жүзөгө ашырылат.
19-берене. Байкоочу
1. «Макул» топ, «каршы» топ, саясий партия байкоочу дайындоого укуктуу, ал мыйзамдарда каралган тартипте референдумду даярдоого, добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды эсептөөгө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана референдумдун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүүгө укуктуу.
2. Байкоочу аны жиберген субъекттен жолдомо тиешелүү шайлоо комиссиясына келип түшкөндөн кийин байкоочунун ушул конституциялык Мыйзамда каралган укуктарына жана милдеттерине ээ болот. Жолдомодо байкоочунун фамилиясы, аты жана атасынын аты, туруктуу жашаган жери, референдум участогунун номери, ал жиберилген шайлоо комиссиясынын аталышы көрсөтүлөт, ошондой эле ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган чектөөлөрдүн жоктугу жөнүндө жазуу жүргүзүлөт. Жолдомо жиберген субъекттин мөөрү болгондо жана паспорт же аны алмаштырган документ көрсөтүлгөндө жарактуу деп эсептелет. Байкоочу жиберилип жаткандыгы жөнүндө алдын ала билдирүү талап кылынбайт.
3. Активдүү шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жараны байкоочу болууга укуктуу.
Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты, саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчы, шайлоо комиссиясынын мүчөсү, судьялар, прокурорлор, башка укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматчылары байкоочу болууга укуксуз.
4. Байкоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ар кандай деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын курамын түзүүгө байкоо жүргүзүүгө;
2) референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө;
3) референдумдун катышуучуларын эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө;
4) референдумду маалыматтык жактан камсыз кылууга байкоо жүргүзүүгө;
5) референдумдун катышуучуларынын шайлоо комиссиясында болгон тизмеси, добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга;
6) добуш берүү күнүндө сутканын кандай болбосун убагында добуш берүү жайында болууга;
7) референдумдун катышуучуларынын добуш берүү жайынан тышкары добуш берүүсүнө катышууга;
8) үгүт жүргүзүүгө ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тыюу салууларды бузбастан, референдумду даярдоо жана өткөрүү тууралуу өз пикирин эл алдында, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу айтууга, билдирүү жасоого;
9) өзү катталган референдум участокторунда эркин жүрүүгө жана шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;
10) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбастан, уюштуруунун жана добуш берүүнүн ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартибине, анын ичинде бюллетендердин берилишине, референдумга катышуучулардын тизмесине киргизилген референдумдун катышуучуларынын, референдумга катышуучуларга берилген бюллетендердин, керектен чыгарылган бюллетендердин санын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; бюллетендердин мазмунун көрүүнү камсыз кылуучу аралыкта жана шарттарда референдумдун катышуучуларынын добуштарын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө; референдумдун катышуучуларынын добуштарын эсептөөдө толтурулган же толтурулбаган кандай гана болбосун бюллетень менен таанышууга; шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду жана референдумдун башка документтерин түзүүсүнө байкоо жүргүзүүгө;
11) өзү жиберилген участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына, ал эми ал жокто – анын милдетин аткарган адамга добуш берүүнү уюштуруу маселелери боюнча сын пикирлер жана сунуштар менен кайрылууга;
12) өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;
13) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
14) өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга;
15) тиешелүү шайлоо комиссияларында референдумдун катышуучуларынын добуштарын кайра эсептөөгө катышууга;
16) үгүт белгилерин камтыбаган, өзүнүн статусу, фамилиясы, аты жана атасынын аты, байкоочуну шайлоо комиссиясына жиберген субъекттин аталышы белгиленген төш белгисин тагынып жүрүүгө;
17) референдумдун катышуучуларынын добуш берүүсүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга тоскоол болбостон фото-, видеого тартууну, аудио жазууну жеке өзү жүзөгө ашырууга.
5. Байкоочу төмөнкүлөргө укуксуз:
1) референдумдун катышуучуларына бюллетендерди берүүгө;
2) референдумдун катышуучусунун өтүнүчү боюнча бюллетендерди алгандыгы тууралуу ал үчүн кол коюуга;
3) референдумдун катышуучусунун өтүнүчү боюнча бюллетенди ал үчүн толтурууга;
4) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого;
5) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан бюллетендерди эсептөөгө түздөн-түз катышууга;
6) шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылуучу аракеттерди жасоого;
7) референдумдун катышуучуларынын арасында үгүт жүргүзүүгө;
8) тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан чечимдерди кабыл алууга катышууга.
6. Байкоочулардын иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.
20-берене. Эл аралык байкоочулар
1. Эл аралык байкоочулар Президент, Жогорку Кеңеш, Министрлер Кабинети, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жиберилген чакыруу болгондо жарлык күчүнө киргенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредиттелет. Чакырууларды жиберүү жөнүндө сунуштар шайлоо мыйзамдары жана референдум маселелери боюнча, ошондой эле адам укуктарын коргоо жаатында адистешкен эл аралык уюмдар тарабынан берилиши мүмкүн.
2. Эл аралык байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредиттелген күндөн тартып башталат жана референдумдун натыйжалары расмий жарыяланган күнү аяктайт.
3. Эл аралык байкоочулар кандай гана болбосун референдум участокторунда эркин жүрүүгө жана шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга укуктуу.
4. Эл аралык байкоочулар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) референдумду даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин эл алдында билдирүүгө;
2) басма сөз конференцияларын өткөрүүгө жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылууга;
3) референдумдун катышуучуларынын добуш берүүсүнүн жашырындуулугун бузбастан, фото-, видеого тартууну, аудио жазууну жүзөгө ашырууга;
4) референдумдун маселелери боюнча үгүт белгилерин камтыбаган, өзүнүн статусу, фамилиясы, аты жана атасынын аты, алар өкүлдөрү болгон уюмдун аталышы белгиленген төш белгисин тагынып жүрүүгө;
5) ар кандай деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын курамдарын түзүүгө байкоо жүргүзүүгө;
6) референдумдун катышуучуларынын тизмелерин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө;
7) референдумдун катышуучуларын эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө;
8) референдумду маалыматтык жактан камсыз кылууга байкоо жүргүзүүгө.
5. Эл аралык байкоочулар өз статусун референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүү менен байланышпаган ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга укуксуз.
6. Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык байкоочу ушул конституциялык Мыйзамды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда анын аккредитациясын кайтарып алууга укуктуу.
7. Эл аралык байкоочулардын иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.
21-берене. Коомдук байкоочулар
1. Коммерциялык эмес уюмдар өздөрүнүн уставдарында белгиленген тартипте референдумга байкоо жүргүзүүгө катышуу жана ага өздөрүнүн коомдук байкоочуларын жиберүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.
2. Коомдук байкоочунун ыйгарым укуктары аталган коомдук байкоочу анын кызыкчылыктарын билдирген коммерциялык эмес уюмдун мөөрү менен ырасталган жазуу жүзүндөгү жолдомодо аныкталууга тийиш. Жолдомодо коомдук байкоочунун фамилиясы, аты жана атасынын аты, анын жашаган жеринин дареги, референдум участогунун номери, байкоочу жиберилген шайлоо комиссиясынын аталышы көрсөтүлөт, ошондой эле ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган чектөөлөрдүн жоктугу жөнүндө жазуу жазылат. Жолдомо коомдук байкоочу Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдун референдумга байкоо жүргүзүүгө катышуу жөнүндө чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн көрсөткөндө жарактуу болот.
Референдумга байкоо жүргүзүүгө ниеттенген коммерциялык эмес уюм коммерциялык эмес уюмду мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсүн тиркөө менен Борбордук шайлоо комиссиясына, аймактык шайлоо комиссиясына билдирүү жөнөтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы, аймактык шайлоо комиссиясы референдумга жарандык мониторинг жүргүзүү ниетин жарыялаган коммерциялык эмес уюмдардын тизмегин участкалык шайлоо комиссияларына жөнөтөт.
3. Коомдук байкоочулар ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди бергенде тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан катталат. Каттоонун шарттары жана тартиби, коомдук байкоочуларды шайлоо комиссияларынын алдында каттоо жөнүндө документтин таризи Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
Коммерциялык эмес уюм ар бир шайлоо комиссиясында үчтөн ашык эмес коомдук байкоочусун каттоодон өткөрө алат. Мында бир референдум участогунда бир коммерциялык эмес уюмдан бир убакта бир гана коомдук байкоочу боло алат.
4. Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер, саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчы, шайлоо комиссиясынын мүчөсү, судьялар, прокурорлор, башка укук коргоо жана фискалдык органдардын кызматкерлери, аскер кызматчылары шайлоо комиссияларында коомдук байкоочу болууга укуксуз.
5. Коомдук байкоочунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аны тиешелүү шайлоо комиссиясы каттаган күндөн тартып башталат жана референдумдун натыйжалары расмий жарыяланган күнү аяктайт.
6. Коомдук байкоочулар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ар кандай деңгээлдеги шайлоо комиссиясынын курамын түзүүгө байкоо жүргүзүүгө;
2) референдумдун катышуучуларынын тизмелерин түзүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө;
3) референдумдун катышуучуларын эсепке алуунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө;
4) референдумду маалыматтык жактан камсыз кылууга байкоо жүргүзүүгө;
5) референдумдун катышуучуларынын шайлоо комиссиясында болгон тизмелери, добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын (кайрылуулардын) реестри менен таанышууга;
6) добуш берүү күнүндө сутканын кандай болбосун убагында добуш берүү жайында болууга;
7) референдумдун катышуучуларынын добуш берүү жайынан тышкары добуш берүүсүнө катышууга;
8) референдум өнөктүгүн даярдоо жана өткөрүү жөнүндө өз пикирин эл алдында, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу айтууга, билдирүүлөрдү жасоого;
9) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузбастан, уюштуруунун жана добуш берүүнүн ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартибине, анын ичинде добуш берүү бюллетендеринин берилишине, референдумга катышуучулардын тизмесине киргизилген референдумдун катышуучуларынын, референдумга катышуучуларга берилген добуш берүү бюллетендеринин, керектен чыгарылган добуш берүү бюллетендеринин санын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө, бюллетендердин мазмунун көрүүнү камсыз кылуучу аралыкта жана шарттарда референдумдун катышуучуларынын добуштарын эсептөөгө байкоо жүргүзүүгө, референдумдун катышуучуларынын добуштарын эсептөөдө толтурулган же толтурулбаган кандай гана болбосун добуш берүү бюллетени менен таанышууга, шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду жана референдумдун башка документтерин түзүүсүнө байкоо жүргүзүүгө;
10) өзү жиберилген участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына, ал эми ал жокто – анын милдетин аткарган адамга добуш берүүнү уюштуруу маселелери боюнча сын пикирлер жана сунуштар менен кайрылууга;
11) өзү жиберилген шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;
12) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
13) тиешелүү шайлоо комиссияларындагы референдумдун катышуучуларынын добуштарын кайра эсептөөгө катышууга;
14) шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган, өзүнүн статусу, фамилиясы, аты жана атасынын аты, аны шайлоо комиссиясына жиберген уюмдун аталышы белгиленген төш белгисин тагынып жүрүүгө;
15) шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга тоскоол болбостон фото-, видеого тартууну, аудио жазууну жеке өзү жүзөгө ашырууга;
16) өзү катталган референдум участогунда эркин жүрүүгө жана катышууга.
7. Коомдук байкоочу төмөнкүлөргө укуксуз:
1) референдумдун катышуучуларына добуш берүү бюллетендерин берүүгө;
2) референдумдун катышуучусунун өтүнүчү боюнча добуш берүү бюллетендерин алгандыгы тууралуу ал үчүн кол коюуга;
3) референдумдун катышуучусунун өтүнүчү боюнча добуш берүү бюллетенин ал үчүн толтурууга;
4) добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуучу аракеттерди жасоого;
5) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан добуш берүү бюллетендерин эсептөөгө түздөн-түз катышууга;
6) шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылуучу аракеттерди жасоого;
7) референдумдун катышуучуларынын арасында үгүт жүргүзүүгө;
8) тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан чечимдерди кабыл алууга катышууга.
8. Коомдук байкоочулар өз статусун референдумду даярдоо жана өткөрүү өнөктүгүнө байкоо жүргүзүү менен байланышпаган иштерди жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланууга укуксуз.
9. Тиешелүү шайлоо комиссиясы коомдук байкоочу ушул конституциялык Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда анын катталуусун жокко чыгарууга укуктуу.
22-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү
1. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жазуу жүзүндөгү өтүнмө келип түшкөндөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредиттелет.
2. Референдумду даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык жактан чагылдырууга катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;
2) шайлоо комиссиясынын протоколу менен таанышууга;
3) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
4) референдумдун катышуучуларынын добуш берүүсүнүн жашыруундуулугун бузбастан, референдумду даярдоо мезгилинде, ал эми добуш берүү күнүндө – участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан аныкталган жерден фото-, видеого тартууну жүзөгө ашырууга;
5) референдумдун маселелери боюнча үгүт белгилерин камтыбаган, өзүнүн статусу, фамилиясы, аты жана атасынын аты, өздөрү өкүлдөрү болгон уюмдун аталышы белгиленген төш белгисин тагынып жүрүүгө.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлүнүн талабы боюнча шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу же референдумдун натыйжалары жөнүндө протоколдун көчүрмөсүн күбөлөндүрүп берүүгө милдеттүү.
4. Борбордук шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттары ушул конституциялык Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурда алардын аккредитациясын кайтарып алууга укуктуу.
5. Жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлүнүн референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги иши шайлоо мыйзамдары менен жөнгө салынат.
23-берене. Референдум участокторун түзүү
1. Референдум участоктору, алардын схемалары жана чектери аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө жана шайлоо комиссиялары тууралуу мыйзамдарына ылайык бекитилет.
2. Референдум участоктору референдумга катышууга укуктуу болгон жарандар убактылуу жүргөн жерлерде, тергөө изоляторлорунда, убактылуу кармоо изоляторлорунда жана үзгүлтүксүз цикл (вахта методу) менен иштеген ишканаларда түзүлүшү мүмкүн.
3. Аскер кызматчылары – Кыргыз Республикасынын жарандары жалпы референдум участокторунда добуш беришет. Өзгөчө учур катары, калктуу конуштардан алыс жайгашкан, обочолонгон райондордогу аскердик бөлүктөрдө референдум участокторун түзүүгө жол берилет.
4. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын – референдумга катышуучулардын добуш берүүсүн жана добуштарын эсептөөнү уюштуруу үчүн аккредитациялоочу өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сунушу боюнча референдум участоктору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин аймагында түзүлүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын аймагынын сыртындагы участкалык шайлоо комиссиялары жүргөн мамлекеттин аймагындагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн же консулдук мекемелеринин жетекчилери тарабынан түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн референдум участоктору жөнүндө маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин сайттарында алар бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен жайгаштырылат.
24-берене. Референдумдун катышуучуларынын тизмелерин түзүү. Референдумдун катышуучуларынын тизмеси менен таанышуу
1. Референдумдун катышуучуларынын укуктарын ишке ашыруу, аларды тактоо, аларды өздөрү жөнүндө дайындар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир референдум участогу боюнча референдумга катышууга укуктуу болгон жарандардын тизмелери (референдумдун катышуучуларынын тизмелери) түзүлөт.
2. Референдумдун катышуучуларынын тизмелерин түзүүнүн, алар менен таанышуунун тартиби жана шарттары Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
4-глава. Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө үгүттөө
25-берене. Референдумга чыгарылган маселелер боюнча макул же каршы үгүттөө
1. Жарлык күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга чыгарылган маселе (маселелер) боюнча макул же каршы үгүт жүргүзүүгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын жарандары жарлык күчүнө киргенден кийин референдумга чыгарылуучу маселеге (маселелерге) «макул» топту же «каршы» топту түзүүгө укуктуу. Аталган топтор Борбордук шайлоо комиссиясына каттоо жөнүндө өтүнүч менен кайрылат, анда топтун мүчөлөрүнүн, ошондой эле топтун атынан иш жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу адамдардын (топтун жетекчиси, референдумга катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жана байкоочу) фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган жеринин дареги, паспортунун же аны алмаштыруучу документинин сериясы жана номери көрсөтүлүүгө тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен үгүт боюнча топту каттайт жана каттоо күбөлүктөрүн берет.
2. Үгүт чогулуштарда, митингдерде жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Үгүт жүргүзүүнүн тариздери жана методдору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.
3. Үгүт жүргүзүүгө, кандай гана болбосун үгүт материалдарын таркатууга төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) мамлекеттик, муниципалдык кызматчыларга, аскер кызматчыларына өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда;
2) кайрымдуулук уюмдарына, диний бирикмелерге жана диний ишмерлерге;
3) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө;
4) чет мамлекеттердин жарандарына, жалпыга маалымдоо каражаттарына жана уюмдарына;
5) жарандыгы жок адамдарга;
6) эл аралык уюмдарга жана эл аралык коомдук кыймылдарга.
4. Референдумдун маселелери боюнча үгүт төмөнкүдөй жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) телерадио уктуруу уюмдарынын каналдарында, мезгилдүү басылмалардын жана интернет-басылмалардын баракчаларында;
2) массалык иш-чараларды (колдонуудагы мыйзамга ылайык чогулуштарды, жолугушууларды, ачык дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды, көчө жүрүштөрүн) өткөрүү аркылуу;
3) басылма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана жайылтуу аркылуу;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка тариздерде.
26-берене. Референдумга чыгарылган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүүнүн мөөнөттөрү
1. Референдумга чыгарылган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү жарлык күчүнө кирген күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 24 саат калганда аяктайт.
2. Мурда шайлоо комиссияларынын жайынан тышкары илинген басылма үгүт материалдары мурунку орундарында сакталат.
27-берене. Референдумга чыгарылган маселе (маселелер) боюнча телекөрсөтүүдө жана радиодо үгүт жүргүзүүнүн шарттары
1. Мамлекеттик телерадио уюмдары референдумга чыгарылган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн «макул» топко, «каршы» топко бирдей шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.
Телерадио уюмунун каналдарында обо убактысы «макул» топко, «каршы» топко бирдей негиздерде топтун өз фондунан төлөнүүчү акы төлөө менен, ал эми ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда акысыз берилет.
2. «Макул» топ, «каршы» топ мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында өздөрүнө обо убактысын акысыз алууга укуктуу. Аталган обо убактысы теле жана радио программалар эң көп аудитория чогулуучу – саат 20:00дөн 24:00гө чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш.
3. Мамлекеттик телерадио уюму «макул» топко, «каршы» топко берүүгө милдеттүү болгон акысыз обо убактысынын жалпы көлөмү жумуш күндөрү кеминде бир саатты түзүүгө тийиш. Мында акы төлөнүүчү обо убактысынын жалпы көлөмүнүн жарымынан кем эмеси «макул» топко, «каршы» топко референдумга чыгарылган маселе (маселелер) боюнча биргелешкен дебаттарды, башка ушул сыяктуу үгүт иш-чараларын жүргүзүү үчүн гана берилүүгө тийиш. Акы төлөнүүчү обо убактысынын бул үлүшүн пайдаланууга «макул» топко, «каршы» топко бирдей негиздерде жол берилүүгө тийиш. Биргелешкен үгүт иш-чараларына катышуудан баш тартуу ушул бөлүккө ылайык берилүүчү акы төлөнүүчү обо убактысынын көлөмүнүн көбөйүшүнө алып келбейт.
4. Ушул берененин 1-бөлүгү колдонулбаган телерадио уюмдары референдумдун маселелери боюнча үгүт жүргүзүү үчүн акы төлөнүүчү обо убактысын резервде кармоого милдеттүү. Акы төлөөнүн өлчөмдөрү жана шарттары «макул» топ жана «каршы» топ үчүн бирдей болууга тийиш.
5. Обо убактысына акы төлөөнүн өлчөмү жана шарттары жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясына референдумга чыгарылган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн обо убактысын берүүгө даяр экендиги жөнүндө билдирүү менен жарлык күчүнө киргенден кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү телерадио уюмдары тарабынан жарыяланууга тийиш.
6. Ушул берененин 1-бөлүгү колдонулбаган телерадио уюмдары «макул» топко, «каршы» топко обо убактысын келишимдик негизде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген нускамага ылайык берүүгө укуктуу.
Обо убактысын берүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмү «макул» топ жана «каршы» топ үчүн бирдей болууга тийиш.
«Макул» топко, «каршы» топко берилүүчү акы төлөнүүчү обо убактысынын наркы референдум дайындалган күнгө чейин 6 ай мурда алынып келген нарктан ашуусу мүмкүн эмес.
7. «Макул» топтун жана «каршы» топтун сүйлөгөн сөздөрүн бөлүүгө, ошондой эле аларды кандайдыр бир комментарийлер менен коштоого тыюу салынат.
8. Адистештирилген (балдар, техникалык, илимий жана башка) телерадио уюмдары «макул» топ, «каршы» топ референдум маселелери боюнча үгүткө катышуудан толук баш тарткан шартта аларга үгүт жүргүзүү үчүн обо убактысын берүүдөн баш тартууга укуктуу.
28-берене. Референдумга чыгарылган маселе (маселелер) боюнча мезгилдүү басылмаларда үгүт жүргүзүүнүн шарттары
1. Мамлекеттик басылмалардын редакциялары референдумга чыгарылган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн «макул» топту, «каршы» топту А4 форматындагы бир барактан кем эмес өлчөмүндө акысыз басылма аянты менен тең шарттарда камсыз кылууга милдеттүү.
2. Мамлекеттик эмес мезгилдүү басылмалар «макул» топко, «каршы» топко басылма аянтын акы төлөө менен бирдей негиздерде берүүгө милдеттүү. Мында басылма аянтынын наркы жарлык күчүнө киргенге чейин 6 айдын ичинде алынып келген нарктан ашуусу мүмкүн эмес.
3. Басылма аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана шарттары жөнүндө маалыматтар референдумга чыгарылган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн басылма аянтын берүүгө даяр экендиги жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына билдирүү менен жарлык күчүнө киргенден кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен мезгилдүү басмылманын тиешелүү редакциясы тарабынан жарыяланууга тийиш.
4. Мезгилдүү басылмаларда референдумга чыгарылган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү үчүн акы төлөө менен басылма аянтын берүү мезгилдүү басылма менен «макул» топтун, «каршы» топтун өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт.
5. Адистештирилген (балдар, техникалык, илимий жана башка) мезгилдүү басылмалардын редакциялары алар референдумга чыгарылган маселе (маселелер) боюнча үгүткө толук катышпаган шартта «макул» топко, «каршы» топко үгүт жүргүзүү үчүн басылма аянтын берүүдөн баш тартууга укуктуу.
29-берене. Референдумга чыгарылган маселе (маселелер) боюнча массалык иш-чаралар аркылуу үгүт жүргүзүүнүн шарттары
1. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары «макул» топко жана «каршы» топко жарандар менен чогулуштарды жана жолугушууларды, ачык дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштурууда жана өткөрүүдө көмөк көрсөтүүгө, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү.
2. Шайлоо комиссиясынын өтүнмөсү боюнча, мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган, массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн жарактуу жайлар шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген убакытка «макул» топтун жана «каршы» топтун жарандар менен жолугушуусу үчүн менчик ээси, ээлик кылуучу тарабынан акысыз берилет.
3. «Макул» топ жана «каршы» топ диний багыттагы жерлерди кошпогондо, референдумдун катышуучулары менен жолугушууларды өткөрүү үчүн жарандарга жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга таандык болгон имараттарды жана жайларды келишимдин негизинде ижарага алууга укуктуу.
30-берене. Басылма, аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын чыгаруунун жана жайылтуунун шарттары
1. «Макул» топ, «каршы» топ басылма, ошого тете аудиовизуалдык жана башка үгүт материалдарын тоскоолдуксуз жайылтууга укуктуу.
2. Бардык басылма жана башка үгүт материалдары бул үгүт материалдарын даярдаган уюмдун, жеке ишкердин аталышын (фамилиясын, атын, атасынын атын) жана дарегин, үгүт материалдарын даярдоого тапшырык берген референдум тобуна («макул» топко же «каршы» топко) көрсөтмөнү, алардын нускасы жана чыгарылган күнү жөнүндө маалыматты, тиешелүү референдум тобунун («макул» топтун жана «каршы» топтун) фондунун каражаттарынан аларды даярдоого акы төлөнгөндүгү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле тапшырыкты төлөгөн «макул» топтун жана «каршы» топтун катышуучусунун же «макул» топтун жана «каршы» топтун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын камтууга тийиш.
«Макул» топ, «каршы» топ үгүт материалдарын окуу үчүн ыңгайлуу болгон, чоңойтулган шрифт менен басылган сурдокотормону же субтитрлөөнү пайдалануу менен, ошондой эле майыптыгы бар референдумдун катышуучулары үчүн Брайль шрифтин же башка атайын каражаттарды пайдалануу менен үгүт материалдарынын нускаларынын жалпы санынын бир пайызынан кем эмес санда жарыялоого жана таратууга милдеттүү.
3. Үгүт материалдарын ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптарын бузуу менен, ошондой эле референдум фондунан акы төлөбөстөн таратууга жол берилбейт.
Үгүт материалдарын ушул беренеде белгиленген талаптарды бузуу менен тиешелүү «макул» үгүт тобунун же «каршы» үгүт тобунун фондунан алдын ала акы төлөбөстөн даярдоого тыюу салынат.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча референдум дайындалган күндөн тартып 35 календардык күндүн ичинде ар бир референдум участогунун аймагында басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн атайын орундарды бөлүп берүүгө жана жабдууга милдеттүү.
Басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн орундар референдумдун катышуучуларынын келүүсү үчүн ыңгайлуу болууга жана референдумдун катышуучулары маалымат менен тааныша алгыдай түрдө жайгаштырылууга тийиш. «Макул» топко, «каршы» топко басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бирдей аянт бөлүнүүгө тийиш. Бөлүнгөн орундардын аянты аларга шайлоо комиссияларынын маалыматтык материалдарын жана «макул» топтун, «каршы» топтун басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн жетиштүү болууга тийиш. «Макул» топ, «каршы» топ тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынан басылма үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн орундардын тизмесин алууга укуктуу.
5. «Макул» топ жана «каршы» топ басылма үгүт материалдарын жайларга, имараттарга, курулмаларга жана башка объекттерге аталган объекттердин менчик ээлеринин жана ээлик кылуучуларынын макулдугу менен гана илиши (чапташы) мүмкүн.
6. Басылма үгүт материалдарын эстеликтерге, обелисктерге, тарыхый, маданий же архитектуралык баалуулугу бар имараттарга, курулмаларга жана жайларга, ошондой эле шайлоо комиссияларынын жайларына, добуш берүү жайларына же алардын кире беришине илүүгө (чаптоого) тыюу салынат. Үгүт материалдарын жайгаштыруу максатында дарактарды жана башка жашыл өсүмдүктөрү пайдаланууга жол берилбейт.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары референдумдун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндүн ичинде тиешелүү аймактарды үгүт материалдарынан тазалоону камсыз кылууга милдеттүү.
31-берене. Референдумга чыгарылган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүү укугун кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестик
1. Шайлоо комиссиялары референдумга чыгарылган маселе (маселелер) боюнча үгүт жүргүзүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын контролдойт.
2. Үгүт жүргүзүүдө социалдык, диний, расалык, улуттук жек көрүүнү жана кастыкты козуткан үгүткө, бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга чакырыктарга, ошондой эле согушту пропагандалоого, жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу менен башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин катышуусундагы ачык иш-чараларды өткөрүүгө, башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөттөрү бар фото- жана видео материалдарды пайдаланууга жол берилбейт.
3. Үгүт жүргүзүүдө «макул» топко, «каршы» топко жана референдумдун башка катышуучуларына уюштуруу ишин аткарууну кошпогондо (кол тамгаларды чогултуу жана башка техникалык жумушту аткаруу), референдумдун катышуучуларын сатып алууну жүзөгө ашырууга, аларга акча каражаттарын төлөп берүүгө, белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга, товарларды арзандатып сатууга, референдум өнөктүгү үчүн атайын даярдалган басылма, анын ичинде иллюстрациялык материалдарды жана төш белгилерди кошпогондо, кандай гана болбосун товарларды акысыз таратууга, ошондой эле акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат.
4. «Макул» топ, «каршы» топ жана референдумдун башка катышуучулары, башка адамдар жана уюмдар үгүт жүргүзүүдө референдумдун катышуучуларына акча каражаттарын, баалуу кагаздарды (анын ичинде добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча) жана башка материалдык байлыктарды берүүгө убада берүү, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү мыйзамда каралгандан башка шарттарда көрсөтүү менен референдумдун катышуучуларына таасир этүүгө укуксуз. «Макул» топтун, «каршы» топтун мүчөлөрү жана референдумдун башка катышуучулары референдум дайындалган учурдан тартып жана референдумдун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук ишин жүргүзүүгө укуксуз. Башка жеке жана юридикалык жактар референдум өнөктүгүнүн мезгилинде «макул» топтун, «каршы» топтун же референдумдун башка катышуучуларынын өтүнүчү же тапшырмасы боюнча кайрымдуулук иши менен алектенүүгө укуксуз.
5. Телерадио уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, «макул» топ, «каршы» топ жана референдумдун башка катышуучулары тарабынан референдум маселелери боюнча үгүт жүргүзүүнүн тартиби бузулган учурда шайлоо комиссиясы укук коргоо органдарына, ошондой эле башка мамлекеттик органдарга укукка каршы үгүт ишине бөгөт коюу жана телерадио уюмун, мезгилдүү басылманын редакциясын жана алардын кызмат адамдарын, «макул» топтун, «каршы» топтун мүчөлөрүн жана референдумдун башка катышуучуларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен кайрылууга тийиш.
5-глава. Добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү тартиби.
Референдумдун натыйжаларын аныктоо
32-берене. Добуш берүү жайы
1. Добуш берүү жайы участкалык шайлоо комиссиясынын пайдалануусуна мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан акысыз берилет.
2. Добуш берүү жайында жарыктандыруу тутуму менен жабдылган жана жазуу шаймандары менен камсыздалган атайын жабдылган кабиналар, ошондой эле мониторлор, видеого түшүрүү жабдуулары, ПИТ, АЭУ жана башка зарыл жабдуулар жайгаштырылат.
Жарыктандыруу тутумунда альтернативдүү кубаттандыруу булагы, кол чырактар жана шамдар болууга тийиш. Электр жарыгы өчүп калганда добуш берүү жарык (негизги же альтернативдүү булактын эсебинен) кайра берилгенге чейин токтотулуп турат. Бул учурда участкалык шайлоо комиссиясынын ишине натыйжалуу байкоо жүргүзүү максатында байкоочулар жана башка катышуучулар добуш берүү үкөктөрүнөн, добуш берүү кабиналарынан шайлоо комиссиясынын аракеттерин толук көрүүнү камсыз кылган аралыкта турууга укуктуу.
3. Добуш берүү жайында же болбосо түздөн-түз анын алдында участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан стенд жабдылып, ага добуш берүү бюллетендерин референдумга чыгарылган маселеге «макул» деп да, «каршы» деп да толтуруунун үлгүлөрү жайгаштырылат.
Көрүүсү боюнча майыптыгы бар референдумдун катышуучуларына маалымат берүү үчүн маалыматтык тактада чоң шрифт менен жана (же) Брайль шрифтин колдонуу менен жазылган маалыматтар жайгаштырылат.
4. Добуш берүү жайы ПИТ, кабиналар, мониторлор, АЭУ жана башка зарыл жабдуулар бир эле мезгилде шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көз алдында тургандай жабдылууга тийиш.
5. Майыптыгы бар референдумдун катышуучуларынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу, добуш берүү жайынын мүмкүн болушунча жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү шайлоо комиссиясы социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждык картасын добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирбестен түзөт.
Тиешелүү шайлоо комиссиясы муктаждык картасын түзүүнүн жыйынтыктары боюнча добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана майыптыгы бар адамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн тартуу менен муктаждык картасында көрсөтүлгөн майыптыгы бар референдумдун катышуучуларынын керектөөлөрүнө ылайык добуш берүү жайларын текшерүүнү уюштурат.
Добуш берүү жайы майыптыгы бар референдумдун катышуучуларынын кирүүсү үчүн атайын шаймандар менен жабдылбаган учурда тиешелүү шайлоо комиссиясы шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына майыптыгы бар адамдар үчүн добуш берүү жайынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө кайрылууну жиберет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссиялары кайрылган учурда добуш берүү жайынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө милдеттүү. Шайлоо комиссиясынын кайрылуусун аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
6. Добуш берүү жайы майыптыгы бар референдумдун катышуучуларынын тоскоолдуксуз кирүү жана добуш берүү талаптарына жооп бериши керек, анын ичинде ыңгайлуу кирүүчү жана жөө жүрүүчү жолдордун, жеке автотранспортту токтотуу үчүн атайын орундардын болушу, добуш берүү жайларынын имараттардын биринчи кабаттарында жайгаштырылышы же лифттердин болушу, эшиктердин улагасынын кенен болушу, пандустардын болушу (пандусту орнотуу мүмкүн болбогон учурда – жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөлмөлөрдүн, тактилдик көрсөткүчтөрдүн, жетиштүү жарыктандыруунун болушу зарыл.
Добуш берүү жайындагы жабдуулар (столдор, кабиналар, АЭУ жана ПИТ), ошондой эле маалыматтык стенддер добуш берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана жашыруундуулугун камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен жайгаштырылууга тийиш. Добуш берүү кабиналары кресло-колясканы пайдаланган референдумдун катышуучуларына тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүн камсыз кылуучу параметрлерге ылайык келүүгө, ошондой эле көрүүсү начар адамдар үчүн көмөкчү каражаттар (лупалар, жарыктандыргычы бар лупалар жана башкалар), кошумча жарыктандыруу, отургуч, атайын трафарет менен жабдылууга тийиш.
33-берене. Референдумда добуш берүү бюллетени
1. Референдумга катышуу үчүн референдумдун катышуучусу так отчеттуулук документи болуп саналган добуш берүү бюллетенин алат, анын корголуучу даражасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
2. Добуш берүү бюллетенинде референдумга чыгарылган маселенин тексти так берилет жана алдына бош квадраттар жайгаштырылган «макул», «каршы» деген сөздөр менен добуш берүүчүнүн өз эркин билдирүүсүнүн варианттары көрсөтүлөт. Референдумга маселелердин альтернативдүү варианттары чыгарылган учурда добуш берүү бюллетенинде өз эркин билдирүүнүн «Бардык варианттарга каршы» деген варианты да көрсөтүлөт. Ар бир варианттын оң жагына бош квадрат жайгаштырылат, мында референдумдун катышуучусу бир гана вариантты тандап алууга укуктуу. Референдумга бир нече маселе чыгарылган учурда алар бир бюллетенге өз-өзүнчө киргизилет. Добуш берүү бюллетенинде өз эркин билдирүүнүн «Бардык варианттарга каршы» деген варианты да көрсөтүлөт же референдумдун ар бир маселеси үчүн бюллетень өзүнчө даярдалат. Ар бир маселенин тушуна добуш берүүчүнүн өз эркин билдирүүсүнүн варианты «макул» жана «каршы» деген сөздөр менен көрсөтүлөт, алардын оң жагына бош квадраттар коюлат.
3. Добуш берүү бюллетенинин таризи жана тексти Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан референдум өткөрүү күнүнө чейин 20 календардык күндөн кечиктирбестен бекитилет. Добуш берүү бюллетенинин тексти анын бир гана бетинде жайгаштырылат.
4. Референдум участоктору майыптыгы бар референдумдун катышуучулары тарабынан добуш берүү бюллетендерин өз алдынча толтуруу үчүн атайын трафареттер, анын ичинде Брайль шрифти колдонулган бюллетендер менен жабдылат.
5. Референдумдун катышуучуларынын тизмелери жана башка документтер, тиешелүү шайлоо комиссиясынын мөөрү сакталган атайын сейф (шкаф) турган жай мөөр басып бекитилет жана ички иштер органдарынын кайтаруусуна өткөрүп берилет. Мында добуш берүү күнүндө сейф (шкаф) добуш берүү жүзөгө ашырылып жаткан референдум участогунун жайынын ичинде болууга тийиш.
6. Добуш берүү бюллетендерин ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузуу менен шайлоо комиссияларынын жайларынан алып чыгууга, ошондой эле көчүрмөлөөгө жана таратууга тыюу салынат.
34-берене. Референдумда добуш берүүнүн тартиби
1. Бардык референдум участокторунда, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынын сыртында жайгашкан участоктордо добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дөн саат 20:00гө чейин жүргүзүлөт. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясы жарандарды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башка ыкма менен добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, ал эми кайра добуш берүүдө – добуш берүү күнүнө чейин 7 календардык күндөн кечиктирбестен кабардар кылат.
2. Аскер бөлүктөрүндө, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон райондордо, жарандар убактылуу жүргөн жерлерде түзүлгөн референдум участокторунда участкалык шайлоо комиссиясы, эгерде тизмеге киргизилген, референдумга катышууга укуктуу болгон бардык жарандар добуш берсе, жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дөн мурда добуш берүүнү аяктады деп жарыялай алат.
3. Референдум өткөрүү күнүндө жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:00дө участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү жайындагы өзүнүн жыйналышында комиссиянын төмөнкүлөрдү аткара турган мүчөлөрүн чүчү кулак аркылуу аныктайт:
1) добуш берүү күнүндө оператордун ишин контролдоо жана аны менен биргеликте жарандарды идентификациялоону жүргүзүү;
2) идентификациялоону жүзөгө ашыруу, идентификациялоо жөнүндө чектерди жана басып чыгарылган добуш берүү бюллетендерин берүү;
3) референдумдун катышуучуларынын кагаз түрүндөгү тизмесинде жарандарды каттоону жүзөгө ашыруу;
4) референдумдун катышуучуларынын жашыруун добуш берүү кабиналарына кирүүсүн жана добуш берүү бюллетендеринин АЭУга салынышын контролдоону жүзөгө ашыруу.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана шайлоо жабдууларынын операторлору чүчү кулакка катышпайт.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын жана референдумдун башка катышуучуларынын катышуусунда ошол участоктогу референдумдун катышуучуларынын тизмеси жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле жайдан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча документтер турган, мөөр басып бекитилген сейфти (шкафты) ачат, сейфтен (шкафтан) референдумдун катышуучуларынын кагаз түрүндөгү тизмесин жана референдумдун катышуучуларынын электрондук түрдөгү тизмеси бар зарыл болгон башка жабдууларды алып чыгат, референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилгендердин санын жарыялайт, катышып жаткан адамдарга референдумдун катышуучуларынын кагаз жана электрондук түрдөгү тизмелерин көрүп таанышууга жана салыштырууга мүмкүнчүлүк берет, андан кийин аны участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү күнүндө референдумдун катышуучуларын каттоо жана референдумдун катышуучуларынын кагаз түрүндөгү тизмесин толтуруу үчүн жооптуу болгон мүчөлөрүнө таратат.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып жаткан байкоочуларга, референдумдун башка катышуучуларына кароо үчүн бош добуш берүү үкөктөрүн көрсөтөт, алар участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөр басып бекитилет (пломбаланат). Андан кийин мөөр басып бекитилген добуш берүү үкөктөрүнө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы анда референдум участогунун номери, контролдук барактарды добуш берүү үкөктөрүнө салуу убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана башка мүчөлөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн контролдук барактарды салат. Контролдук барактарга аталган адамдар тарабынан кол коюлат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
4. Добуш берүү жайында участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү операторлор менен биргеликте референдумдун катышуучусунун биометрикалык жана жеке дайындары боюнча аны онлайн жана (же) офлайн идентификациялоону жүргүзөт.
