Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК
КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 110
Бишкек шаарында жер участокторун ижара шартында
мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү
тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” кодексине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 “Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши, токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
Бишкек шаарында жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
Бишкек шаарында жер участогун ижарага берүүнүн типтүү келишими 2-тиркемеге ылайык;
Бишкек шаарында жер участокторун жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүнүн типтүү келишими 3-тиркемеге ылайык;
шаар куруу корутундусунун формасы 4-тиркемеге ылайык;
архитектуралык-техникалык корутундунун формасы 5-тиркемеге ылайык;
Экономикалык зоналардын тилкесинде ар кандай функционалдык багыттагы жер участоктор үчүн ижара акынын коюмдары 6-тиркемеге ылайык;
Ижара төлөмдөрүн эсептөө үчүн экономикалык зоналардын чек араларынын схемасы 7-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 140 «Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 «Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 142 «Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 26-майындагы № 34 «Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 140 «Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;
Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 40 «Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 «Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;
Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 41 «Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 142 «Бишкек шаарында ижара шартында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;
Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 58 «Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 «Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому;
Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83 «Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүн башкаруу жана тескөө чөйрөсүндөгү Бишкек шаардык кеңешинин токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 4, 5, 6-пункттары;
Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 114 «Бишкек шаардык кеңешинин жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому;
Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 115 «Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 140 «Жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү, Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторго убактылуу пайдалануу укуктарын өткөрүп берүүгө жана токтотууга макулдук берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;
Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы № 145 «Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 «Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бишкек шаардык
кеңешининтөрагасы Б.Усеналиев
Бишкек шаардык кеңешинин
2026-жылдын 30-июну
№110 токтомуна 1-тиркеме
Бишкек шаарындагы жер участокторун
ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу)
пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Бишкек шаарындагы жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун түзүү жана берүү, жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга, анын ичинде жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн ижара келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукцион уюштуруу жана өткөрүү тартибин белгилейт.
2. Ушул жобонун максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун натыйжалуу түзүү, башкаруу жана тескөө;
жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде жер участокторунун жана кыймылсыз мүлк объекттеринин укуктуу ээлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоо;
курулуш чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана дем берүү;
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун пайдалануунун эрежелери жана шарттары жөнүндө ачык маалыматка жетүүнү камсыздоо;
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторун түзүү тартибин жана берүү шарттарын белгилөө;
шаардык бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо;
жерлерди пайдаланууну контролдоо.
3. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер:
жерлерди ижаралоо – менчик ээси (ижарага берүүчү) тарабынан жер участогун ижарачыга пайдалануу укугу менен тийиштүү акыга белгилүү бир мезгилге берүүсү же өткөрүп берүүсү;
ижарага берүүчү – жер участокторун башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктар берилген ыйгарым укуктуу орган;
ижарачы – ушул Жободо белгиленген тартипте жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу берилген жеке жана юридикалык жактар, анын ичинен чет өлкөлүк жактар;
архитектуралык-техникалык корутунду – жер участогунун параметрлерин жана аны жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн берүү мүмкүнчүлүгүн аныктаган тексттик жана графикалык материалдарды камтыган, белгиленген формадагы техникалык документ;
кепилдик төгүм – жер участогуна укукту алуу максатында аукционго катышуу каалоосун билдирген талапкер төгүүчү акчанын суммасы;
шаар куруу корутундусу – жер участогунун параметрлери (мүнөздөмөсү), жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө, жер участогунун аймагын пландоо, максаттык, функционалдык багытынын өзгөрүшү же чек араларынын (конфигурация) өзгөрүшү тууралуу маалыматтарды камтыган архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын техникалык документи;
шаар куруу регламенти – жер участокторду жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин уруксат берилген пайдалануунун шаар куруу документтеринде белгиленген параметрлеринин жана түрлөрүнүн, ошондой эле шаар куруу иш-аракеттерин жүзөгө ашырууда кыймылсыз мүлк объекттеринде жол берилген өзгөртүүлөрдүн жыйындысы;
шаар куруу документтери – райондук пландоо долбоорлору, башкы пландар, деталдык пландоо долбоорлору, чек салуу, кварталдарды куруу, шаар куруу түйүндөрүнүн жана шаардын пландоо түзүмүнүн башка элементтеринин долбоорлору;
электрондук соода аянтчасынын жабык бөлүгү – электрондук соода аянтчасында катталган пайдалануучуларга гана жеткиликтүү болгон сайттын бөлүгү;
имараттар жана курулмалар – жер менен бекем байланышкан, алардын багытына өлчөмдөш эмес зыян келтирилбесе, козгоого мүмкүн болбогон ар кандай курулуштар жана курулмалар;
жер участогу – туюк чектердеги жердин аянты;
жер пайдалануучу – жер участогун пайдалануу укугу мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жеке же юридикалык жак;
жалпы пайдалануудагы жерлер – калктын байланыш жолдору катары колдонулуучу же болбосо маданий-тиричилик керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн пайдаланылган жерлер (жолдор, көчөлөр, аянттар, тротуарлар, жол четиндеги жер тилкелери, бак-дарактар, көкмайсаӊдар, арык жана автомобиль жолдорунун боюнда жайгашкан жана өткөн сугат тармактары, өтмөктөр, токой сейил бактары, бульварлар, гүл бакчалар, көлмөлөр ж. б.);
чет өлкөлүк жак – жер-укуктук мамилелеринде тарап катары чыгуучу чет өлкөлүк катышы бар юридикалык жак, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
жер участогун пайдалануу укугун өткөрүп берүү – менчик ээси же жерди пайдалануучу тарабынан жер участогуна болгон укугун ээликтен ажыратуусу же жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүү аркылуу башка бир жакка убактылуу пайдаланууга берүүсү, биргелешип пайдалануу келишимин түзүүсү;
жер участогун пайдалануу укугу – жер участогунун менчик ээси болуп эсептелбеген жеке жана юридикалык жактардын буюмдук укугу;
шаар курууну жөнгө салуу сызыктары – ченемдик талаптарга ылайык анын чектеринде өзгөчө режимдер жана аларды пайдалануу эрежелери колдонулган аймактардын чек аралары;
лот – ага карата укук аукционого коюлуп жаткан белгилүү бир жер участогу;
жеңилдетилген типтеги объект (ЖТО) – функциялык багытына жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуусуна же мындай кошулуунун жоктугуна карабастан, убактылуу курулманы же убактылуу конструкцияны, жер участогу менен бекем байланышпаган аянтчаны билдирген стационардык эмес же капиталдык эмес объект;
онлайн-жыйын – жер участокторуна укуктарды берүүнүн тартибин жана шарттарын ачык талкуулоонун катышуучуларынын чөйрөсүн кеңейтүү үчүн реалдуу убакыт режиминде жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын жыйындарын трансляциялоо;
электрондук соода аянтчасынын оператору – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен түзүлгөн келишимдин негизинде иштеген жана электрондук аукцион өткөрүлүүчү Интернет тармагында электрондук соода аянтчасынын порталына ээ болгон маалыматтык системасынын ээси;
талапкер – ижара келишимин түзүү укугуна карата аукционго катышууга арыз берген жак;
жер участогун уруксат берилген пайдалануу – жер участокторун шаар куруу документтеринде белгиленген шаар куруу регламенттерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген чектөөлөргө жана сервитуттарга ылайык пайдалануу;
жер участогунун баштапкы наркы – жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунун баштапкы баасы, бул баадан электрондук аукцион башталат;
ыйгарым укуктуу орган – Бишкек шаарынын мэриясы;
жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган – Бишкек шаарынын мэриясынын жер участоктордун пайдаланылышын контролдоо боюнча ыйгарым укук берилген ведомстволук бөлүмү;
архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган – шаар куруу жана архитектура маселелерин кароо боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү;
жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган – Бишкек шаарында жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик каттоо органы;
электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна техникалык колдоо көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктуу орган – Бишкек шаарынын мэриясынын адистештирилген муниципалдык ишканасы;
муниципалдык администрация – Бишкек шаарынын администрациялык районунун аймагында ыйгарым укуктарды жана функцияларды жүзөгө ашыруучу Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык бөлүмү;
катышуучу – аукционго катышууга киргизилген талапкер;
электрондук соода аянтчасы – аукционду уюштуруу жана өткөрүү үчүн Интернет тармагында жайгаштырылган жана катталган катышуучуларга бүтүмдөр боюнча электрондук операцияларды аралыктан (жеке катышуусуз) жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү маалыматтык система;
электрондук кол тамга (ЭКТ) – башка маалыматка электрондук формада кошулган жана (же) аны менен логикалык жактан байланышкан маалыматка анын атынан кол тамга койгон адамды аныктоо үчүн пайдаланылуучу электрондук формадагы маалымат;
электрондук документ – электрондук формада, башкача айтканда, электрондук эсептөө машиналарын пайдалануу менен адамдын кабыл алуусу үчүн жарактуу түрдө берилген документтештирилген маалымат;
электрондук аукцион (мындан ары – аукцион) – Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участогуна ижара келишимин түзүү укугуна электрондук форматта өткөрүлүүчү тооруктун түрү, анда эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат;
жерлердин максаттуу багыты – жер участокторун жер участогуна карата укук күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу;
иш жүзүндөгү чек ара – 1:2000, 1:500 масштабында аткарылган схемаларда көрсөтүлгөн, белгиленген үлгүдөгү чек белгилери менен жеринде бекитилбеген жер участоктун чеги;
бекитилген чек ара – бардык айлануу чекиттери белгилүү координаттарга ээ болгон капиталдык имараттарга жана курулмаларга, туруктуу табигый багыттамаларга же геодезиялык пункттарга байланышкан юридикалык документтердин негизинде белгиленген үлгүдөгү чек белгилери менен жеринде бекитилген жер участоктун чек арасы;
жерлердин функционалдык багыты – шаар куруу жана /же жерге жайгаштыруу документтерин эске алуу менен, жерлердин максаттуу багытына жана аймактын функционалдык зоналаштырылышына ылайык жер участогунун багыты.
2. Жер участокторуна укуктарды берүүнүн
негизги шарттары
4. Жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде жеӊилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участоктору ыйгарым укуктуу орган тарабынан аукцион өткөрүү жолу менен, анын ичинде электрондук форматта ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет.
5. Жер участокторун берүү мөөнөтү шаар куруу же архитектуралык-техникалык корутундунун негизинде Жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн берилгенди кошпогондо, жер участокторун берүү мөөнөтү беш жылдан ашпоого тийиш. Жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн жер участокторун берүү мөөнөтү үч жылдан ашпоого тийиш.
6. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан 3 (үч) жылга чейинки мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн.
Жалпы пайдалануудагы жерлерде жеңилдетилген типтеги курулуштарды жана курулмаларды тургузууга, ошондой эле калкты социалдык-тиричилик жактан тейлөө объекттери жана жер үстүндөгү жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрү, спорттук, концерттик жана балдар аянтчалары бар жер астындагы капиталдык курулмаларды (автомобиль транспортун коюу жайлары, токтотмолор, тоннелдер, өтмөктөр) уюштурууга, долбоорлоого жана курууга жол берилет.
Мында жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу үчүн жер участогунун аянты 0,01 гектардан ашпоого тийиш.
3. Жер участокторун берүү жөнүндө
арыздарды кароо тартиби
7. Жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алууга талапкер болгон жеке жана юридикалык жактар муниципалдык администрацияга арыз менен кайрылышат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) арыз ээси жөнүндө маалымат (аны бирдей идентификациялоо үчүн зарыл маалыматтар: инсандыгын ырастоочу документтин реквизиттери, катталган жери жөнүндө маалымат жеке жактар үчүн – катталган жери жана/же иш жүзүндө жашаган жери, юридикалык жактар үчүн – юридикалык жактын мамлекеттик каттоо дареги жана/же иш жүзүндө жайгашкан жери, байланыш үчүн телефон номерлери, ижарачынын атынан өкүл кайрылган учурда ишеним каттын реквизиттери. Юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк экендиги кошумча көрсөтүлөт);
б) жер участогуна суралган укуктун түрү (мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу);
в) ниеттердин баяндамасы, участоктун аянты жана жайгашкан орду. Конкреттүү жер участогу жөнүндө маалымат жок болгон учурда, арыз ээси алгылыктуу жайгашкан ордун көрсөтөт, ага ылайык жер участогун тандоо жана түзүү жүзөгө ашырылат.
8. Муниципалдык администрация арыз ээсине арызды кабыл алгандыгын тастыктаган, кабыл алынгандыгы жөнүндө белги коюлган арыздын көчүрмөсүн берет.
9. Муниципалдык администрация келип түшкөн арызды жумушчу топтун форматында райондун аймагын өнүктүрүүнүн бекитилген пландарынын алкагында (курулуш, реконструкциялоо, көрктөндүрүү), жолдорду, тротуарларды жана суралып жаткан участоктун чегинде же ага жакын жерде өтүүчү жер астындагы коммуникацияларды оңдоо графиктери, жарандардын жана юридикалык жактардын бул аймакты пайдаланууга байланыштуу кайрылууларынын болушу, болжолдонгон жеңилдетилген типтеги объекттин шаардын архитектуралык көрүнүшүнө жана эстетикасына шайкештиги, ошондой эле муниципалдык администрацияга белгилүү болгон жана арызда көрсөтүлгөн максаттарда жер участогун берүү мүмкүнчүлүгүнө таасир тийгизе турган башка факторлорду эске алуу менен, жер участогун берүүнүн максатка ылайыктуулугун баалоо бөлүгүндө гана карайт.
10. Жумушчу топ администрациялык райондун башчысынын тескемесинин негизинде тиешелүү муниципалдык администрациянын алдында түзүлөт.
Жумушчу топтун курамы администрациялык райондун башчысынын тескемеси менен бекитилет.
11. Жумушчу топтун курамына муниципалдык администрациялардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин, муниципалдык ишканалардын жана архитектура, турак жай-коммуналдык чарба, көрктөндүрүү, транспорт жана инженердик инфраструктура чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет.
12. Жумушчу топтун жыйындарынын жыйынтыктары эки нускада түзүлгөн протокол түрүндө таризделет, алардын ар бирине жумушчу топтун жыйыны өткөн күнү катчы, төрага жана жумушчу топтун бардык мүчөлөрү тарабынан кол тамга коюлат. Протоколдордун ар бир барагы жумушчу топтун катышкан бардык мүчөлөрү тарабынан парафирленүүгө (кол тамга коюуга) жатат.
Протоколдун бир нускасы муниципалдык администрациянын архивинде сакталат, экинчи нускасы жер участогун түзүү жөнүндө арыздар менен бирге жумушчу топтун жыйыны өткөрүлгөн күндөн тартып 5 жумуш күндөн кечиктирбестен, ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
13. Жумушчу топтун жыйындары жумасына 1 (бир) жолудан кем эмес өткөрүлөт.
14. Маселе жумушчу топтун алкагында оң каралып чыккан учурда, муниципалдык администрация ыйгарым укуктуу органга жер участогун түзүү жөнүндө арызды тиркелген материалдары менен жөнөтөт, ал эми суралган жер участогун берүү мүмкүн болбогон учурда, муниципалдык администрация арыз ээсине негиздүү баш тартууну жөнөтөт жана ыйгарым укуктуу органга билдирет.
Муниципалдык администрация тарабынан баштапкы арызды кароонун жалпы мөөнөтү 14 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш.
15. Ыйгарым укуктуу орган келип түшкөн арызды чектөөлөрдүн болушу боюнча карайт (Бишкек шаардык кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдери, укук коргоо жана сот органдарынын актылары). Чектөөлөр болгон учурда, арыз катталган учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде муниципалдык администрацияга негизделген баш тартууну жөнөтөт. Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөр жок болгон учурда, арыз катталган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жер участогун түзүү жөнүндө арызды тиркелген материалдары менен архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органга жер участогун берүү мүмкүнчүлүгүн же мүмкүн эместигин кароо тапшырмасын берүү менен жөнөтөт.
Арызда участок боюнча ниеттердин сүрөттөлүшү каралат, анын болжолдуу аянты, багыты жана жайгашкан жери көрсөтүлөт.
4. Жер участокторун ижара шартында
мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга түзүү тартиби
16. Архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган жер участогун түзөт.
Түшкөн арызды ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөрдүн болушуна жана суралып жаткан жер участок боюнча билдирилген ниеттердин шаар куруу документтерине ылайык келишине карата карайт. Чектөөлөр бар болсо, арыз катталган учурдан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде,ал эми жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн суралган жер участоктору үчүн – 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга негизделген баш тартуу жөнөтөт.
17. Чектөөлөр жок болгон учурда жана суралган жер участогу боюнча билдирилген ниеттер шаар куруу документтерине дал келгендиги белгиленген учурда, 10 (он) жумуш күндүн ичинде 1:500 масштабындагы топографиялык планды аткарат, ага жер участогу аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактардын учурдагы трассалары жана шаар курууну жөнгө салуучу линиялар түшүрүлөт. Анын негизинде 7 (жети) жумуш күндүн ичинде, ал эми жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн суралган жер участоктору үчүн – 3 (үч) жумуш күндүн ичинде жер участогунун схемасын даярдайт, ага бурчтук чекиттердин координаттары көрсөтүлгөн же участоктун чектери кыймылсыз мүлк объекттерине, же геодезиялык белгилерге байланган жер участогунун чектери түшүрүлөт.
Жер участогунун схемасы даярдалган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган бир эле учурда жер участогунун схемасынын көчүрмөсү менен төмөнкү органдарга милдеттүү түрдө суроо-талаптарды жөнөтөт:
а) жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга– жер участогунун чектерин, бул жер участогуна үчүнчү жактардын укуктарынын, чектөөлөрдүн болушун тактоо жана жер участогунун схемасын макулдашуу үчүн;
б) электр энергиясы менен жабдуу, суу жабдуу жана канализация, жылуулук жабдуу жана газ жабдуу боюнча инженердик-техникалык кызматтарга – корутунду алуу жана макулдашуу үчүн (инженердик коммуникациялар жана бул райондо инженердик коммуникацияларды өнүктүрүү пландары, пландаштырылган инженердик коммуникациялардын кубаттуулук мүмкүнчүлүктөрү, аларды ишке киргизүү мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтар болгон учурда);
в) экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу органдарга – оң корутунду алуу үчүн (жер участогу санитардык-коргоо зонасында, ошондой эле өрт коркунучу жана жарылуу коркунучу бар зоналарда жайгашкан учурда);
г) эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга – оң макулдук алуу үчүн (жер участогу эстеликтерди коргоо зонасында жайгашкан учурда);
д) бак-дарактарды коргоо жана күтүү боюнча ыйгарым укуктуу органга – бак-дарактарды пайдалануу жөнүндө, анын ичинде аларды кыюу же көчүрүп отургузуу жөнүндө маселени чечүү үчүн (Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган бак-дарактардын жер участогунда болгон учурда);
е) жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча аймактык бөлүмгө (жер участогу жолдордун боюнда жана көрүнүү үч бурчтугунун чегинде жайгашкан учурда);
ж) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (аймакта мамлекет тарабынан корголууга тийиш болгон объекттер болгон учурда).
Жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн берилген жер участоктору үчүн ушул пункттун «б» – «ж» кичи пункттарында көрсөтүлгөн суроо-талаптар зарыл болгон учурда жөнөтүлөт.
18. Жер участогун берүү мүмкүн болбогон учурда, ошондой эле ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөр бар болгон учурда, арыз катталган учурдан тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде ушул Жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органга негиздүү баш тартууну жөнөтөт.
Бул учурда архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган жер участогун түзүү боюнча ишти токтотот, ал жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлайт.
19. Жер участогун берүү мүмкүнчүлүгү болгон учурда, ушул Жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар 5 (беш) жумуш күндүн ичинде архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органга тиешелүү корутундуларды жана макулдашууларды жөнөтүүгө милдеттүү.
Ыйгарым укуктуу органдардын корутундуларында жер участогун берүү жана куруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда – Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарын сактоо боюнча шарттар, чектөөлөр жана талаптар көрсөтүлөт.
20. Корутундуларды жана макулдашууларды белгиленген мөөнөттө бербеген учурда, ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат, бул тууралуу архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан корутундуларды берүү мөөнөттөрү бузулгандыгы жөнүндө акт түзүлөт жана ыйгарым укуктуу органга билдирүү менен жер участогун түзүү боюнча иш токтотулат.
21. Архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган алынган оң материалдардын негизинде 7 (жети) жумуш күндүн ичинде жер участогуна карата 3 (үч) нускада белгиленген формада шаар куруу корутундусун түзөт, бир нускасы архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган үчүн, ыйгарым укуктуу орган үчүн жана жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган үчүн бирден нуска даярдайт.
Жер участогунун шаар куруу корутундусу төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) 1:500 жана 1:2000 масштабындагы топографиялык планда аткарылган жер участогунун схемасы түрүндөгү графикалык материал, ага төмөнкүлөр түшүрүлөт:
а) бурчтук чекиттердин координаттарын көрсөтүү же кыймылсыз мүлктүн учурдагы объекттерине же геодезиялык белгилерге участоктун чектерин байланыштыруу менен түшүрүлгөн жер участогунун чек аралары;
б) инженердик-техникалык тармактар өткөн трассалардын долбоорлору жана аларга туташуу чекиттери, ошондой эле курулуш зонасына туш келген инженердик коммуникациялардын жылдырылуучу трассалары;
в) шаар курууну жөнгө салуучу линиялар;
г) санитардык коргоонун суу коргоо, санитардык-коргоо зоналарынын чектери;
д) жер участогуна транспорт кирүү жолдорун жана өтмөктөрүн уюштуруу;
е) жер участогунун чек араларында объектти куруунун максималдуу пайызы.
2) төмөнкүлөрдү камтыган тексттик материал:
а) жер участогун пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду;
б) жер участогунун параметрлери (мүнөздөмөсү), анын ичинен сейсмикалуулук жана кооптуу инженердик-геологиялык жана техногендик процесстердин бар экендиги жөнүндө маалыматтар;
в) суралган жер участогу боюнча билдирилген куруу ниеттеринин шаар куруу документтерине, жер участогунун функционалдык багытына шайкеш келүүсү жөнүндө маалыматтар.
Жер участогу тийиштүү чектөөлөрдүн зонасында жайгашкан учурда, жер участогуна карата шаар куруу корутундусуна төмөнкүдөй кошумча шаар куруу регламенттери колдонулат:
а) жер пайдалануунун жана куруунун санитардык, суу коргоо, экологиялык жана башка шарттары боюнча;
б) тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо шарттары боюнча.
Жер участогунун жайгашкан жерине жана объекттин функционалдык багытталышына жараша төмөнкүдөй кошумча талаптар белгилениши мүмкүн:
а) көрктөндүрүүгө;
б) автотоктотмо орундарын жана участокко өтүү жолун, анын ичинде убактылуу (курулуш жүрүп жаткан мезгилде) уюштурууга;
в) курулуш аянтчасынан инженердик-техникалык коммуникацияларды (жеке менчикте тургандарды кошпогондо) чыгарууга.
Архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган алынган оң материалдардын негизинде 3 (үч) жумуш күндүн ичинде жер участогуна белгиленген формада 3 (үч) нускада архитектуралык-техникалык корутунду даярдайт, архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган, ыйгарым укуктуу орган жана жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган үчүн бирден нуска, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жер участогунун чек аралары бурчтук чекиттердин координаттарын көрсөтүү же кыймылсыз мүлктүн учурдагы объекттерине же геодезиялык белгилерге участоктун чектерин байланыштыруу менен түшүрүлгөн, 1:500 жана 1:2000 масштабдагы топографиялык планда аткарылган жер участогунун чиймеси түрүндөгү графикалык материал;
2) төмөнкүлөрдү караган тексттик материал:
а) жер участогунун жайкан жеринин Бишкек шаарынын башкы планына, башка шаар куруу документтерине, ошондой эле курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык келиши;
б) архитектуралык-техникалык корутундуну берүү үчүн негиз;
в) жер участогунун функционалдык багыты;
г) жер участогунун мүнөздөмөсү (параметрлери);
д) жер участогунун аянты;
е) жайгаштырылуучу объекттин аянты;
ж) объектти долбоорлоого жана конструктивдүү чечүүгө карата талап;
з) көрктөндүрүүгө жана фасаддарга, архитектуралык образдын стилистикасына карата талап;
и) объекттин чектелген кабаттуулугу;
к) өзгөчө талаптар;
л) жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө сунуштар.
Шаар куруу корутундусунун жана архитектуралык-техникалык корутундунун тапшырыкчысы катары ыйгарым укуктуу орган көрсөтүлөт.
22. Шаар куруу корутундусуна жана архитектуралык-техникалык корутундуга тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары жана макулдашуулары милдеттүү түрдө тиркелет.
Шаар куруу корутундусуна жана архитектуралык-техникалык корутундуга архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси же ыйгарым укуктуу адам кол тамга коет, уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт. Шаар куруу корутундусу жана архитектуралык-техникалык корутунду каттоодон өткөн күндөн тартып 2 (эки) жыл бою күчүндө болот. Жер участогун түзүү стадиясында архитектуралык-пландоо шарттарын алуу талап кылынбайт.
23. Ыйгарым укуктуу органдан арыз келип түшкөн күндөн жер участогуна шаар куруу корутундусун даярдоонун жалпы мөөнөтү 35 (отуз беш) жумуш күн, ал эми архитектуралык-техникалык корутундуну даярдоо мөөнөтү 25 (жыйырма беш) жумуш күндү түзөт.
24. Шаар куруу корутундусун жана архитектуралык-техникалык корутундуну даярдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан шаар куруу корутундусун жана архитектуралык-техникалык корутундуну даярдоо боюнча чыгымдарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө тиешелүү кепилдик кат берилген учурда, андан акы алынбастан, ишке ашырылат.
Шаар куруу корутундулары жана архитектуралык-техникалык корутундулар ыйгарым укуктуу органга келип түшкөнүнө жараша, жер участогун бекитип берүү жөнүндө маселе он беш жумуш күндөн кечиктирбестен, Комиссиянын кароосуна киргизилет. Комиссиянын корутундусунун жана чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу орган жер участогун бекитип берүү жөнүндө токтом кабыл алат. Ар бир түзүлгөн жер участогуна карата протокол таризделет.
Ыйгарым укуктуу орган укук белгилөөчү документтер келип түшкөн күндөн тартып, беш жумуш күндүн ичинде жер участогуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерди тариздөө менен, жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоону камсыз кылат.
25. Ыйгарым укуктуу орган шаар куруу жана архитектуралык-техникалык оң корутундулардын негизинде 10 (он) жумуш күндүн ичинде жер участогун аукцион аркылуу берүү мүмкүнчүлүгүн кароо үчүн, материалдарды Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын кароосуна жөнөтөт.
26. Эгерде жер участогу ушул Жобого ылайык түзүлбөсө, жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүгө жол берилбейт.
27. Шаар куруу жана архитектуралык-техникалык корутундуларды даярдоого байланыштуу чыгымдар аукциондун шарттарына киргизилет жана жер участогун ижарага алуу келишимин түзүүгө чейин аукциондун жеңүүчүсү тарабынан маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн эсептешүү эсебине которуу жолу менен төлөнүүгө тийиш. Мында көрсөтүлгөн чыгымдар аукционго катышуу үчүн төлөм болуп саналбайт.
5. Жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын
ыйгарым укуктары, материалдарды кароо жана
чечимдерди кабыл алуу тартиби
28. Жер участокторун ыйгарым укуктуу органга бекитип берүү, жер участокторун берүү, анын ичинде жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн берүү, аукцион уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн, Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия түзүлөт (мындан ары – Комиссия).
Комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен бекитилет.
Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын жана Жумушчу топтун жобосу ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
Бишкек шаарынын мэринин муниципалдык мүлк маселелерин жетектеген орун басары Комиссиянын төрагасы болуп саналат.
Комиссиянын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, мамлекеттик органдардын Бишкек шаары боюнча ыйгарым укуктуу аймактык органдарынын, инженердик-техникалык кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет.
Комиссиянын иш-аракеттерин уюштуруучулук жактан камсыздоону ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат, ал протоколдун туура түзүлүшү жана протоколдун Комиссиянын жыйынында кабыл алынган чечимдерге ылайык келүүсү үчүн жоопкерчилик тартат.
29. Комиссия өз иш-аракеттерин жыйын формасында жүзөгө ашырат. Комиссиянын жыйындары айына 2 жолудан кем эмес өткөрүлөт. Комиссиянын жыйындарынын жыйынтыктары эки нускада түзүлгөн протокол менен таризделет, алардын ар бирине жыйын өткөн күнү Комиссиянын катчысы, төрагасы жана жыйынга катышкан Комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол тамга коюлат. Протоколдун ар бир барагы Комиссиянын жыйынга катышкан бардык мүчөлөрү тарабынан парафирленүүгө (кол тамга коюуга) жатат.
Протоколдун бир нускасы ыйгарым укуктуу органдын архивинде сакталат, экинчи нускасы Комиссиянын жыйыны өткөн күндөн тартып 10 (он) күндөн кечиктирбестен, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
30. Комиссиянын чечимдери Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынан үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмеси катышкан кворум болгон учурда добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Комиссиянын төрагасы кабыл алынуучу чечимдер үчүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык компетенциясына кирген функциялардын талаптагыдай аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
31. Комиссия төмөнкү чечимдерди кабыл алат:
а) ыйгарым укуктуу органга жер участокторун бекитүү жөнүндө;
б) жер участокторун аукционго коюу жөнүндө;
в) аукциондун формасы жөнүндө (баа жөнүндө сунуштарды кадамдык формада берүү менен ачык электрондук аукцион же баа жөнүндө сунуштарды бир жолку жабык формада берүү менен ачык электрондук аукцион);
г) жер участогун пайдалануу мөөнөттөрү жөнүндө. Мында жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн жер участогун пайдалануу мөөнөтү 3 (үч) жылдан ашпоого тийиш;
д) жер участогунун баштапкы наркын белгилөө жөнүндө;
е) жер участогунун ижара келишимин узартуу жөнүндө, же узартуудан баш тартуу жөнүндө;
ж) ижара келишимин бузуу жөнүндө;
з) ушул Жобонун 95-пункттунда каралган учурларда макулдук берүү жөнүндө.
32. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматтарынан жана бөлүмдөрүнөн жыйындарда каралуучу маселелерге таандык документтерди, корутундуларды, экспертизалардын актыларын жана башка материалдарды суроого жана алууга;
б) материалдарды комиссиянын кароосуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен же болбосо, толук эмес көлөмдө даярдаган учурда, Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө өтүнүч берүүгө;
в) Комиссиянын жыйындарына үч жолудан ашык катышпай калган учурда, Комиссиянын мүчөсүн алмаштыруу жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясына өтүнүч берүүгө;
г) жер участогун ижарага алуу келишими 20 (жыйырма) күндүн ичинде түзүлбөгөн учурда, Комиссия аны түзүү жөнүндө мурда кабыл алынган чечимди кайра карап чыгууга укуктуу;
д) ижарачы жер участогунун ижара келишимин узартуу жөнүндө арыз менен кайрылган учурда, инфляциянын деңгээлин эске алуу менен, ижара акысынын өлчөмүн көбөйтүүгө.
33. Комиссиянын жыйындарын комиссиянын төрагасы, ал жок учурда төраганын орун басары алып барат.
Комиссиянын жыйындарын өткөрүүдө Интернет тармагында (социалдык тармактардагы расмий баракчада) түз видеотрансляция аркылуу онлайн режиминде видеожазма жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу орган Комиссиянын жыйындарынын видеожазмасын белгиленген тартипте жүргүзүүнү жана сактоону камсыздоого милдеттүү.
34. Комиссиянын иш-аракеттерине байланышкан материалдар, анын ичинде протоколдун бир нускасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдын архивинде сакталат.
35. Комиссиянын мүчөсү маселени чечүүгө түздөн-түз кызыкдар болсо, же арызы каралып жаткан адам менен туугандык мамиледе болсо, ал бул маселени кароого катышуудан бошотулат жана добуш берүүгө катышууга укугу жок.
6. Электрондук аукционду уюштуруу
шарты жана тартиби
36. Комиссиянын жер участогун электрондук аукционго коюу жөнүндө чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган аукционду өткөрүү датасына чейин 30 (отуз) календардык күн мурда электрондук соода аянтчасына (ЭСА) «өздүк кабинети» аркылуу маалыматтык билдирмени жайгаштырат, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында кулактандыруу жарыялайт жана өзүнүн расмий сайтына электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүүнү жайгаштырат.
