Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 8-июлу № 252
Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын жаңы моделин апробациялоо боюнча чаралар жөнүндө
Медициналык-санитардык жардамдын кепилденген көлөмүн берүүнүн заманбап жана туруктуу моделин түзүү, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, саламаттык сактоо системасынын ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 311-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. 2027-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын тиркелген жаңы моделине (мындан ары – апробациялануучу Программа) ылайык жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн апробациялык режими пилоттук долбоордун алкагында төмөнкү саламаттык сактоо уюмдарынын базасында киргизилсин:
1) Чүй облусунун Токмок шаарынын Жалпы дарыгердик практика борборунун;
2) Чүй облусунун Чүй районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) апробациялануучу Программаны ушул Жарлыктын 1-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашырууну камсыз кылсын;
2) 2026-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон 2027-жылга карата бюджеттик ассигнованиелерге муктаждык боюнча алдын ала эсептөөлөрдү берсин;
3) 2026-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө:
- апробациялануучу Программанын наркын эсептөө методологиясын иштеп чыксын жана бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте жарандардын социалдык аялуу категориялары үчүн жеңилдетилген шарттарды эске алуу менен калктын кошо төлөмүн эсептөө методикасын жана өлчөмүн иштеп чыксын жана бекитсин;
4) 2027-жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө пилоттук долбоорду ишке ашыруунун алдын ала жыйынтыктарына мониторинг жүргүзсүн жана алар оң натыйжа берген учурда 2027-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда апробациялануучу Программаны киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;
5) 2026–2027-жылдар аралыгында пилоттук долбоордун алкагында апробациялануучу Программаны ишке ашыруу маселелери боюнча калктын жана медициналык кызматкерлердин арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул Жарлыктан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
4. Пилоттук долбоорду өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 «Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын жоболору ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн саламаттык сактоо уюмдарына карата колдонулбайт деп белгиленсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 51 (3811) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |