Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 24-июну № 645-VIII
«Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн»
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин медалын
уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы
№ 2559-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. «Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин медалын уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 20-ноябрындагы № 2559-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин медалы жөнүндө жободо:
III бөлүмдүн 7-пунктунун бешинчи абзацы «(сессиялык мезгилге ондон ашпаган адамга)» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 3-июлунда https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8039 расмий сайтында жарыялынды
Төрага |
| М.А. Маматалиев |