37. Маалыматтык билдирүү төмөнкүлөрдү милдеттүү түрдө камтууга тийиш:
ижарага берүүчү жөнүндө маалымат;
аукциондун түрү (баа жөнүндө сунуштарды кадамдык формада берүү менен, ачык электрондук аукцион же баа жөнүндө сунуштарды бир жолку жабык формада берүү менен, ачык электрондук аукцион);
жер участогунун жайгашкан жери, аянты, функционалдык багыты жана мүнөздөмөлөрү;
электрондук аукционго катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги;
арыздарды кабыл алуу датасы, баштоо жана аяктоо убактысы;
кепилдик төгүмдүн өлчөмү, аны төлөө мөөнөттөрү жана аны которуу үчүн банктык реквизиттер;
баа жөнүндө сунуштарды кадамдык формада берүү менен, ачык электрондук аукцион болгон учурда, аукциондун кадамынын өлчөмү;
ижара мөөнөтү;
ЭСА кызмат көрсөтүүсүнүн наркы;
кошумча маалымат алуу үчүн, ыйгарым укуктуу органдын байланыш маалыматтары;
архитектуралык-техникалык корутундуну даярдоого байланышкан чыгымдардын наркы.
38. Аукционго катышууга аукцион өткөрүлгөнгө чейин электрондук соода аянтчасында каттоодон өткөн адамдарга жол берилет.
Каттоо төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
1) жеке жактар үчүн төмөнкүлөрдү колдонуу менен:
электрондук кол тамганы;
көмүскө электрондук кол тамганы;
электрондук чипи бар ID-карталарды (e-ID);
талапкердин катталган телефон номерине жөнөтүлүүчү ЖИН-кодун тастыктоо менен;
2) юридикалык жактар үчүн төмөнкүлөрдү колдонуу менен:
электрондук кол тамганы;
көмүскө электрондук кол тамганы;
ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жеке жактар үчүн идентификациянын колдонулуучу формаларын, төмөнкү документтердин электрондук үлгүлөрүн тиркөө менен: юридикалык жакты мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүк, жетекчини дайындоо жөнүндө буйрук, же жеке адамдын идентификациялык маалыматтары боюнча каттоону жүзөгө ашырган адамга ишеним каттын көчүрмөсү.
39. Талапкер – катышуучулардын, ЭСАнын операторунун жана ижарага берүүчүнүн ортосундагы документ жүгүртүү, электрондук документтер же документтердин электрондук үлгүлөрү формасында (реквизиттерин сактоо менен сканерлөө жолу аркылуу электрондук-санариптик формада кайра түзүлгөн кагаз жүзүндөгү документтер) ЭСА аркылуу жүзөгө ашырылат.
40. Баа жөнүндө сунуштарды кадамдык формада берүү менен, ачык электрондук аукцион ижара акысын жогорулатуу үчүн өткөрүлөт. Аукциондук кадамдын өлчөмү жер участогунун баштапкы наркынын 20 пайызын түзүшү керек жана бүткүл аукциондун жүрүшүндө өзгөртүлбөйт. Аукционго коюлган бардык объекттер лотторго бөлүнүшү керек. Аукциондо объекттер «бир номер – бир лот» схемасы боюнча сатылат.
41. Баа жөнүндө сунуштарды бир жолку жабык түрдө берүү формасы менен ачык электрондук аукцион жер участогунун баштапкы баасын жогорулатуу үчүн өткөрүлөт. Сунуштар өзгөртүү же кайра чакыртып алуу укугусуз, шифрленген түрдө бир жолу берилет. Аукционго коюлган бардык объекттер лотторго бөлүнүүгө тийиш. Аукциондо объекттер «бир номер – бир лот» схемасы боюнча сатылат.
7. Аукциондун катышуучуларынын укуктары,
милдеттери жана жоопкерчилиги
42. ЭСАнын оператору төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
ЭСАда аукциондун катышуучуларын каттоо мүмкүнчүлүгүн, алар тарабынан идентификациялык маалыматтардын киргизилишин камсыздайт;
ЭСАда талапкерлерди каттоо тартибин аныктайт;
аукциондун катышуучулары бардык талааларды толтурган шартта арыздарды беришин, ошондой эле аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн арыздарды кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин, арыздарды берүүнү токтотууну камсыздайт;
талапкерлерге алардын катышуучулар деп таанылышы же аукционго катышууга жол берүүгө баш тарткандык жөнүндө кабар берүүнү камсыздайт;
катышуучулардын жер участогун ижарага берүү жол-жобосуна бирдей жеткиликтүүлүгүн, ЭСАнын колдонулган программалык-аппараттык каражаттарынын ишенимдүү иштешин камсыздайт;
аукционду өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматты ЭСАга жайгаштырууну камсыздайт;
жеңүүчүнүн электрондук документтерин ыйгарым укуктуу органга жөнөтүүдөн тышкары, талапкерлер жана аукциондун катышуучулары жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыздайт;
ушул Жобого ылайык функцияларды аткарат.
43. ЭСАнын оператору төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
талапкерлердин жана катышуучулардын электрондук соода аянтчасына жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
аукциондун жыйынтыгы боюнча аукциондун жеңүүчүсүнүн электрондук документтерин ыйгарым укуктуу органга жөнөтүүдөн тышкары, келип түшкөн арыздар жана аларга тиркелген документтер жөнүндө маалыматтардын, ошондой эле арыз берген жактар жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыздоо.
44. ЭСАнын оператору ЭСАнын программалык-аппараттык каражаттары тарабынан катталган техникалык бузулуу болгон учурда, бир суткадан ашпаган мөөнөткө аукционду токтото турат. Аукционду өткөрүүнү улантуу ал токтотулган учурдан тартып башталат.
Аукцион токтотулган учурдан тартып бир сааттын ичинде ЭСАнын оператору аукционду токтотуунун себеби, аукцион токтотулган жана кайра баштоо убактысы жөнүндө маалыматты ЭСАга жайгаштырат, бул тууралуу катышуучуларга билдирет, ошондой эле көрсөтүлгөн маалыматты ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.
45. Оператор аукциондун талапкерлеринин жана катышуучуларынын Интернет тармагына туташуусундагы үзгүлтүктөр үчүн, ошондой эле электр энергиясын берүүгө жана форс-мажордук жагдайларга, тактап айтканда, ал жетпес күчтүн жагдайларына (суу ташкыны, өрт, жер титирөө, жарылуу, эпидемиялар же табигый кырсыктар, согуш, согуштук аракеттер, өзгөчө же аскердик абалдын киргизилиши) байланыштуу системадагы үзгүлтүктөр үчүн жоопкерчилик тартпайт.
46. Аукционду уюштурууга жана өткөрүүгө байланыштуу электрондук документтер, анын ичинде ижара берүүчүдөн, талапкерлерден жана катышуучулардан алынган документтер ЭСАнын оператору тарабынан сакталат.
47. ЭСАнын операторуна жер участогун ижарага алуучу катары чыгууга тыюу салынат.
48. Ижарага берүүчү тоорукка катышууга талапкерлердин талабы боюнча жер участогунун учурдагы абалын көрүү үчүн, жеткиликтүү болушун камсыздоого тийиш. Талапкерлердин суроо-талабы боюнча ижарага берүүчү укук белгилөөчү документтерди жана объекттин сүрөткө тартылган материалдарын таанышуу үчүн берүүгө милдеттүү.
49. Ижарага берүүчү тарабынан аукцион жарыяланган жер участогун пайдалануу зарылчылыгы келип чыккан учурда, ижарага берүүчү аукцион башталганга чейин 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен, ЭСАдагы аукцион өткөрүү жөнүндө арызын кайра чакыртып алууга укуктуу. Ижарага берүүчү аукцион өткөрүүдөн баш тарткан учурда, талапкерлер тарабынан киргизилген кепилдик төгүмдөр 10 (он) банктык күндүн ичинде кайтарылууга тийиш.
50. Жеңүүчү белгиленген мөөнөттө жер участогун ижарага алуу келишимин түзүүдөн четтесе же баш тартса, аукциондун жыйынтыктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан жокко чыгарылат, ал эми жеңүүчү келишим түзүү укугунан ажырайт, кепилдик төгүм ага кайтарылбайт жана жергиликтүү бюджетке жөнөтүлөт.
51. Аукциондун жеңүүчүсү деп таанылган, бирок ижара келишимин түзүүдөн баш тарткан катышуучу баш тарткан учурдан тартып, бир жыл бою бардык аукциондорго катышуу укугунан ажыратылат жана ишенимсиз талапкерлердин тизмесине киргизилет.
8. Аукционду өткөрүү
52. Электрондук кол тамга, көмүскө электрондук кол тамга же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык карта-паспорту (ID-карта) менен күбөлөндүрүлгөн арыз маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн документтердин электрондук үлгүлөрүн тиркөө менен, анын ЭСАнын ачык бөлүгүндө жайгаштырылган электрондук формасын толтуруу жолу менен берилет.
Бир адам бир гана арыз берүүгө укуктуу. Ар бир арызга кабыл алынган күнү жана убактысы көрсөтүлгөн номер ыйгарылат.
53. Аукционго катышуу үчүн, талапкер маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн эсепке баштапкы баанын 100 пайызы өлчөмүндө кепилдик төгүмүн төлөөгө милдеттүү.
Кепилдик төгүм аукциондун жеңүүчүсүнөн тышкары, бардык талапкерлерге жана катышуучуларга электрондук аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол тамга коюлган учурдан тартып 10 (он) банктык күндүн ичинде кайтарып берилет.
54. Маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттү бузуу менен, берилген арыз жана ага тиркелген документтер, ошондой эле баа боюнча сунуштар ЭСАда катталбайт.
55. Аукциондун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү ижара акысын төлөө эсебине чегерилет. Ал аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол тамга коюудан же ижара келишимин түзүүдөн баш тарткан учурда, аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүм кайтарылбайт.
Жеңүүчү аукциондун жыйынтыгы боюнча ЭСАнын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөйт.
56. Аукцион аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн күнү жана убактысында, катышуучулар тарабынан жер участогунун баштапкы наркын аукциондун кадамына ылайык чоңдугуна карата ырааттуу түрдө жогорулатуу жолу менен, баа жөнүндө сунуштарды кадамдык формада берүү менен, ачык электрондук аукцион өткөрүүдө жүргүзүлөт.
57. Баа жөнүндө сунуштарды кадамдык формада берүү менен, ачык электрондук аукцион өткөрүү учурунда ЭСА оператору катышуучуларга ЭСАнын жабык бөлүгүнө жеткиликтүүлүгүн жана аукционго коюлган жер участогунун ижара баасы жөнүндө алардын сунуштарды берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.
58. Баа жөнүндө сунуштарды кадамдык формада берүү менен, ачык электрондук аукцион өткөрүү башталган убакыттан тартып, ЭСА оператору төмөнкүлөрдү жайгаштырат:
1) ЭСАнын ачык бөлүгүндө – жер участогу жөнүндө маалыматтарды, баштапкы бааны жана учурдагы «аукциондун кадамын» көрсөтүү менен, аукционду өткөрүү жол-жобосунун башталышы жөнүндө маалыматты;
2) ЭСАнын жабык бөлүгүндө, ЭСАнын ачык бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтан тышкары, жер участогунун ижарасынын баштапкы баасын, аукциондун жарыяланган кадамына ылайык катышуучулардын сунуштарын кабыл алуу аяктаганга чейин калган убакытты жана алардын келип түшкөн убактысын.
59. ЭСАнын программалык каражаттары тарабынан төмөнкүлөр камсыздалат:
1) катышуучу тарабынан «аукциондун кадамынын» чоңдугуна карата учурдагы баанын өсүшүнө ылайык келбеген жер участогунун баасы жөнүндө сунуштарды берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу;
2) эгерде бул катышуучунун жер участогунун баасы жөнүндө сунушу мурда башка катышуучу тарабынан ушуга окшош сунуш берилгендигине байланыштуу кабыл алынбаган учурда катышуучуга кабарлоо.
60. Баа жөнүндө сунуштарды кадамдык формада берүү менен өткөрүлгөн ачык электрондук аукциондун жеңүүчүсү болуп жер участогун ижарага алуунун эң жогорку баасын сунуштаган катышуучу таанылат. Баа жөнүндө сунуштарды бир жолку жабык формада берүү менен өткөрүлгөн ачык электрондук аукциондун жеңүүчүсү болуп автоматтык түрдө эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу таанылат.
61. Баа жөнүндө сунуштарды кадамдык формада берүү менен, ачык электрондук аукционду өткөрүүнүн жүрүшү ЭСАнын оператору тарабынан электрондук базада катталат, ал аукциондун жыйынтыгын чыгаруу үчүн, мүлктүн баасы жөнүндө сунуштарды кабыл алуу аяктаган убакыттан тартып көрсөтүлөт. Баа жөнүндө сунуштарды берүү үчүн, биринчи кадамга 30 мүнөт берилет. Андан ары, кадам сайын жогорулоого баалар боюнча сунуштарды берүү үчүн 5 мүнөт берилет.
62. Аукциондун жыйынтыгы аукцион аяктагандан кийин, автоматтык система тарабынан түзүлгөн протокол түрүндө таризделет.
63. Баа жөнүндө сунуштар кадамдык формада берилген электрондук аукцион жыйынтыгы жөнүндө электрондук протокол түзүлүп, ага кол тамга коюлган учурдан тартып аяктайт. Баа жөнүндө сунуштар бир жолку жабык формада берилген ачык электрондук аукциондо протокол сунуштар ачылган күнү жана ага кол тамга коюлган учурда, автоматтык түрдө түзүлөт.
64. Аукцион төмөнкү учурларда өткөн жок деп таанылат, эгерде:
1) катышууга бир дагы өтүнмө берилбесе же талапкерлердин бири дагы катышуучу деп таанылбаса;
2) бир гана талапкерди катышуучу деп таануу тууралуу чечим кабыл алынганда.
Аукциондун катышуучуларынын табыштамалары жок болгон, ошондой эле аукционго бир гана талапкер катышкан учурда, ижара объектиси сатуудан алынып салынат жана аукцион болгон жок деп таанылган датадан кийин 30 (отуз) күн өткөндөн кийин кайра коюлат.
Табыштамалардын жоктугуна байланыштуу, аукцион эки жолу болгон жок деп таанылган учурда, баштапкы баа Комиссиянын чечими менен белгиленген суммага, бирок базалык ижаралык төлөмдөн төмөн эмес суммага төмөндөтүлөт же ижарага берилүүчү объект аукциондон алынат.
65. Аукционду болгон жок деп таануу жөнүндө чечим аукцион аяктагандан кийин, ошол эле күнү автоматтык система тарабынан түзүлгөн аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол менен таризделет.
66. Аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол кол тамга коюлган убакыттан тартып, 3 (үч) күндүн ичинде аукциондун жеңүүчүсүнө ушул протоколду тиркөө менен, аны жеңүүчү деп таануу жөнүндө билдирүү жөнөтүлөт, электрондук соода аянтчасынын ачык бөлүгүндө төмөнкү маалымат жайгаштырылат:
1) жер участогунун функционалдык арналышы жана аны жекелештирүүгө мүмкүндүк берүүчү маалыматтар (лоттун өзгөчөлүгү);
2) жер участогун ижара наркы;
3) жеңүүчү болгон жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты же юридикалык жактын аталышы.
67. Жер участогунун ижара келишими өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыктары боюнча аукциондун жеңүүчүсү аныкталган датадан жана аукциондун протоколуна кол тамга коюлган күндөн тартып 3 (үч) календардык күндүн ичинде түзүлөт.
68. Жеңүүчү белгиленген мөөнөттө жер участогунун ижара келишимин түзүүдөн четтеген же баш тарткан учурда:
баа жөнүндө сунуштар кадамдык формада берилген ачык электрондук аукциондун жыйынтыгы боюнча жеңүүчү болуп экинчи орунду ээлеген катышуучу таанылат, ал эми ал ижара келишимин түзүүдөн четтеген же баш тарткан учурда, аукциондун жыйынтыгы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жокко чыгарылат жана жер участогу кайрадан аукционго коюлат;
баа жөнүндө сунуштар бир жолку жабык формада берилген электрондук аукциондун жыйынтыгы боюнча экинчи орунду ээлеген катышуучу жеңүүчү деп таанылат, ал эми ал ижара келишимин түзүүдөн четтеген же баш тарткан учурда, аукциондун жыйынтыгы ыйгарым укуктуу орган тарабынан жокко чыгарылат жана жер участогу кайрадан аукционго коюлат.
Жеңүүчүлөр келишим түзүү укугунан ажыратылат, аларга кепилдик төгүм кайтарылбайт жана жергиликтүү бюджетке багытталат.
69. Жер участогун берүү шарттары, ижарага берүүчүнүн жана ижарачынын укуктары, милдеттери, тараптардын жоопкерчилиги жана ижара шарттары жер участогун ижарага алуу келишими менен белгиленет.
70. Ижарачы жерди ижарага алуу келишими түзүлгөн учурдан тартып жер участогун ижарага алат.
71. Документтердин формалары, ошондой эле жер участогун ижарага алуу жөнүндө типтүү келишимдин долбоору Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен бекитилет.