Референдумдун катышуучусун идентификациялоо референдумдун катышуучусунун инсандыгын ырастаган документ көрсөтүлгөндө жүзөгө ашырылат.
Референдумдун катышуучусун анын биометрикалык жана жеке дайындары боюнча идентификациялоо үчүн референдумдун катышуучусунун макулдугу талап кылынбайт.
Мында байкоочулар жана референдумдун башка катышуучулары үчүн көрүнүктүү жерге илинген монитордо төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылат:
– ошол референдум участогунда референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны;
– ошол референдум участогунда ошол учурга карата идентификациялоодон өткөн жана идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чек алган референдумдун катышуучуларынын саны;
– идентификациялоодон өтүп жаткан референдумдун катышуучусунун фотосүрөтү;
– жабдуулардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган башка маалымат.
Референдумдун катышуучусун идентификациялоодон кийин идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чек жана добуш берүү бюллетени басып чыгарылат.
Кайра идентификациялоого аракет кылууда, эгерде референдумдун катышуучусу буга чейин идентификациялоодон өткөн болсо, сереп мониторунда ал жүзөгө ашырылган референдум участогунун номерин көрсөтүү менен референдумдун бул катышуучусун идентификациялоо буга чейин жүргүзүлгөндүгү жөнүндө кабарлама көрсөтүлөт.
Идентификациялоодон өткөн референдумдун катышуучуларынын саны жөнүндө маалымат 9:00дөн 19:00гө чейин саат сайын борбордук серверге онлайн жөнөтүлүп турат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында автоматтык түрдө жарыяланат.
Жабдуу ошол референдум участогу боюнча референдумдун катышуучуларынын акыркы тизмесинде турган референдумдун катышуучусун идентификациялай албаган жана идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чек бербеген ар бир учур жөнүндө, эгерде идентификациялоо боюнча бир нече жолу көрүлгөн бардык чаралар натыйжа бербесе, участкалык шайлоо комиссиясынын идентификациялоо процессин контролдоо үчүн жооптуу болгон мүчөсү төрагага билдирет, андан кийин жабдуунун иштебей калгандыгы жөнүндө актыны эки нускада түзөт. Актыга участкалык шайлоо комиссиясынын идентификациялоо процессин контролдоо үчүн жооптуу болгон мүчөсү, оператор жана референдумдун тиешелүү катышуучусу тарабынан коюлат. Бир нускасы референдумдун катышуучусуна тапшырылат, экинчи нускасы участкалык шайлоо комиссиясында калат, ал референдумдун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин аталган актыны тиешелүү мамлекеттик органдарга чара көрүү үчүн жиберет. Мында референдумдун катышуучусуна добуш берүүгө жол берилбейт.
Референдумдун катышуучусуна чек бербестен добуш берүү бюллетени берилген учурда участкалык шайлоо комиссиясынын тиешелүү мүчөсү мыйзамдарда каралган жоопкерчиликти тартат.
Идентификациялоодон өткөн референдумдун катышуучуларынын саны жөнүндө маалыматтар саат 9:00дөн 19:00гө чейин борбордук серверге онлайн-режиминде саат сайын берилет жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында автоматтык түрдө жарыяланат. АЭУга салынган добуш берүү бюллетендеринин санына негизделген, добуш берген референдумдун катышуучуларынын саны жөнүндө акыркы маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясына референдум үчүн участоктор жабылгандан кийин токтоосуз, бирок бюллетендер бар урналар ачылганга чейин берилет.
5. Референдумдун катышуучусу добуш берүү үчүн чекти жана бюллетенди участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө берет, ал референдумдун катышуучусун референдумдун катышуучуларынын кагаз түрүндөгү тизмесине каттайт. Референдумдун катышуучусу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана референдумдун катышуучусунун кагаз түрүндөгү тизмесине кол коёт.
6. Референдумдун ар бир катышуучусу жеке өзү добуш берет, референдумдун башка катышуучулары үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
7. Добуш берүү бюллетени башка адамдардын болушуна жол берилбеген атайын жабдылган кабинада же атайын жабдылган жерде референдумдун катышуучусу тарабынан толтурулат. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган жер добуш берүү бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн өз эркин билдирүүсүнүн жашыруундуулугун жана добуш берүүчүнүн аракеттерин шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана байкоочулар тарабынан контролдоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууну эске алуу менен орнотулушу же даярдалышы керек.
АЭУ, эреже катары, добуш берүү жайындагы адамдар бюллетендеги белгини тааныбай тургандай, жакынкы атайын жабдылган добуш берүү кабинасынан бир жарым метрден ашпаган аралыкта жайгашышы керек.
8. Референдумдун катышуучусу добуш берүү бюллетенин толтурууда ката кетирип алдым деп эсептеген учурда ал бузулган бюллетендин ордуна добуш берүү үчүн жаңы бюллетенди берүү өтүнүчү менен участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына кайрылууга укуктуу. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн ага жаңы бюллетенди берет жана референдумдун катышуучуларынын тизмесинде референдумдун ошол катышуучусунун фамилиясынын тушуна тиешелүү белгини коёт. Добуш берүү бюллетени кайрадан бир гана жолу басып чыгарылат. Жараксыз добуш берүү бюллетени жокко чыгарылат, бул жөнүндө акт түзүлөт.
9. Эгерде референдумдун катышуучусу референдумга чыгарылган маселенин кабыл алынышы үчүн добуш берсе, ал «макул» деген сөздүн астындагы квадратка тиешелүү белгини коёт. Эгерде референдумдун катышуучусу референдумга чыгарылган маселеге каршы добуш берсе, ал «каршы» деген сөздүн астындагы квадратка тиешелүү белгини коёт.
Референдумга маселелердин альтернативдүү варианттары чыгарылган учурда референдумдун катышуучусу төмөнкүдөй варианттардын бирөөсүн гана тандап алууга укуктуу: «макул», «каршы», «бардык варианттарга каршы».
Референдумга бир нече маселе чыгарылган учурда референдумдун катышуучусу ушул бюллетендин башка маселелерине берген жоопторуна карабастан, ар бир маселеге жооп берүүгө тийиш.
Толтурулган добуш берүү бюллетенин референдумдун катышуучусу мөөр басылган (пломбаланган) АЭУга салат, ал участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көз алдында болууга тийиш.
10. Референдумдун катышуучусунун добуш берүү бюллетенин алгандыгы жөнүндө өз алдынча кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда ал участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана байкоочуларды кошпогондо, башка адамдын жардамынан пайдаланууга укуктуу. Референдумдун катышуучусуна жардам берген адам референдумга катышуучулардын тизмесиндеги «Кыргыз Республикасынын референдумунда добуш берүү бюллетенин алгандыгы тууралуу жарандын кол тамгасы» деген графада өзүнүн фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтөт жана кол коёт.
Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн өз алдынча кол коюуга жана шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон референдумдун катышуучусунун өтүнүчү боюнча дайындалган адам ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн аракеттерди шайлоочунун өз эркин билдирүүсүнө ылайык аткарууга милдеттүү.
11. Толтурулган добуш берүү бюллетендерин референдумдун катышуучулары мөөр басып бекитилген (пломбаланган) АЭУларга салышат. Добуш берүү бюллетенин добуш берүү жайынан алып чыгууга тыюу салынат.
12. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайындагы тартипке көз салат. Добуш берүү жайында коомдук тартип бузулган учурда участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайында коомдук тартипти камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жардам сурап кайрылууга укуктуу. Тартип орнотулгандан кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери добуш берүү жайынан чыгып кетүүгө тийиш. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде берилген жана добуш берүү процессинин катышуучуларынын укуктарын бузбаган тескемелери добуш берүү жайында тургандардын бардыгы тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы же ошол участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укук берилген анын башка мүчөсү аткарат.
13. Эгерде алар участкалык шайлоо комиссиясынын ишине же болбосо Кыргыз Республикасынын жаранынын өз шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузууга аракет кылышса, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү токтоосуз анын ишине катышуудан четтетилет, ал эми байкоочу жана башка адамдар добуш берүү жайынан чыгарылат. Бул жөнүндө чечим участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө кабыл алынат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы бул адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу.
14. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары добуш берүү күнүндө коомдук коопсуздукту, коомдук транспорттун, байланыш каражаттарынын, добуш берүү жайларында электр жарыктандыруунун жана жылытуунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга милдеттүү.
15. Добуш берүү күнүндө автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда добуш берүү запастык автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануу менен жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык шайлоо комиссиясынын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.
Запастык автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда добуш берүү туруктуу үкөктү пайдалануу менен жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.
Иштебей калуунун натыйжасында алмаштырылган АЭУлардын иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилген учурда добуш берүү аяктагандан кийин жыйынтыктоочу отчетту түзүү үчүн аларды пайдаланууга жол берилет. Мында акт түзүлөт, ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышкан мүчөлөрү, операторлор, байкоочулар кол коюшат.
35-берене. Аралыктан, электрондук добуш берүү
1. Референдум өткөрүүдө аралыктан, электрондук добуш берүү колдонулушу мүмкүн. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө чечим референдумду дайындоодо кабыл алынат.
2. Аралыктан, электрондук добуш берүү референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген, бирок туруктуу катталган жери боюнча референдум участогунда добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон жарандардын референдумга катышуу укугун ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган.
3. Аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүүдө жарандардын референдумга катышуу укугун ишке ашыруу жана референдумдун катышуучуларынын өз эркин билдирүүсүнүн сакталышына жана добуш берүүнүн жашыруундуулугунун сакталышына кепилдик берүү менен аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө дайындарды түзүү мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.
4. Аралыктан, электрондук добуш берүүнүн тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
36-берене. Референдумдун катышуучусунун добуш берүү жайынан тышкары добуш берүүсүнүн тартиби
1. Референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча референдум участогуна келе албаган референдумдун катышуучулары, добуш берүү күнүндө ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоо жайларында болгон референдумдун катышуучулары, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон райондордо, жайыт мал чарба участокторунда убактылуу жашаган референдумдун катышуучулары, ошондой эле өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча калктуу конуштардан обочолонгон, алыс жайгашкан аскердик бөлүктөрдө добуш берүү күнүндө кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, добуш берүү күнүндө кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын кызматкерлери, тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилүүчү, үзгүлтүксүз иш циклиндеги ишканаларда иштеген референдумдун катышуучулары, вахта методу менен иштеген референдумдун катышуучулары, үй камагында кармалган референдумдун катышуучулары, эгерде алар референдум участогунун, убактылуу жүргөн жеринин аймагында туруктуу жашаса, өздөрү жүргөн жер боюнча добуш беришет. Участкалык шайлоо комиссиялары референдумдун мындай катышуучуларына добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн мурда добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
2. Добуш берүү жайынан тышкары добуш берүүнүн тартиби жана шарттары Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Референдумдун катышуучусу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендигинен улам же ден соолугунун абалы боюнча добуш берүү бюллетенин алгандыгы үчүн өз алдынча кол коё албаган же добуш берүү бюллетенин толтура албаган учурда ал ушул конституциялык Мыйзамдын 34-беренесинин 10-бөлүгүндө каралган тартипте бул үчүн референдумдун башка катышуучусунун жардамын пайдаланууга укуктуу.
37-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол
1. Участкалык, аймактык шайлоо комиссиялары тиешелүү референдум участокторунда, аймактарда добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду түзүшөт.
2. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол так отчеттуулук документи болуп саналат, анын таризи жана корголуу даражасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
3. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду участкалык, аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан толтуруунун таризи жана тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
38-берене. Участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан референдумдун катышуучуларынын добуштарын эсептөө
1. Референдумда добуш берүү убактысы аяктагандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү жайында болгон жарандар гана добуш берүү бюллетендерин ала алат жана добуш бере алат деп жарыялайт.
2. Референдумдун катышуучуларынын добуштарын эсептөө добуш берүү бюллетендерин жана референдумдун катышуучуларынын добуштарын эсептөө боюнча аткарылуучу аракеттердин бардык жыйынтыктарын ырааттуу жарыялоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдо жана анын чоңойтулган (участкалык шайлоо комиссиясы белгилеген жерге илинүүчү) таризинде тиешелүү түрдө тариздөө менен участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана ачык жана айкын жүргүзүлөт.
Добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө процессинде байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан фотосүрөткө жана кино-, видеого тартуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Референдумдун катышуучуларынын добуштарын эсептөө добуш берүү аяктагандан кийин дароо башталат жана референдумдун катышуучулары добуш берген жайда добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленгенге чейин тыныгуусуз жүргүзүлөт. Референдумдун катышуучуларынын добуштарын түздөн-түз эсептөө жүргүзүлгөн жер ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүнүн жетүүсү камсыз кылынгандай жабдылууга тийиш. Мында добуштарды эсептөөгө катышып жаткан бардык адамдар үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн аракеттери толук көрүнүп туруусу камсыз кылынууга тийиш.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын кошпогондо, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө добуштарды эсептөөдө жазуу буюмдарын пайдаланууга тыюу салынат.
4. Референдумдун катышуучулардын добуштарын түздөн-түз эсептөө алдында участкалык шайлоо комиссиясынын референдумдун катышуучуларын каттоо үчүн жооптуу болгон мүчөлөрү референдумдун катышуучулардын тизмесинин ар бир бетине тиешелүү жалпыланган дайындарды киргизүүгө милдеттүү.
Жалпыланган дайындар киргизилгенден кийин референдумдун катышуучулардын тизмесинин ар бир бетине участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү кол коёт, ал андан кийин бардык дайындарды жалпылайт жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп берет. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы референдумдун катышуучулардын тизмесинин акыркы бетине бардык беттер боюнча дайындардын суммасы катары аныкталуучу жыйынтыктоочу дайындарды киргизет, аларды өздөрүнүн кол тамгасы жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт.
Референдумдун катышуучуларына берилген добуш берүү бюллетендеринин саны чектерди эсептөө жолу менен кошумча текшерилет.
Референдумдун катышуучуларынын тизмеси менен иш жүргүзүлгөндөн кийин референдумдун катышуучуларына берилген добуш берүү бюллетендеринин саны жөнүндө акт түзүлөт. Актынын участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү «макул» топтун, «каршы» топтун, саясий партиялардын, башка коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышып отурган өкүлдөрүнө берилет, андан кийин дайындар чоңойтулган тариздеги протоколго киргизилет.
Референдумдун катышуучулардын тизмеси менен иш жүргүзүлгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отургандарга аны менен көрүп таанышууну сунуштайт.
Андан кийин референдумдун катышуучулардын тизмеси сейфке (шкафка) салынат.
5. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдөгү добуш берүү бюллетендерин эсептөөгө киришет. Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү жайынан тышкары добуш берүүнү жүргүзгөн мүчөлөрү пломбалардын жана мөөрлөрдүн сакталгандыгын көрсөтөт, добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдү кезек-кезеги менен ачат, андан кийин добуш берүү бюллетендерин жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, ошондой эле үкөктөрдү мөөр басып бекитүү учурунда катышкан адамдардын кол тамгалары коюлган контролдук барактарды алып чыгат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдук барактарды көрсөтөт.
Добуш берүү үчүн ар бир көчмө үкөктү ачуунун алдында добуш берүү үчүн ошол көчмө үкөктү пайдалануу менен добуш берген референдумдун катышуучуларынын саны жарыяланат. Ар бир көчмө үкөктөгү добуш берүү бюллетендерин эсептөө өзүнчө жүргүзүлөт.
Эгерде добуш берүү үчүн көчмө үкөктөгү добуш берүү бюллетендеринин саны алынган добуш берүү бюллетендеринин саны жөнүндө белгини камтыган референдумдун катышуучуларынын арыздарынын санынан көп экендиги аныкталса, добуш берүү үчүн ошол көчмө үкөктө болгон бардык добуш берүү бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп таанылат жана ылдыйкы оң бурчун кесүү жолу менен жокко чыгарылат, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт. Добуш берүү жайынан тышкары добуш берүүнү өткөрүүнү камсыз кылган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн фамилиялары жана инициалдары көрсөтүлгөн ушул акты добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго тиркелет. Бул жараксыз добуш берүү бюллетендери өзүнчө таңгакталат жана мөөр басып бекитилет, мында баштыкта референдум участогунун номери, үкөктүн номери, добуш берүү бюллетендеринин саны көрсөтүлөт жана «Добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган жараксыз добуш берүү бюллетендери» деген жазуу жазылат.
6. Белгиленбеген тариздеги добуш берүү бюллетендери добуштарды эсептөөдө эсепке алынбайт. Белгиленбеген тариздеги добуш берүү бюллетендери деп мазмуну жана (же) таризи Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген добуш берүү бюллетенинин текстине жана таризине ылайык келбеген бюллетендер таанылат.
7. Көчмө үкөктөн алынган шайлоо бюллетендери автоматтык эсептөөчү урнага салынат.
8. Референдумдун катышуучуларынын добуштарын түздөн-түз эсептөө алдында участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы АЭУ боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялайт, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиркелет жана участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып жаткан мүчөлөрүнүн, «макул» топтун жана «каршы» топтун, саясий партиялардын, башка коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында жарыяланат.
АЭУлар добуш берүүнүн бардык мезгилинде добуш берүү сырынын ачылышына жол бербөөгө жана зымдуу жана зымсыз тарамдарга туташтырылбоого тийиш. АЭУдан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө дайындарды чыгаруу участкалык шайлоо комиссиясынын чечими боюнча добуш берүү күнүндө саат 20:00дөн кийин, бирок добуш берүү күнүнүн саат 23:00дөн кечиктирилбестен жүзөгө ашырылат. АЭУнун мөөр менен күбөлөндүрүлгөн отчеттору, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтыктоочу отчеттор добуш берүү жайында турган бардык байкоочуларга берилет.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы АЭУда камтылган добуш берүү бюллетендерин эсептөө башталгандыгын жарыялайт, мөөрдүн (пломбанын) бузулбагандыгын көрсөтөт жана АЭУну ачат. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү бюллетендерин жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, эртең менен АЭУну мөөр басып бекитүүгө катышкан башка адамдардын кол тамгалары коюлган контролдук баракты алып чыгат.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдук баракты көрсөтөт.
Добуш берүү бюллетендери АЭУдан алынгандан кийин эсептелет жана натыйжалары добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго киргизилет.
АЭУдан алынган добуш берүү бюллетендеринин саны референдумдун катышуучуларына берилген бюллетендердин санына дал келүүгө же болбосо андан аз болууга тийиш. Эгерде АЭУдан алынган добуш берүү бюллетендеринин саны референдумдун катышуучуларына берилген бюллетендердин санынан көп болсо, анда участкалык шайлоо комиссиясы мындай айырмачылыктын себептерин аныктоо жана четтетүү боюнча чараларды көрөт.
Эгерде себептер аныкталгандан жана четтетилгенден кийин АЭУдагы жарактуу добуш берүү бюллетендеринин саны референдумдун катышуучуларына берилген добуш берүү бюллетендеринин санынан көп болуп калса, АЭУдагы бардык добуш берүү бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп таанылат жана төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен жокко чыгарылат.
9. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү үчүн көчмө жана туруктуу орнотулган үкөктөрдөн алынган добуш берүү бюллетендерин референдум маселесине макул, референдум маселесине каршы, референдумга маселелердин альтернативдүү варианттары чыгарылган учурда «Бардык варианттарга каршы» позициясына берилген добуштар боюнча иргейт. Бир эле убакта участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү белгиленбеген тариздеги добуш берүү бюллетендерин жана жараксыз добуш берүү бюллетендерин бөлүп коёт. Добуш берүү бюллетендерин иргөөдө участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү референдумдун катышуучуларынын бюллетендерде камтылган белгилерин жарыялайт жана эсептөөгө катышып жаткандардын бардыгына көрүп контролдоо үчүн бюллетендерди көрсөтөт.
10. Иргелген добуш берүү бюллетендери менен участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн контролдоосу астында байкоочулар, «макул» топтун, «каршы» топтун өкүлдөрү таанышууга укуктуу.
11. Андан кийин белгиленген тариздеги добуш берүү бюллетендери боюнча референдумдун катышуучуларынын добуштарын референдумга чыгарылган маселе боюнча, ал эми референдумга маселелердин альтернативдүү варианттары чыгарылган учурда – «Бардык варианттарга каршы» позициясы боюнча да өзүнчө эсептөө жүргүзүлөт. Иргелген добуш берүү бюллетендерин эсептөө үн чыгаруу менен, аларды бир пачкадан экинчисине бирден алып коюу жолу менен, эсептөөгө катышкан адамдар угуп же референдумдун катышуучуларынын добуш берүү бюллетениндеги белгисин көрүп тургандай жүзөгө ашырылат. Ар башка пачкалардагы добуш берүү бюллетендерин бир убакта эсептөөгө жол берилбейт.
Добуш берүү бюллетендериндеги референдумдун катышуучуларынын жооптун ар бир варианты, ал эми референдумга маселелердин альтернативдүү варианттары чыгарылган учурда – «Бардык варианттарга каршы» позициясы үчүн да берилген тиешелүү белгилери жөнүндө алынган дайындар добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган таризине киргизилет.
12. Жараксыз добуш берүү бюллетендери өзүнчө эсептелет жана жалпыланат. Жараксыз деп референдумдун катышуучусунун өз эркин билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон добуш берүү бюллетендери, ошондой эле добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган добуш берүү бюллетендери саналат (эгерде добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган добуш берүү бюллетендеринин саны алынган добуш берүү бюллетендери жөнүндө белги камтылган референдумдун катышуучуларынын арыздарынын санынан ашса). Жараксыздардын санына Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген коргоо белгилери жок болгон, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлбөгөн жана башка белгиленген белгилерди камтыбаган добуш берүү бюллетендери да кирет.
Бюллетень жараксыз деп эсептелет, эгерде:
– референдумдун маселеси боюнча бир эле учурда бир нече жооп толтурулса;
– бир эле учурда референдумдун маселеси жана референдумдун альтернативдүү маселеси боюнча бир эле учурда «макул» деген жооптор толтурулса же референдумдун маселеси (маселелери) боюнча жооптор жана бир эле учурда «Бардык варианттарга каршы» деген жооп толтурулса;
– референдумдун бир нече маселелери боюнча жооптун варианттары жана бир эле учурда «Бардык варианттарга каршы» деген жооп толтурулса;
– референдумдун катышуучусунун өз эркин билдирүүсү жок болсо (толтурулбаган бюллетендер).
Эгерде референдумдун маселелеринин бир бөлүгү ушул конституциялык Мыйзамга ылайык толтурулса, ал эми башка бөлүгү жараксыз деп таанылса, референдумдун бир нече маселелери боюнча бюллетень жарактуу деп эсептелет. Добуштарды эсептөө ушул конституциялык Мыйзамга ылайык толтурулган маселелер боюнча жүргүзүлөт.
Добуш берүү бюллетенин жараксыз деп таанууда күмөн саноолор келип чыккан учурда участкалык шайлоо комиссиясы маселени добуш берүү менен чечет, мында добуш берүү бюллетенинин арткы бетине анын жараксыздыгынын себеби көрсөтүлөт жана бул жазуу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын кол тамгалары менен тастыкталат жана комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Жараксыз добуш берүү бюллетендеринин жалпы саны добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган таризине киргизилет.
13. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жарактуу добуш берүү бюллетендеринин санын эсептейт, жарыялайт жана Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тариздеги добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган таризине киргизет, ал референдумдун катышуучуларынын өз эркин билдирүүсүн белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү референдумдун катышуучуларынын белгилери боюнча аныкталат.
14. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуштарды эсептөөгө бардык катышуучуларга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн контролдоосу астында добуш берүү бюллетендери менен көрүп таанышууну сунуштайт, «макул» топтун, «каршы» топтун өкүлүнүн же байкоочунун талабы боюнча добуштарды кайра эсептөөнү жүргүзөт. Добуш берүү бюллетендери «макул» топтун, «каршы» топтун өкүлүнүн же байкоочунун түздөн-түз катышуусунда жана аларга көрүп контролдоо мүмкүнчүлүгүн берүү менен кайра саналат. Мында добуш берүү бюллетендерин кайра эсептөө үн чыгаруу менен жүргүзүлөт.
15. Андан кийин добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго киргизилген дайындардын контролдук катышын текшерүү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
16. Добуштарды эсептөө жүргүзүлгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышты өткөрөт, анда референдумдун катышуучуларынын добуш берүүсүндөгү жана добуштарын эсептөөдөгү тартип бузуулар жөнүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) каралат, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алынат. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана келип түшкөн арыздар (даттануулар) боюнча участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынган чечимдерге макул болгон арыз ээлери участкалык шайлоо комиссиясынын протоколуна кол коюшат. Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюуда участкалык шайлоо комиссиясынын анын мазмуну менен макул болбогон мүчөлөрү ага өзгөчө пикирин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлгөндөн кийин, иргелген добуш берүү бюллетендери жана референдумдун катышуучуларынын тизмелери өзүнчө баштыктарга таңгакталат, аларда референдум участогунун номери, добуш берүү бюллетендеринин саны жана референдумдун катышуучуларынын тизмелеринин аталышы көрсөтүлөт. Баштыктар мөөр басып бекитилет, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан кол коюлат жана өзүнчө капка же кутуга салынат. Капта же кутуда референдум участогунун номери жана анын ичиндеги документтердин тизмеги көрсөтүлөт. Кап же куту участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн кол тамгаларын коюу менен мөөр басып бекитилет. Добуш берүү бюллетендерин, референдумдун катышуучуларынын тизмелерин таңгактоо, ошондой эле аларды капка же кутуга салуу «макул» топтун, «каршы» топтун өкүлдөрүнүн, байкоочулардын катышуусунда жүзөгө ашырылат, аларга да капка же кутуга өз кол тамгаларын коюу мүмкүнчүлүгү берилет. Баштык, кап же куту жогору турган шайлоо комиссиясынын же соттун чечими боюнча гана ачылышы мүмкүн.
17. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол эки нускада толтурулат жана ага кол коюлган датаны жана убакытты (саатты, мүнөттү) көрсөтүү менен участкалык шайлоо комиссиясынын катышып олтурган бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат. Эгерде протоколго участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү кол койсо, ал жарактуу болуп саналат. Протоколго кол коюуда участкалык шайлоо комиссиясынын протоколдун мазмунуна макул болбогон мүчөлөрү протоколго өзгөчө пикирлерин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.
18. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан кол коюлгандан кийин, добуш берүүнүн жыйынтыктары участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышып отурган мүчөлөрүнүн, «макул» топтун, «каршы» топтун өкүлдөрүнүн, байкоочулардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында токтоосуз жарыяланат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жарыялангандан кийин, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол, референдумдун катышуучуларын идентификациялоо жөнүндө жана АЭУлардын баштапкы жана жыйынтыктоочу чектери АЭУ аркылуу сканерлөө жолу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине жөнөтүлөт.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол ката толтурулган учурда, комиссия тиешелүү актыны түзөт, ал да сканерленет жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жаңы толтурулган жана кол коюлган протокол менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине жөнөтүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине келип түшкөн сканерленген документтер протоколдун туура толтурулгандыгы текшерилгенден кийин тутумдук администратор тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жарыяланат.
19. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун биринчи нускасы ага кол коюлгандан кийин референдум өткөрүү боюнча документтер, анын ичинде добуш берүү бюллетендери, референдумдун катышуучуларынын тизмелери, арыздар (даттануулар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер, участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлгөн актылар менен бирге участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири тарабынан «макул» топтун, «каршы» топтун өкүлдөрүнүн коштоосунда аймактык шайлоо комиссиясына токтоосуз жеткирилет.
20. Протоколдун экинчи нускасы, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат, ал комиссиянын иши аяктаганга чейин алардын аныктыгы жана сакталышы үчүн мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликти тартат.
21. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун чоңойтулган таризи көпчүлүктүн таанышуусу үчүн участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген жерге илинет жана участкалык шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин сакталат.
22. Добуштарды эсептөөгө катышкан ар бир адамга участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин токтоосуз анын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
23. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү референдум участокторунун жайларынын алдындагы стенддерге токтоосуз илинет.
Референдумга катышкан референдумдун катышуучуларынын тизмеси добуш берүү күнүнөн кийин 7 календардык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жарыяланат.
39-берене. Аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө
1. Добуш берүү аяктагандан кийин маалыматтык шайлоо тутуму тиешелүү референдум участоктору жана аймактар боюнча аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө электрондук протоколду бекитилген тариз боюнча автоматтык түрдө түзөт. Аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктары маалыматтык шайлоо тутумунун сайтында көрсөтүлөт. Аймактык шайлоо комиссияларындагы тутумдук администраторлор электрондук протоколду басып чыгарышат жана ошол комиссиянын аракеттеринин чөйрөсүнө кирген референдум участоктору боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп беришет.
2. Электрондук протокол төмөнкүдөй дайындарды камтыйт:
– аралыктан, электрондук добуш берүү аркылуу добуш берген референдумдун катышуучуларынын санын;
– «макул» жана «каршы» позициялары үчүн берилген добуштардын санын;
– референдумга маселелердин альтернативдүү варианттары чыгарылган учурда «Бардык варианттарга каршы» позициясы үчүн берилген добуштардын санын;
– Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталуучу башка маалыматтарды.
3. Референдумга чыгарылган маселе боюнча тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Маалыматтык шайлоо тутумунда ар бир регион боюнча аралыктан, электрондук добуш берүүнүн электрондук протоколу түзүлөт, ал ар бир регион боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан эске алынат.
Аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду басып чыгаруу процессинде байкоочулар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан фотосүрөткө, кино-, видеого тартуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Эгерде аралыктан, электрондук добуш берүүнү өткөрүүдө референдумдун катышуучуларынын өз эркин билдирүүсүнүн жыйынтыктарын так аныктоого мүмкүндүк бербеген тартип бузууларга жол берилсе, аралыктан, электрондук добуш берүүнүн жыйынтыктары референдум жөнүндө мыйзамдарга ылайык аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
Бул учурда референдум жөнүндө мыйзамдарга ылайык референдумдун натыйжалары аралыктан, электрондук добуш берүүнү эске албастан референдум участокторунда добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат.
40-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан белгилөө
1. Участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун биринчи нускалары ушул конституциялык Мыйзамдын 38-беренесинин 19-бөлүгүндө көрсөтүлгөн референдумдун документтери менен бирге участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан аларга кол коюлгандан кийин акт боюнча аймактык шайлоо комиссиясына токтоосуз өткөрүп берилет, ал тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат.
2. Тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан участкалык шайлоо комиссияларынан түздөн-түз келип түшкөн протоколдордун негизинде, аларда камтылган дайындарды кошуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун туура түзүлгөндүгүн алдын ала текшергенден кийин аймактык шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын дайындарын кошуу жолу менен тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аймактык шайлоо комиссиясы жыйынды таблицаны жана протоколду түзөт, аларга участкалык шайлоо комиссияларынын саны, келип түшкөн протоколдордун саны жөнүндө дайындар киргизилет, алардын негизинде добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпыланган дайындары түзүлөт.
Тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюунун алдында аймактык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышты өткөрөт, анда добуш берүүнү өткөрүүгө, добуштарды эсептөөгө жана участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүүгө байланыштуу комиссияга келип түшкөн арыздар (даттануулар) каралат. Аймактык шайлоо комиссиясы келип түшкөн ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат, андан кийин аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана келип түшкөн арыздар (даттануулар) боюнча аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынган чечимдерге макул болгон арыз ээлери аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюшат. Аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйналышынын протоколуна кол коюуда шайлоо комиссиясынын протоколдун мазмунуна макул болбогон мүчөлөрү ага өзгөчө пикирин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жүргүзүлөт. Андан кийин аймактык шайлоо комиссиясы тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коёт жана участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун шайлоо маалымат тутумуна киргизет.
3. Аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколу эки нускада түзүлөт жана аймактык шайлоо комиссиясынын катышып жаткан бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат. Протоколдорго тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө эки нускада түзүлүүчү жыйынды таблицасы, аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери, ошондой эле келип түшкөн арыздар (даттануулар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет.
4. Аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасы кол коюлгандан кийин жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз жөнөтүлөт.
5. Протоколдун экинчи нускасы референдумдун бардык документтери менен бирге архивге берилгенге чейин аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы тарабынан кайтарылуучу жайда сакталат.
6. Референдумдун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун чоңойтулган таризи жалпыга тааныштыруу үчүн аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген жерге илинет жана комиссиянын иши аяктаганга чейин сакталат.
7. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордо жана (же) жыйынды таблицаларда каталар, дал келбестиктер аныкталган же аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдорду түзүүнүн тууралыгынан күмөн саноолор келип чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан добуштарды кайра эсептөөнү жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу. Кайра эсептөө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн) милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт. Кайра эсептөөгө демилгечи топтун, «макул» топтун, «каршы» топтун, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар катышууга укуктуу. Добуштарды кайра эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколду түзөт, ага «Добуштарды кайра эсептөө» деген белги коюлат. Протокол Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз жөнөтүлөт.
8. Добуштарды эсептөөгө катышкан ар бир адамга аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин анын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн токтоосуз берүүгө милдеттүү.
41-берене. Референдумдун натыйжаларын аныктоо
1. Аймактык шайлоо комиссияларынын тиешелүү аймактар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде аларда камтылган дайындарды кошуу жолу менен Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берилген күндөн тартып 35 календардык күндөн кечиктирбестен референдумдун натыйжаларын аныктайт.
Борбордук шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйналышты өткөрөт, анда референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык арыздарды (даттанууларды) карайт, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы референдумдун натыйжалары жөнүндө протоколду түзөт, ага референдумдун натыйжалары алардын негизинде аныкталуучу келип түшкөн протоколдордун дайындары, түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын саны жөнүндө дайындар, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпыланган дайындары боюнча жыйынды таблицасы киргизилет.
3. Эгерде референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилген референдумдун катышуучуларынын 30 пайызынан көбү добуш берүүгө катышса, Борбордук шайлоо комиссиясы референдумду болуп өттү деп тааныйт.
Борбордук шайлоо комиссиясы, эгерде добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын жарымынан көбү чыгарылган маселе үчүн добуш берсе, чечимди референдумда кабыл алынды деп тааныйт.
Референдумга чыгарылган маселелердин альтернативдүү варианттарынын бири да добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын добуштарынын жарымынан көбүн албаган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын эң көп саны добуш берген маселенин вариантын кабыл алынды деп тааныйт.
Добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын жарымынан көбү референдумга чыгарылган маселелердин альтернативдүү варианттарынын бардыгына каршы добуш берген учурда Борбордук шайлоо комиссиясы маселелердин бардык варианттарын четке кагылды деп тааныйт.
Добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын саны добуш берүү үчүн үкөктөрдөн алынган бюллетендердин саны боюнча аныкталат.
4. Аймактык шайлоо комиссиясы референдум участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын төмөнкүдөй учурларда жараксыз деп тааныйт:
1) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө учурунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын так белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар орун алса;
2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө учурунда референдумдун катышуучуларынын өз эркин билдирүүсүнө таасир этүүчү бузуулар орун алса;
3) жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;
4) соттун чечими боюнча.
Референдум участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган учурда референдумдун натыйжалары калган референдум участокторунда добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат. Бир же бир нече референдум участокторунда референдумдун натыйжаларына таасир этүүчү добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган учурда, бул референдум участокторунда тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан кайра добуш берүү дайындалган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө кайра добуш берүү өткөрүлөт.
Референдумдун катышуучуларынын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар деп референдум участогунда добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүүнүн тартибин бузуулар түшүнүлөт.
Референдумдун катышуучуларынын өз эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар деп референдум участогунда добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн же добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн жүрүшүндө референдумдун катышуучуларынын өз эркин билдирүүсүнө таасир эткен, добуш берүү күнүндө үгүт жүргүзүү, референдум участогунда жарандардын өз укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылуу, добуш берүүгө байкоо жүргүзүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, референдумдун катышуучуларын сатып алуу менен байланышкан бузуулар түшүнүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй учурларда референдумдун натыйжаларын жараксыз деп тааныйт:
– эгерде добуш берүүгө катышкан референдумдун катышуучуларынын жалпы санынын үчтөн биринен көбүн камтыган референдум участокторунун бир бөлүгүндө добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылса;
– соттун чечими боюнча.
42-берене. Кайра добуш берүү
1. Бир же бир нече референдум участокторунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган учурда тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан кайра добуш берүү дайындалган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө ошол референдум участокторунда кайра добуш берүү өткөрүлөт.
2. Бир же бир нече референдум участокторунда кайра добуш берүү бир айдын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт.
3. Кайра добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө кабарлама кайра добуш берүүнү дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 7 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
43-берене. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана референдумдун натыйжаларын жарыялоо. Референдумда кабыл алынган чечимдин күчүнө кириши
1. Шайлоо комиссияларынын иши жайылтылган ар бир референдум участогу жана аймак боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары Борбордук шайлоо комиссиясынын жана төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунда камтылган дайындардын көлөмүндөгү референдумдун натыйжалары референдумдун катышуучуларына, «макул» топтун, «каршы» топтун өкүлдөрүнө, байкоочуларга, эл аралык байкоочуларга жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө алардын талаптары боюнча таанышуу үчүн берилет.