72. Ижара келишими аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколдо көрсөтүлгөн маалыматтарды, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын жооптуу кызматкерлери жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.
73. Жер участогун ижаралоо келишими 3 нускада, ар бир тарап үчүн бирден нускада түзүлөт жана мөөнөттүү пайдалануу укугунун келип чыгышы жөнүндө жазууну Кыймылсыз мүлккө карата укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, ыйгарым укуктуу орган тарабынан жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлүүгө тийиш.
3 жылдан аз мөөнөткө түзүлгөн жер участогун ижаралоо келишими мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү талап кылбайт.
74. Жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн берилүүчү жер участоктору үчүн жер участогунун ижара келишиминин маанилүү шарты болуп, ижарачынын жеңилдетилген типтеги объектти ыктыярдуу демонтаждоо (бузуу) жөнүндө кепилдик каты жана ушул Жободо каралган учурларда, ыйгарым укуктуу органдын биринчи талабы боюнча ижара келишимин бир тараптуу бузууга макулдугу болуп саналат.
Кепилдик кат ижара келишимин түзүүгө чейин берилет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
75. Көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн берилүүчү жер участоктору үчүн ижара келишиминин маанилүү шарты болуп, ижарачынын Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-беренеси тарабынан каралган жер участокторун сатып алуу боюнча милдеттенмелерди жана «Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине жана Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 139 «Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долборлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, жер участогун кийин сатып алуу боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо үчүн күрөө берүүсү саналат.
76. Жер участогунун ижарачысы жер участогун максаттуу багыты боюнча өздөштүргөнгө чейин, ал эми көп батирлүү үй куруу үчүн долбоорлоого жана курууга берилген жер участоктору үчүн – ушул Жобонун 100-пункттуна ылайык жер участогун сатып алганга чейин жер участогун пайдалануу укугун үчүнчү жактарга берүүгө укугу жок.
9. Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн мөөнөттүү
(убактылуу) пайдаланууга берилүүчү жер
участогунун эсептешүү жана төлөө тартиби
77. Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн бир айлык ижара төлөмүнүн өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Ит = Н х S х К1 х К2, мында:
Ит = бир айлык ижара төлөмүнүн өлчөмү (сом менен);
С = Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жер салыгынын ставкасы (сом менен);
S = участоктун аянты чарчы метр менен;
К1 = функционалдык дайындалышынын коэффициенти, төмөнкүгө барабар:
6 = гараждар, кароол будкалары, нан күркөлөрү, бут кийим күркөлөрү, гезит күркөлөрү жана ушул сыяктуулар;
12 = фото-кызмат көрсөтүү, байланыш жана Интернет кызмат көрсөтүүлөрүнүн пункттары, банкоматтар, соода павильондору;
14 = убактылуу аянтчалар, коомдук тамактануу түйүндөрү, автосервис пункттары;
30 = жарнама конструкциялары;
уюлдук байланыш мунаралары (вышкалар) үчүн жайгашкан жерине (баа зонасынын коэффициентине) карабастан, бир айлык ижара акысы 5220 сомдон кем эмес өлчөмдө белгиленет;
суусундуктарды жана сатураторлорду (газсуу) сатуучу көчмө түйүндөр үчүн, жайгашкан жерине (баа зонасынын коэффициентине) жараша, бир түйүнгө карата бир айлык ижара акысы 400дөн 600 сомго чейинки өлчөмдө белгиленет;
К2 – баа зонасынын коэффициенти, төмөнкүгө барабар:
4 = 1-баа зонасында жайгашкан объекттер үчүн;
3 = 2-баа зонасында жайгашкан объекттер үчүн;
2 = 3-баа зонасында жайгашкан объекттер үчүн;
1 = 4-баа зонасында жайгашкан объекттер үчүн.
Эскертүү:
Баа зоналарынын сыпаттамасы:
I зона
Жибек-Жолу проспекти, түндүк тарабын кошкондо (Жаш Гвардия бульварынан Курманжан датка көчөсүнө чейин);
Курманжан датка көчөсү, чыгыш тарабын кошкондо (Жибек-Жолу проспектинен Иса Ахунбаев көчөсүнө чейин);
Иса Ахунбаев көчөсү, түштүк тарабын кошкондо (Шабдан баатыр көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектине чейин);
Чыңгыз Айтматов проспекти (Иса Ахунбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин);
Лев Толстой көчөсү (Чыңгыз Айтматов проспектинен Жаш Гвардия бульварына чейин);
Жаш Гвардия бульвары (Лев Толстой көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектине чейин).
«Дордой» соода-базар комплекси:
Төмөнкү көчөлөр менен чектелген зона:
айланма жолдун түштүк тарабы («Келечек» конушунан «Дордой» конушуна чейин);
Ибраимов көчөсүнүн чыгыш тарабы (айланма жолдон Аул көчөсүнүн түштүк тарабына чейин);
Аул көчөсүнүн түштүк тарабы (Ибраимов көчөсүнөн Совет кыска көчөсүнө чейин);
Совет көчөсүнүн батыш тарабы (Аул көчөсүнөн айланма жолго чейин).
«Аламүдүн» соода-базар комплекси:
Төмөнкү көчөлөр менен чектелген зона:
Куликов көчөсү боюнча (Курманжан датка көчөсүнүн батыш тарабынан Буденный көчөсүнө чейин);
Буденный көчөсүнүн чыгыш тарабы боюнча (Куликов көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектинин түндүк тарабына чейин);
Жибек-Жолу проспектинин түндүк тарабы боюнча (Буденный көчөсүнөн Буденный көчөсүнүн түштүк уландысына чейин);
Буденный көчөсүнүн түштүк уландысынын чыгыш тарабы (Жибек-Жолу проспектинен Салиева көчөсүнө чейин);
Салиева көчөсү (Буденный көчөсүнүн чыгыш тарабынан Батыш көчөсүнө чейин);
Батыш көчөсүнүн чыгыш тарабы (андан ары – Муса Жалил көчөсү Жибек-Жолу проспектинин түндүк тарабына чейин).
«Орто-Сай» соода-базар комплекси:
Төмөнкү көчөлөр менен чектелген зона:
Сүйөркулов көчөсүнүн түндүк тарабы (Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин);
Юнусалиев көчөсүнүн чыгыш тарабы (Сүйөркулов көчөсүнөн түштүк өтмөктүн түштүк тарабына чейин);
түштүк тарабы (Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн батыш бөлүгүнө чейинки соода-базар комплексинин түштүк өтмөгүнүн 7-кичи райондун ичин көздөй 50 метрге чейин);
Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн батыш тарабы (соода-базар комплексинин түштүк өтмөгүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейин).
«Ош базары» соода-базар комплекси:
Төмөнкү көчөлөр менен чектелген зона:
Рыскулов көчөсүнүн түндүк тарабы (Юлиус Фучик көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварынын батыш тарабына чейин);
Жаш Гвардия бульварынын батыш тарабы (Рыскулов көчөсүнөн Москва көчөсүнүн түштүк тарабына чейин);
Москва көчөсүнүн түштүк тарабы (Жаш Гвардия бульварынан Юлиус Фучик көчөсүнүн батыш тарабына чейин);
Юлиус Фучик көчөсүнүн батыш тарабы (Москва көчөсүнөн Рыскулов көчөсүнө чейин).
Комиссиянын чечими менен биринчи баа зонасында ижара акынын башка суммасы белгилениши мүмкүн, бирок баштапкы баанын суммасынан төмөн эмес.
II зона
темир жолдун түштүк тарабы (Дооронбек Садырбаев көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин);
Шабдан баатыр көчөсүнүн чыгыш тарабы (темир жолдон Иса Ахунбаев көчөсүнө чейин);
Иса Ахунбаев көчөсүнүн түштүк тарабы (Шабдан баатыр көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейин);
Каралаев көчөсүнүн чыгыш тарабы (Иса Ахунбаев көчөсүнөн 12-кичи районго чейин);
Токомбаев көчөсү (12-кичи райондон Байтик баатыр көчөсүнө чейин);
Токомбаев көчөсүнүн келечектеги кийинки уландысы (Байтик баатыр көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектине чейин);
Жайыл баатыр көчөсү (Чыңгыз Айтматов проспектинен Дооронбек Садырбаев көчөсүнө чейин);
Дооронбек Садырбаев көчөсүнүн батыш тарабы (Жайыл баатыр көчөсүнөн темир жолго чейин).
III зона
Чоң Чүй каналынын түштүк тарабы (Васильев чоң жолунан Лермантов көчөсүнө чейин);
Лермонтов көчөсүнүн чыгыш тарабы (Чоң Чүй каналынан Көлбаев көчөсүнө чейин);
Көлбаев көчөсүнүн түндүк тарабы (Лермонтов көчөсүнөн Калинин көчөсүнө чейин, «Аламүдүн-1» кичи району, «Куруучулар» шаарчасы, «Энергетиктер» шаарчасы);
Чүй проспекти («Энергетиктер» шаарчасынан Курманжан датка көчөсүнө чейин);
Буденный көчөсү (Чүй проспектинен Жибек-Жолу проспектине чейин, андан ары – «Аламүдүн» соода-базар комплексинен тышкары);
Жибек-Жолу проспекти (Курманжан датка көчөсүнөн Юлиус Фучик көчөсүнө чейин);
Профсоюз көчөсү (Юлиус Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейин);
Кустанай көчөсү (Профсоюз көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектине чейин);
Дэн Сяопин проспектинин түштүк тарабы (Кустанай көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин);
Садыгалиев көчөсү (Дэн Сяопин проспектинен Лев Толстой көчөсүнө чейин);
Лев Толстой көчөсү (Садыгалиев көчөсүнөн Тимур Фрунзе көчөсүнө чейин);
Тимур Фрунзе көчөсү (Лев Толстой көчөсүнөн Юрий Гагарин көчөсүнө чейин);
Юрий Гагарин көчөсү (Тимур Фрунзе көчөсүнөн Дооронбек Садырбаев көчөсүнүн батыш тарабына чейин);
Дооронбек Садырбаев көчөсү (Юрий Гагарин көчөсүнөн темир жолго чейин, андан ары Юлиус Фучик көчөсүнүн батыш тарабы Жибек-Жолу проспектине чейин).
IV зона
Бишкек шаарынын I, II жана III зоналарында баяндалбай калган аймагы.
Жер салыгын ижарачы тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана ыйгарым укуктуу муниципалдык орган берген эсептөөлөргө ылайык, ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын эсебине которуу жолу менен төлөнөт.
Жер участогун убактылуу пайдалануу мөөнөтү узартылган учурда, ижарачы убактылуу пайдалануу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып, жер участогун иш жүзүндө кайтарып бергенге же мөөнөтүн узартканга чейинки мезгил үчүн ижара акысын төлөөгө милдеттүү.
78. Жер участокторун долбоорлоо жана куруу үчүн ижара шарттарында аукцион аркылуу мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүдө, алдын ала төлөмдү кошпогондо, ижара акысы ижарачы тарабынан жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын укук белгилөөчү документин алган күндөн тартып төлөнөт.
79. Эгерде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилүүчү жер участогуна болгон укук эки же андан көп жер пайдалануучуга таандык болуп, аларды өз алдынча жер пайдалануу бирдиктерине бөлүүгө мүмкүн болбосо, анда участок жалпы биргелешкен пайдалануудагы аймак болуп эсептелет. Мындай учурда жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара акылары ар бир жер пайдалануучу ээлеген жер участогунун аянтына пропорционалдуу түрдө алынат.
Келишимде көрсөтүлгөн жер участогунун багыты көп функционалдуу болгон учурда, ар бир функционалдык багыты боюнча аянттарды аныктабастан (бөлбөстөн), мындай жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара акысын эсептөө, объект пайдаланууга берилгенге чейин, жер участогунун аянтын функционалдык багыттарынын саны боюнча бирдей үлүштөргө шарттуу бөлүү менен жүргүзүлөт.
Ишке киргизилгенден кийин:
а) жер участогунда бир нече объект болгон учурда, функционалдык багытынын коэффициенти макулдашылган объекттин Башкы планына ылайык пропорционалдуу түрдө колдонулат;
б) объектте көп функционалдуу имарат болгон учурда, ижара акысын эсептөө имараттын алдындагы жер участогунун функционалдык багытынын эң жогорку коэффициентин колдонуу менен жүргүзүлөт.
80. Жер участогун ижарага алуу келишиминде долбоорлоонун жана куруунун ченемдик мөөнөтү милдеттүү түрдө көрсөтүлөт жана жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын укук белгилөөчү документин алган күндөн тартып эсептелет.
Ижарачы тарабынан ижара акысын өз убагында төлөбөгөн учурда, ыйгарым укуктуу орган тарабынан ижара келишиминде белгиленген айыптык санкциялар (туумдар) колдонулат. Ыйгарым укуктуу органдын алдын ала билдирүүсү боюнча инженердик-техникалык коммуникацияларды пайдалануу укугун чектөө боюнча чаралар көрүлөт.
Жер участогун иш жүзүндө пайдалануу үчүн төлөм ижарачы тарабынан ижарага берүү келишиминин мөөнөтү аяктаган учурдан тартып жаңы мөөнөткө ижарага берүү келишими түзүлгөн күнгө чейин же жер участогу иш жүзүндө кайтарылып берилген күнгө чейин жүргүзүлөт.
81. Эгерде ижарачынын жер участогун пайдалануусуна карата объективдүү себептерден улам тоскоолдуктар жаралса, ыйгарым укуктуу орган сот актыларынын жана чечимдеринин негизинде ижара акысын эсептөөнү токтото турууга милдеттүү.
82. Ушул главада белгиленген жер участокторуна карата ижара акысынын өлчөмүн аныктоонун тартиби «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин 103-беренесинде каралган тийиштүү тартип Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынганга чейин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 10-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү методикага ылайык муниципалдык менчикте турган жерлерди пайдалануу үчүн ижара акысынын чектик өлчөмү бекитилгенге чейин колдонулат.
10. Жер участогун пайдалануу укугун узартуу
83. Комиссиянын чечиминин негизинде, мурдагы ижара келишиминин шарттарын ижарачы тарабынан талаптагыдай аткаруу шарты менен, жер участогун пайдалануу мөөнөтү беш жылга узартылышы мүмкүн. Жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн берилген жер участоктору үчүн, узартуу мөөнөтү үч жылдан ашпоого тийиш.
Мында ижара акысынын өлчөмү инфляциянын деңгээлин эске алуу менен көбөйтүлөт.
Узартууда Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын административдик районунун райондун аймагын өнүктүрүү (курулуш, реконструкция, көрктөндүрүү) боюнча бекитилген пландарын, суралган участоктун же ага жакын жайгашкан жолдорду, тротуарларды жана жер астындагы коммуникацияларды оңдоо графиктерин, ошондой эле жарандардын жана юридикалык жактардын аталган аймакты пайдаланууга байланыштуу кайрылууларынын бар экендигин эске алуу менен, суралган жер участогун берүү же бербөө мүмкүнчүлүгү боюнча позициясы эске алынат. Жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн берилген жер участоктору үчүн, болжолдонгон жеңилдетилген типтеги объекттин шаардын архитектуралык көрүнүшүнө жана эстетикасына шайкештиги, ошондой эле муниципалдык администрацияга белгилүү болгон жана жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу жана иштетүү мүмкүнчүлүгүнө таасир этүүчү башка факторлор кошумча эске алынат.
84. Арыз ээси тарабынан жер участогун пайдалануу мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүч болгон учурда, пайдалануу мөөнөтүн көбөйтүү менен узартуу маселеси Бишкек шаарында жер участокторуна укук берүү боюнча комиссия тарабынан кабыл алынат.
85. Жер участогун ижарага алуу келишиминин мөөнөтүн узартуу үчүн, ижарачы ыйгарым укуктуу органга жер участогунун ижарага алуу келишиминин мөөнөтү аяктаганга чейин бир айдан кечиктирбестен, арыз берет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) арыз берүүчү жөнүндө маалымат (аны так аныктоо үчүн зарыл болгон индентификациялык маалыматтар: инсандыгын тастыктаган документтин реквизиттери, катталган жери тууралуу маалымат – жеке жактар үчүн (каттоосу) жана/же иш жүзүндө жашаган жери, юридикалык жактар үчүн – мамлекеттик каттоо дареги, байланыш үчүн телефон номерлери, арыз берүүчүнүн атынан өкүл кайрылган учурда, ишеним каттын реквизиттери. Юридикалык жактар үчүн, алар чет элдик болуп санала тургандыгы кошумча көрсөтүлөт);
б) участоктун аянты жана жайгашкан жери.
Арызга төмөнкүлөрдүн түп нускалары менен кошо көчүрмөлөрү тиркелет:
а) жер участогуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтер;
б) арыз берүүчүнүн инсандыгын тастыктаган документ жана уюштуруу документтери (юридикалык жактар үчүн);
в) курулуш аяктаган учурда, эксплуатацияга берүү актысы. Жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу үчүн берилген жер участоктору үчүн эксплуатацияга берүү актысын берүү талап кылынбайт;
г) ыйгарым укуктуу органга кайрылган күндө алынган кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө (жер участогу өзүнчө кыймылсыз мүлк бирдиги катары бөлүнгөн учурда).
86. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү учурларда арызды кабыл алуудан баш тартууга укуктуу:
а) арыз берүүчүнүн атынан иш-аракет кылууга ыйгарым укугу жок адам кайрылса;
б) ушул Жобонун 85-пунктунда көрсөтүлгөн бардык зарыл документтер берилбесе.
87. Ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине арыздын кабыл алынгандыгын тастыктаган документти берет, түшкөн арызды ушул Жобонун 15-пункттунда көрсөтүлгөн чектөөлөрдүн бар экендиги боюнча карайт.
88. Ижара акысы боюнча карызы жана/же ушул Жобонун 15-пункттунда көрсөтүлгөн чектөөлөр болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине негиздүү баш тартуу жөнөтөт.
89. Ижара акысы боюнча карызы жана ушул Жобонун 15-пункттунда көрсөтүлгөн чектөөлөр жок болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган арыз келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жер участогун ижара келишимине ылайык пайдалануу боюнча жер участогун изилдөө актысын даярдоо үчүн, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органына суроо-талап жөнөтөт.
90. Жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган 7 жумуш күндүн ичинде өлчөө аспаптарын колдонуу менен, жер участогун укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерге шайкеш келишине карата текшерүү жүргүзөт; ыйгарым укуктуу органга расмий бланкта текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматты акты тиркөө менен өткөрүп берет. Жер участогун текшерүү актысынын типтүү формасы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.
91. Ижара келишимин узартууда долбоорлоо жана курулуш, ошондой эле кандайдыр бир объекттерди жайгаштыруу каралбаган жер участокторун кошпогондо, ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер участогун пайдалануу укугун узартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө тиешелүү документти берүү үчүн, архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органга кошумча суроо-талап жөнөтүлөт.
Архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган 7 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга уруксат берүүчү документтердин бар же жок экендиги жөнүндө тиешелүү маалыматты жөнөтөт.
92. Жер участогун пайдалануу мөөнөтүн узартуу маселеси боюнча Комиссия оң чечим кабыл алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган арыз ээси менен жаңы мөөнөткө жер участогуна ижара келишимин түзөт. Келишим түзүү Комиссиянын жыйынынын протоколунун көчүрмөсүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.
Комиссия терс чечим кабыл алган учурда, ыйгарым укуктуу орган чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине жазуу жүзүндө баш тартуу жөнөтөт.
11. Жер участогун убактылуу пайдалануу укуктарын
үчүнчү жактарга берүү
93. Жер участогун ижаралоочу, ижара берүүчүнүн макулдугусуз, жер участогун пайдалануу укугун өз алдынча кандайдыр бир жол менен болбосун тескөөгө укуксуз.
94. Ижарачы ижара берүүчүнүн макулдугу менен төмөнкүлөргө укуктуу:
а) жер участогунун ижара келишимин бир узарткандан кийин, үчүнчү жактарга жер участогун убактылуу пайдалануу укугун өткөрүп берүүгө;
б) мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучулар үчүн убактылуу пайдалануу укугун өткөрүп бербестен, биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө келишим түзүүгө;
в) негизги жер участогуна убактылуу пайдалануу укугун өткөрүп берүүдө кошумча жер участогун пайдалануу укугун өткөрүп берүүгө.
95. Макулдук алуу үчүн ижарачы ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылат. Арызга ушул Жобонун 39-пункттунда каралган документтер, ошондой эле салык органынан жер салыгы боюнча карызы жоктугу тууралуу маалым кат тиркелет.
96. Ыйгарым укуктуу орган келип түшкөн арызды чектөөлөрдүн болушуна карата карайт (Бишкек шаардык кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдери, укук коргоо жана сот органдарынын актылары). Чектөөлөр болгон учурда, арыз ээсине негиздүү баш тартуу жөнөтүлөт.
Чектөөлөр жок болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга жер участогун кароо жүргүзүү үчүн, суроо-талап жөнөтөт. Жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган жети жумуш күндүн ичинде кароо жүргүзөт жана кароо актысын ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берет. Кароо актысы жок болгон учурда, Комиссиянын кароосуна макулдук берүү жөнүндө маселе киргизилбейт.
97. Ижара акысы, туумдар жана жер участогун иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр боюнча ижарачынын карызы болгон учурда, макулдук берилбейт.
98. Кароо актысы алынгандан жана карызынын жоктугу текшерилгенден кийин, ыйгарым укуктуу орган маселени Комиссиянын кароосуна киргизет. Комиссия макулдук берүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
99. Жер участогун пайдалануу укугун өткөрүп берүүгө макулдук төмөнкү учурларда берилбейт:
а) эгерде жер участогу максаттуу багыты боюнча өздөштүрүлбөсө;
б) эгерде жер участогу көп батирлүү турак үйдү долбоорлоо жана куруу үчүн берилсе – жер участогу сатып алынганга чейин;
в) жер участокторун бириктирүү үчүн;
г) жер участогуна укуктарды чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары же өндүрүштүк кооперативге пайлык төгүм катары киргизүү үчүн;
д) жер участогун убактылуу пайдалануу укуктарын күрөөгө коюу үчүн.
100. Жер участогун убактылуу пайдалануу укуктарын жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн негизинде үчүнчү жактарга өткөрүп берүүдө, жаңы жер пайдалануучу менен калган мөөнөткө ижара келишими түзүлөт.
101. Макулдук аны берген учурдан тартып эки айдын ичинде колдонулат.
102. Жаңы жер пайдалануучу келишим түзүлгөндөн кийин үч жумуш күндүн ичинде калган мөөнөткө ижара келишимин түзүү үчүн ыйгарым укуктуу органга арыз бериши керек. Ыйгарым укуктуу орган жаңы жер пайдалануучу менен он жумуш күндүн ичинде ижара келишимин түзөт.
12. Жер участогун пайдалануу укуктарын
токтотуунун тартиби
103. Жер участогун убактылуу пайдалануу укугу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча келишимдин бузулушу;
2) ижара келишиминин мөөнөтүнүн бүтүшү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сот тарабынан келишимдин мөөнөтүнөн мурда бузулушу;
4) ижарачы – юридикалык жактын жоюлушу;
5) ижарачынын өлүмү – жеке жактын мураскерлери жок болгон учурда, ошондой эле анын аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же дайынсыз жоголгон деп таанылган учурда;
6) Комиссиянын чечиминин негизинде, келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча ижара келишими бир тараптуу бузулган учурда.
104. Курулуш салынган (ишке киргизилген объектилери бар) жер участоктору боюнча ижарага берүү келишимин тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бузууга жол берилбейт, эгерде ижарага алынган жер участогунда курулган объектилерди муниципалдык менчикке кабыл алуу учурларында, ижара төлөмдөрү, туумдар жана иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн карыздары жок болсо, же жер участогу баштапкы абалына келтирилген учурлар кирбейт.
Өздөштүрүлө элек жер участоктору боюнча ижара келишимдерин бузуу жөнүндө макулдашуу ижара акысы, туумдар жана жер участогун иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн карызы жок болгон учурда түзүлөт.
105. Эгерде ижарачыга берилген жер участогу ижара келишимин түзүүдө ыйгарым укуктуу орган тарабынан макулдашылбаган жана ижарачыга алдын ала белгилүү болбогон, пайдаланууга тоскоолдук кылган мүнөздөмөлөргө ээ болсо, ижарачы ижара келишимин бузуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу.
106. Ижарага берүү келишиминин мөөнөтү аяктаганда, ижара төлөмдөрү боюнча карыздар, туумдар жана жер участогун иш жүзүндө пайдалануу үчүн төлөнбөгөн суммалар болгон учурда, ижарага берүү келишими токтотулду деп эсептелбейт.
107. Ижарага берүү келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу 30 (отуз) календардык күндүн ичинде жол берилген бузууларды жоюу аркылуу келишимдик милдеттенмелерди аткаруунун зарылдыгы жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
108. Ижарага берүү келишимин токтотуу ижарачыны ижара акысы боюнча карызды жоюудан, айыптык санкцияларды (туумдарды) төлөөдөн жана иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотпойт.
109. Ижарага берүү келишими токтотулганда, ижарачы бир айлык мөөнөттө жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо же имаратты жана курулушту өз эсебинен бузуу боюнча чараларды көрөт.
110. Ижарага берүү келишимин бузуу жана ижара укугун токтотуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюу боюнча чыгымдарды жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга төлөө ижарачыга жүктөлөт.
13. Жеңил типтеги объектти демонтаждоо
111. Жеңилдетилген типтеги объект төмөнкү учурларда демонтаждалат:
а) жеңилдетилген типтеги объект жайгаштырууга уруксат берүүчү документтерди тиешелүү туура таризделбестен иштеген учурда;
б) жаңы курулуш ишке ашырылган учурда;
в) соттун чечими боюнча;
г) төмөнкү учурларда Комиссиянын чечими боюнча:
келишимдин шарттарынын бузулушу;
ижара төлөмдөрү 3 айдын ичинде төлөнбөгөндүгү;
архитектуралык жана шаар куруу ченемдерине туура келбегендиги;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан шаардын турмуш-тиричилигин жана өнүгүүсүн жөнгө салуучу чечимдердин кабыл алынышы.
112. Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо 10 күн мурун алдын ала билдирүү берүү боюнча объекттин ээсинин эсебинен жүргүзүлөт. Тиешелүү документтерсиз орнотулган жана иштеп жаткан объект демонтаждалган учурда, алдын ала кабарлоо талап кылынбайт.
Эгерде жеңилдетилген типтеги объекттин ээси аныкталбаса жана анын жайгашкан жерин кийин аныктоого мүмкүн болбосо, демонтаждоо жөнүндө билдирүү объектке чапталат, бул жөнүндө жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкери кол тамга койгон акт түзүлөт.
Демонтаждоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин, жеңилдетилген типтеги объекттин ээси жер участогун баштапкы калыбына келтирүүгө жана аны көрктөндүрүүгө милдеттүү.
113. Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан, демонтаждоо жөнүндөгү билдирмеде көрсөтүлгөн белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин, объекттин ээсинин же анын өкүлүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт. Демонтаждоо учурунда ээси же анын өкүлү объектти анын ичиндеги материалдык баалуулуктардан бошотууга милдеттүү.
Эгерде ээси же анын өкүлү тарабынан демонтаждоо жүргүзүүгө тоскоолдуктар түзүлгөн учурда, объектте болгон материалдык баалуулуктардын тизмеси түзүлөт жана мүмкүн болгон материалдык жана моралдык зыянды компенсациялабастан, анда жайгашкан материалдык баалуулуктары менен кошо демонтаждоо жүргүзүлөт, мында ыйгарым укуктуу орган объекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик тартпайт.
Ээси жок болгон учурда, объектиге мөөр басылат жана болгон материалдык жана моралдык зыянды компенсациялабастан, анда жайгашкан материалдык баалуулуктары менен кошо демонтаждоо жүргүзүлөт, мында жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган объекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик тартпайт.
114. Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан демонтаждоо жүргүзүүдө, Бишкек шаарынын мэриясынын башка бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын, ошондой эле жетекчилик менен макулдашуу боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана адистери тартылышы мүмкүн.
115. Демонтаждалган жеңилдетилген типтеги объект Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аныкталган сактоочу жайга жөнөтүлөт. Жеңилдетилген типтеги объект ээси демонтаж, сактоо боюнча кеткен бардык чыгымдарды төлөгөндө, ушул Жобонун 119-пунктунун талаптарына ылайык жана жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органдын жазуу жүзүндөгү ырастамасы болгондо, объект берилет.
116. Жеңилдетилген типтеги демонтаждалган объектти сактоо акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.
117. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан аныкталган, жеңилдетилген типтеги объектти сактоого алган кампа жана сактоочу жайдын администрациясы объекттин жана андагы материалдык баалуулуктардын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
118. Жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган жеңилдетилген типтеги объекттерди 3 (үч) жыл сактайт. 3 (үч) жыл өткөндөн кийин, жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган аларды ээсиз деп таануу жөнүндө сотко кайрылууга укуктуу.
Эгерде сот тарабынан талап кылынбаган (ташталган) жеңилдетилген типтеги объекттер ээсиз деп таанылса, алар муниципалдык менчикке өтөт.
14. Корутунду жоболор
119. Муниципалдык менчикте турган жер участокторун ижарага берүү укугунан түшкөн каражаттар шаардык бюджетке багытталат.
120. Каражаттардын түшүүсүн контролдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
121. Бишкек шаарында жер участокторун ижарага берүү шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүгө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын чечимдери Кыргыз Республикасынын административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык жеке жана юридикалык жактар тарабынан даттанылышы мүмкүн.
Бишкек шаардык кеңешинин
аппаратынын жетекчиси И. Аденов
Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июну №110 токтомуна 2-тиркеме |
Бишкек шаарында жер участогун ижарага берүүнүн
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
Бишкек шаары 20__-жылдын ___- ________
Бишкек шаарынын мэриясынын _______________________________ ____________________________________________________________________________________________________________________________атынан, мындан ары «Ижарага берүүчү» деп аталуучу, бир тараптан, жана ________ _________________________________________________________________ _________________________________________________________________
(жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты же юридикалык жактын аталышы)
атынан, мындан ары «Ижарачы» деп аталуучу, экинчи тараптан, _________
_________________________________________________________________
_________________________________________________________________
(кызматы, фамилиясы, аты, атасынын аты)
бирге «Тараптар» деп аталуучулар, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
1.1. Ижарага берүүчү Ижарачыга Бишкек шаары, _______________________________________________________________ дарегинде жайгашкан, ушул Келишимге тиркелген участоктун схемасында көрсөтүлгөн чектердеги ______ чарчы метр аянты менен жер участогун _______мөөнөткө,__________________________________________________________________________________________________________ үчүн,
(жер участогун пайдалануунун функционалдык багыты көрсөтүлөт)
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участогун ижарага берүү келишимин түзүү укугуна аукциондун 20___ -ж., «___» __________ №___ протоколуна ылайык ижаралык пайдаланууга берет.
2.1. Ижаралык төлөмдөр жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдан укук күбөлөндүрүүчү документти алган күндөн тартып эсептелет.
2.2. Жылдык ижаралык төлөмдү төлөө Ижарага берүүчү көрсөткөн эсептик эсепке салуу жолу менен, квартал сайын, бирдей үлүштө, отчеттук кварталдан кийинки айдын 1 чейин жүргүзүлөт.
2.3. Ижаралык төлөмдүн өлчөмүнүн эсеби, эсептөө учуруна карата колдонуудагы Бишкек шаардык кеңешинин тийиштүү токтомуна ылайык аныкталат.
2.4. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык, Ижарачы тарабынан ижаралык төлөмдөн тышкары жер салыгы төлөнөт.
2.5. Жер салыгы ушул Келишимде белгиленген мөөнөттөрдө төлөнбөгөн учурда, Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери
3.1. Ижарачы төмөнкүдөй укуктарга ээ:
3.1.1. Ушул Келишимде аныкталган максаттарга жана шарттарга ылайык, ижарага алынган жер участогунда өз алдынча чарба жүргүзүүгө.
3.1.2. Берилген жер участогунда Ижарачы тарабынан курулган имараттар, курулмалар, көрктөндүрүү элементтери анын менчиги болуп саналат. Жер участогун ижарага алуу мөөнөтү аяктагандан кийин Ижарачы участокту баштапкы калыбына келтирүүгө милдеттүү.
3.1.3. Өз милдеттерин талаптагыдай аткарууда жана Келишимдин мөөнөтү аяктаган учурда, ушул Ижарага берүү келишиминин колдонуу мөөнөтүн белгиленген тартипте жаңы мөөнөткө узартууга укуктуу.
3.2. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.2.1. Ижарага берүүчүгө жер участогун түзүү менен байланышкан чыгымдарды эсептөөлөргө ылайык төлөп берүүгө.
3.2.2. Ижарага алынган жер участогун максаттуу багытына ылайык натыйжалуу пайдаланууга.