Ар бир референдум участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөнүнө жараша Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына токтоосуз жайгаштырылат.
Добуш берүүнүн АЭУлардан келип түшкөн жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылган дайындары юридикалык мааниге ээ болбогон алдын ала маалымат болуп саналат.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы референдумдун натыйжалары жөнүндө жалпы дайындарды референдумдун натыйжалары аныкталгандан кийин бир сутканын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жиберет.
3. Референдумдун натыйжаларын, ошондой эле референдумдун натыйжалары алардын негизинде аныкталган төмөн турган шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунда камтылган, референдумдун катышуучуларынын референдумга чыгарылган маселеге (маселелерге) «макул», «каршы» берилген добуштарынын саны жөнүндө дайындарды расмий жарыялоо референдумдун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 2 жумалык мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Эгерде референдумдун маселесинин туюндурмасында башкача каралбаса, референдумда кабыл алынган чечим расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Эгерде чечимдин өзүндө мындай чечимди жокко чыгаруунун же өзгөртүүнүн башка тартиби көрсөтүлбөсө, референдумда кабыл алынган чечим жаңы референдумда чечим кабыл алуу жолу менен гана жокко чыгарылышы же өзгөртүлүшү мүмкүн.
44-берене. Референдумда кабыл алынган чечимдин юридикалык күчү
1. Референдумда кабыл алынган чечим жалпыга милдеттүү болуп саналат, кошумча бекитилүүгө муктаж эмес жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
2. Эгерде референдумда кабыл алынган чечимди ишке ашыруу үчүн кошумча ченемдик укуктук актыны чыгаруу талап кылынса, аталган маселе анын компетенциясына кирген мамлекеттик бийлик органы референдумда кабыл алынган чечим күчүнө кирген күндөн тартып 15 күндүн ичинде аталган ченемдик укуктук актыны даярдоо мөөнөтүн аныктоого милдеттүү.
45-берене. Референдумдун документтерин сактоо
1. Участкалык шайлоо комиссияларынын документтери, анын ичинде көктөлгөн, участкалык шайлоо комиссияларынын мөөрү жана мүчөлөрүнүн кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн добуш берүү бюллетендеринин айырма бөлүктөрү референдумдун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берилет.
2. Референдум өткөрүү боюнча бардык документтер аймактык шайлоо комиссияларында бир жыл сакталат, андан кийин тиешелүү архивдик мекемеге туруктуу сактоого өткөрүп берилет.
3. Борбордук шайлоо комиссиясынын документтери референдумдун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып бир жылдан кийин архив иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга туруктуу сактоого өткөрүп берилет.
6-глава. Референдумду каржылоо
46-берене. Референдум өткөрүүнү финансылык жактан камсыз кылуу
1. Референдумду каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Каржылоонун тартиби Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет.
2. Референдум жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча программаларды, маалыматтык, билим берүү, илимий-изилдөө программаларын, референдумду техникалык жактан даярдоону, референдумдун катышуучуларынын укуктук маданиятын жогорулатууну каржылоону кошпогондо, референдумду чет мамлекеттер, чет өлкөлүк мамлекеттик органдар, мекемелер жана ишканалар, башка чет өлкөлүк юридикалык жактар, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, чет өлкөлүк жарандар, эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар катышуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар тарабынан каржылоого тыюу салынат.
47-берене. «Макул» топтун жана «каршы» топтун фонддору
1. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин «макул» топ жана «каршы» топ финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындоого милдеттүү.
Борбордук шайлоо комиссиясы финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү каттагандан жана ага каттоо күбөлүгүн бергенден кийин «макул» топ жана «каршы» топ референдум өнөктүгүнүн жүрүшүндө үгүттү каржылоо үчүн өздөрүнүн фонддорун (мындан ары – фонддор) түзөт.
2. Ушул берененин 3-бөлүгүндө саналып өткөн жактарды кошпогондо, фонддор жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктарынын акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн.
3. Фонддорго төмөнкүлөрдүн ыктыярдуу кайрымдуулуктарына тыюу салынат:
1) чет мамлекеттердин, чет өлкөлүк мамлекеттик органдардын, чет өлкөлүк мекемелердин жана ишканалардын, башка чет өлкөлүк юридикалык жактардын, алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн, чет өлкөлүк жарандардын, эл аралык уюмдардын, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар катышуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактардын;
2) жарандыгы жок жактардын;
3) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын;
4) мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын;
5) уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүш бар болгон, ошондой эле салыктарды, жыйымдарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча жеңилдиктерди пайдаланган юридикалык жактардын;
6) аскер бөлүктөрүнүн, аскердик мекемелердин жана уюмдардын;
7) укук коргоо органдарынын, соттордун;
8) кайрымдуулук иши менен алектенген уюмдардын;
9) диний уюмдардын;
10) анонимдүү кайрымдуулуктарга (анонимдүү кайрымдуулук кылуучу деп өзүнүн фамилиясын, атын, атасынын атын көрсөтпөгөн, ошондой эле ал өзү жөнүндө анык эмес маалыматтарды көрсөткөн жаран түшүнүлөт);
11) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин же Социалдык фондунун алдында карызы бар жеке жана юридикалык жактардын.
Фонддорго жогоруда аталган жеке жана юридикалык жактардан акча каражаттары келип түшкөн учурда соттун чечими боюнча банктык мекеме бул каражаттарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине же Социалдык фондуна которууга милдеттүү.
4. Фондду түзүүчү бардык акча каражаттары банктык мекемедеги атайын эсепке которулат. Бул эсеп Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксаты менен «макул» топтун, «каршы» топтун жетекчиси жана/же финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан ачылат. Фонддорго келип түшүүчү акча каражаттары улуттук валютада гана кабыл алынууга тийиш. Аталган эсептер боюнча кирешелер кошуп эсептелбейт жана төлөнбөйт.
5. Банктык мекемелердин жана/же мобилдик тиркемелердин тизмеги, аталган эсептерди ачуунун жана жүргүзүүнүн, фонддордун каражаттары боюнча эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тартиби банктык же башка мекемелер менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
6. Фонддордун каражаттарын тескөө укугу аларды түзгөн «макул» топко жана «каршы» топко, алардын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө таандык.
7. Фонддордун каражаттары максаттуу багытка ээ жана референдум өткөрүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн.
8. Фонддордун каражаттары референдумга чыгарылган маселеге (маселелерге) макул же каршы үгүттөөгө багытталган, референдум өнөктүгүн жүргүзүү менен түздөн-түз байланышкан жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү, товарларды жана материалдарды сатып алуу боюнча уюштуруу-техникалык чараларды финансылык камсыздоого гана, анын ичинде төмөнкүлөргө жумшалышы мүмкүн:
– маалыматтык жана консультациялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөргө, ишке тартылган кызматкерлердин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө;
– жарнама-басылма кызмат көрсөтүүлөрүнө (үгүт материалдарын чыгаруу жана жайылтуу, кулактандырууларды жана сүйлөгөн сөздөрдү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыялоо) акы төлөөгө;
– жайларды, жабдууларды ижарага алууга;
– транспорттук жана иш сапардык чыгымдарды жабууга;
– байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө;
– кеңсе товарларын, жабдууларды ж.б. сатып алууга.
«Макул» топко жана «каршы» топко алардын фонддоруна келип түшкөн каражаттардан тышкары, референдумга чыгарылган маселе (маселелер) боюнча макул же каршы үгүт жүргүзүү, башка иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча жумуштарга акы төлөө үчүн башка каражаттарды пайдаланууга тыюу салынат. Юридикалык жактар, алардын филиалдары, өкүлчүлүктөрү, ошондой эле жеке жактар тарабынан референдум менен түз же кыйыр түрдө байланышкан жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү акысыз аткарууга же негизсиз арзандатылган баада аткарууга, товарларды сатууга тыюу салынат.
9. «Макул» топ же «каршы» топ референдумга чыгарылган маселе (маселелер) боюнча үгүттөө, башка иш-чараларды өткөрүү мезгилинде фонддун каражаттарынан тышкары башка каражаттарды пайдаланган учурда алар мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
10. Банктык жана башка мекемелер жума сайын, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын талабы боюнча – 24 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына «макул» топтун же «каршы» топтун атайын эсебинде турган каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү. Аталган маалымат келип түшкөнүнө жараша Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жеке дайындарды коргоо жөнүндө мыйзамдарды жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен расмий сайтка милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.
11. Референдум өнөктүгү менен байланышкан белгилүү бир жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу (көрсөтүү) жөнүндө жеке жана юридикалык жактар менен келишимдер (макулдашуулар) «макул» топтун жана «каршы» топтун референдумга катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жеке өздөрү тарабынан түзүлөт.
Фонддордун атайын эсептеринен төлөө боюнча келишимдер жана макулдашуулар добуш берүү күнүнө чейинки күндөн кеч түзүлүшү мүмкүн эмес.
Жеке жана юридикалык жактар менен эсептешүүлөр, ошондой эле фонддун атайын эсебинде турган, сарпталбаган акча каражаттарын артка кайтаруу боюнча бардык финансылык операциялар добуш берүү күнүнөн кийин 5 календардык күндөн кечиктирилбестен токтотулат.
Референдум өткөрүү менен байланышкан жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү үчүн «макул» топтун жана «каршы» топтун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жеке, юридикалык жактардын ортосундагы эсептешүүлөр накталай эмес тартипте гана жүзөгө ашырылат.
Банктык эсептешүү эсеби болгон учурда мындай эсептешүүлөрдү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тизмекке киргизилген мобилдик банктык тиркемелер тутуму аркылуу жүзөгө ашырууга жол берилет.
Ошол эле учурда, даректүү социалдык жардам алуучу, аз камсыз болгон жана жеңилдиктерге укугу бар адамдарга референдум өнөктүгү менен байланышкан белгилүү бир жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаргандыгы үчүн накталай эмес эсептешүү боюнча акы төлөө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мыйзамдарда каралган социалдык төлөмдөрдөн баш тартуусу үчүн негиз болуп саналбайт.
12. Кайра добуш берүүнү өткөрүүдө аларга карата кайра добуш берүү өткөрүлүп жаткан «макул» топтун жана «каршы» топтун фонддорунун атайын эсептери боюнча финансылык операциялар кайра добуш берүү дайындалган күнү кайра башталат.
13. «Макул» топтун жана «каршы» топтун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү өз фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүүсүнүн жана чыгымдалышынын эсебин жүргүзүүгө жана Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү финансылык отчетторду берүүгө милдеттүү. Финансылык отчеттордун тартиби, мөөнөттөрү жана тариздери Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
14. «Макул» топтор жана «каршы» топтор добуш берүү күнүнөн кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өз фондун түзүүнүн өлчөмдөрү жана булактары, ошондой эле жүргүзүлгөн бардык сарптоолор жана төлөмдөр жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү.
15. «Макул» топтор жана «каршы» топтор атайын эсепте турган сарпталбаган акча каражаттарынын калдыктарын кайрымдуулукту жүзөгө ашырган уюмдардын жана жактардын эсептерине, алардын салган каражаттарына пропорциялуу түрдө которууга милдеттүү.
16. Фонддун атайын эсеби «макул» топтор жана «каршы» топтор тарабынан жыйынтыкталган финансылык отчет берилгенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын көрсөтмөсү боюнча банктык мекеме тарабынан жабылат.
17. «Макул» топтун жана «каршы» топтун фондундагы каражаттарга, аталган фондго ыктыярдуу кайрымдуулуктарга жана которууларга, ошондой эле анын чыгымдалышына салык салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленет.
18. Референдум фонддорунун каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтар, «макул» топтун жана «каршы» топтун референдум өнөктүгүн каржылоо жөнүндө финансылык отчеттору жеке дайындар жөнүндө мыйзамдарды жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.
48-берене. Референдум өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын, ошондой эле референдум фонддорунун каражаттарынын чыгымдалышын контролдоо
1. «Макул» топтордун жана «каршы» топтордун референдум фонддорунун каражаттарын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартибин контролдоо шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Республикалык бюджеттен шайлоо комиссияларына референдумду даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышын контролдоо, ошондой эле «макул» топтордун жана «каршы» топтордун референдум фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүү булактарын, туура эсепке алынышын жана пайдаланылышын контролдоо, анын ичинде «макул» топтордун жана «каршы» топтордун финансылык отчетторун текшерүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында 7 адамдан кем эмес сандагы контролдук-ревизиялык топ түзүлөт. Контролдук-ревизиялык топтун ишин уюштуруунун тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
3. Контролдук-ревизиялык топко контролдук-ревизиялык топтун жетекчиси, шайлоо комиссиясынын контролдук-ревизиялык топко дайындалган мүчөлөрү, укук коргоо, финансы жана башка мамлекеттик органдардан, уюмдардан жана мекемелерден тартылган адистер, ошондой эле тартылган эксперттер кирет. Аталган органдар, уюмдар жана мекемелер Борбордук шайлоо комиссиясынын суроо-талабы боюнча референдумду дайындоо жөнүндө жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен адистерди анын карамагына иш сапарга жиберүүгө милдеттүү.