3.2.3. Ижаралык төлөмдөрдү пайдалануу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып ушул Келишимди түзгөн учурга чейинки жер участогун иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан берилген эсептөөлөргө ылайык төлөөгө.
3.2.4. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгында укук күбөлөндүрүүчү документти тариздегенден кийин, 3 жумуш күндүн ичинде шаар куруу боюнча нөөмөттүк планды жүргүзүү үчүн каттоодон өткөрүүгө.
3.2.5. Укук күбөлөндүрүүчү документ таризделгенден кийин, бир айдын ичинде жер участогуна Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгына архитектуралык-пландоо шартын (АПШ) заказ кылууга.
3.2.6. Бул аймакты куруу долбоорун иштеп чыгууга жана аны Келишим түзүлгөн күндөн тартып 6 (алты) айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы менен белгиленген тартипте макулдашууга, долбоорду бекитүүгө, объектти Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматында каттоого, мамлекеттик экспертизадан өткөрүүгө, белгиленген тартипте объектти курууга киришүүгө.
3.2.7. Жер участогун өздөштүрүүгө, Ижарага берүү келишими түзүлгөн учурдан тартып 5 (беш) жылдын ичинде объекттин курулушун аяктоого жана объектти эксплуатациялоого берүүгө.
3.2.8. Берилген жер участогунда жана ага жанаша жаткан аймакта жайгашкан инженердик тармактарга техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн эркин жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга.
3.2.9. Көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга (көк майсаңдарды, гүлзарларды уюштуруу), ирригацияны аткарууга (арыктарды калыбына келтирүүгө), өтмөктөрдү асфальттоо жана тротуарларга «брусчатка» тибиндеги плиткаларды төшөөгө, түнкүсүн сырткы жарыктандырууну камсыз кылууга (чырактарды орнотууга).
3.2.10. Аймакты тазалоону, таштандыларды ташып чыгарууну, көрктөндүрүү элементтерин талаптагыдай техникалык, санитардык жана эстетикалык абалда күтүүнү камсыз кылууга.
3.2.11. «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен таштандыларды жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга келишим түзүүгө.
3.2.12. Өз эсебинен төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга:
жер участогун жана ага жанаша жаткан аймакты, зарыл болсо короо аймагын санитардык тазалоого;
жер участогуна жанаша же ал аркылуу өткөн ирригациялык тармактарды тазалоого жана калыбына келтирүүгө.
3.2.13. Төмөнкүлөргө жол бербөөгө:
жанаша жаткан аймакта жайгашкан бак-дарактарга зыян келтирүүгө, бузууга же жок кылууга;
жер участогунда, жанаша жайгашкан аймакта же короонун аймагында таштандылардын топтолушуна;
өзүнүн чарбалык иш-аракеттеринин натыйжасында ижарага алынган жер участогунда жана жанаша жайгашкан аймактарда экологиялык абалдын начарлашына;
ижарага алынган жер участогунда баш-аламан көчө соодасына жана жанаша жайгашкан аймактарда чарбалык иш-аракеттерге.
3.2.14. Накта чек аралар белгилегенден кийин жер участокту пайдаланууга киришүүгө жана мөөнөттүү (убактылуу) жер пайдалануу укугун күбөлөндүрүүчү документтерди белгиленген тартипте алууга.
3.2.15. Жер участокту пайдалануу мөөнөтүнүн ичинде имараттарды жана курулмаларды, инженердик тармактарды жана курулмаларды курууга, макулдашылган долбоорго ылайык, эгерде бул, жер участогунда берүүнүн зарыл шарты болуп эсептелсе, берилген жер участогун жана жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүүгө.
3.2.16. Ушул Келишим тарабынан белгиленген курулуштун мөөнөтү бузулган учурда, Ижарага берүүчүгө курулуштун ченемдик мөөнөтү аяктаган учурдан тартып, ижаралык төлөмдүн толук наркын төлөп берүүгө.
3.2.17. Өз эсебинен ижарага алынган участокту таштанды таштоодон, сууга батыруудан, сазга айлантуудан, булгоодон коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга, ошондой эле ижарага алынган жер участогун күтүү боюнча башка чыгымдарды тартууга.
3.2.18. Башка жер пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш объекттерин пайдалануу тартибин бузбоого.
3.2.19. Өзүнүн чарбалык иш-аракеттеринин натыйжасында ижарага алынган жердин сапатынын начарлашына жана экологиялык кырдаалга байланыштуу Ижарага берүүчүгө жана байланышы бар жер пайдалануучуларга колдон чыгарылган пайданы кошуу менен, толук көлөмдө ордун толтурууга.
3.2.20. Жерди пайдаланууну жана коргоону, курулушту жана берилген жер участогундагы объекттерди эксплуатациялоону контролдоону жүзөгө ашыруучу тиешелүү мамлекеттик органдарга берилген участокто эркин кирүүсүн белгиленген тартипте камсыз кылууга.
3.2.21. Жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижаралык төлөмдү өз убагында төлөөгө. Ижаралык төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелер бузулган учурда, мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн карыздын суммасынан 0,1 пайыз өлчөмдө, бирок негизги карыздын суммасынын 25 пайызынан ашпаган туум эсептелинет. Айып пулду жана туумду төлөгөндүгү Ижарачыны жер участогун ижарага берүү үчүн негизги сумманы төлөөдөн бошотпойт.
3.2.22. Жер участогун пайдалангандыгы үчүн төлөнгөн ижаралык төлөм, ошондой эле туумду жана айып пулду белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган төлөм документ түрүндө тастыкталууга, анын көчүрмөсү Бишкек шаарынын мэриясына берилүүгө тийиш.
3.2.23. Жер салыгын өз убагында төлөп турууга. Жер салыгын төлөө боюнча милдеттенмелер бузулган учурда, Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
3.2.24. Ижарачынын чечими боюнча пайдалануу укугу токтотулганда, өз эсебинен ижарага алынган жер участогунан имараттарды жана курулмаларды бузууга жана жер участогун баштапкы калыбына келтирүүгө.
3.2.25. Жер участогун сатып алуу наркын төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруу максатында Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 139 «Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долборлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык жер участокторун сатып алуу наркын төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруу максатында күрөө берүүнү камсыз кылууга.
3.2.26. Муниципалдык менчикте турган, ага ижара шарттарында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген, жер участогунда жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда укугу катталган, эксплуатациялоого киргизилген жана (же) долбоордук документте каралган курулуштук даярдыгы 100 пайыздан кем эмес көп кабаттуу турак үй болсо жер участогун сатып алууга.
3.2.27. Бишкек шаарында көп кабаттуу турак үйдү, коммерциялык же башка объектти долбоорлоо жана куруу үчүн ижара шарттарында жер участогун убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга ижара келишимин түзүүдө күрөө жөнүндө келишим түзүлөт.
3.2.28. Ушул Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин, жер участогун Ижарага берүүчүгө баштапкы абалынан начар эмес абалда кайтарып берүүгө.
3.2.29. Ушул Келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн аякташына 3 (үч) ай калганда Ижарага берүүчүгө жаңы мөөнөткө Келишим түзүү ниети жөнүндө же аны түзүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө.
3.3. Ижарачынын Ижарага берүүчүнүн макулдугусуз төмөнкүлөргө укугу жок:
3.3.1. Ушул Ижарага берүү келишими боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка жакка өткөрүп берүүгө.
3.3.2. Ижарага алынган жер участогун акысыз пайдаланууга өткөрүп берүүгө.
3.4. Эгерде жер участогунун көп батирлүү турак жайды долбоорлоо жана куруу үчүн берилсе, Ижарачы жер участогун толук менчикке сатып алганга чейин ушул Келишим боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле жер участогун же анын бир бөлүгүн үчүнчү жактарга пайдалануу укугун өткөрүп берүүгө.
3.5. Эгерде жер участогу ушул Келишимге ылайык максаттуу багыты боюнча өздөштүрүлбөсө, Ижарачы ушул Келишим боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле жер участогуна же анын бир бөлүгүнө пайдалануу укугун үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
4.1.1. Жерлерди пайдалануу жана коргоо үчүн контролду жүзөгө ашырууга.
4.1.2. Келишимди төмөнкүдөй учурларда бир тараптуу тартипте бузууга:
а) жерди максаттуу багыты боюнча пайдаланбоодо;
б) жер участогун жердин күрдүү катмарынын бузулушуна, экологиялык абалдын начарлашына алып келген ыкмалар менен пайдаланууда;
в) ижаралык төлөмдөр Келишимде белгиленген мөөнөтүндө төлөнбөсө;
г) жер участогу белгиленген мөөнөтүндө өздөштүрүлбөсө;
д) ушул Келишимдин шарттарын аткарбоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган учурда.
4.1.3. Ижарачынын чарбалык иш-аракетинин натыйжасында жердин сапатынын начарлашынан жана экологиялык абалдын бузулушунан келип чыккан зыяндардын ордун толтурууну талап кылууга.
4.1.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары өзгөргөн учурда, Ижарачы менен макулдашуу боюнча Келишимге тиешелүү өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө.
4.1.5. Ижарачы тарабынан жер, жаратылышты коргоо жана башка мыйзамдарды, ошондой эле ушул Келишимдин шарттарын бузууга жүргүзүлгөн иштерди токтотууга.
4.2. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
4.2.1. Ижарачыга жер участогун ушул Келишимдин шарттарына ылайык абалда берүүгө.
4.2.2. Эгерде бул мыйзамдарга жана ушул Келишимдин шарттарына каршы келбесе, Ижарачынын чарбалык иш-аракетине кийлигишпөөгө, жер участогун натыйжалуу пайдаланууга тоскоолдук кылбоого.
4.2.3. Ижарага берилген жер участогунун абалына контролду жүргүзүүгө.
4.3. Ижарага берүүчү:
4.3.1. Ушул Келишимде көрсөтүлгөн жер участогун же анын бир бөлүгүн Келишимди белгиленген тартипте жокко чыгарбай туруп үчүнчү жакка пайдаланууга берүүгө укугу жок.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
5.1. Ушул Келишимди Ижарага берүүчү тарабынан бир тараптуу тартипте, колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 15 күн мурун жазуу жүзүндө эскертүү берүү боюнча өзгөртүлүшү же токтотулушу мүмкүн.
5.2. Ар бир Тарап ушул Келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
6.1. Ижарачынын чарбалык иш-аракетинде келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштар Тараптардын сүйлөшүү жолу менен чечилет.
6.2. Макулдашууга жетишилбеген учурда, талаш-тартыш маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
7. Башка шарттар
7.1 Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн жер участогунун ажырагыс жакшыртууларынын наркы кайтарылбайт.
7.2. Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен, Ижарачы каалаган убакта, ал тараптан бул Келишимдин шарттары бузулбаган учурда, Ижарага берүүчүгө 3 (үч) ай мурда жазуу жүзүндө эскертүү берүү менен ушул Келишимди бузууга укуктуу.
7.3. Жер мамилелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары өзгөргөн учурда, Ижарага берүүчү тарабынан бир тараптуу тартипте ушул Келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
7.4. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 3 нускада түзүлөт. Бир нускасы Ижарага берүүчүдө калат, экинчиси - Ижарачыда, үчүнчүсү - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек филиалына каттоого берилет.
8. Өзгөчө шарттар
8.1. Бишкек шаарында жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү боюнча аукциондун протоколуна/Комиссиянын чечимине ылайык, Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү: ____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________________________________
9. Тараптардын юридикалык
даректери жана банктык реквизиттери:
Ижарага берүүчү:
_______________________________ (органдын аталышы)
_______________________________ Дареги:___________________________________________________________ ИУРК______________________ ИЖН___________________________ Паспорту________________________ _________________________________ (фамилиясы, аты-жөнү)
______________________________ (колу) М.О. | Ижарачы:
_________________________________ (субъекттин аталышы)
_________________________________ Дареги: _______________________________ ______________________________________ ИУРК______________________ ИЖН___________________________ Паспорту________________________ _________________________________ (фамилиясы, аты-жөнү)
______________________________ (колу) М.О. |
Бишкек шаардык кеңешинин
аппарат жетекчиси И. Аденов
Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июну №110 токтомуна 3-тиркеме |
Бишкек шаарында жер участокторун
жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн ижара шартында
мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүнүн
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
Бишкек шаары 20__-жылдын ___-_______
Бишкек шаарынын мэриясынын _______________________________ ______________________________________________________________________________________________________________________________атынан, мындан ары «Ижарага берүүчү» деп аталуучу, бир тараптан, жана _______ __________________________________________________________________ __________________________________________________________________
атынан, мындан ары «Ижарачы» деп аталуучу, экинчи тараптан, __________
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
бирге «Тараптар» деп аталуучулар, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
Келишимдин предмети
1. Ижарага берүүчү Ижарачыга Бишкек шаары, _________________
__________________________________________________________________дарегинде жайгашкан, ушул Келишимге тиркелген участоктун схемасында көрсөтүлгөн чектердеги ______ чарчы метр аянты менен жер участогун _______мөөнөткө,________________________________________________________________________________________________________________ үчүн,
(жер участогун пайдалануунун функционалдык багыты көрсөтүлөт)
20___ -жылдын «___» __________ №______ аукциондун жыйынтыгы боюнча протоколго ылайык ижаралык пайдаланууга берет.
Ижаралык төлөм
2. Ижаралык төлөм __________- жылдын «___» _______ № ___ аукцион өткөрүлгөн күндөн тартып төлөнөт жана ай сайын: ____________________ түзөт.
3. Ижаралык төлөмдү төлөө Ижарага берүүчү көрсөткөн эсептик эсепке салуу жолу менен, ай сайын, айдын 1чи күнүнө чейин жүргүзүлөт.
4. Ижаралык төлөмдү эсептөө Бишкек шаардык кеңешинин тиешелүү токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
5. Ижара келишимин түзүүдө Ижарачы Ижарага берүүчүгө ижаралык төлөмдүн үч эселенген айлык суммасын төлөйт, ал _____________________________________________________________ түзөт.
6. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык, Ижарачы ижаралык төлөмдөн тышкары жер салыгын төлөйт. Салыктын өлчөмү жылына ___________________________________________________ түзөт. Төлөм квартал сайын, бирдей үлүштө, отчёттук кварталдан кийинки айдын 15инен кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
7. Жер салыгы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн учурда, Ижарачыга Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген өлчөмдө айыптык санкциялар колдонулат.
Ижарачынын укуктары жана милдеттери
8. Ижарачы төмөнкүлөргө укуктуу:
ушул Келишимде аныкталган максаттарга жана шарттарга ылайык, ижарага алынган жер участогунда өз алдынча чарба жүргүзүүгө;
ижарага алынган жер участогунда Ижарачы тарабынан жайгаштырылган жеңилдетилген типтеги объект менчигине ээлик кылууга. Жер участогун ижарага берүү мөөнөтү аяктагандан кийин, аларды андан ары пайдалануу жөнүндө маселе Ижарачы тарабынан чечилет;
өз милдеттерин талаптагыдай аткарган учурда - Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин, белгиленген тартипте ушул Ижарага берүү келишимин жаңы мөөнөткө узартууга.
9. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:
объекттин сырткы көрүнүшүн Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 14-майындагы № 134 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшүнө талаптарга ылайык келтирүүгө;
таштандыларды жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен келишим түзүүгө;
өз эсебинен төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга:
а) жер участогун жана ага жанаша жаткан аймакты, зарыл болсо короо аймагын санитардык тазалоого;
б) жер участогуна жанаша же ал аркылуу өткөн ирригациялык тармактарды тазалоого жана калыбына келтирүүгө;
ижарага алынган жер участогун анын функционалдык багытына ылайык натыйжалуу пайдаланууга;
төмөнкүлөргө жол бербөөгө:
а) жанаша жаткан аймакта жайгашкан бак-дарактарга зыян келтирүүгө, бузууга же жок кылууга;
б) жер участогунда, жанаша жайгашкан аймакта же короонун аймагында таштандылардын топтолушуна;
в) өзүнүн чарбалык иш-аракеттеринин натыйжасында ижарага алынган жер участогунда жана жанаша жайгашкан аймактарда экологиялык абалдын начарлашына;
г) ижарага алынган жер участогунда баш-аламан көчө соодасына жана жанаша жайгашкан аймактарда чарбалык иш-аракеттерге;
ушул Келишимге ылайык, накта чек аралар (жеринде) белгилегенден кийин жер участогун пайдаланууга киришүүгө;
пайдалануу мөөнөтүнүн ичинде берилген жер участогун жана ага жанаша жаткан аймакты, анын ичинде арык системасын көрктөндүрүүгө жана тазалыкта күтүүгө;
өз эсебинен ижарага алынган участокту таштанды таштоодон, сууга батыруудан, сазга айлантуудан, булгоодон коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга, ошондой эле ижарага алынган жер участогун күтүү боюнча башка чыгымдарды тартууга;
башка жер пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш объекттерин пайдалануу тартибин бузбоого;
өзүнүн чарбалык иш-аракеттеринин натыйжасында ижарага алынган жердин сапатынын начарлашына жана экологиялык кырдаалга байланыштуу Ижарага берүүчүгө жана байланышы бар жер пайдалануучуларга колдон чыгарылган пайданы кошуу менен, толук көлөмдө ордун толтурууга;
жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижаралык төлөмдү өз убагында төлөөгө. Ижаралык төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелер бузулган учурда, мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн карыздын суммасынан 0,1 пайыз өлчөмдө, бирок негизги карыздын суммасынын 25 пайызынан ашпаган туум эсептелинет. Ижарачынын айып пулду жана туумду төлөгөндүгү, аны жер участогун ижарага берүү үчүн негизги сумманы төлөөдөн бошотпойт.
Эгерде айып пул (туум) негизги карыздын 25 пайызынан ашса, жеңилдетилген типтеги объект Ижарачынын каражатынын эсебинен түртүлүүгө же демонтаждалууга тийиш;
1 - зарылдыгына жараша, пайдалануу укугу токтотулган учурда, ижарага алынган жер участогундагы жеңилдетилген типтеги объект өз эсебинен демонтаждалат жана баштапкы калыбына келтирилет;
Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин, жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоого жана жер участогун Ижарага берүүчүгө баштапкы абалынан кем эмес абалда кайтарып берүүгө.
10. Ижарачынын Ижарага берүүчүнүн макулдугусуз төмөнкүлөргө укугу жок:
ушул Ижарага берүү келишими боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка жакка өткөрүп берүүгө;
ижарага алынган жер участогун акысыз пайдаланууга өткөрүп берүүгө;
ижаралык укукту күрөөгө коюуга жана аларды шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары же өндүрүштүк кооперативге үлүштүк төгүм катары киргизүүгө.
Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
11. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
жерлерди пайдалануу жана коргоо үчүн контролду жүзөгө ашырууга;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Келишимди төмөнкүдөй учурларда бир тараптуу тартипте бузууга:
а) жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланбоодо;
б) жер участогун жердин күрдүү катмарынын бузулушуна, экологиялык абалдын начарлашына алып келген ыкмалар менен пайдаланууда;
в) ижаралык төлөмдөр Келишимде белгиленген мөөнөтүндө төлөнбөсө;
г) Ижарачы өзүнүн милдеттерин аткарбаганда;
д) аталган аймакта пландуу курулуш башталганда;
е) ижарага берилген жер участогунда жана ага жанаша аймакта баш-аламан көчө соодасына жол берилгенде;
ж) 13-пунктта көрсөтүлгөн учурларда;
Ижарачынын чарбалык иш-аракетинин натыйжасында жердин сапатынын жана экологиялык абалдын начарлашынан улам келип чыккан зыяндардын ордун толтурууну талап кылууга;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары өзгөргөн учурда Ижарачы менен макулдашуу боюнча Келишимге тиешелүү өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө;
Ижарачы тарабынан жер, жаратылышты коргоо жана башка мыйзамдарды, ошондой эле ушул Келишимдин шарттарын бузууга жүргүзүлгөн иштерди токтотууга.
12. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
Ижарачыга жер участогун ушул Келишимдин шарттарына ылайык абалда берүүгө;
эгерде бул мыйзамдарга жана ушул Келишимдин шарттарына каршы келбесе, Ижарачынын чарбалык иш-аракетине кийлигишпөөгө, жер участогун натыйжалуу пайдаланууга тоскоолдук кылбоого;
ижарага берилген жер участогунун абалына контролду жүргүзүүгө.
Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо
13. Жеңилдетилген типтеги объект (мындан ары – ЖТО) демонтаждалууга тийиш, эгерде:
а) жайгаштырууга уруксат берүү документтери талаптагыдай жол-жоболоштурулбастан иштеп жатса;
б) жаңы курулушту ишке ашырууда;
в) соттун чечими боюнча;
г) төмөнкү учурларда Комиссиянын чечими боюнча:
келишимдин шарттары бузулса;
3 ай аралыгында ижаралык төлөмдөр төлөнбөсө;
архитектуралык жана шаар куруу ченемдерине ылайык келбесе;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан шаардын турмуш-тиричилигин жана өнүгүшүн жөнгө салуучу чечимдер кабыл алынса.
14. ЖТОну демонтаждоо 5 күн мурда алдын ала кабарлоо боюнча ээлик кылуучунун эсебинен жүргүзүлөт. Тийиштүү документтери жок иштеп жаткан жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоодо алдын ала кабарлоо талап кылынбайт.
Эгерде ЖТОнун ээси белгиленбесе жана келечекте жайгашкан жерди аныктоого мүмкүн болбосо, жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан акт түзүлөт жана демонтаждоо жөнүндө билдирүү ЖТОдо бекитилет.
15. ЖТОну демонтаждоо жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан демонтаждоо жөнүндө билдирмеде көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин объекттин ээсинин же анын өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Демонтаждоодо объекттин ээси же анын өкүлү объектти жайгашкан материалдык баалуулуктардан бошотуп берүүгө милдеттүү.
Ээлик кылуучу жана анын өкүлү тарабынан демонтаждоого тоскоолдук түзүлгөн учурда объекттеги бар болгон материалдык баалуулуктардын тизмеси түзүлөт жана материалдык жана моралдык зыяндын мүмкүндүгү компенсацияланбастан, анда жайгашкан материалдык баалуулуктары менен кошо демонтаждалат, мында ыйгарым укуктуу орган объекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик тартпайт.
ЖТОнун ээси жок болгон учурда, объектке мөөр басылат, демонтаждоо материалдык жана моралдык зыян компенсацияланбастан, анда турган материалдык баалуулуктары менен кошо жүргүзүлөт, мында ыйгарым укуктуу орган объекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик тартпайт.
16. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан демонтаждоо учурунда белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана адистери тартылышы мүмкүн.
17. Демонтаждалган ЖТО Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан белгиленген кампалоо жана сактоо ордуна жөнөтүлөт жана өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан убактылуу сактоого өткөрүлөт. ЖТОнун ээси тарабынан ЖТОну демонтаждоо, сактоо боюнча бардык чыгымдар төлөнүп, Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын жазуу жүзүндө ырастамасы алынганда ЖТОну берүү жүргүзүлөт.
18. ЖТОну демонтаждоо боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын чыгымдарынын ордун толтуруу кассага акча каражатын накталай төлөө же ыйгарым укуктуу органдын эсептик эсебине которуу жолу менен ишке ашат.
19. Демонтаждалган ЖТОну сактоо акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт.
20. Кампалоо жана сактоо ордунун администрациясы ЖТОнун жана анда жайгашкан материалдык баалуулуктардын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
21. ЖТОну сактоо үчүн төлөм акча каражаттарын накталай кассага салуу же эсептик эсепке которуу жолу менен жүргүзүлөт.
Тараптардын жоопкерчилиги
22. Ушул келишим Тараптардын макулдашуусу боюнча, ушул келишимдин шарттарына ылайык, аны колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин өзгөртүлүшү же токтотулушу мүмкүн.
23. Ар бир Тарап ушул Келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Талаш-тартыштарды чечүүнүн тартиби
24. Ижарачынын чарбалык иш-аракетинде келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштар Тараптардын сүйлөшүү жолу менен чечилет.
25. Макулдашууга жетишилбеген учурда, талаш-тартыш маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
Башка шарттар
26. Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн жер участогунун ажырагыс жакшыртууларынын наркы кайтарылбайт жана ижара мөөнөтү аяктагандан кийин ажыратылгыс жакшыртуулар Ижарага берүүчүнүн менчигине өтөт.
27. Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен, Ижарачы каалаган убакта, ал тараптан бул Келишимдин шарттары бузулбаган учурда, Ижарага берүүчүгө үч ай мурун жазуу жүзүндө эскертүү берүү менен ушул Келишимди бузууга укуктуу.
28. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары өзгөргөн учурда, Ижарага берүүчү тарабынан бул Келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
29. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 2 нускада түзүлөт. Бир нускасы Ижарага берүүчүдө, экинчиси – Ижарачыда калат.
30. Ушул Келишим 20 __ - жылдын «____» ____________ тартып 20 __ - жылдын «____» ____________ чейин жарактуу.
31. Ижарачы жер участогун иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн _______________ тартып _______________ чейин _______ сом суммасында төлөм жүргүзүүгө милдеттенет.
Тараптардын юридикалык
даректери жана банктык реквизиттери:
Ижарага берүүчү:
_______________________________ (органдын аталышы)
_______________________________ Дареги:___________________________________________________________ ИУРК______________________ ИЖН___________________________ Паспорту________________________ _________________________________ (фамилиясы, аты-жөнү)
______________________________ (колу) М.О. | Ижарачы:
_________________________________ (субъекттин аталышы)
_________________________________ Дареги: _______________________________ ______________________________________ ИУРК______________________ ИЖН___________________________ Паспорту________________________ _________________________________ (фамилиясы, аты-жөнү)
______________________________ (колу) М.О. |
Бишкек шаардык кеңешинин
аппарат жетекчиси И. Аденов
Бишкек шаардык кеңешинин
2026-жылдын 30-июну
№110 токтомуна 4-тиркеме
Форма
ШААР КУРУУ КОРУТУНДУСУ
Жер участогунун параметрлери (мүнөздөмөсү):
Жер участогунун идентификациялык коду (эгер ыйгарылган болсо)
_____________________________________________________________________
Объекттин (жер участогунун) жайгашкан орду:
_____________________________________________________________________
Жер участогунун чек аралары
_____________________________________________________________________
Жер участогунун аянты
_____________________________________________________________________
Райондун сейсмикалуулугу
_____________________________________________________________________
Кыртыш сууларынын тереңдиги
_____________________________________________________________________
Участок кооптуу табигый жана техногендик процесстерге кабылган (кабылган эмес)
_____________________________________________________________________
1. Графикалык бөлүгү:
1:500 жана 1:2000 масштабында жер участогунун чек араларын түшүрүү менен, бурчтук чекиттердин координаттарын көрсөтүү менен же участоктун чек араларын бар болгон кыймылсыз мүлк объекттерине же геодезиялык белгилерге байланыштыруу менен топографиялык негизде аткарылган жер участогунун схемасы.
2. Тексттик бөлүгү:
1. Пайдалануунун билдирилген ниеттери үчүн тандалган жер участогунун шаар куруу документтерине жана куруу, жер пайдалануу эрежелерине (жер пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүнө) шайкеш келиши | |
Башкы план | Шаар куруу документтери жана куруу жана жер пайдалануу эрежелери бар экенин көрсөтүү (маалым даректери менен) жана аларга шайкеш келиши |
Деталдуу пландоонун долбоору |
|
Башка шаар куруу документтери |
|
Куруу жана жер пайдалануу эрежелери |
|
2. Жер участогун пайдалануу боюнча негизги шаар куруу регламенттери (жер участогунун уруксат берилген пайдалануунун параметрлеринин чектери): | |
2.1. Жер участогунун уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү: |
|
2.2. Объекттин кабаттарынын чектери (максималдуу жана/же минималдуу кабаттуулугу (бийиктиги): |
|
2.3. Участоктогу курулуштардын максималдуу пайызы: |
|
3. Кошумча шаар куруу регламенттери, негизгилерге чектөөлөр жана талаптар: | |
3.1. Жер участогу тийиштүү чектөөлөрдүн зоналарында жайгашкан учурда: | |
тарых жана маданият эстеликтерин коргоо шарттары боюнча | Шарттардын бар экендигин көрсөтүү |
санитардык-коргоо зонасынын жана санитардык күзөт зонасынын шарттары боюнча |
|
суу коргоо зонасынын шарттары боюнча |
|
экологиялык шарттар боюнча |
|
3.2. Жайгашкан ордуна жана функционалдык багытына жараша жер участогун пайдаланууга коюлуучу кошумча талаптар: | |
Көрктөндүрүү боюнча талаптар |
|
Фасаддарга карата талаптар |
|
Авто коюу жайларын уюштурууга карата (авто коюу орундарынын саны) жана участокко баруучу жолдорго коюлган талаптар |
|
3.3. Ыйгарым укуктуу органдардын төмөнкүлөр боюнча корутундулары: экологиялык көзөмөл; санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл; өрткө кашы көзөмөл; жерге жайгаштыруу жана каттоо; тарых жана маданият эстеликтерин коргоо; бак-дарактарды күтүү жана коргоо; мамлекеттик корголууга тийиш болгон объекттер; жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча аймактык бөлүм |
|
4. Бар болгон инженердик тармактарды күтүүнүн шарттары жана долбоорлонуп жаткан инженердик тармактарды жана курулмаларды жайгаштыруу боюнча | |
4.1. Пайдаланууга бөлүнгөн аймактар боюнча инженердик трассаларды өткөрүү талаптары |
|
4.2. Инженердик курулмаларды жайгаштыруу боюнча талаптар: трансформатордук көмөк чордон (ТКЧ); шкафтык газды жөнгө салуучу пункт (ШГЖП); көбөйтүүчү насостук станция (КНС) |
|
4.3. Колдонуудагы инженердик тармактардын бар болушу жөнүндө маалыматтар жана зарыл болгон учурда аларды жылдыруу боюнча талаптар |
|
5. Жер участогун пайдалануу жөнүндө сунуш |
|
Начальник_______________________________________________________
(Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкы шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчисинин кызмат орду, аты-жөнү)
Дата: ________________________ _________________________________
(кол тамгасы)
Бишкек шаардык кеңешинин
аппаратынын жетекчиси И. Аденов
Бишкек шаардык кеңешинин
2026-жылдын 30-июну
№110 токтомуна 5-тиркеме
Архитектуралык-техникалык корутундунун
формасы
Архитектуралык-техникалык корутундунун материалдары
| Бөлүмдүн мазмуну |
1 | 2 |
Архитектуралык-техникалык корутундуну берүү үчүн негиз |
|
1. Жер пайдалануучу |
|
2. Объекттин функционалдык багыты |
|
3. Участоктун учурдагы абалынын мүнөздөмөсү |
|
4. Жер участогунун чек аралары |
|
5. Жер участогунун аянты |
|
6. Жайгаштырылуучу объекттин аянты |
|
7. Объектти долбоорлоого жана конструктивдүү чечүүгө карата талаптар |
|
8. Тышкы көрүнүшүнө (фасаддарга) карата талаптар: архитектуралык сүрөттөлүштүн стилистикасы; объектти жарыктандыруу; тышкы жасалга |
|
9. Объекттин чектүү кабаттуулугу |
|
10. Жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү боюнча талаптар |
|
11. Объекттин иштөө шарттамына карата талаптар |
|
12. Өзгөчө талаптар |
|
13. Жыйынтык жана корутунду |
|
Начальник ___________________________________________________
(кызмат орду, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгынын жетекчисинин аты-жөнү)
Датасы: __________________ _______________________________
(кол тамгасы)
Бишкек шаардык кеңешинин
аппаратынын жетекчиси И. Аденов
Бишкек шаардык кеңешинин
2026-жылдын 30-июну
№110 токтомуна 6-тиркеме
Экономикалык зоналардын тилкесинде ар кандай функционалдык багыттагы
жер участоктор үчүн ижара акынын КОЮМУ
|
| Ижара акынын коюму (жылына чарчы метр/сом) | ||||||||||||||||||||
I | II | III | IV | V | VI | VII | VIII | IX | X | XI | XII | XIII | XIV | XV | XVI | XVII | XVIII | XIX | XX | XXI | ||
1 | Дүкөндөр, күркөлөр, ларектор жана башка соода жайлары | 1076,6 | 942,1 | 780,6 | 861,3 | 861,3 | 861,3 | 1076,6 | 699,8 | 699,8 | 699,8 | 780,6 | 538,3 | 699,8 | 699,8 | 538,3 | 699,8 | 538,3 | 699,8 | 538,3 | 538,3 | 538,3 |
2 | Жайкы аянтчалар, алып кетүү үчүн көчмө соода аянтчалар жана мезгилдик соода үчүн аянтчалар, коноктор үчүн автотоктотмо | 261,0 | 228,4 | 189,2 | 208,8 | 208,8 | 208,8 | 261,0 | 169,6 | 169,6 | 169,6 | 189,2 | 130,6 | 168,8 | 168,8 | 130,6 | 168,8 | 130,6 | 168,8 | 130,6 | 130,6 | 130,6 |
3 | Чакан кичи базарлар, базарлар, соода-базар комплекстери | 1305,0 | 1141,9 | 946,1 | 1044,0 | 1044,0 | 1044,0 | 1305,0 | 848,3 | 848,3 | 848,3 | 946,1 | 652,5 | 848,3 | 848,3 | 652,5 | 848,3 | 652,5 | 848,3 | 652,5 | 652,5 | 652,5 |
4 | Мал, тоют базарлары | 391,5 | 342,6 | 283,8 | 313,2 | 313,2 | 313,2 | 391,5 | 254,5 | 254,5 | 254,5 | 283,8 | 195,8 | 254,5 | 254,5 | 195,8 | 254,5 | 195,8 | 254,5 | 195,8 | 195,8 | 195,8 |
5 | Коомдук тамактануу ишканалары | 522,0 | 456,8 | 378,5 | 417,6 | 417,6 | 417,6 | 522,0 | 339,3 | 339,3 | 339,3 | 378,5 | 261,0 | 339,3 | 339,3 | 261,0 | 339,3 | 261,0 | 339,3 | 261,0 | 261,0 | 261,0 |
6 | Мейманкана ишмердиги, оюн-зоок жана бий аянтча (дискотека) ишмердиги, компьютердик оюн залы | 609,0 | 532,9 | 441,5 | 487,2 | 487,2 | 487,2 | 609,0 | 395,9 | 395,9 | 395,9 | 441,5 | 304,5 | 395,9 | 395,9 | 304,5 | 395,9 | 304,5 | 395,9 | 304,5 | 304,5 | 304,5 |
7 | Банктар, ломбарддар, акча алмаштыруу пункттары | 870,0 | 761,3 | 630,8 | 696,0 | 696,0 | 696,0 | 870,0 | 565,5 | 565,5 | 565,5 | 630,8 | 435,0 | 565,5 | 565,5 | 304,5 | 565,5 | 435,0 | 565,5 | 435,0 | 304,5 | 304,5 |
8 | Кеңселер, бизнес-борборлор, биржалар | 271,9 | 237,9 | 197,1 | 217,5 | 217,5 | 217,5 | 271,9 | 176,7 | 176,7 | 176,7 | 197,1 | 135,9 | 176,7 | 176,7 | 135,9 | 176,7 | 135,9 | 176,7 | 135,9 | 135,9 | 0,0 |
9 | Автомобилдерге май куюучу станциялар | 870,0 | 761,3 | 630,8 | 696,0 | 696,0 | 696,0 | 870,0 | 565,5 | 565,5 | 565,5 | 630,8 | 435,0 | 565,5 | 565,5 | 304,5 | 565,5 | 435,0 | 565,5 | 435,0 | 304,5 | 304,5 |
10 | Газ толтуруу пункттары, электр толтуруу пункттары, трансформатордук жана генератордук станциялар | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 | 200,0 |
11 | Мунай зат базалары, кампа жайлары | 261,0 | 228,4 | 189,2 | 208,8 | 208,8 | 208,8 | 261,0 | 169,7 | 169,7 | 169,7 | 189,2 | 130,5 | 169,7 | 169,7 | 130,5 | 169,7 | 130,5 | 169,7 | 130,5 | 130,5 | 130,5 |
12 | Автотоктотмолор, автотейлөө ишканалары | 391,5 | 342,6 | 283,8 | 313,2 | 313,2 | 313,2 | 391,5 | 254,5 | 254,5 | 254,5 | 283,8 | 195,8 | 254,5 | 254,5 | 195,8 | 254,5 | 195,8 | 254,5 | 195,8 | 195,8 | 195,8 |
13 | Жарнама курулмалары, уюлдук байланыштын базалык станциялары жана мачталары | 3262,5 | 2854,7 | 2365,3 | 2610,0 | 2610,0 | 2610,0 | 3262,5 | 2120,6 | 2120,6 | 2120,6 | 2365,3 | 1631,3 | 2120,6 | 2120,6 | 1631,3 | 2120,6 | 1631,3 | 2120,6 | 1631,3 | 1631,3 | 1631,3 |
14 | Социалдык маданий-тиричилик объекттери. (маданият борборлору, ден соолукту чыңдоо комплекстери), мончолор, кир жуучу жайлар, спорттук - ден соолукту чыңдоо кызматтары, жеке кызмат көрсөтүүлөр, теннис корттору, футбол талаалары, бассейндер, спорт аянтчалары, аялдамалар, аялдама комплекстери, коомдук дааратканалар, окуу корпустарынын имараттары | 130,5 | 114,2 | 94,6 | 104,4 | 104,4 | 104,4 | 130,5 | 84,8 | 84,8 | 84,8 | 94,6 | 65,3 | 84,8 | 84,8 | 65,3 | 84,8 | 65,3 | 84,8 | 65,3 | 65,3 | 65,3 |
15 | Транспорт ишканаларынын административдик имараттары: аэробекеттер, автобекеттер, автостанциялар, темир жол бекеттери | 78,3 | 68,5 | 56,8 | 62,6 | 62,6 | 62,6 | 78,3 | 50,9 | 50,9 | 50,9 | 56,8 | 39,2 | 50,9 | 50,9 | 39,2 | 50,9 | 39,2 | 50,9 | 39,2 | 39,2 | 39,2 |
16 | Өнөр жай, транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика ишканалары, эркин экономикалык зоналардын аймактары. Тоо-кен ишканаларынын имараттары жана курулмалары, ошондой эле темир жол транспортунун жүк станциялары, темир жол жана аба транспортунун санитардык-коргоо аймагы, административдик-тиричилик комплекстери, административдик өндүрүш жайлар, типографиялык борборлор | 65,3 | 38,1 | 31,5 | 34,8 | 34,8 | 34,8 | 65,3 | 28,3 | 28,3 | 28,3 | 31,5 | 21,8 | 28,3 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 28,3 | 21,8 | 21,8 | 21,8 |
17 | Иштетилип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, тилкелер, күл төгүүчү жайлар, геологиялык чалгындоо, долбоорлоо-изилдөө, чалгындоо жана изилдөө иштери | 44,0 | 38,0 | 32,0 | 35,0 | 35,0 | 35,0 | 44,0 | 28,0 | 28,0 | 28,0 | 32,0 | 22,0 | 28,0 | 28,0 | 22,0 | 28,0 | 22,0 | 28,0 | 22,0 | 22,0 | 22,0 |
18 | Аба байланыш жана электр өткөргүч линиялары жана коргоо-спорттук-техникалык уюмдар | 0,9 | 0,8 | 0,6 | 0,7 | 0,7 | 0,7 | 0,9 | 0,6 | 0,6 | 0,6 | 0,6 | 0,4 | 0,6 | 0,6 | 0,4 | 0,6 | 0,4 | 0,6 | 0,4 | 0,4 | 0,4 |
19 | Илим, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият мекемелери, балдар-өспүрүмдөр маданий-спорттук мекемелер | 26,1 | 22,8 | 18,9 | 20,9 | 20,9 | 20,9 | 26,1 | 17,0 | 17,0 | 17,0 | 18,9 | 13,1 | 17,0 | 17,0 | 13,1 | 17,0 | 13,1 | 17,0 | 13,1 | 13,1 | 13,1 |
20 | Айыл чарба, өндүрүш имараттары | 17,4 | 15,2 | 12,6 | 13,9 | 13,9 | 13,9 | 17,4 | 11,3 | 11,3 | 11,3 | 12,6 | 8,7 | 11,3 | 11,3 | 8,7 | 11,3 | 8,7 | 11,3 | 8,7 | 8,7 | 8,7 |
21 | Көп кабаттуу жана аз кабаттуу турак үйлөр, жатаканалар | 217,5 | 190,3 | 157,7 | 174,0 | 174,0 | 174,0 | 217,5 | 141,4 | 141,4 | 141,4 | 157,7 | 108,8 | 141,4 | 141,4 | 108,8 | 141,4 | 108,8 | 141,4 | 108,8 | 108,8 | 108,8 |
22 | Жеке жана кооперативдик гараждар, көрктөндүрүү жана утурумдук тейлөө, транспорттун кирүү жана өтүү жолдору, балдар ойноочу аянтчалар | 87,0 | 76,1 | 63,1 | 69,6 | 69,6 | 69,6 | 87,0 | 56,6 | 56,6 | 56,6 | 63,1 | 43,5 | 56,6 | 56,6 | 43,5 | 56,6 | 43,5 | 56,6 | 43,5 | 43,5 | 43,5 |
23 | Диний мекемелер | 13,1 | 11,4 | 9,5 | 10,4 | 10,4 | 10,4 | 13,1 | 8,5 | 8,5 | 8,5 | 9,5 | 6,5 | 8,5 | 8,5 | 6,5 | 8,5 | 6,5 | 8,5 | 6,5 | 6,5 | 6,5 |
24 | Майыптардын окуу-реабилитациялык борборлору, кайрымдуулук фонддор, калктын корголбогон катмарын колдоо жана коргоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн коммерциялык эмес мекемелер жана уюмдар (жетим балдар, майыптар жана ушул сыяктуулар) | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 | 21,8 |
25 | Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 | 38,1 |
26 | Бильярд бөлмөлөрү, эс алуу жана көңүл ачуу чөйрөлөрү, сулуулук салондору, чач тарачтар, фотосалондор | 391,5 | 342,6 | 283,8 | 313,2 | 313,2 | 313,2 | 391,5 | 254,5 | 254,5 | 254,5 | 283,8 | 195,8 | 254,5 | 254,5 | 195,8 | 254,5 | 195,8 | 254,5 | 195,8 | 195,8 | 195,8 |
27 | Медициналык борборлор | 163,1 | 142,7 | 118,3 | 130,5 | 130,5 | 130,5 | 163,1 | 106,0 | 106,0 | 106,0 | 118,3 | 81,6 | 106,0 | 106,0 | 81,6 | 106,0 | 81,6 | 106,0 | 81,6 | 81,6 | 81,6 |
28 | Мүлк комплекси жана соода-көңүл ачуу комплекстери | 870,0 | 761,3 | 630,8 | 696,0 | 696,0 | 696,0 | 870,0 | 565,5 | 565,5 | 565,5 | 630,8 | 435,0 | 565,5 | 565,5 | 304,5 | 565,5 | 435,0 | 565,5 | 435,0 | 304,5 | 304,5 |
29 | Чыгармачыл устаканалар, көргөзмө комплекстери жана көркөм галереялар | 87,0 | 76,1 | 63,1 | 69,6 | 69,6 | 69,6 | 87,0 | 56,6 | 56,6 | 56,6 | 63,1 | 43,5 | 56,6 | 56,6 | 43,5 | 56,6 | 43,5 | 56,6 | 43,5 | 43,5 | 43,5 |
30 | Тизмекте көрсөтүлбөгөн объекттер | 87,0 | 76,1 | 63,1 | 69,6 | 69,6 | 69,6 | 87,0 | 56,6 | 56,6 | 56,6 | 63,1 | 43,5 | 56,6 | 56,6 | 43,5 | 56,6 | 43,5 | 56,6 | 43,5 | 43,5 | 43,5 |
Бишкек шаардык кеңешинин
аппаратынын жетекчиси И. Аденов
Бишкек шаардык кеңешинин
2026-жылдын 30-июну
№110 токтомуна 7-тиркеме
Ижара акысын эсептөө үчүн экономикалык
зоналардын чектеринин ЧИЙМЕСИ
Бишкек шаарынын экономикалык
зоналарынын чектеринин СҮРӨТТӨЛҮШҮ (түндүк тараптан баштап,
сааттын жебесинин жүрүшү боюнча берилди)
Экономикалык аймактар төмөнкүдөй чектелди:
I – Жибек-Жолу проспекти – Аламүдүн суусу – Анкара көчөсү – Ч. Айтматов проспекти – Ала-Арча суусу;
II – Анкара көчөсү – Аламүдүн суусу – И. Ахунбаев көчөсү – М. Жунусалиев көчөсү (мурунку Орджоникидзе көчөсү) – Новая көчөсү – Ш. Руставели көчөсү – Ала-Арча суусу – Ч. Айтматов проспекти;
III – Шабдан Баатыр көчөсү – Ала-Арча суусу – Ш. Руставели көчөсү – Новая көчөсү – М. Жунусалиев көчөсү (мурунку Орджоникидзе көчөсү) – И. Ахунбаев көчөсү – Д. Садырбаев көчөсү – Космос көчөсү – И. Репин көчөсү;
IV – Чоң Чүй каналы – Ала-Арча суусу – Шабдан Баатыр көчөсү – С. Садыгалиев көчөсү – Б. Жамгырчинов көчөсү – Л. Месарош көчөсү;
V – Чоң Чүй каналы – Аламүдүн суусу – Жибек-Жолу проспекти – Ала-Арча суусу;
VI – Чоң Чүй каналы – Веселая көчөсү – Ф. Достоевский көчөсү – буу өткөрүүчү трасса боюнча түштүккө карай Ф. Достоевский көчөсүнүн уландысы – Чоң Чүй каналынын чыгыш бутагы – Аламүдүн суусу;
VII – Ахунбаев көчөсү – шаардын түштүк чегине чейин Аламүдүн суусу– “Кум-Шагыл” акционердик коомунун аймагынын түштүк тарабынан транспорт кирүүчү жол катары (мурунку темир-бетон буюмдар заводу) – М. Иманалиев көчөсү – Семетей көчөсү – Д. Садырбаев көчөсү;
VIII – Шабдан Баатыр көчөсү – И. Репин көчөсү – Космос көчөсү – Д. Садырбаев көчөсүнөн батышка карай Д. Садырбаев көчөсү, Арча-Бешик конушунун, Ылдыйкы Орок конушунун, түштүк-батыш мүрзөнүн аймагын кошо – Муром көчөсүнүн уландысы – Т. Фрунзе көчөсү;
IХ – Чоң Чүй каналы – Л. Месарош көчөсү – Б. Жамгырчинов көчөсү – П. Лумумба көчөсү;
X – Түндүк айланма жолу – Төмөнкү Ала-Арча айылынын чыгыш тарабы боюнча жергиликтүү транспорт кирүүчү жол катары Баку көчөсүнүн түндүк тарапка уландысы – Баку көчөсү – Чоң Чүй каналы – М. Ганди көчөсү;
XI – Чоң Чүй каналы – канал – Чолпон-Ата көчөсү – Чыгыш Чоң Чүй каналы – буу өткөрүүчү трасса боюнча түштүккө карай Ф. Достоевский көчөсүнүн уландысы – Ф. Достоевский көчөсү – Веселая көчөсү;
XII – Чоң Чүй каналы – Учкун кичи районунан батышка карай – Чыгыш Чоң Чүй каналы – Чолпон-Ата көчөсүндөгү канал;
XIII – Чоң Чүй каналы – П. Лумумба көчөсү – Б. Жамгырчинов көчөсү – С. Садыгалиев көчөсү – батышка карай темир жол линиясы – Ала-Тоо конушунун аймагынан батышка карай;
XIV – Түндүк айланма жолу – Курманжан датка көчөсү (мурунку Алма-Ата көчөсү) – Чоң Чүй каналы – Баку көчөсү – Төмөнкү Ала-Арча айылына чыгыш тарап боюнча жергиликтүү транспорт кирүүчү жол катары Баку көчөсү түндүккө карай уландысы;
XV – Түндүк айланма жолу – Бакай-Ата конушунан батышка карай – Чоң Чүй каналы – Курманжан датка көчөсү (мурунку Алма-Ата көчөсү);
XVI – Чыгыш Чоң Чүй каналы – Көк-Жар конушунан батышка карай – аймактын батыш чеги – Аламүдүн суусу боюнча;
XVII – Семетей көчөсү (мурунку Выставочная көчөсү) – М. Иманалиев көчөсү – “Кум-Шагыл” акционердик коомунун аймагынын түштүк тарабынан транспорт кирүүчү жол (мурунку темир-бетон буюмдар заводу) – Аламүдүн суусу – “Орто-Алыш” суу тосмосунун аймагынан түштүккө карай – аймактын батыш чеги – С. Кожобергенов көчөсү боюнча;
XVIII – С. Садыгалиев көчөсү менен Шабдан Баатыр көчөсүнүн кесилишине чейин темир жол линиясы – Т. Фрунзе көчөсү – “Жылуулукэлектрборбору – 2” аймагынан батышка карай Муром көчөсүнүн уландысы;
XIX – Түндүк айланма жолу – М. Ганди көчөсү – Чоң Чүй каналы – “Бишкексууканал” МИнин тазалоочу курулмаларынын аймагынан батышка карай;
XX – Түндүк айланма жолунан түндүккө карай;
XXI – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында, Бишкек шаарынын курамына кошулган калктуу пункттардын жерлери.
Бишкек шаардык кеңешинин
аппаратынын жетекчиси И. Аденов