4. Тартылган адистер контролдук-ревизиялык топто иштеген убакытта негизги ишинен бошотулат, алардын жумуш орду (кызмат орду), негизги жумуш орду боюнча белгиленген кызматтык маяналары жана башка төлөмдөрү сакталат. Аталган тартылган адистерге, эксперттерге референдумду даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен акчалай сыйлык төлөнүшү да мүмкүн.
5. Контролдук-ревизиялык топтун ишин уюштуруучулук, укуктук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Контролдук-ревизиялык топ Борбордук шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндөгү тапшырмасы боюнча:
1) «макул» топтун жана «каршы» топтун, төмөн турган шайлоо комиссияларынын финансылык отчетторун текшерет;
2) «макул» топтон жана «каршы» топтон, шайлоо комиссияларынан өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча маалыматты сурайт;
3) референдум маселелери боюнча үгүт иштерин каржылоонун, референдум өнөктүгүн өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан башка иш-чараларды жүзөгө ашыруунун белгиленген тартибинин сакталышын контролдойт;
4) контролдук-ревизиялык топтун карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга, ошондой эле жарандарга кайрылат, референдумду финансылык жактан камсыз кылуу менен байланышкан зарыл маалыматтарды жана материалдарды сурап алат. Контролдук-ревизиялык топтун кайрылууларына жооптор жана ал сураган материалдар 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнүнө чейин 5 жана андан аз күн мурда жана добуш берүү күнүндө дароо берилет;
5) референдумду каржылоодогу финансылык бузуулар жөнүндө корутундуларды түзөт;
6) тиешелүү шайлоо комиссиясынын алдына «макул» топтун жана «каршы» топтун референдум фонддорун каржылоодо жол берилген бузуулар үчүн «макул» топко же «каршы» топко, ошондой эле жарандарга жана юридикалык жактарга карата жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө маселелерди коёт;
7) текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, корутундуларды жана эксперттик баа берүүлөрдү даярдоого адистерди жана эксперттерди тартат.
7-глава. Референдум жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн
жоопкерчилик
49-берене. Шайлоо комиссияларынын референдум субъекттеринин референдумга катышуу укугун бузган чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу
1. Шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын референдум субъекттеринин референдумга катышуу укугун бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) жогору турган шайлоо комиссиясына, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) сотко даттанылышы мүмкүн.
2. Шайлоо комиссияларынын референдумдун катышуучуларынын референдумга катышуу укугун бузган чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен референдумдун катышуучулары, «макул» топтор жана «каршы» топтор, саясий партиялар, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү, байкоочулар даттана алат.
3. Арыздарды (даттанууларды) кароодо, ошондой эле референдумга катышуу укуктары, референдум жөнүндө мыйзамдар бузулгандыгы тууралуу маселе каралган башка учурларда кызыкдар тараптарга же алардын өкүлдөрүнө кароо күнү, убактысы жана жери жөнүндө кабарландырылат (билдирилет). Аталган жактар карала турган маселенин маңызы боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана далилдерди келтирүүгө укуктуу.
4. Участкалык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын референдум субъекттеринин референдумга катышуу укугун бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) аймактык шайлоо комиссиясына даттанылат.
5. Аймактык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын референдум субъекттеринин референдумга катышуу укугун бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылат.
6. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) биринчи инстанциядагы сотко, биринчи инстанциядагы соттун чечими – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна (мындан ары – Жогорку сот) даттанылат. Жогорку соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.
7. Арыздар (даттануулар) референдум субъектине анын референдумга катышуу укуктарынын бузулгандыгы, чечим кабыл алынгандыгы, аракет (аракетсиздик) жасалгандыгы тууралуу белгилүү болуп калган учурдан тартып токтоосуз түрдө, бирок 3 календардык күндөн кечиктирбестен берилет.
8. Референдумду даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) келип түшкөн учурдан тартып шайлоо комиссиясы тарабынан 3 календардык күндүн ичинде, ал эми добуш берүү күнүндө же добуш берүү күнүнө чейинки күнү келип түшкөндөр – токтоосуз каралууга тийиш. Референдумду даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүлөрдү талап кылган учурларда алар боюнча чечимдер 5 календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Чечимди кабыл алган органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жана кол коюлган чечим жазуу жүзүндө арыз ээсине токтоосуз тапшырылат.
9. Кабыл алынган чечимдерге арыздар (даттануулар) чечим чыгарылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет.
10. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөн турган шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырат же болбосо аны жокко чыгарат жана арыздын (даттануунун) маңызы боюнча чечим кабыл алат.
11. Сот арыздын (даттануунун) негиздүүлүгүн аныктоо менен, талаштуу чечимди, аракетти (аракетсиздикти) мыйзамсыз деп тааныйт жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарат, же болбосо, эгерде талаштуу чечимдин, аракеттин (аракетсиздиктин) мыйзамдуу экендигин аныктаса, арызды (даттанууну) канааттандыруудан баш тартат.
12. Арыздарды (даттанууларды) берүүнүн мөөнөттөрү калыбына келтирилүүгө жатпайт. Аталган мөөнөттөр өткөндөн кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.
50-берене. Шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын референдумдун эркиндигин камсыз кылуу боюнча иши
1. Референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары, прокуратура органдары, ички иштер органдары Конституциянын, ушул конституциялык Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын талаптарынын так сакталышын камсыз кылат.
2. Добуш берүү күнү жана андан мурунку күн соттор, прокуратура органдары, ички иштер органдары үчүн жумуш күнү болуп саналат.
3. Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка субъекттеринин жарандардын шайлоо укуктарын, ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузган чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык прокуратура органдарына, ички иштер органдарына, шайлоо комиссияларына же сотко даттанылышы мүмкүн.
4. Референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссиялары шайлоо комиссияларынын бардык деңгээлдеринде курамдарына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирген ыкчам чара көрүүнүн координациялык топторун түзөт.
Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун негизги функциялары болуп референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларга ыкчам чара көрүү жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жарандарга маалымдоо саналат.
Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун ишинин тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
51-берене. Шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана референдумдун натыйжаларын аныктоо жөнүндө чечимдерине даттануу
1. Шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана референдумдун натыйжаларын аныктоо жөнүндө чечимдерине арыздар (даттануулар) менен референдумдун катышуучулары, «макул» топтор жана «каршы» топтор, саясий партиялар жана башка коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү, байкоочулар кайрыла алат.
2. Участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө чечимдери аймактык шайлоо комиссиясына, аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери – Борбордук шайлоо комиссиясына, Борбордук шайлоо комиссиянын чечимдери – биринчи инстанциядагы сотко жана биринчи инстанциядагы соттун чечимдери – Жогорку сотко даттанылат.
3. Арыздар (даттануулар) добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленген же референдумдун натыйжалары аныкталган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет.
4. Келип түшкөн арыздар (даттануулар) келип түшкөн учурдан тартып шайлоо комиссиялары же соттор тарабынан 3 календардык күндүн ичинде каралууга тийиш. Эгерде арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүлөрдү талап кылса, алар боюнча чечимдер 5 календардык күндөн кечиктирилбестен кабыл алынат. Чечимди кабыл алган органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн жана кол коюлган чечим жазуу жүзүндө арыз ээсине токтоосуз тапшырылат.
5. Кабыл алынган чечимге арыздар (даттануулар) алар чыгарылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилет.
6. Ушул конституциялык Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда сот Борбордук шайлоо комиссиясынын референдумдун натыйжаларын аныктоо жөнүндө чечимин жокко чыгара алат.
7. Соттун чечими ал чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, кызмат адамдары, шайлоо комиссиялары жана референдумдун башка катышуучулары тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.
Сот тарабынан кабыл алынган жүйөлүү чечим арыз ээсине, жоопкерге же алардын өкүлдөрүнө токтоосуз берилет.
Көзөмөлдүк даттанууну ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө берүү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан биринчи инстанциядагы соттун чечиминин аткарылышын токтотот.
8. Биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу соттун чечими чыгарылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде берилиши мүмкүн.
9. Биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине даттануу Жогорку сотко келип түшкөн күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде көзөмөлдүк тартипте каралат.
Көзөмөлдүк даттануу Жогорку сотко берилет, ал Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлүн милдеттүү тартипте чакырат.
Соттун чечимине көзөмөлдүк даттануу чечимди чыгарган тиешелүү сот аркылуу берилет. Даттанууну түздөн-түз көзөмөлдүк инстанцияга берүү даттанууну кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
Көзөмөлдүк инстанциядагы соттун токтому ал чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.
10. Арыздарды (даттанууларды) берүүнүн мөөнөттөрү калыбына келтирилүүгө жатпайт. Аталган мөөнөттөр аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт.
52-берене. Шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары, референдумдун натыйжалары жөнүндө чечимин жокко чыгаруу үчүн негиздер
1. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленгенден же референдумдун натыйжалары аныкталгандан кийин сот референдум маселелери боюнча үгүт жүргүзүүнүн, референдумду каржылоонун эрежелери бузулгандыгын, референдумдун катышуучуларынын добуштарын сатып алуу фактылары болгондугун жана референдумдун катышуучуларынын өз эркин билдирүүсүнүн натыйжаларын так аныктоого мүмкүндүк бербегендигин аныктаган учурда ал добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, референдумдун натыйжалары жөнүндө комиссиянын чечимин жокко чыгара алат.
2. Сот референдумдун катышуучуларынын тизмелерин түзүүнүн эрежелери, шайлоо комиссияларын түзүүнүн тартиби, добуш берүүнүн жана добуштарды эсептөөнүн (анын ичинде аларды өткөрүүгө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу), добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун тартиби бузулган учурда да, эгерде бул аракеттер (аракетсиздик) референдумдун катышуучуларынын өз эркин билдирүүсүнүн натыйжаларын так аныктоого мүмкүндүк бербесе, референдум участогунда, аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө, жалпы эле референдумдун натыйжалары тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгара алат.
3. Референдум участокторунун жалпы санынын үчтөн биринен ашыгында референдумда добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминин сот тарабынан жокко чыгарылышы референдумдун натыйжаларынын жараксыз деп таанылышына алып келет.
53-берене. Референдумдун катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузуу үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза, административдик же болбосо башка жоопкерчиликке төмөнкү адамдар тартылат:
1) күч колдонуу, алдоо, коркутуу, жасалмалоо жолу менен же башка ыкмалар аркылуу референдумдун катышуучуларынын референдумга катышуу укуктарын эркин жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылгандар же болбосо добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузгандар, же болбосо референдумдун катышуучусунун референдумга катышуучулардын тизмеси менен таанышуу укуктарын бузгандар, же болбосо жарандарды референдум өткөрүү демилгесин колдоого кол коюуга мажбурлагандар же тоскоолдук кылгандар, ошондой эле кол тамгаларын жасалмалоого катышкандар, же болбосо референдумдун катышуучуларын сатып алууну жүзөгө ашыргандар;
2) референдум маселесине көңүлүндөгүдөй жооп алуу максатында өздөрүнүн кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдалангандар же болбосо тиешелүү шайлоо комиссиясына референдумдун катталган катышуучулары (референдумга катышуучулардын тизмеси) жөнүндө маалыматтарды жөнөтүүнүн алдында аталган маалыматтарды өз убагында түзбөгөндөр же тактабагандар, же болбосо референдумду каржылоо эрежелерин бузгандар, анын ичинде шайлоо комиссияларына каражаттарды которууну кечиктиргендер, же болбосо жарандарга башка адамдар үчүн добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү максатында аларга добуш берүү бюллетендерин бергендер, же болбосо документтерди алмаштырууну жүзөгө ашыргандар, билип туруп жалган документтерди түзгөндөр жана бергендер, билип туруп добуштарды туура эмес эсептөөнү же добуш берүүнүн жыйынтыктарын туура эмес белгилөөнү жүзөгө ашыргандар;
3) шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын, коомдук байкоочулардын, эл аралык байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн укуктарын, анын ичинде маалыматтарды жана документтердин көчүрмөлөрүн өз убагында алуу укугун бузгандар, же болбосо референдум маселелери боюнча үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин бузгандар, анын ичинде үгүттү ал тыюу салынган мезгилде жүргүзгөндөр, же болбосо шайлоо комиссияларынын алардын өз милдеттерин аткаруусу менен байланышкан ишине тоскоолдук кылгандар же мыйзамга каршы кийлигишкендер, же болбосо референдумду даярдоого жана өткөрүүгө каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө отчетторду, ошондой эле «макул» топтун жана «каршы» топтун фонддорунун финансылык отчетторун жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчетторду бербегендер.
8-глава. Корутунду жоболор
54-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 51 (3811) саны менен жарыяланды
2. Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 31-октябрындагы № 173 конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 9, 950-ст.);
2) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 116 конституциялык Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 8, 504-ст.).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |